Menu

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Кошоматчы ММКлар президентке каршы иш алпара баштады”

Бөлүшүү:

Жакында бир гезит коомдук уюмдар чет өлкөдөн алган гранттык акчаларды чогултса Кыргызстанга ондогон мектеп, бала-бакча салганга жетмек деген тариздеги макала жазып чыкты. Ушунчалык дагы бийликке кошоматчылык кылабы, же урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай жатабы? Эки жүздүүлүктүн дагы чеги болуш керек. Так ушундай мааниге ээ болбогон макалалар, президент Атамбаевга каршы, атайын провокация кылып жатат. Мындай макаланын артынан толгон токой карама-каршы, сын пикир макалалар жазыларын гезит жакшы билет. Так ушундай дежур журналисттер элди адаштырып, кыргыз элине жарака кетирип жатканы өтө кейиштүү. Ошо макаланы Атамбаев кабыл алса, анда Атамбаев көр пенде экенин далилдейт. Ушунчалык жүйөсүз макалалар, мурунку Акаев, Бакиевди элден чыгарып, жек көрүндү кылган. Кошоматчылык элди козгогон детонатор, мамлекетти талкалаган кадам, кошоматчылыктан эл кырылган.  Өкүнгөн тарыхты башыбыздан өткөрүп келгенбиз, ошо тарыхты эмне үчүн кайталай беребиз. Ошо жүзүкаралыкты колдогон гезит кожоюндары, президенттин артынан бычак сайып жатканын билди бекен? Ууру экенин көргөзүп, пайда түшпөгөн, же өнүгүү факторуна бир дагы үлгү болбогон гезитке каражаттык колдоо көргөзгөн кожоюн – президент Атамбаевге душман.  Мындай макалаңарды “медвежья услуга” деп коёт, муну президентти жардан учура турган мамиле деп атаса болот.

Ал эми коомдук бирикмелердин грантын козгопсуңар, ар бир проектинин максатына колдоо тапса грант берет эмеспи. Ошол эле гезиттин журналисти мектеп, бала-бакча салам деп проект жазып көрбөйбү, колдоо табабы?! Эсиңерге сала кетейин, керек болсо өлкөдөгү бардык кыймыл грант менен бүтүп келетат, медицина, билим берүү тармагы, күч органы, администрация тармагы, коопсуздукту коргоо, мындан башка толгон токой бийлик гранттарды алып жатат. Оңолуп кеттикпи, албетте жок! Россиядан келген гранттын эсебинен беш заводду менчикке чыгарып алган Атамбаев, заводдорду иштете алдыбы, албетте жок. Эсиңерден чыгарбагыла, бардык түрдөгү мамлекетке колдоо көргөзгөн гранттар уурдалып, жеп коюшкан. Азыр дагы бийликке келген гранттарды уурдап жатканы жалганбы? Активдүү, өлкөгө салым кошкон укук коргоочуларга асылып алдыңар, керек болсо ошо укук коргоочулар Атамбаевди убагында коргоп, демократиялык жол менен бийликке алып келген. Азыркы Атамбаевдин жоруктары өтө кооптуу, кошоматчылар мактап жатып, өлкөнүн ашмалтайын чыгарат деп ким ойлоду? Кошоматчы  ММКлар президентке каршы иш алпара баштадыңар, эсиңерге келгиле!

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: