Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Фоторепортаж – Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы ата мекендик ички иштер органдарынын түзүлүү тарыхына токтолуп, жарандарыбыздын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталарын белгиледи.

Милициянын астындагы негизги тапшырма элдин жашоосунун тынчтыгын жана өмүрүнүн сактыгын камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн  өзгөчө айырмаланган ички иштер кызматкерлерине  бир катар мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Фоторепортаж — Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна иш сапары

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарын баштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи күнү Мамлекет башчысы Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту, аларга аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана максаттары жөнүндө айтып берди.

Облустардагы кичи жана орто ишкерликти колдоо, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу, агроөнөржай комплексин өнүктүрүү, калк үчүн ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларга кеңири токтолду.

Жергиликтүү тургундар таза суу, электр энергияга тарифтер, жолдорду, мектептерди, медициналык жана спорт объектилерин куруу жана оңдоп-түзөө, социалдык төлөмдөр, жер тилкелеринин жетишсиздиги, жерди трансформациялоо маселелерин көтөрүштү.

Мындан тышкары, алар Мамлекет башчысына жеке мүнөздөгү, анын ичинде жазуу түрүндө дагы суроолору менен кайрылышты.

Токтогул районунун жашоочуларынын суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков жана ошондой эле тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Мындан тышкары, иш сапарынын биринчи күнү Мамлекет башчысы тигүү цехинин ишмердиги менен таанышып, бал азыктарынын көргөзмөсү жана Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы таза суу боюнча долбоордун ишке ашырылуусунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Видео - Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү.

Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстын аймагынан Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Афганистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.

Фоторепортаж – Баку шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Саммити

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-15-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында ТТМККга мүчө мамлекеттердин башчылары Кеңештин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташуунун актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өстүрүү боюнча чараларды талкуулашты.
Баку шаарында өткөн ТТМККнын Жетинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ошондой эле Өзбекстан Республикасын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы Кеңешинин курамына кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

ТТМКК төрагалыгы Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өттү.
ТТМКК кийинки Саммити 2020-жылы Түркияда өтөт.

Мындан тышкары Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Учурдагы абал жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жакынкы келечеги талкууланды.

 

 

Фото - Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү.

Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу эртең, 15-октябрда, ТТМКК жыйынында болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин баса белгиледи. Ал мамлекет башчыларынын кызматташууну жана ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчтөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Фоторепортаж –  Ашхабад шаарындагы КМШ МБКнын кезектеги жыйыны

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

КМШ МБК жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү, анын жыйынтыктары боюнча Шериктештикке катышкан мамлекеттердин башчыларынын КМШ алкагында өз ара кызматташууну жогорулатууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле КМШ МБК жыйынынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ушул эле күнү Мамлекет башчысы Бишкекке кайтып келди.

Фото - Президент Сооронбай Жээнбеков «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында кыргыз калпак кийген робот менен учурашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнү санариптештирүү процессин тездетүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи, аны жарандардын жашоосуна киргизүү боюнча негизги көйгөйлөр жана чечүү жолдорун атады.

Өлкөнү санариптештирүү анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыты экенин эске салды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев, Ага Хан Уюмунун өнүгүү боюнча Кыргызстандагы өкүлү Шамши Кассим-Лакха, Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов, «Etihad Airways» компаниясынын маалыматтык технологиялар жана инновациялар боюнча вице-президенти Кашиф Рана, Мичиган Университетинин Маалыматтык технологиялар департаментинин вице-президенти Рави Пендсе, Корея Республикасынын Суньчуньян Университетинин Регионалдык саясий изилдөөлөр институтунун директору Хак-Мин Ким, SAP компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европадагы бөлүмүнүн Башкы менеджери Наталья Панина жана башкалар өз презентацияларын сунушташты.

Конференциянын иши үч күнгө улантылат — эки күн Бишкекте жана бир күн Нарын облусунда.

Конференцияга чет элдик IT-компанияларынын, ишкер жана илимий чөйрөнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Пленардык жыйындарда жана талкууларда Борбордук Азиядагы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө даярдыктардын ыкмалары, технологиялар чөйрөсүндөгү глобалдык тенденциялар жана башка темалар талкууланат.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Борбордук Азия Университети, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Жогорку технологиялар паркы.

 

 

Фоторепортаж — Ереван шаарындагы ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразиялык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

ЖЕЭК жыйыны адаттагыдай тар жана кеңейтилген курамда өттү, анын жыйынтыктары боюнча Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары биримдиктин алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Мындан тышкары Биримдиктеги өлкөлөрдүн вице-премьер министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Жыйындын соңунда Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян делегация башчыларына Биримдиктин 5 жылдыгына карата ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин улуттук банктары чыгарган эстелик тыйындарын тапшырды.

Ошондой эле делегация башчылары «Тумо» инновациялык технологиялар борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты жана «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу сессиясына катышты.

ЖЕЭК жыйынына катышуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон менен жолгушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары жана келечеги талкууланды.

Фото - Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде КРнын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык маарекесине арналган расмий кабыл алуу иш чарасы өттү

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилик тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык маарекесине арналган расмий кабыл алуу иш чарасы өттү. Бул тууралуу КРнын ӨРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш чарага Өзбекстан Республикасынын Экономика жана өндүрүш министри баштаган бир топ коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Өзбекстандагы диломаттык өкүлчүлүктөрдүн башчылары жана маданияттын каймактары, ошондой эле Өзбекстандагы Кыргыз маданий борборунун активистери катышышты.

Элчи И.Жунусов өз сөзүндө баардык келген конокторго ыраазычылык билдирип, майрам менен куттуктап, өлкөбүздүн саясий жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн белгилеп, ошондой эле кыргыз-өзбек алакаларынын башкы жетишкендиктерин айтып өттү.

Кабыл алуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын мурдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Сыдыковдун 80 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле Кыргызстандан чыгарылган буюмдар коюлган. Андан тышкары Кыргызстан туристик өлкө тууралуу видео роликтер көрсөтүлдү.

Майрамдык салтанат «Шаттык» бий ансабль менен коштолуп, өзгөчө кыргыздын улуттук маданияты сезилип турду.

 

Фото - Президент Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Күн тартибинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү жана интеграцияны тереңдетүү маселелери турат.

ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталарда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү болду.

Андан кийин жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда улантылат.

Эске салсак, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия ЕАЭБ мүчөлөрү болуп саналат. ЖЕЭКтин кеңейтилген курамындагы жыйынына ошондой эле Молдова байкоочу, ал эми Иран жана Сингапур чакырылган өлкө катары катышат.

Меню