Menu

Борбор калаадагы авто тыгындарын азайтуу үчүн И.Ахунбаев менен Жибек-Жолу көчөлөрүн байланыштыра турган жарып өтүүчү көчөлөрдү көбөйтүү сунушталды

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-сентябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше, чыгаша жагы жана “капиталдык салымдар” боюнча беренелеринин 2016-жылга карата аткарылышы жана Кытай Эл Республикасы менен гранттык макулдашуунун негизиндеги салына турган жолдор боюнча маалымат угушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга чакырылган Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Эшенбаев бүгүнкү күндө Чүй проспектисинин Лермантов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыгына республикалык бюджеттен 118 млн. сом каралганы менен каражат бериле электигин айтты. Бирок тендерди уткан подрядчик ишти баштап 35 миллион сомдук жумуш аткарган. Мындан сырткары, Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн макулдашуунун негизиндеги гранттык каражатка 49 көчөнү асфальттоо пландаштырылып жаткандыгын маалымдады. Бул жолдордун курулушуна 2 жылдык мөөнөт белгиленген. 49 көчөгө 490 млн. юань каралган.

Талкууда фракция депутаттары жолдорду курууда санына эмес сапатына басым жасоого чакырып, кайсы көчөлөрдүн жолу башталаарын, кандай жагдайлар орун алып жаткандыгын сурашты. 49 көчөнү сап башында турган Л.Толстой көчөсүн М.Ауэзов көчөсүнө чыгаруу маселесинде айрым жарандардын үйлөрү, короолору жол чегине чыгып кеткендиктен азырынча уюштуруу иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Депутат Мирлан Бакиров Бишкек шаарынын көчөлөрүндө автоунаа батпай күнүгө тыгын болуп жатканына токтолуп, И.Ахунбаев менен Жибек-Жолу көчөлөрүн байланыштыруучу жарып өтүүчү көчөлөрдү көбөйтүү зарылдыгын сунуш кылды. Буга мисал катары, Душанбе жана Ж.Турусбеков сындуу көчөлөр айтылды.

Жыйын жүрүшүндө айрым көчөлөрдүн жолдоруна жасалып жаткан жамап-жаскоо иштери сапатсыз болуп жатканы айтылып, аны “Бишкек асфальт сервис” мекемеси аткарып жатканы белгилүү болду.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу жагы Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына табышталды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: