Menu

КООМ

Текшерүү жыйынтыгында өлкө аймагында сырткы мигранттар калтырган 56462 бала табылды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери 316680 балдары бар үй-бүлөнү кыдырылган. Анын жыйынтыгында өлкө аймагында сырткы мигранттар калтырган 56462 бала табылган, анын ичинен 637 бала көзөмөлчүлүккө берилген, 136 бала калыбына келтирүү жана кризистик борборлорго, интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштырылган. Ал эми 55653 бала бирден ата-энелери менен же туугандары менен жашаганы аныкталды. Мындай маалыматты КР эмгек жана социалдык өнүгүу министрлиги Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, тармактык комитетте Жогорку Кеӊештин эки тармактык комитетинин өспүрумдөргө карата жасалган зордук зомбулукту болтурбоо жана алдына алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жөнүндө протоколдук тапшырмасынын негизинде Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы угулду.

Интернет аркылуу террорчуларга “илинген” тажик жарандары

Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандыктардын 90 пайызы интернет аркылуу азгырылганы аныкталганын тажик башпрокуратурасы жарыялады.  Алардын 85 пайыздайы эмгек мигранты болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөн жеринен кошулуп кеткен. “Ислам мамлекети” террордук тобунунун катарында беш жүздөй тажик жараны бар.

Булак: Де-Факто 

Ч. Адамкулова университетти талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Урматтуу депутаттар!

Ч.Адамкулова Улуттук университетти талкалап, улуттук мыйзамды тебелеп жатканын көрүп, карайлаган эл калыстык издеп силерге кайрылды эле. Силерден бөлөк арга калган эмес.

Эми атайын түзүлгөн депутаттык топтун колунан болгону “сөгүш” келерин да көрдүк. Силердин “сөгүшүңөрдү” Ч. Адамкулова чымын чакканча көргөн жок. Эл болсо депутатың деле  “байкуш” турбайбы деген ойдо калды.

Ч. Адамкулова болсо ого бетер күчөп, университетти  талкалап, силерди шылдың кылып жатат.

Мыйзам бузуулар, каржылык, кадрдык башаламандыктарды элдин баары билет.  Аларды силер дагы билесиздер.

Биз мунун көрүнгөн жерде мактанып жүргөн “реформасынын” маңызы жөнүндө учкай айтып берели.

  1. Юридикалык статусу  бар институттарды жойдум деп мактанат.

Буларды жоюш керек деген министрликтин буйругу чыккан. Бул буйрукка таянып өлкөбүздөгү бардык окуу жайлар ондогон институттарды жойду.

Бир гана айырмасы бөлөк университеттер  ызы-чуусу жок, мыйзам нугунда бул ишти бүтүрүштү.  Жалгыз гана университетте бул маселе чатак, зордук, мыйзам бузуулар менен коштолду.

  1. Мактанган “кадрдык реформасы” же өзү айткандай “жаңы менен эскинин күрөшү” тууралуу.

Ишке жөндөмдүү, жаш, илимде төбөсү көрүнгөн адистерди  куугунтуктап, картаңдарды, өмүр бою чатак коштоп жүргөн интригандарды жетекчи кызматтарга коюуда. Мисалы жаш илимдин доктору, таланттуу, заманбап көз караштагы Т.Маразыковду куугунтуктап, Кыргыз филология факультетине декан кылып 70жашка чыгып өз алапайын таппай жүргөн М.Жумаевди дайындаган.

Дагы бир “кадрдык реформасы” – Кыргыз-кытай факультетине декан кылып дагы бир 70 жаштагы чалды, баарынан кызыгы, кытай, англис тилдерин кой, орус тилин жөндөп билбеген Б.Байсабаевди дайындаган. Бул таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Математика факультетине декан кылып тилчини койгондой эле кеп. Кытай тилин таптакыр билбеген Б.Байсабаев кытай тарап менен сүйлөшө албай котормочу издеп шылдың болдуп жүрөт.  Ошол эле убакта  кытай тили боюнча далай мыкты, жаш адистер жумушсуз жүрүшөт.

Азыр дагы бир 70 жаштагы Т.Ниязов деген чалды геофакка декан кылуу аракетинде.

Мына Ч.Адамкулованын түшүнүгүндөгү “жаңы менен эскинин” күрөшү.

Мындай кадрдык саясатты идеологиясы бирөө эле – бул мага добуш берген менин камчымды чабат, тиги бөлөккө берген ал душман. Бул өңдүү мисалдар толтура.

  1. Кадрдык кыскартуулар жөнүндө

Студенттер толугу менен төрт жылдык окууга (бакалавр) өткөнүнө байланыштуу республика боюнча студенттердин саны 400миңге жакын кыскарды. Демек кыскаруулар бардык университеттерде болду. Бирок чатак, жаңжал улуттук университетте гана болуп жатат…

  1. Мугалимдердин конкурсу жөнүндө

Конкурс өткөрүп беш жылга  келишим түзүү практикасы Советтер Союзу менен кошо өлгөн. Муну советтик стереотип дейт. Советтик пландык экономика “беш жылдыктар” (пятилеткалар) менен жашаган. Беш жылда бир КПССтин сьезди өткөн. Ал кезде университеттер дагы ушундай схема менен жашаган.

Бирок азыр заман бөлөк, СССР эчак өлгөн. Эшикте рынок экономикасы. Билим берүү талаасында айыгышкан конкуренция. Ошондуктан студенттердин саны жыл сайын өзгөрүп турат.

Эгерде мугалим менен беш жылга келишим түзсөң, бирок кийинки окуу жылында студенттердин саны кескин кыскарып кетсе ал мугалим кимди окутат, калган төрт жылы эмне кылат? Мыйзам боюнча келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин ага компенсация төлөнүш керек. Аны Ч.Адамкулова өз чөнтөгүнөн төлөйбү?

Кыскасы ушундай башаламан “реформа” университеттин түбүнө жеткени калды. 60 жаштагы алжыган кемпир Ч.Адамкуловадан университетти силер эле кутултпасаңар, деги эле эч кимдин колунан келгидей эмес.

А.Саламатова

Булак: Фабула 

Интернет аркылуу террорчуларга “илинген” тажик жарандары

Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажикстандыктардын 90 пайызы интернет аркылуу азгырылганы аныкталганын тажик башпрокуратурасы жарыялады.  Алардын 85 пайыздайы эмгек мигранты болгон жана экстремисттик топторго Орусияда жүргөн жеринен кошулуп кеткен. “Ислам мамлекети” террордук тобунунун катарында беш жүздөй тажик жараны бар.

Булак: Де-Факто 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Бир, бир жарым жылдан кийин Кыргызстанда катуу каатчылык болот”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Кыргызстан бажы уюмуна киргенден бери бир катар кыйынчылыктарга тушукту, бул кризистен качан, кантип чыгабыз?

– Эки жыл мурун Россияда жүргөндө эле Кыргызстанда кризис болот  деп үйгө шашып келгенмин. Азыр бизге байкалбаганы менен дагы бир жылдан кийин Россия катуу кризистин сазына батып, анын таасири Кыргызстанга да тийет.  Кризистин кесепети көбүнчө  акчанын өйдө-ылдый болушу, баалардын жогорулашы менен коштолот. Кризис Кыргызстанды эле эмес, Россияны да түйшөлтүп турат. Айтайын дегеним,  Якутияда жүргөнүмдө орустар да кризистин кесепетинен жабыр тартпайбызбы деп түйшөлүп сурашкан.  Атүгүл Украинадагы согуш тууралуу да сурашып, кыжаалат болушкан. Мен аларга согуш бул жакка жетпегени менен самолётторго толтура кишилер келет дегем, айтканымдай болду. Мен айткандан бир ай өтпөй эки самолёт киши Якутияга качкын болуп келишти. Орустар алдын ала туура айтканыма таң калышты.

Ал эми Кыргызстан да кептелип жаткан кризис тууралуу айтсам, азырынча бизге  кризистин эпкини гана тийип жатат. Бир, бир жарым жылдан кийин мамлекетибизде катуу каатчылыктар болот. Бирок мен элиме аны каалабайт элем. Бирок, төлгөгө түшкөнүн айтууга аргасызмын.

Булак: Асман плюс

Кыргызгидромет: Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт!

2016-жылдын 13-14-октябрында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы жана батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 14-октябрда күндүзү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облүстарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 10…15° жылуу, тоолуу райондордо 2…7° суук болушу күтүлөт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2016-жылдын 15-октябрында түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде -1…-30 үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар, мөмө жемиштер  үчүн коркунучтуу.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 10-октябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Новак: «Түрк агымынын» курулушу 2017-жылы башталат

Орусиянын энергетика министри Александр Новактын айтымында, Кара деңиз аркылуу «Түрк агымынын» курулушу кийинки жылы башталат.

Министр Стамбулга болгон сапары маалында курулуш иштерин баштоого зарыл болгон бардык нерселер колдоого алынганын билдирди. Ал долбоорду аяктоо мөөнөтү 2019-жылдын аягы экенин кошумчалады. Газ кууру Европанын түштүк-чыгыш бөлүгүнө тартылып, Грециянын аймагы аркылуу өтүшү мүмкүн.

Долбоор эки жыл мурда сунушталган, бирок түрк-сирия чек арасында орусиялык аскер учагынын атылып түшүрүлүшүнөн улам мамилелер кескин начарлап кеткендиктен убактылуу токтоп калган. Учурда Москва менен Анкара мурдагы экономикалык тыгыз байланыштарды калыбына келтирүү аракетинде. «Түрк агымын» куруу тууралуу келишимге Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган ушул апта башында Стамбулда кол коюшкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жалал-Абад шаарында 2015-2016-жылдары энелер өлүмү катталган жок

Жалал-Абад шаарында 2015-2016-жылдары энелер өлүмү  катталган жок.Бул тууралу областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун, шаардагы медициналык жамааттын жана шаар бийликтеринен чогуу жасаган аракеттери аркасында энелердин саламаттыгы жагынан кыйла алга жылыштар болуп жатат.

-Өткөн 2015-жылы шаардын калкынын саны 95790 киши болсо,2016-жылдын 9 айында 96725 адамды түздү.Анын ичинен аялдардын саны былтыр 48638 болсо, быйылкы жылдын 9 айында 49592ге жетти. Эң негизгиси, 2015-2016-жылдары бизде энелер өлүмү катталган жок.Бул биздин гана эмес,республиканын сүйүнүчү десем болот, – дейт ал.

Х. Пратова 2016-жылы бир жашка чейинки балдардын өлүмү 7,7 пайызга азайганын да билдирип, энелер жана жаш балдар өлүмүнүн алдын алуу боюнча ар кандай түшүндүрү иштери жүрүп жатканын, ушул жылы 1200 кош бойлуу аялдарга камсыздандыруу күбөлүгү алынып берилгенин, аз кандуулук боюнча 320 аялга рецепт жазылып берилгенин кошумчалады.

Арстан Алай кыш болбой турганын дагы айтууда

Россиянин президенти Владимир Путинди “Кыш болбойт” деген сөзү менен таңгалдырган Арстан Алайды ким билбейт? Бу жарыктык мекендешибизди бүтүндөй дүйнө коомчулугу оригиналдуу ой-пикирлери үчүн баалап атышса керек. Кызыгы, кечээ жакында Арстан Алай кайрадан оюн айтып, чын эле быйыл кыргыздын аймагында кыш болбой турганын ынанымдуу айтууда. Эң башкысы, жандүйнөбүздө кыш болбосун, ал эми мындай кар жаагандын кимге кереги бар? Арстан мырза дал ошол ички дүйнөбүздү тазартууга далбас уруп жүрсө, биз түшүнбөй тетири кеттикпи?

Булак: Азия Ньюс

Меню