Menu

КООМ

Алмазбек Атамбаев: “Мен дагы убагында көчө шыпырып, пол жуугам”

Бүгүн Ала-Арча резиденциясында мектепти артыкчылык менен бүткөн окуучуларга “Алтын сертификаттарды” тапшырып жатып Атамбаев жаштарды кесипти туура тандап, адал эмгек жасоого үндөдү. Ошондой эле ал учурунда мектепте мыкты окуганын, институтка келгенден кийин окууга убактысы болбогонун, анткени акча табуу үчүн иштөөгө туура келгенин билдирди.

“Мен да учурунда көчө шыпырып, пол жууп, от жагып иштегенмин. Жумуштун жаманы жок. Ууру министр болгондон көрө көчө шыпырып, пол жууган жакшы”, – деди Атамбаев.

Өзбекстанда "Ахмадбайдын" айыбын ачкан экинчи тасма чыкты

Бир катары өзбек телеканалдары 30-июнда каржы пирамидасынын негиздөөчүсү, калк арасында “Ахмадбай” деген ысым менен белгилүү ишкердин айыбын ачкан экинчи даректүү тасманы көрсөтүштү.

Тасмада “Ахмадбай” кайрадан эле алдамчы катары сыпатталган. Доочулардын катарында жөнөкөй жарандар эле эмес, белгилүү ырчылар, куудулдар, аким жана тартип сакчыларынын жетекчилери бар.

Фильмде Ахмад Турсунбаев алдамчылыгын моюнуна алып, кардарларынан кечирим сураган. Мындан тышкары ишкер “каржы пирамидасы банкротко учураганын, тунгуюкка кептелгенин” билдирди. Маалымдалгандай, акимдер, милиция жетекчилери жана башка белдүү аткаминерлер байбачага акчаларын жогорку үстөк менен беришкен.

Ахмад Турсунбаев жөнүндөгү алгачкы даректүү тасма 16-июнда ал кармалгандан кийин жарыкка чыккан.

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди “общий дворго” айландырабы?”

Өлкөдө глобалдык реформалар болууга тийиш. Ошол реформалар кайсыл нукта жана  максаты эмнеде деген ой жүгүртүү керек… . Чуулгандуу резонанс жараткан 80дей чет  өлкөлүк жарандардын жасалма паспорт менен кармалганы үчүн ким жооп берди?        Заводдон чыкканына 30 жылдан ашкан чет өлкөлүк автоунааларга жаңы номур берилип жатат. Мейли мамлекетибиздин абройю дейли, бирок ал техникалар өздөрүнүн ресурстарын бүткөрүп, чыгарган мамлекеттерде утилге кеткенин билебиз. Жараксыз деп табылган техникага жаңы номур тагуу маселеси актуалдуубу, же мунун аркасында башка бир максаттар барбы?  Ч. Айтматовдун “жаныбарым  Гүлсарысына” Аккуланын ээрин токугандай эле болуп калды көрүнөт. Элдин чөнтөгүнө  кол салуунун мыйзамдуу жолун  таптыңар, же мамлекетибизде башка проблемалар түгөндүбү?  Азыркы бийликтин убадаларынын эң негизгиси экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун жакшыртуу эмес беле?

Мамлекеттик каттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев баардык маселелерди чечип койгонсуп, эми Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, абройюна шек келтирүүдө деп ойлойм. Учурунда  Аскар Акаевдин саясатын ишке ашырганга зор салым кошкон Тойчубек Касымов Кыргызстанды “общий  домго” айландырса, эми күйөө баласы Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди көпчүлүк айткандай “общий  дворго” айландырабы? Же К.Ташиев айткандай бирөөлөр мажбурлап атса ачыгын айтсын… Кылымдарды карыткан Кыргыз улутун жок кылып жиберебизби? Кыргызды жок кылабыз дегендер азыр Кыргыз менен эсептешүүгө мажбур болуп жатпайбы!  Мыйзамдын ээси эл экенин эстен чыгарбайлы! Мындай глобалдык маселени эл чечсин, кандай мамлекетте жашай турганын. Кечээ эле “Алга Кыргызстандын” камчысын чаап жүргөн Т.Сарпашев кийин КСДПга кирип Кыргызстандын тагдырына “салым” кошуп жатканыбы?! 2010жылы 27-июнь Референдумунан кийин ошол кездеги премьер-министр А.Атамбаев Т.Сарпашевди биз менен тааныштырып, КСДПга киргенин билебиз. Биз башыбызды тобокелге сайып жүргөндө биз билбеген Т.Сарпашев азыр мамлекетибиздин тагдырын чечүүдө этият бол демекчибиз!

Төлөгөн Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры, Талас облусу                  

Видео - Бүгүн "7-апрель баатырлары" КР Жогорку Сотунун имаратына күч менен басып кирүүгө аракет кылышты

Бүгүн, 28-июнда “7-апрель баатырлары” Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунунун имаратына күч менен басып кирүүгө  аракет кылышты.

“7-апрель баатырлары”  КР Аскердик сотунун 7-апрель окуялары боюнча “Альфа” отрядынын жоокерлерин толук актап чыкканына жана 7-апрель окуялары боюнча камакта жаткан офицерлер менен чиновниктердин аминистия менен эркиндикке чыгып жатканына нааразы болушту.

Аскердик сот  “Альфа” отрядын 6 жылдан бери соттоп жүрүп жакында эле толук актап чыккан. Анткени 7-апрелде каза болгондордун денесинен табылган октор “Альфа” отрядынын жоокерлеринин куралдарына таандык болгон эмес. Баллистикалык, соттук-техникалык эспертизалар ал октор башка белгисиз куралдардан атылганын далилдешкен.

Ал эми 7-апрель күнү элди артынан атып жатып колго түшкөн чет элдик снайперлер тууралу Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Алмаз Атамбаев менен Азимбек Бекназаров  телеканалдар аркылуу  расмий билдиришкени менен алигиче эмне үчүн аларды эркиндикке коюп жиберишкенин  түшүндүрүшө элек.

Видеотасманы Ютубга жүктөгөн: K-News

Орозо кармоо убактысы эң узун жана эң кыска өлкөлөр - Исландияда 21 саат, Ваканда 3,5 саат

Кыргызстанда орозо кармоо убактысы 17 саат 40 мүнөттү түзөт. Ал эми географиялык абалынан улам быйыл 20 саат же андан да көп убакыт орозо кармаган мамлекеттер  бар. Быйылкы орозо жыл ичиндеги эң узун күн саналган 22-июнга туш келди. Андыктан быйыл Кыргызстанда орозо кармагандар таң заардан күн батканга чейин дээрлик 17 саат 40 мүнөттөй оозуна наар албай жүрүштү.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө миллиондогон мусулмандар бар. Орозо кармоо алардын парзы.  Айрым мамлекеттердеги мусулмандар жашаган өлкөсүнүн географиялык абалына байланыштуу 18 сааттан 21 саатка чейин орозо кармашууда.

Мисалы, Англияда орозо кармоо 18 сааттан ашса, Канадада 19 саатка чейин кармалууда. Ал эми Швеция, Норвегия, Германия жана Россиядагылар 20 сааттан ашык орозо кармашат.

Орозонун  эң эле узак убактысы Исландияда катталган, андагы мусулмандар орозо убагында 21 саат бою ооздоруна наар алышпайт.

АКШнын Чикаго шаарында орозо кармоо убактысы  биздегидей эле 17 саатка чейин  созулат. Алар таңкы саат 3.29га чейин ооз бекитип, кечинде саат 8.24төн кийин ооз ачышат.

Австралиянын Мельбурн шаарында учурда кыш болгондуктан  12 сааттан ашыгыраак орозо кармашат экен.

Орозого уруксат бербеген өлкөлөр

Орозонун башталышы менен ооз бекитип, орозо кармоого уруксат бербеген же анын айрым амалдарын аткарууга жолтоо болгон мамлекеттер да бар.

Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунда жергиликтүү элдин орозо кармашына тоскоолдуктар жасалууда.

«Кытай бийлиги уйгурлар көп жашаган Синьцзян Уйгур автономиялуу облусундагы мамлекеттик жетекчилердин, окуучулардын орозо кармоосуна тыюу салганын жергиликтүү ЖМКлар маалымдашкан. 10 миллиондон ашык уйгурлар жашаган аймактарда күндүз айрым тамактануучу жайлардын иштөөсү милдеттендирилген.

Ал эми коңшу Өзбекстан орозо айында эл чогултуп ооз ачууга тыюу салганын өлкөнүн айрым жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди. Тыюу салуу аракеттери былтыр да киргизилген. Анда мындай аракеттер элди диний экстремисттик агымдарга берилип кетүүсүн алдын алат деп түшүндүргөн.

6-июнда башталган Орозо 5-июлда аяктайт.

Аскат ЖЭЭНБЕКОВ, Санкт-Петербург шаары: Санк-Петербургда 21 саат ооз бекитилет

Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Орозо, бизге ар дайым Алла Тааланы эскертет, жоопкерчилик сезимин ойготот. Жүрөгүбүздү жаман ой-пикирлерден алыстатат, башкаларга жамандык кылуудан коргойт.  Мен өзүм Жалал-Абад облусунун кулунумун. Учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жатам. Бизде орозо кармоо абдан эле оор. Бирок мусулмандык парзды аткаруу үчүн кармап жатабыз. Орусиянын ак түндөрүнө байланыштуу 22:15те күн батып, 1:15те таң агарат. Ортодо үч саат гана оозубуз ачык болот.

Көпчүлүк мекендештерибиз курулуштарда жана башка оор жумуштарда эмгектенишүүдө. 21саат бою ооз бекитип жүрүүгө туура келсе да  орозо кармашууда. Орозонун өз касиети бар эмеспи. Башка мусулмандардай эле чыдап жатабыз. Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун.

Вакан кыштагында 3,5 саат гана ооз бекитилет

Акыркы жылдарда рамазан айы жайдын узак күндөрүнө туш болуп, көпчүлүк өлкөлөрдөгү мусулмандар 17-20 саатка чейин ооз бекитишүүдө.

Араб өлкөсү менен чектешкен Оман шаарынан 150 км алыстыкта жайгашкан Вакан кыштагында саат 11де таң агарып, кайрадан эле 14:30да күн батат. Географиялык абалы кызыктуу, тоого курчалган бул кыштакка туристтер көп келишет.

Булак: “Жаңы агым”

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Кошоматчы ММКлар президентке каршы иш алпара баштады”

Жакында бир гезит коомдук уюмдар чет өлкөдөн алган гранттык акчаларды чогултса Кыргызстанга ондогон мектеп, бала-бакча салганга жетмек деген тариздеги макала жазып чыкты. Ушунчалык дагы бийликке кошоматчылык кылабы, же урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай жатабы? Эки жүздүүлүктүн дагы чеги болуш керек. Так ушундай мааниге ээ болбогон макалалар, президент Атамбаевга каршы, атайын провокация кылып жатат. Мындай макаланын артынан толгон токой карама-каршы, сын пикир макалалар жазыларын гезит жакшы билет. Так ушундай дежур журналисттер элди адаштырып, кыргыз элине жарака кетирип жатканы өтө кейиштүү. Ошо макаланы Атамбаев кабыл алса, анда Атамбаев көр пенде экенин далилдейт. Ушунчалык жүйөсүз макалалар, мурунку Акаев, Бакиевди элден чыгарып, жек көрүндү кылган. Кошоматчылык элди козгогон детонатор, мамлекетти талкалаган кадам, кошоматчылыктан эл кырылган.  Өкүнгөн тарыхты башыбыздан өткөрүп келгенбиз, ошо тарыхты эмне үчүн кайталай беребиз. Ошо жүзүкаралыкты колдогон гезит кожоюндары, президенттин артынан бычак сайып жатканын билди бекен? Ууру экенин көргөзүп, пайда түшпөгөн, же өнүгүү факторуна бир дагы үлгү болбогон гезитке каражаттык колдоо көргөзгөн кожоюн – президент Атамбаевге душман.  Мындай макалаңарды “медвежья услуга” деп коёт, муну президентти жардан учура турган мамиле деп атаса болот.

Ал эми коомдук бирикмелердин грантын козгопсуңар, ар бир проектинин максатына колдоо тапса грант берет эмеспи. Ошол эле гезиттин журналисти мектеп, бала-бакча салам деп проект жазып көрбөйбү, колдоо табабы?! Эсиңерге сала кетейин, керек болсо өлкөдөгү бардык кыймыл грант менен бүтүп келетат, медицина, билим берүү тармагы, күч органы, администрация тармагы, коопсуздукту коргоо, мындан башка толгон токой бийлик гранттарды алып жатат. Оңолуп кеттикпи, албетте жок! Россиядан келген гранттын эсебинен беш заводду менчикке чыгарып алган Атамбаев, заводдорду иштете алдыбы, албетте жок. Эсиңерден чыгарбагыла, бардык түрдөгү мамлекетке колдоо көргөзгөн гранттар уурдалып, жеп коюшкан. Азыр дагы бийликке келген гранттарды уурдап жатканы жалганбы? Активдүү, өлкөгө салым кошкон укук коргоочуларга асылып алдыңар, керек болсо ошо укук коргоочулар Атамбаевди убагында коргоп, демократиялык жол менен бийликке алып келген. Азыркы Атамбаевдин жоруктары өтө кооптуу, кошоматчылар мактап жатып, өлкөнүн ашмалтайын чыгарат деп ким ойлоду? Кошоматчы  ММКлар президентке каршы иш алпара баштадыңар, эсиңерге келгиле!

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

"Ата Мекен" фракциясы рекламалык щиттерди Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө жайгаштырууга каршы мыйзам иштеп чыкты

Эгерде “Ата Мекен” фракциясы демилгелеген ««Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамы кабыл алынып калса, анда Бишкек шаарынын тарыхый өзгөчөлүгү жана архитектуралык ажары мындан дагы ачылмак. Бул тууралу “Ата Мекен” фракциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору рекламалык щиттердин Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө жайгаштырууга каршы иштелип чыккан. Ошондой эле шаардын көчөлөрүндөгү транспорттук кырсыктардын азайышына да шарт түзөт.

Текст :  Долбоор

««Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене.
«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., №4, 195-б.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

14-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
5. Ю.Фучик – Жибек–Жолу – Шабдан баатыр – И.Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө сырткы жарнакты жайгаштырууга тыюу салынат.
Сырткы жарнактын каражаттарын орнотууга тыюу салынат:
– пилондор (бургучтар);
– сити-борддор (сити-борддун жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 3×4 м ашык эмес, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 3×2 м түзөт);
– аялдамаларда, көчөлөрдүн боюнда жайгашкан Г, П, Т – түрүндөгү такталар (жарнактык тегиздигинин өлчөмү 6×3 м жана 4×9 м түзөт), ошондой эле көчөнүн өтө турган бөлүгүнө жана газондордун үстүнө таянычтары түшкөн такталар;
– супер-борддор (суперборддун жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 12х4 м, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 12х4 м);
– Г, П, Т – түрүндөгү супер-сайттар (суперсайттын жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 15×5 м, жарнак түшүрүлгөн сүрөттүн өлчөмү 15х5 м);
– арка (жарнактык тегиздигинин өлчөмү 24х5 м, 12х3 м, 6х3 м);
– жумшак негизге тартылган транспаранттар-перетяжкалар;
– 3×4 м кем эмес жарнактык аянтка ээ сырткы жарнак каражаттары, конструкция;
– жана башкалар.
Бул берененин талаптары кызмылсыз мүлктүн объектилерине (имараттар, курулмалар ж.б.) бириктирилген жер тилкелеринде жана жакшыртылган жана салттуу эмес жарнак объектилеринде жайгаштырылган сырткы жарнактын кичи форматтагы каражаттарына тарабайт.

2-берене.
Бишкек шаарынын мэриясы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай ичинде:
– ушул Мыйзамдын аткарылышын камсыздасын;
– Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнактын каражаттарына коюлган талаптарды аныктаган өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайыкташтырсын.

Меню