Menu

Түркия “Ыйман” фондуна 5 млн. береби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядан «Ыйман» фондуна каражат сураганы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын пикирине кызыкты.

– Өткөндө бир окуя болуп, Түркиянын элчиси «биз силерге мечит салып бергенбиз. Жардам берип атабыз» деп айтып чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет? Экономика жана башка маселелер менен иштешибиз керек. Бирок бул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы? – деди ал парламент трибунасынан.

Парламенттин 16-октябрдагы жыйыында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип, элчинин өзү массалык маалымат каражаттарында туура эмес чагылдырылып калганын айтты:

— Буга чейин Түркия «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөн. Массалык маалымат каражаттарында маалымат туура эмес берилип калды. Себеби бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү тууралуу демилге көтөргөн. Элчи мырза ушул жөнүндө сөз кылса керек.

Бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет.

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин маалыматында, 2015-2019-жылдарга түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн доллар имамдарды окутууга, алардын билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияларга, Insan КG аттуу маалыматтык порталды түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: