Menu

Кримсфера: Кызганычтан чыккан өлүм

Бөлүшүү:

Элибизде “Ачуу душман, акыл дос” деген аталардын сөзү жөн жеринен айтылып келген эместир. Бүгүнкү күнү ачуу арасында көптөгөн кайгылуу окуялар эл ичинде орун алып жатканын да танып болбойт. Мунун бир далили катары кечээ эле жарыкчылык менен кош айтышкан Ханым атуу аялдын окуясын айтсак болот. Анда болуп өткөн каргашалуу окуяга назар салсак.

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрь шейшемби күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүндө күндөгүдөй эле жумуш кызуу жүрүп жаткан. Адаттагыдай эле 102 номерине телефон чалуулар биринин аркасынан экинчиси болуп турган. Саат 10:20 чамалап калган учурда телефон шыңгырап, бул коңгуроодо адаттагыдай уурулук же башка чыр-чатак жөнүндөгү маалыматтан өзгөчө,  Кант шаарындагы Гагарин көчөсүндөгү бир үйдө аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу суук кабар түшөт. Мындай оор кылмыштар болгон жайга милициянын ыкчам-тергөө тобунан сырткары райондук милициянын жетекчилиги да чыгышкан. Жогорудагы көрсөтүлгөн дарек боюнча барган милиция кызматкерлери Кант шаарынын Гагарин көчөөсүндөгү бир үйдүн кире бериш жеринен болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денесин табышкан. Жансыз денеге үстүртөн кароо жүргүзүүдө аялдын денесинде жаракаттар табылып, ал киши колдуу болуп каза болгондугу маалым болгон.

Бөлмөнүн ичинде “Самсунг” телефону, эркек кишинин жана аялдын кийимдери жана бут кийимдер далил зат катары алынып, анын өздүгүн тактоо маалында ал 43 жаштагы Мирзаева Ханым аттуу аял экендиги аныкталып, Ханым буга чейин 26 жаштагы Баха аттуу бала менен жарандык никеде жашап жүргөндүгү такталган.

Бул окуя боюнча коңшулаш жашаган күбөлөрдүн айтымында, 20-сентябрь күнү болжол менен саат 08:00 чамасында Баха аттуу бала жогорудагы үйдөн шашып чыгып кеткенин билдиришкен. Кийин ошол бөлмөдөн аял кишинин жансыз денесин көрүшүп, милицияга кабарлашкандыгын билдирген.

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү тарабынан бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ысык-Ата райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Баха аттуу баланын телефондору аныкталып, ал менен байланышкан учурда Баха эч сөзгө келбей өзүнүн жанын кыя турганын билдирген. Кызматкерлер Баханын туугандары менен жолугуп, алар менен телефондон сүйлөштүргөн маалда Баха кайра эле айтканынан кайтпай өз жанын кыя турганын айтып телефонун өчүрүп салган. Ыкчам иш-аракеттердин негизинде кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан издөө иштери улантылып, Кант шаарынын сыртындагы эгин талаада жүгөрүнүн арасында Баха жашынып жаткан жеринен кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Кылмышка шектүү делген Баха окуя тууралуу: “Мен 8 жылдан бери Ханым менен жарандык никеде жашап келем. Экөөбүздүн ортобузда бала жок. Буга чейин Ханымдын жанында бир бейтааныш эркек кишинин жүргөнүн көрүп, экөөбүз урушканбыз. Ошондо Ханымга эскертүү берип, экинчи жаныңдан бул кишинин караанын көрбөйүн дегем. Бирок, 19-сентябрь күнү Ханым жок болуп кетти. Аны издеп жүрсөм бир вагончикте баягы бейтааныш киши менен жолугуп жүрүптүр. Кызганычтан улам ачууланып, ошол жерден Ханымды катуу сабадым. Анан ал жерден үйгө алып барып жаткыргам. Эртең менен карасам ал каза болуп калган экен” деди.

Кылмышка шектүү делип кармалган Номанов Баха күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Ысык-Ата районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: