2016-жылдын 13-14-октябрында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы жана батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 14-октябрда күндүзү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облүстарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 10…15° жылуу, тоолуу райондордо 2…7° суук болушу күтүлөт.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2016-жылдын 15-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде -1…-30 үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар, мөмө жемиштер үчүн коркунучтуу.
Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 10-октябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.