Мамлекеттеги социалдык теңсиздикти жое турган күн болобу? Муну тескеген орган барбы? Дегенибиз, мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев 220 миң сом айлык алып жатат. Бюджеттин көзүн караган жарандарды арзан турак-жай менен камсыз кылуучу мекеменин жетекчиси капчыкты кагып жатса, башкасы кайда барат?
Буга чейин Шамкеев өзү айткан фактынын негизинде 107 миң сом айлык алаарын жазганбыз. Бирок, Бакытбек мырза алган айлыгынын жарымын жашырып, ыйманын кызылдай жеп коюптур. Жалганчылык менен калпычылыктын символуна айланган бул эргул кайсы кыйраткан иши үчүн олчойгон айлык алышы керек? Өкмөттө отургандар муну арыдан-бери кылып, жооп берип койбойсуңарбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ