Menu

КООМ

БГУнун эмгек жамаатынын 85%ы колдоо көрсөтүп, ректорлук кызматына Абдылда Мусаев шайланды

Акыркы мезгилде бир катар университеттерде ректорду шайлоо болуп өттү. Өткөндө да ар кандай оюндар коштолуп, жамаат топ-топко бөлүнүп, окуу жайдын ичи ызы-чуу, бири-бирин караламай коштогон ыплас оюндар менен өттү. Тилекке каршы, айрым окуу жайларда үч талапкер тең  50% барьерди өтө албай, окуу жайда кадыр-баркы жок экендигин айгинелеп, эмгек жамаатынын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ боло албай калды. Өкмөт да ушул 50 пайыз ала албаган үч талапкердин эң аз добуш алганын дайындап, алардын ызы-чуусу азыркыга чейин токтобой уланууда. Ал эми жогоруда айтылган окуу жайлардай эле статуска ээ, бирок жамаатта андай интригага аралашпай, иш менен алек болгон Бишкек гуманитардык университетинде мындай болгон жок.

Эмгек жамааты ынтымакка келип, дагы бир ирет бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымактуу жамаат экенин далилдешти. Мисалы, кечээ жакында өткөн ректор шайлоодо шайлоого катышкан 405 шайлоочунун 340 добушун Абдылда Мусаевге берип, өзүнүн ректорун же болбосо лидерин тандап алды. Экинчи орунга 40 добуш алып Аскар Бекбоев чыкса, үчүнчү орунду 12 добуш алып Алтын Асанова ээледи.

“Ырыс алды ынтымак” дегендей, бул шайлоодо Бишкек гуманитардык университетинин эмгек жамааты башкаларга үлгү алчудай, өзүнүн бийик аброюн, маданиятын көрсөтө алды. Шайлоо бул ректор үчүн эле эмес, эмгек жамааты үчүн да чоң сыноо экени ачык эле көрүндү. Андан тышкары Абдылда Мусаев Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлор ассоциациясынын төрагасы болушу бекеринен эместигин далилдей алды.

Булак: Фабула 

Түштөгү шал болуу же албарсты басканда…

Сиз түн бир оокумда ойгонуп, таптакыр кыймылдай албаган абалга кабылдыңыз беле? Бөлмө караңгы, бирок үйдө бирөө жүргөндөй сезилип, үстүңүздөн бирөө басып алган оордукту көтөрө албай жаткан болосуз. Коркосуз, сүйлөйүн десеңиз тилиңиз буулуп калгандай, а кээде сүйлөмөк турсун кыйкырып аткандай болосуз, бирок ал кыйкырык сыртка чыкпайт. Кулагыңызга бир нерселер угулуп, көзүңүзгө көрүнүп, кыскасы таң калычтуу дүйнөгө кабылгандай болосуз…

Бул нерсени башкада болуп жатканын уккан же көргөн андан да коркунучтуу. Себеби ал адам ар кандай үндөрдү чыгарып жүрөктү түшүрөт. Бул адамдын мээсиндеги таңкалычтуу феномонди түштөгү шал болуу дешет экен окумуштуулар.

Адамдын түшүндө шал болуусунун кызыктуу фактылары:

  1. Түштөгү шал болуу планетадагы адамзаттын 8%да кездешет экен. Ал адамдын булчуңдары бошогондо пайда болчу көрүнүш.
  2. Адам сүйлөй албайт, кыймылдай албайт, бирок кадимкидей дем алып, айланада эмне болуп атканын сезет. Бул абал бир нече секунддан бир нече мүнөткө созулушу мүмкүн.
  3. Көбүнчө алгачкы ирет 20 жаштан башталып, адамдын өмүрү өткөнчө коштолот.
  4. Пайда болуу себептери: стресс, күн менен түндүн алмашуусу, уйку канбоо, көмкөрөдөн жатуу.
  5. Ар кандай кылымда бул ар кандай түшүндүрүлүп келет. Байыркы заманда адамды жин-шайтан курчап алганда ушундай абалга келет деп айтышкан.
  6. Адам мындай абалдан алгач манжаларын акырын кыймылдатуу, жөтөлүү менен чыкса болот.
  7. Түштөгү шал болуу- адамдын мээси ойгонуп, бирок денеси уйкуда жатканда пайда болот.
  8. Адамга тынчсыздануу алып келгени менен ден соолукка зыян алып келбейт.
  9. Адам жаңы уктаганга камынганда же уйкусу канганда болот.
  10. Көбүнчө бирөө келип кулакка шыбырап жаткандай сезим болот. Ким шыбырап атат, таптакыр белгисиз…Кээде ал белгисиз неме муунтуп аткандай туюлат.

Кыргыздарда

Түштөгү шал болууну “албарсты басты” деп коюшат. Түнкүсүн адамды басат, жакын адамың болуп кубулуп, азытып кете алат деген түшүнүк бар. Албарсты көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыздарда узун сары чачтуу, мурду менен тырмактары узун, эки эмчеги салаңдаган, көздөрү күйүп туруучу аял кейпинде деп сүрөттөлөт. Эмчектери чоң болгондуктан, аны эки ийинине артып коёт. Албарстынын күчү чачында. Эгерде албарсты жолугуп калып, адам эбин келтирип чачынан кесип алса, анда албарсты адамга өзүнүн дубасын үйрөтөт. Жана ал адамдын укум-тукумуна таптакыр жолобойт деп айтып коюшат кыргыздар.

Парапсихологияда

Парапсихолог  Лариса Асанбекова “албарсты  эмнеге басат?” деген сурообузга мындай жооп берди: “Дүйнө көп катмардан турат. Ар бир катмардын өзүнүн жашоочулары, энерго жандыктары бар. Биздин дүйнө көзгө көрүнгөн материалдык дүйнө. Көзгө көрүнбөгөн сырт дүйнөлөр да бар. Канчалык катмар төмөн болсо, энергия да терс болот. Адамдын ички жан дүйнөсү терс боло баштаганда паралелль дүйнөнүн терс энерго жандыктарын тарта баштайт. Албарсты ошол төмөнкү катмардын энерго жандыгы. Терс энергия оор болот. Ошон үчүн кыргыздар “салмактанып калыптырмын”, “жүк басып жатат”, “жаным жер тартып турат” деп бекер айтпайт. Албарсты да адамдын үстүн басып, оорлотот. Ал мындайча айтканда адамга “тазалан” деп белги берет. Ошондуктан адам өзүн таза алып, кечиримдүү болуп, жаман ойлордон алыс болсо, албарсты жолобойт. Кыргызда “ою тазанын бою таза”, “ичинде эмне болсо, сыртына ошол чыгат”деген сөз бар. Дегеле адам дайыма эсине тутуп аны аткара турган жети мыйзам бар. Ошол жети мыйзамды бузбай жашаса, тагдыры, ден соолугу, байлыгы ж.б. бардыгы жакшы болот.

 Кызык  экен…

Бүткүл  дүйнөлүк уйку күнү дагы белгиленет экен. 2008-жылдан баштап  Бүткүл  дүйнөлүк  саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорунун алкагында 14-март уйку күнү деп майрамдалып келет.

 Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

Күлүйпа Жумабекова, элдик дарыгер: “Чычаңы сынгандар баспай калышы мүмкүн”

Көп дартка даба тапкан  Күлүйпа Жумабекова менен бу жолу  этибар албай жүргөн  чычаңдын сынып калышы жана  остеохандроздун  айынан адамдар  инсульт, инфарктка кабылышы тууралуу баарлаштык. – Күлүйпа эже, бүгүн илимий медицина чычаң сынып калса, аны операция жолу менен алып таштайт. Сиз иттин майы менен жибитип, чычаңды укалоо жолу аркылуу калыбына келтиресиз. Сынган чычаңды алдырбай же салдырбай  койсо болбойбу?

– Чычаң омуртка сөөктөрү менен байланышта болгондуктан жыгылып түшкөндө көп жабыркайт.   Көптөр алгач ооруганда кыйналып, кийин ал жер кыйшыйып, же ичине ийрейип бүтүп калганда мурункудай жанды кыйнабай оорутканы басылып калса эле маани бербей эстеринен чыгарып коюшат. Убакыттын өтүшү  менен сынган чычаңдын кесепетинен бел, табарсык, чат, эки буттун уюп оорушу күчөп, түз отура албай жаныңды кыйнай баштайт. Чычаңдын сынып калганын билбегендер омурткаларым тайып, грыжа болуп калыптырмын деп  туура эмес дарыланып жүрө беришет. Чычаңдын жабыркашы менен эки буту баспай калгандар да бар. Анткени чычаң нерв системалары менен байланышта.

“Чычаңы сынган аялдар жыныстык катнаш учурунда да кыйналышат”

Чычаң сынган аялзаты буту, бели, табарсыгы ооруганы аз келгенсип жыныстык катнаш учурунда да аябай кыйналышат. Жыныстык катнашта кыйнаганы аз келгенсип, чычаң жыныстык органга жакын жайгашкандыктан тегерегиндеги бездер кошо жабыркагандыктан  бездердин иштөөсү да бузулуп, кошумча дарттардын  пайда болушуна шарт түзөт.

“Апасынын чычаңы сынса  баланын башында гематома, шишик болуп төрөлүшү  мүмкүн”

Ошондой эле кээ бир аялдар өжөрлөнүп, сынган чычаңын калыбына келтирбей төрөгөндө  баланын башында тубаса шишикче же гематома пайда болот. Анткени баланын башына так ошол сынган чычаң тийип, башты   жабыркатат.  Анан бала да, анын ата-энеси да  өмүр бою кыйналышат. Мына ошол жүрөк үшүн алган дарттар чычаңдын кесепетинен болуп атканын көптөр биле бербейт.

“Чычаңы сынган эркек тез эле импотент болуп калат”

Эми эркектердин чычаңы сынганда эмне болот ошого токтололу. Эркектер деле чычаңы сынса эки буту баспай, чат, табарсыгы, белинен бери оорутат. Ошондой эле  эрте жарыкта эле жыныстык катнашка бара албай, импотент деген дарт менен жабыркашат. Аны да аялдарды дарылагандай эле иттин майы менен көтөн чучуктан укалап, жибитип, акырындык менен эпке келтирет. Муну салдырбаса көп оорунун башаты болуп, сөөктөрдө өзгөрүү пайда болот.

“Операция жолу менен алдырса адам белин түз кармай албай калат”

Эми операция жолу менен алдырып салуу тууралуу айтайын. Илимий медицинага шек келтиргим келбейт, бирок алар отурганда, заңдаганда кыйналгандарга алып салуу сунушун айтат. Мен ага каршымын. Анткени   жараткан бир сөөм сөөктү да ашык бербейт. Эгер заңдаганда же отурганда ыңгайсыздык жаралып  оорутканына чыдабай операция жолу менен чычаңды алдырып салса да, ал дарттын азабын өмүр бою тартат. Себеби чычаңды алып салса белге күч келип түз тура албай ийрейип, суроо белгисиндей болуп калат. Көпкө отуруп иштей албай же көпкө тикесинен тура албай кыйналат. Чычаң кичинекей болгону менен ролу абдан чоң.

Өткөндө бир ноокасым келип  “чычаң да кайра-кайра чыга берип  кол чыккандай ойноок болуп калабы? Менин  бир таанышым үч жолу салдырыптыр. Азыр да чыгып кетти деп айтып жүрөт” деди. Мен андай болушу мүмкүн эмес экенин,  чычаң чыгып кетпесин, көп учурда тайгаланып жыгылганда же чана тээп келе жатып жыгылганда   сынып каларын, аны бир же эки күндө эле салып коюуга мүмкүн эместигин айттым.

 “Чычаңымды салдырганы белим, чыдатпай ооруган тизе оорудан сакайдым”

Саламат:

– Мен 10 жыл мурун көк жылгаяк муздан жыгылып элден уялганымдан эле ордумдан тургам. Бир топко чейин отура албай, баса албай кыйналдым. Ишим отуруп иштей турган иш болгондуктан көп учурда отурганда ыңгайсыздык жаралып,   мык сайылып тургандай сезилип отургучтун жумшагын тандап отурууга аргасыз элем. Керек болсо кээде чалкамдан да жата албай белим талып кетчү.   Күлүйпа эженин элде жок ыкмалар менен дарылаган сырын  гезиттен окугандан кийин кайрылып, азыр Кудай буюрса жанымды кыйнаган дарттардан арылдым. Чалкамдан да жатып, уйкум да тынч болуп калды. Көрсө Күлүйпа эже айтмакчы,  чычаң калыбына келгенде ден соолугуң калыбына келди деп кубана беришиң керек экен.  Эжеден дарыланып алып баспай калчу дарт артта калганына чыны менен кубанып отурам. Болбосо илимий медицинанын табарсыгыңа суук тийген ошон үчүн чыдатпай ооруйт, капрон калготки кийип жүрүп тизеңе суук тийгизип алгансың,  кан айланууң начар  деген ыңгайлашкан диагноздон чарчагам.

Перизат:

– Муздан жыгылып белим чыдатпай оорутуп калды. Омурткаларың жылышып кетиптир деген диагноздон улам белимди салдырдым. Бирок табарсыгымдын, белимдин ооруганы күчөп, сабактан түз отура албай туйлай берчүмүн. 80 мүнөт бүткөнчө отура албай кыйналчумун. Күлүйпа эжеге келип чычаңымды салдырганы Кудайга шүгүр, чатымдын, табарсыгымдын, белимдин ооруганы басылды. Эжеге ыраазымын. Азыр 80 мүнөттүк сабактын узундугун да сезбейм.

Нурайым:

– Кызым заңдаганда, кечинде чалкасынан жата албай кыйналганын айтканда ооруканага кайрылдым. Врачтар чычаңдын сынганын, аны  алып салбаса кийин төрөгөндө баласынын  башына таасири тийерин айтышты. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп айла жок кызымдын эртеңкиси үчүн операцияга бердим. Бирок ал менен эле маселе чечилип калган жок. Азыр кызым узакка отура албайт. Түз тура албай эмнегедир ийрейип турат. Мунун баары чычаңды алдыргандын кесепетинен болгонун укканымда  операцияга бергениме өкүнүп кеттим. Күлүйпа эжедей дарыгер бар экенин билсем  мындай дартты операциясы жок эле калыбына келтирерин билсем эжеге эле алып келмек экенмин деп өкүнүп жатам.

“Остеохандроз инсульт, инфарктка алып келет”

– Күлүйпа эже,   остеохандрозго маани бербей жүрө берсе анын ден соолукка залакасы тийеби?

– Көптөр остеохандрозду желкеме туз уюп калыптыр деп элес алышпай жүрө берет. Качан гана желке төмпөйүп чыгып, башты өйдө көтөрүп түз баса албай калганда же остеохандроз өтүшүп нерв системаларын кысып, баш оору болуп калганда келет. Мен остеохандрозду адамдын жүзүнөн, желкесинен мурун башын кармап эле билем. Анткени баштан бери чатырап туз болуп калат. Бул дарт  анча маани бере бербегени менен инсульт, инфарктка алып келчү бирден бир дарт. Остеохандроз бөйрөктүн иштешин начарлатып,  желкени уютуп, ал түгүл кан айланууну жайлатып, жүрөктүн иштешин начарлатат. Ошондой эле  колдун уктап калышына же жаны жок болуп чымырашына  да алып келет. Көп учурда    остеохандроздун айынан кан коюуланып кетип инсульт, инфаркт болгондо  капельница да жардам бере албай, адам комага түшкөн бойдон  кете берет. Анткени капельница кою канды суюлта албай калат.  Бул дартты алдын албаса абдан опурталдуу. Азыр ар бир экинчи адам остеохандроз менен жабыркайт.

Гүлбара:

“Остеохандроз оор дарттардын башаты болорун билбептирмин”

Чыны менен эжеге келип эмне үчүн ушундай дартыбыз өрчүп кеткенин алаканга салгандай айтып берип, койгон диагноздорун угуп таңкалып отурам. Остеохандроз дартынын ушундай оор дарттардын башаты болорун билбептирмин. Мен денеме туз уюп калганын билбей, тескерисинче денем таштай катуу деп, денеси назиктерди көргөндө кээде тамашалап сен бат картаясың, менин денем чымыр дечүмүн. Көрсө, менин денем чымыр эмей эле  остеохандроз экенмин да.

 Айдай:

“Туздардын кетип, өңүм өзгөрүп жашарып калдым”

Эжеге келгенге чейин бир канча жерге барып акчамды аябай массаж алчумун, бирок мындай жыйынтык алган эмесмин. Кудайга шүгүр, үч жолу массажын алгандан кийин эле башымды көтөрдүм.  Желкемде уюган туздан улам ыңгайына карап башымды ылдый кылып, бүкүрөйүп жүргөнгө көнүп алыптырмын. Азыр туздар кетип башымды жогору көтөрүп калганыма, далымды каптап калган туздар кеткенине чын жүрөгүмдөн ыраазымын.  Туздардын кетиши менен өңүм да өзгөрүп, мурдагы калыбына келип жашарып баратканымды туюп жатам. Эжеге ыраазымын.

PS.Күлүйпа эжеге жанын кыйнаган дарттан арылгысы келгендер
0556 75-75-84 номерине чалып байланышса болот. 

Булак: Асман плюс

“Мошенник” инвестор же террорчуларга тымызын которулган тыйын

Көптөгөн соттук иштери бар “Ак-Кеме” мейманканасын Кыргыз Өкмөтү акыркы чечимге жетпей туруп (дагы деле соттук териштирүүлөргө чекит коюла элек) сатыкка чыгарды. Борбор калаанын престиждүү районунда жайгашкан “Ак-Кеме” мейманканасы, анын 2 гектардан ашуун жери капчыктуулардын көзүн кызартып жатканы турган иш. Болгондо дагы аукциондогу баштапкы баасы 955 млн. 805 миң сом эле. Бул 2 гектардан ашуун жери бар төрт жылдыздуу мейманкананын Өкмөт баалаган баасы. Ушул баага да алуучу табылбай, биринчи аукцион болбой калды. Кайра аукцион өткөрүлүп, баштапкы баа 10 пайызга арзандай турган болуп жатат. Ушул жагдайдын өзү көптөгөн шектенүүлөрдү жаратат. Анткени, мамлекеттик ишканаларды аукционго койгондо алуучу табылбай, баасын итбекер кылып, өзүбүздүн “шефтер” алышып, аны кайрадан башка тарапка олчойгон суммада сатып жайгарганын көрүп, угуп жүрбөйбүзбү. Буга далил катары БНКны, Бишкек арак заводу жетиштүү эле болот го. “Ак-Кемени” сатып алууга “добросовестный” кардар табылмак эмес беле? Сөзсүз табылмак. Бирок, ал кардар “Ак-Кемени” сатып алууга аракет да жасабайт. Кыргыз бийлигинин жасап жаткан иштерин, том-том болуп үйүлүп турган соттук териштирүүнү көргөндө эле, этегин кагып, кол шилтеген бойдон кетээри анык. Ырынан-чыры көп болгон жерди ким сатып алгысы келсин? Чырдын башы кайдан башталган? Биздикилер мейманкананы эмне үчүн сатыкка алып чыгууда?-деген суроолорго жооп издесе бат эле табылат. Мыйзам үстөмдүгү жүргөн өлкөдө мейманкананын чыныгы ээси ким экенин аныктоого 6 жылдык мөөнөттүн да кереги жок.

“Ак-Кемеге” инвестиция салгам деген Түркиянын жараны Фехим Ениже деген ким? Ал жетектеген “Систем Мюхендислик Иншаат Санай ве Тижарет” деп аталган компания кимдердики болчу? Алар чын эле мейманкананын курулушуна өз каржаттарын (Түрк Өкмөтүнүн эмес) жумшаганбы? Бул суроолорго жооп издөө деле кыйынчылык жаратпайт. Фехим Ениже 1936-жылы туулган, улуту көпчүлүк айтып жүргөндөй түрк эмес, күрд. Компаниясында аялы Берне, балдары Гурхан Ениже, Акан Ениже, Гулсей Ениже жана кызы Пинара болгон. Мейманкана Акаев доорунда “Пинара-Бишкек” деген атты алып жүргөн. Ал Ениженин кызынын атынан коюлган. Енижелер өздөрүнүн капчыгынан мейманкананын курулушуна бир тыйын да кошкон эмес. Муну ачык эле айтса болот. Себеби, өткөн кылымдын токсонунчу жылдардын башында Түрк Өкмөтү бизге 75 млн. долларды ишкердик чөйрөнү колдоо максатында насыя берет. Ошол 75 млн. доллардан “Ак-Кеменин” курулушуна 8 млн. 700 миң доллар каралат. Бирок, ал акча биздин Улуттук банкка келип түшкөн эмес. Ири инвестормун деген Енижелер ошол акчанын эсебинен инвестиция салган ишкер болуп чыга келет. 8 млн. 700 миң доллар насыянын болгону 1 млн. 800 миң долларына курулушка деген материалдарды жөнөтөт да, калган каражатты өздөрүнүн чөнтөгүнө уруп койгон. Мейманкананын курулушу малайзиялык компаниянын акчасына курулуп бүткөрүлгөн. Ал компаниянын жөнөткөн акча каражаттары банк аркылуу болуп, баары мыйзам чегинде жүргөн. Мейманкана курулуп бүткөндөн кийин түрктөрдүн оюну башталып, аларды биздин бийлик башындагы адамдарыбыз колдоп келген. 20 жылдык тарыхы бар чыр ушинтип башталат.

2005-жылы революция болгондон кийин Акаевдин үй-бүлөсүнүн түрктөргө берген убадасынын негизинде мейманкананын мыйзамсыз түрктөргө тартылып берилгени аныкталып, ошонун негизинде кылмыш иши козголсо, Енижеге “мошенник” катары иш козголгон. Бул Енижелер инвестор эмес эле “мошенник” экенин ырастайт. “Ак-Кеме” Енижелердин тыйынына курулбаганынын бир далили.

Фехим Ениже каза болгондон кийин анын мураскери катары Гурхан Ениже “Ак-Кемени” бизден тартып алды” деген дооматты коюп, Эл аралык сотко доо арыз жазып, Кыргыз Өкмөтүн эл аралык соттон утуп алган. 2014-жылы Енижеге биздин өкмөттүн төлөй турган акчанын суммасы 11 млн. долларга жеткенде, Ениже Канаданын Онтарио сотуна кайрылып, “Кумтөр” кени боюнча “Центерра Голддогу” 10 млн. доллардык акцияны камакка алдырат. Ошондон кийин Кыргыз Өкмөтү акцияны бошотуу үчүн 11 млн. долларды экскроу-счетко которуп берген. Бул дагы кыргыз бийлигинин мажирөөлүгү, ишти толук иликтебей эле “кыргызчылыкка” салып урдуруп койгонунда. Токон Мамытов 2014-жылы “Кыргызалтынды” жетектеп турганда “Фабула” гезитине “2005-жылдагы март революциясынан кийин кээ бир адамдар “Ак-Кеме” мейманканасын түрк жаранынан тартып алган” деп маек берет. Бул Токон Мамытовдун “Ак-Кеме” боюнча жеткиликтүү маалыматы жоктугун, түрктөрдүн чырагына май тамызып, Кыргыз Өкмөтүнө карай балта чапканын айгинелейт. 2005-жылы март революциясынан кийин мейманкананы Енижеден эч ким тартып алган эмес. Аларды кууп чыккан адам да болбогон. Өз каалоолору менен мейманканадан чыгып кетишкен. 2005-жылдын 25-марты күнү Кыргыз-Малайзиялык “Отель Ак-Кеме” компаниясын президенти Сарымсаков, “Пинара-Бишкек” ЖЧКсынын вице-президенти Гюрсел Ениже баштаган бир топ адамдар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан жыйындын протоколу бар. Анда “Пинара-Бишкек” мейманканасын башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, “Ак-Кеме” ЖАК жана малайзиялык “Business focus Sdn Bhd” фирмасына мындан ары биргелешип иштетүүгө берилиши каралат. Гюрсел Ениже бул чечимге макул болгону, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлай турганын жана алардын талаптарына моюн сунарын айткан. Ошол жыйынга катышып, протоколго кол койгон кыргыз жарандарынын баары эле ушул жерде жүрүшөт. Токон Мамытовго окшогондор “Мейманкананы түрк жаранынан тартып алган” деп айтаардан мурун, маселенин чоо-жайын иликтеп алып, андан кийин сүйлөсө жакшы болмок. Ениженин “тартып алды” деген доосунан Кыргыз Өкмөтү коркпосо да болот. Кандай гана сот болсо да толук утуп чыкканга документтер жетиштүү.

2005-жылдагы революциядан кийин Гурхан Ениженин кабинетинен Афганистандагы террордук уюмдарга акча которгон кагаздар табылган деген сөздөрдү угуп келсем, аны 2014-жылы революциядан соң башкы прокурор болгон Азимбек Бекназаровдон интервью алып, ал факты боюнча кылмыш иш козголгонун жарыялагам. Ошол маектин ток этер жерин кайра кыстарбасам, сөз сөлтүк бойдон калбасын.

— Түрк качып кеткенден кийин анын бухгалтериясынан террористтик уюмга акча которгон кагаздар чыкканы чындыкпы?

— Енижелер качып кеткенден кийин шаардык прокуратура келип, тергөө органдары түрктөрдүн бухгалтериясынан адам корко турган белгисиз документтерди табышкан. Менин эсимде, бир эле котормосунда 25 млн. белгисиз жактан которулуп келип, ал Афганистандагы террористтик уюмга которулган сумма болуп чыккан. Андан сырткары Ениженин атасына, баласына, кызына, дегиле Кыргызстанда жок урук-тууганына которула берген суммадагы акчалар болгон. Мага тергөөчү “Террористтик уюмга которулган акча боюнча ишти эмне кылабыз” деп көтөрүп барганы эсимде бар. Бул боюнча кылмыш ишин козгогула деп айткам. Эл аралык укук боюнча Кыргызстанда террористтик уюмду колдогон ишкана же уюм болбошу керек. Түрктөр башкарып турганда “Пинарадан” жанагыдай табышмактуу акчалар которулган.

“Жаңы Ордо” гезити, № 31 (455), 31-октябрь, 2014-жыл

Бекназаров айткан белгисиз жактан которулуп келген, андан соң Афганистандагы террордук уюмдарга Ениже которгонун далилдеген “сырдуу кагаз” бул жолу колума тийди. Көрсө Енижеге Сауд Аравиясы королчулугунун королдук үй-бүлөсүнүн тууганынан келген экен. Гурхан Енижеге ал тараптан келген “сырдуу кат” англис тилинде жазылган. Мен ошол катты өз эне тилибизде кыргыз журтчулугуна жарыялап жатам.

Кымбаттуу Гюрхан Ениже,

Бул кабарды менин кишимдин расмий кадамы жана сунушу катары кабыл алыңыз. Мен, Тариг Азиз, Сауд Аравиясы королчулугунун королдук үй-бүлөсүнүн тууганымын.

Бул абдан жашыруун сыр жана биздин туугандын сизге болгон ишеними, себеби, ал буга байланыштуу сиздин жардамыңызды (колдооңузду) каалайт, бул тез арада көңүл бурууну талап кылган маселе төмөндө жазылган.

Америкалык чабуулдан улам козголушкан Афганистандагы биздин бечара мусулман бир туугандар кандай кырдаалга кабылышканын сиз билет болушуңуз керек, биздин үй-бүлө өз парзын (зекет) толук аткаруудагы бир гана бөлүгү катары 20 млн. АКШ долларын бөлүп берүүнү чечти, Афганистандагы биздин бир тууган мусулман ага-инилерибиз менен эже-карындаштарыбызды колдоо максаттарында 20 млн. АКШ долларын алууга жардам бере алуучу чыныгы жана ак ниет мусулмандык корпорацияны же адамды издеп жатабыз.

Сауд Аравиясы Королчулугундагы биздин саясий абалыбыз, айрыкча америкалыктар тарабынан колдоо алып келе жаткан биздин өкмөт, биздин үй-бүлө иш жүзүндө Афганистандагы биздин бир туугандарыбызга жардам берүү үчүн аракет кылууну каалайт. Ошондуктан, биздин ишенимибиз менен Афганистандагы бир тууган ага-инилерибиз менен эже-карындаштарыбызга жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн 20 млн. долларды бизге жашыруун түрдө алып берүү үчүн сиздин жардамыңыз зарыл болуп жатат.

Эгерде сиз исламга чындап берилген киши болсоңуз, сизден биздин өтүнүчүбүздү аткарууну жана бул сунушту чыныгы мусулман катары абдан жашыруун сактоону жана биздин үй-бүлөлүк адвокатыбыз мистер Абдулла Разак менен анын электрондук почтасы аркылуу [email protected] байланышууну суранабыз, ал сизге сиз үчүн керектүү маалыматты берип, эмне кылышыңыз керектигин, силердин өлкө аркылуу акча кантип өтөрүн билдирет. Сиздин ак ниет жардамыңыз жана акча каражатын көзөмөлүңүзгө алып сактап бергениңиз үчүн биз сизге жалпы сумманын 10%ын сунуш кылабыз, 5%ы ар кандай чыгымдар үчүн калтырылат, ал каражатты 85%ды Афганистандагы биздин бир туугандарыбызга жөнөтүү учурунда пайдаланууга болот. Ийгиликтүү болсо, акча колго тийгенден кийин, сизге бул тууралуу кабарланат.

Сизге күтүлгөн кызматташтыгыңыз үчүн биз ыраазычылык билдиребиз жана сиздин тез арада жооп беришиңизди чыдамсыздык менен күтөбүз. Саламат болуңуз.

Аллах сиз менен!

Фодио Салман

Сауд Аравия Королчулугу.

Мына, биздин бийлик кимге 11 млн. доллар которуп берип жатат. Экскроу-счетто 11 млн. доллар турат деп айтып келишет. Бирок, ал жөнүндө эч кандай маалымат жок. Эсепте турабы же террорду колдогон адамга кармата беришкенби? Ениженин АКШдан колдоо күткөн Сауд Аравиядан акча алып, террордук уюмга которгону эл аралык чууну салчу иш. Дүйнө эли террор менен күрөшүп жаткан кезде, тымызын террорчуларга тыйын которуп жүргөн жаранды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кылмыш иш козголуп, издөөгө салганыбызды неге ачык жарыялабайбыз?

Мындан сырткары Ениженин фирмасынын офисинде Евразиялык континенттин Түрк Республикасынын желеги жана борбору Анкара делген жаңы картасы көпкө чейин илинип турган. Ал бүткүл КМШ өлкөлөрүн жана Чыгыш Европаны бириктирген, түрк тилинде сүйлөгөн жаңы Осмон империясынын картасы деп аталган. Бул дагы шектенүүлөрдү жаратабы? Сөзсүз түрдө…

 Наралы АСАНБАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

Алмакан Бекова, көзү ачык: "Өзөктөн чыккан өрт: Атамбаев жанындагы азгырган адамдарынын тилине кирип, ошолорго ишенип экинчи жолду тандап чоң адашты. Өзү да сезди, кеч болуп баратат"

Ар бир кыргыздын кайдыгер эмес жараны катары мени да мекенимдин тагдыры, уул-кыздарыбыздын келечеги түйшөлтүп, акыркы күндөрү ички дүйнөм тынчтык бербей келет. Мага берилген касиеттердин күчүбү, айтор  түштөрүмдө да аян берген нерселерди айтпай коюга акым жок, айтууга мажбурмун. Акыркы убактарда Кыргыздардан ырк-ынтымак кетип, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жаралып, ата-бабалардын каны менен түптөлгөн Улуу Кыргыз каганатынын  жок болуп кетүүсүнө бир топ зор күчтөр кызыкдар. Мен күйүп-бышкан кыргыздын кыздарынын бири катары бир нече жылдан бери ушул маселени көтөрүп келе жатамын. Бирок менин сөзүмө үлкөн саясатчыбы, же катардагы инсанбы, эч ким көңүл бурбай келет. Ишенген адамдар болсо кайдыгер болушууда. Сөзүм куру болбосун үчүн бир фактыларды келтире кетейин. 2016 жылы 2 январда интернет булактары аркылуу Атамбаев жана Текебаевге кайрылуу жазган элем. Силердин ортоңордо от жаккан адамдар пайда боло баштады, бири-бириңерди чукуп, ынтымагыңар кетип, дүйнө коомчулугуна шылдың болгону турасыңар, бул кылыгыңар мамлекеттин жүзүнө да көлөкө түшүрөт деп. Мындай кадамдарыңар силерге эле эмес, жалпы Кыргыз элине жакшылык алып келбейт, “эсиңер барда-этегиңерди жыйгыла”деген элем.  Угушкан жок. Эмне үчүн Кыргыз эли жакырчылыкка кептелдик? Жакырчылык кайдан келди? Эмне үчүн ар кандай оору менен ооруп, алсызданып баратабыз? Эмне үчүн табигый кырсыктар, кокустуктар көп болууда? Эмне үчүн элдин мээнет кылып, маңдай тери менен тапкандарында береке жок? Эмне үчүн бири бирибизди өлтүрүүгө чейин барып, арабыздан ынтымак кетип, алакандай Кыргыз көрүнгөн жерде темселеп жүрөт? Эмне үчүн адамдар, айрыкча жаштар өздөрүнө өздөрү кол салып өлгөндөр көп болуп жатат? Эмне үчүн жаш өспүрүм кыздар зордукталууда, анысы аз келгенсип өз энесин зордуктагандар кайдан пайда болду? Эмне үчүн, эмне үчүн деген суроолор көп, аттиң жооп жок. Эл менен иши жок, сен мага тийбе-мен сага тийбейм, “өзүмдү өзүм билем-өтүгүмдү төргө илем” деп, “көздөрүн май баскан”  бийликтегилердин  жоруктары карапайым элге терс таасирин тийгизип жатканы айкын болууда. “Жакшынын шарапаты- жамандын кесепети” дегендей, азыркы бийликтегилердин ынтымактарынын кетиши, өздөрүндөгү терс энергияларга азгырылып, эмне болгонун түшүнүшпөй элден алыстап кеткенин байкабай калышты. Биз күнөөнү Акаев, Бакиевдерге койордон мурда өзүбүздөн издеп көрбөйлүбү? Менин түшүнүгүмдө бизге эки жактан келген терс энергиялардын  таасиринен, өзүбүздү өзүбүз башкара албай, башкаларга көз каранды болуп калдык. Өзүбүздүн каада салтыбызды, үрп-адаттарыбызды, улуттук идеологиябызды биринчи орунга койбой башкаларды ээрчип, башкаруу системанын алсыздыгынан ар кайсыл динге өтүп, өзүбүзгө эмес  башкаларга ишенип маңкурттук жолго түшкөнү калдык.Алты миллион Кыргыз барбыз деп мактанабыз. Аныгында жарымы да эмеспиз Кыргыздар.Таза Кыргыз калбай баратат. Илгери Токсонбай, Жүзбайлар төрөлгөн, азыр эркектердин алсыздыгы жашарып бара жатат.  Үйлөнө элек жап жаш жигиттер  мага кайрылат.  Отузбайлар, Кыркбайлар жоголуп бараткандай. Канткенде мына ушундай көйгөйлөрдү чечебиз? Терс энергия кайдан келди? Ким же эмне аркылуу келди? Биздин Кыргыз элине эмес, Кыргыз жерине кызыккандар көп. Терс энергия аба, суу, тамак аш, кийим кече, гум жардамдар аркылуу келип жатканын түшүнбөй жатабыз. Гум жардам десе эле колубузда барыбыз да, жогубуз да жан талашып чуркап барып алабыз. Кытайдын арзан кийим- кечелери аркылуу, жаш балдар үчүн жасалган оюнчуктар аркылуу канчалаган терс энергиялар келип жатканын түшүнгүбүз келбейт. “Кыргызстан наш общий дом” деп келгендердин баарын кучак жайып тосуп алып жатабыз. Алардын арзыбаган акчасына кен байлыктарыбызды сатып жатышат. Алар кеменгер кыргыздын башын айлантып, эмнелерге гана ишендирбей жатышат. Динибизден четтеп бир канча динге, секталарга кирип кетишти Кыргыздар. Баарыбыз акылдуубуз, сүйлөсөк таңдайыбыздан чаң чыгат. Акыл үйрөткөнгө кыйынбыз. Ошондой кыйын болсок башканы ээрчибей өзүбүздүн акылыбыз менен болуп, Кыргызды көтөрбөйлүбү? Келечек муундарга элди- жерди жакшына кылып, татыктуу өткөрүп бербейлиби, бул биздин ыйык милдетибиз? Анткендин ордуна кыздарыбыз жарым жылаңач болуп Европаны туурап, чала молдо балдарыбыз саксайып сакал коюп, дамбал кийип, “фанаттык” жолго түшкөн кыздарыбыз көзүнөн башка жерин көргөзбөй оронуп, арабдарды туурап, ээрчип калдык. Ал эми Жогорку Кеңештин билермандары улуттун кызыкчылыгына туура келбесе да чет элдин закондорун көчүрмөлөп киргизүүдө.  Улуу кыргыз атыбыз эмнебиз менен сакталып калды? Бийликтегилер болобу, үй-бүлөдө болобу  ата-бабадан калган насааттарды тебелеп бири- бирибизди укпай калдык. Бул эмнеден???  Ынтымактын кеткенинен, кара мүртөздүктөн, текеберчиликтен, алдамчылыктан, көрө албастыктан, ач көздүктөн, жан дүйнөбүзгө терс энергия толуп калгандыктан деп ойлоймун. Бул элди эле эмес бийликтегилерди  да толук каптады. Азыркы көрүнүштөрдү айтып келгенмин, айта бермекчимин. Ажобузга далай жолу кат аркылуу кайрылганмын жооп болбоду. Мүмкүн жеткен эместир, аны системанын уятына койдум.  Бийликтегилерден, элден ынтымак кетет деп айткан элем, биринин айыбын бири чукуп, биринин сырын бири төгөт да ортодо ою арамдар пайдаланып кетет деп. Өлкөбүздөгү бүгүнкү  кырдаал баарыбызды ойго салып турат. Ажообузга кайрылганда мен эки вариантты айткан элем. Мен айткан биринчи жолду тандаса өзүнө да элге да жакшы болмок. Жок жанындагы азгырган адамдарынын тилине кирип, ошолорго ишенип экинчи жолду тандап чоң адашты. Өзү да сезди,  кеч болуп баратат, бирок убакыт бар, мүмкүн биринчи жолду тандап,сүйлөшүүлөргө барып кызматын өткөрүп берсе Элге да, Өзүнө да жакшы болор эле. Кудай башка салганды Эл көтөрөт, бирок Кудай да сактанганды сактайм, аракет кылганга берем деген. Акырында айтаарым кандай болгон күндө да Элиме тынччылыкты, токчулукту. сабырдуулукту, түшүнүктүүлүктү, кечиримдүүлүктү, ошону менен бирге эле бакубат жашоону каалаймын. Боло турган кырдаалга Элдин митингге чыгуусу, тополоң  кылуусу зыяндан башка пайда жок экенин эске салам. Ажыдаарлардын өздөрү менен өздөрү чечишчү мезгил келди, ”эки тоо кагышса, ортодо чымын өлөт” болбойлу. Элим өткөөл мезгилден өтүп, жашообуз жакшы жака бурулуп, бактыбызга Элим-Жерим деген Журт Атасы- Президент келсин. Аман бололу!!!

Алмакан Бекова, көзү ачык

Байланыш тел. 0773 35 71 56.   18 октябрь 2016жыл

Алайда аялзатынын орду талкууланды

Бүгүн, Алай райондук мамлекеттик администрациясында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата «Улуттук маданият, илим жана дин» долбоорунун алкагында 100дөн ашуун аялдардын катышуусунда семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинарга Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Алай районунун башкы имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров, “Ыйман” фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу, облустук казыяттын  аялдар менен иш алып баруу адиси Жамила Жапашова катышты.

Семинарда алгач Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында лекция окуп,  үй-бүлө куруунун Ислам дининдеги негизги максаты жана жаштарды турмушка тарбиялоонун мааниси боюнча кеңири түшүндүрүп берди. Ал эми катышуучулар тарабынан учурдагы жаш үй-бүлөлөр арасында болуп жаткан пикир келишпестиктер, ажырашуулардын санынын көптүгү жана нике маселесиндеги теңдиктин сакталбашы боюнча облус казысына суроолор берилди. Аталган суроолор боюнча облус казысы:  “Бардык аялзаты, дегеле ата-энелер турмушка жаштарды даярдоодо алгач өздөрү Исламдын принциптерин терең өздөштүрүп түшүнүүсү керектигин жана үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерди чечүүдө түшүнүүчүлүк негизде эки тараптын кадыр-барктуу калыс пикирин эске алуу менен жолго койсо болоорун белгиледи.

Эске салсак ушундай эле жолугушуу эртең 18-октябрда Чоң-Алай районунда өткөрүлмөкчү.

Ч. Адамкулова университетти талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Урматтуу депутаттар!

Ч.Адамкулова Улуттук университетти талкалап, улуттук мыйзамды тебелеп жатканын көрүп, карайлаган эл калыстык издеп силерге кайрылды эле. Силерден бөлөк арга калган эмес.

Эми атайын түзүлгөн депутаттык топтун колунан болгону “сөгүш” келерин да көрдүк. Силердин “сөгүшүңөрдү” Ч. Адамкулова чымын чакканча көргөн жок. Эл болсо депутатың деле  “байкуш” турбайбы деген ойдо калды.

Ч. Адамкулова болсо ого бетер күчөп, университетти  талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Мыйзам бузуулар, каржылык, кадрдык башаламандыктарды элдин баары билет.  Аларды силер дагы билесиздер.

Биз мунун көрүнгөн жерде мактанып жүргөн “реформасынын” маңызы жөнүндө учкай айтып берели.

  1. Юридикалык статусу  бар институттарды жойдум деп мактанат.

Буларды жоюш керек деген министрликтин буйругу чыккан. Бул буйрукка таянып өлкөбүздөгү бардык окуу жайлар ондогон институттарды жойду.

Бир гана айырмасы бөлөк университеттер  ызы-чуусу жок, мыйзам нугунда бул ишти бүтүрүштү.  Жалгыз гана университетте бул маселе чатак, зордук, мыйзам бузуулар менен коштолду.

  1. Мактанган “кадрдык реформасы” же өзү айткандай “жаңы менен эскинин күрөшү” тууралуу.

Ишке жөндөмдүү, жаш, илимде төбөсү көрүнгөн адистерди  куугунтуктап, картаңдарды, өмүр бою чатак коштоп жүргөн интригандарды жетекчи кызматтарга коюуда. Мисалы жаш илимдин доктору, таланттуу, заманбап көз караштагы Т.Маразыковду куугунтуктап, Кыргыз филология факультетине декан кылып 70жашка чыгып өз алапайын таппай жүргөн М.Жумаевди дайындаган.

Дагы бир “кадрдык реформасы” – Кыргыз-кытай факультетине декан кылып дагы бир 70 жаштагы чалды, баарынан кызыгы, кытай, англис тилдерин кой, орус тилин жөндөп билбеген Б.Байсабаевди дайындаган. Бул таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Математика факультетине декан кылып тилчини койгондой эле кеп. Кытай тилин таптакыр билбеген Б.Байсабаев кытай тарап менен сүйлөшө албай котормочу издеп шылдың болдуп жүрөт.  Ошол эле убакта  кытай тили боюнча далай мыкты, жаш адистер жумушсуз жүрүшөт.

Азыр дагы бир 70 жаштагы Т.Ниязов деген чалды геофакка декан кылуу аракетинде.

Мына Ч.Адамкулованын түшүнүгүндөгү “жаңы менен эскинин” күрөшү.

Мындай кадрдык саясатты идеологиясы бирөө эле – бул мага добуш берген менин камчымды чабат, тиги бөлөккө берген ал душман. Бул өңдүү мисалдар толтура.

  1. Кадрдык кыскартуулар жөнүндө

Студенттер толугу менен төрт жылдык окууга (бакалавр) өткөнүнө байланыштуу республика боюнча студенттердин саны 400миңге жакын кыскарды. Демек кыскаруулар бардык университеттерде болду. Бирок чатак, жаңжал улуттук университетте гана болуп жатат…

  1. Мугалимдердин конкурсу жөнүндө

Конкурс өткөрүп беш жылга  келишим түзүү практикасы Советтер Союзу менен кошо өлгөн. Муну советтик стереотип дейт. Советтик пландык экономика “беш жылдыктар” (пятилеткалар) менен жашаган. Беш жылда бир КПССтин сьезди өткөн. Ал кезде университеттер дагы ушундай схема менен жашаган.

Бирок азыр заман бөлөк, СССР эчак өлгөн. Эшикте рынок экономикасы. Билим берүү талаасында айыгышкан конкуренция. Ошондуктан студенттердин саны жыл сайын өзгөрүп турат.

Эгерде мугалим менен беш жылга келишим түзсөң, бирок кийинки окуу жылында студенттердин саны кескин кыскарып кетсе ал мугалим кимди окутат, калган төрт жылы эмне кылат? Мыйзам боюнча келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин ага компенсация төлөнүш керек. Аны Ч.Адамкулова өз чөнтөгүнөн төлөйбү?

Кыскасы ушундай башаламан “реформа” университеттин түбүнө жеткени калды. 60 жаштагы алжыган кемпир Ч.Адамкуловадан университетти силер эле кутултпасаңар, деги эле эч кимдин колунан келгидей эмес.

А.Саламатова

Булак: Фабула 

Меню