Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Таластын жапайы жаныбарлары фотокапканда

Соңку жылдары сейрек кездешчү айбанаттар менен куштардын саны бир аз көбөйө баштады. Буга Талас облусунун Талас облусунун Күмүштак тоосундагы “Чегетей Тоо” коомдук бирикмесинин аймагында орноштурулган фотокапкандардагы кадрлар далил.

Айлана-чөйрөнү жана тококй чарбасын коргоо мамагенттигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул ирет объективге кийиктер, аю, суксур, кекилик, коен, сүлөөсүн түшүп калган.

“Чегетей Тоонун” бардык жерине мамагенттиктин кызматкерлери, OSI «Panthera» жаратылышты коргоо уюмунун, “Илбирс” коомдук фондунун өкүлдөрү 2019-жылдын августунда жапайы айбанататардын турмушуна байкоо жүргүзүү үчүн 16 фотокапкан орнотушкан.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун  Бириккен Араб Эмираттарына расмий визити

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен 2019-жылдын 11-12-декабрында расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарында болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын расмий визити курман болгон жоокерлердин Мемориалына (Абу-Даби шаары) гүлчамбар коюу менен башталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданият, туризм, билим берүү, айыл чарба, жарандарды социалдык коргоо жаатында кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков визиттин алкагында ошондой эле БАЭнын Вице-президенти, Премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум,  Абу-Даби жана Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр, БАЭнин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин БАЭге расмий визитин ошол өлкөдө жашап жаткан мекендештери менен жолугушуусу жыйынтыктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке бүгүн, 13-декабрда таң эрте кайтып келди.

Фото - Кыргыз волейболунун 90 жылдыгына карата: Сеул олимпиадасынын чемпиону Татьяна  Сидоренко

Учурунда волейбол боюнча СССРдин тандалма командасы олимпиада оюндарында, дүйнө, Европа чемпионаттарында жеңиштин бийик сересине бир нече ирет жеткен. Ошол СССРдин тандалма командасынын жеңиштери жана ийгиликтери анын катарында көп жылдар ойногон Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте төрөлүп өскөн волейбол боюнча олимпиада чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебери Татьяна Ивановна Сидоренконун ысымы менен байланыштуу. Бирок, ал тууралуу кыргызстандык спорт күйөрмандары дээрлик анча жакшы биле беришпейт. Ошондуктан  Кыргыз волейболунун 90 жылдык мааракесине карата кыргызстандык олимпиада чемпионубуз тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов учкай баяндап берүүнү эп көрдү.

     

Даңазалуу спорт чебери Кыргызстандык спорт күйөрмандары 1988-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда алтын медаль тагынып, олимпиада чемпиону аталган СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, кыргызстандык  Татьяна Сидоренко тууралуу сыймык менен айтууга акыбыз бар. Атактуу волейболчу СССРдин тандалма командасынын катарында ойноп, олимпиадалык бийиктикти багындырган кыргызстандык спортчунун бири. Ошондой эле ал 1990-жылы дүйнө чемпиону аталган. Европанын чемпионатында СССРдин командасынын үч жолку жеңишине салым кошкон мыкты чабуулчунун бири болгон. Ал СССРдин тандалма командасынын катарында 8 жыл ойногон. Кийин чет өлкөлүк спорт клубдарда ойноп, чеберчилиги менен таанылган. Татьяна Ивановна Сидоренко 1966-жылы 4-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ага волейбол оюнунун алгачкы ыкмаларын, сырларын үйрөткөн устаты Петров Анатолий Константинович болгон. Таланты менен таанылган Татьяна Кыргызстандын жаштар тандалма командасынын катарында ойноп жүрүп, СССРдин мыкты спорт адистеринин көңүлүн буруп, 1982-жылы аны Москва шаарына чакырышып, атактуу ЦСКА командасынын катарына кабыл алынган. Волейбол командалык оюн болгондуктан спорттук ийгиликтерге жетүү көп эмгекти, талыкпай машыгууну, табият тартуулаган талантты талап кылат. Спорттун жеке түрүнөн бийиктиктерди багынтуу командалык таймаштарга караганда бир аз жеңил. Ошондуктан командалык оюндарга олимпиада, дүйнө чемпиону болуп, дүйнө Кубогун утуу абдан  сыймыктуу. Кыргызстандык талантту волейболчу Татьяна Сидоренконун спорттук жеңиштерин, ийгиликтерин санап берсек, анын артында талыкпаган мээнет, спорттук чеберчилик, күч-кубат,  кажыбаган кайрат турат.  Ал Москвага барганына эки жыл өтпөй 1984-жылы ЦСКА командасынын СССРдин Кубогун жеңип алуусуна зор салым кошкон.  1984-жылы СССРдин жаштар тандалма командасынын катарында Европа чемпионатына барып, жеңиш менен кайтып, Европа чемпиону аталган. 1986-жылы СССР элдеринин Спарткиадасында Москва шаарынын тандалма командасынын катарында ойноп, баш байгенин ээси болуп, алтын медаль тагынган.  Ошондой эле 1985-жылы СССРдин чемпиону болсо, 1987-жылы СССРдин чемпионатында күмүш, 1988-жылы коло байгелүү болгон. Чоңдор арасында Европа чемпиондук наамын 1985-жылы Голландияда, 1989-жылы Германияда, 1991-жылы Италияда жеңип алган. Волейбол оюну боюнча Дүйнө Кубогунда 1989-жылы күмүш, 1985- жана 1991-жылдары Жапонияда коло байгелүү болгон.  1990-жылы Кытайда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынса, ошол 1990-жылкы Тилектештик оюндарынын чемпиону да аталган. Анын абдан мыкты чабуулчу экенин мындан билсеңиз болот. 1989- жана 1991-жылдары Эл аралык волейбол федерациясынын демилгеси менен   «Гала-матч» турнири уюштуруп, анда дүйнөлүк волейбол жылдыздарынан куралган тандалма командага каршы СССРдин тандалма командасы ойноп, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган. Ушул дүйнөлүк мелдеште ойноо укугуна кыргызстандык Татьяна Сидоренко да татыктуу болгон. Анын боюунун узундугу 1 метр 85 сантиметр болгондуктан эликтей так түйүлүп секирип, ал соккон топту тоскондор сейрек болгон дешет спорт адистери.   

Жогоруда айткандай 1988-жылы Татьяна Сидоренконун жылдызы жанып, Сеул олимпиадасында алтын медаль тагынып, олимпиада чемпиону аталса, кийин СССР деген чоң мамлекет кыйраганда 1992-жылы Шериктеш өлкөлөрдүн тандалма командасынын катарында Барселона олимпиадасында финалга чейин жетишип, олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси болгон.  1991-жылдан баштап чет өлкөлүк спорт клубдардын катарында ойногон. 1991-92-жылдары Хорватиянын «Младост», 1992—1993-жылдары Италиянын Анкона шаарынын «Бруммель», 1993-1994-жылдары Испаниянын «Мурсия», 1994—1995-жылдары Италиянын «Импресем Агредженто» 1995—1997-жылдары «Спеццано» командаларынын намысын коргосо, 1997—1998-жылдары Хорватиянын «Дубровник» командасынын катарында ойногон. Ошондой эле 1998-2000-жылдары Түркиянын Стамбул шаарынын атактуу«Бешикташ» командасынын катарында ойноп, чеберчилиги менен таанылган.  2000-жылы кайра Италиянын Имола шаарындагы «Фамила» командасы чакырып, бул командада эки жыл ойноп, бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшкөн.  Татьяна Сидоренко  1998-жылы Хорватиянын «Дубровник» командасынын Европа Чемпиондор Кубогун жеңип алышына зор салым кошкон. Ал түгүл 1998-жылы  Хорватиянын тандалма командасынын катарында ушул өлкөнүн жарандыгын алган Татьяна Сидоренко да  дүйнө чемпионатына да катышкан. 2002-жылы чоң спорт менен коштошуп, мугалимдик ишмердикти колго алган. Себеби ал Москва шаарындагы Дене тарбия жана спорт академиясында билим алып, дене тарбия мугалими адистигине да ээ болгон. 

 Татьяна Сидоренко учурда Москва шаарында жашап, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы гимназияда дене тарбия жана спорт сабагы боюнча мугалим жана устат болуп иштейт. 

Кыргыз волейболунун 90 жылдык мааракеси 14-декабрда салтанатуу белгиленгени жатат. Ошол мааракеде дагы олимпиада чемпионубуз Татьяна Сидоренко тууралуу айтылып, анын кыргыз волейболунун өнүгүшүнө кошкон салымдары жөнүндө дагы айтылмакчы. 

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Фото - Президент Сооронбай Жээнбеков БАЭнин Абу-Даби шаарында курман болгон жоокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында Абу-Даби шаарында курман болгон жокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду.

Азем Ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.
Мамлекет башчысы Мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон Эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди, аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

«Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси») Мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.

                                           

Фоторепортаж — Кыргыз Республикасынын сот системасынын 95 жылдыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда өлкөнүн сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунун тарыхы тууралуу «Сот адилеттиги — өнүгүүнүн өзөгү» видеотасмасын көрсөтүү менен башталды.

Президент өз сөзүндө адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүү, экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Баардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды. Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.

Мамлекет башчысы ушул чоң жоопкерчиликти — соттордун жалпы корпусу, ар бир судья дайыма сезип турушу кректигин, аны өз ишинде негизги принцип катары колдонушу зарыл экенин баса белгиледи.

«Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чарада Мамлекет башчысы бир катар судьяларга, сот системасынын ардагерлерине жана кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Фоторепортаж – "Манас" эпосунун күнү. Президент Сооронбай Жээнбеков "Манас" жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун Улуттук академиясына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Академия Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 2019-жылдын 31-январында түзүлгөн.

Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, манасчылардын айтуусунда «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты.

Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» эпосу — тарыхыбыздын, ал эми Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү экенин баса белгиледи.

Чыӊгыз Айтматовдун «Манас» эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга эбегейсиз эмгек кылганын өзгөчө белгилеп, «Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү ажыратып, бөлүп кароого болбостугун кошумчалады.

Ал Академияны кыргыздын эки руханий өзөгү — Айкөл Манастын рухунун кубаты жана Чыңгыз Айтматовдун акылынын күчү көтөрүп турганын баса белгиледи.

Академия Айкөл Манастын осуяттарын кеңири жайылтып, аларды мамлекеттик башкарууда жана жаштарды тарбиялоодо жаңы шарттарга ылайыктай ала турганына ишеничин билдирип, жыйырма биринчи кылымдагы коом «Манас» эпосундагы руханий баалуулуктарга өтө муктаж экенин белгилей кетти.

Чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун жакындары жана туугандары Президент менен маданий тармактын өнүгүүсү, жаштарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоо боюнча пикир алмашышып, Академиянын келечектеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу каалоо-тилектерин айтышты.

Алар ошондой эле маданият тармагына көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоого, анын ичинде чыгармачыл союздарга, өлкөнүн маданий объекттерин жаңылоого жардам берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругуна ылайык, Академия илимий, техникалык жана өнөр таануу изилдөөлөрүнө жардам көрсөтүп, «Манас» эпосундагы, кыргыз элдик эпикалык маданиятындагы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасындагы көөнөрбөс руханий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтып жана популяризациялоого көмөктөшөт.

Ошондой эле илимий-практикалык, илимий-техникалык конференцияларды, долбоорлорду, конкурстарды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү, катышуу жана илимий-изилдөө, илимий-популярдык эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык тематикалык басылмаларды, аудиовизуалдык, окутуучу-билим берүүчү, үйрөтүүчү материалдарды басып чыгарууга жардам берет.

Фоторепортаж — Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Ташкент шаарындагы экинчи Консультативдик жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-ноябрда, Ташкент шаарында (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты. Булл тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Делегация башчылары тар жана кеңейтилген курамда өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берерин белгиледи. Системалуу саясий диалогду беш тараптуу форматта өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстан суу-энергетикалык тармакта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардыгынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн бирдей эске алууну кубаттаарын өзгөчө белгиледи.

Борбордук Азиядагы суу ресурстарын чогултуу үчүн өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Консультативдик жолугушууну Кыргызстанда 2020-жылы өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Жыйындын жыйынтыктары боюнча Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунун биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевге Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун ардактуу төрагасы статусу ыйгарылды.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Аралды куткаруу эл аралык фондунун президенти болуп шайланды.

Экинчи Консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту жана өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтык келечегин талкуулады.

Ошондой Президент Сооронбай Жээнбеков делегация башчылары менен бирге Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл коюу аземине жана «Куксарой» резиденциясынын Ардактуу коноктор аллеясында бак отургузууга катышты.

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Ташкент шаарындагы экинчи Консультативдик жолугушуусуна Тажикстан Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев жана Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев катышышты.

Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган фоторепортаж

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул туурралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун өлкөнүн сыймыгы, кыргыз элинин улуу сүрөткери, мыкты киноактеру, таланттуу уулу экенин белгиледи.

«Журтубуздан мындай залкар таланттын чыкканы бизге сыймык тартуулайт, анын өмүр жолу, кылган эмгеги элибиздин тарыхында урмат-сый менен, өзгөчө бийик орунду ээлеп калат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент кинематографиядагы «кыргыз керемети» менен кыргыз сүрөт өнөрүндөгү жетишкендиктерди Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароо мүмкүн эмес экенин өзгөчө белгиледи.

Ал кайталангыс киноактердук таланты менен бүткүл дүйнөгө өзүн гана эмес, эркиндикти сүйгөн жалпы кыргыз элин жана анын жашоосун, маданиятын таанытып, суктантканын баса белгиледи.

Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз маданиятына кошкон салымы анын киноискусстводогу ишмердүүлүгү менен гана чектелбестен — ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жараткан.

«Ошентсе да, эң жогорку бааны — өзүнүн улуу замандашы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун „Сүймөнкулдун кош канат таланты — сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосуна эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык“ деген сөздөрүнөн тапсак болот. Сүймөнкул агабыз — залкар талант гана эмес, абийири бийик, адамгерчилиги терең инсан, мекенчил адам, чыныгы кыргыз уулунун символу, улуттук намыстын бийик үлгүсү болуп калды», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кыргыз эли, кыргыз жери дагы ушундай таланттарды жаратарына үмүт кыларын айтты.

Ошондой эле улуттук киноматография ишмерлерин келе жаткан кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.

«Сиздердин кыргыз маданиятына сиңирген эмгегиңерге таазим этебиз. Сиздерге терең ыраазылык билдиребиз, бар болуңуздар! Сиздердин артыңыздардан таланттуу киночулардын жаш мууну өсүп келе жатат. Ар кандай эл аралык фестивалдарда жеңишке жетишип, элибиздин ыраазылыгына ээ болуп жатышат. Кыргыз киносунун керемети дагы жаралат деп үмүт кылабыз. Сиздер улуттук маданиятыбызды дагы байытып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошосуздар деп ишенем. Кино чөйрөсүндө Сүймөнкул Чокморовдой залкар таланттар дагы жаралат деп үмүт кылабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чаранын алкагында театрлаштырылган пролог, Сүймөнкул Чокморовдун жашоосу жана чыгармачылык жолу тууралуу даректүү тасма, ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Фоторепортаж – Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, «алтын доор» болгонун өзгөчө белгиледи. Кыргыз ССРинин экономикасында гана эмес, жалпы эле бардык чөйрөлөрүндө, мурда болуп көрбөгөн өсүп-өнүгүү орун алганын айтты.

Президент Турдакун Усубалиевдин кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери болгонун белгилеп, анын келишпес сынчылары да тереӊ билимин, мамлекеттик деӊгээлде ойлоно билген акыл-эсин, тереӊ тажрыйбасын, элим деп жашап өткөнүн тана алышпаганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин өмүрү, мамлекеттик ишмердиги элдин эсинде ак барактай таза, чындык менен ширелишкен бойдон калганын, улутубуздун улуу инсаны — жыйырманчы кылымдагы эӊ ири мамлекеттик жана саясий жетекчилердин бири катары тарыхта каларын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевге койгон эстелигибиз да, эскерүүбүз да, анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнөрүн дагы бир жолу өзгөчө белгиледи.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн салтанаттуу иш-чаранын алкагында театрлаштырылган пролог жана Турдакун Усубалиевдин эмгек жолу жана жетишкердиктери жөнүндө документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Иш-чара концерттик программа менен аяктады.

"Жарандык көзөмөл комитети": Адамды жүзүнөн тааный турган камераларга мораторий жарыялоо керек

Кыргызстандагы “Жарандык көзөмөл комитети” кыймылы адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотууга каршы чыкты.

Курамына белгилүү укук коргоочулар жана жарандык активисттер кирген кыймыл тараткан билдирүүдө мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” деп аталды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова билдиргендей, бул ыкманын ачыктыгы жана жарандар үчүн коопсуздугу камсыздалмайынча адамды бетинен тааный турган системага мораторий жарыялоо керек:

– Азыр соттор коррупцияга малынганы, милициянын мурдагы кызматкерлери киши өлтүрүүгө барып, кылмышкерлер менен байланышта экени айтылып жатат. Ошолор алты миллион кыргызстандыктын ар бири тууралуу маалыматка ээ болсо аларды кандай максатта колдонорун ким билет?

Бишкекте 31-октябрда «Командалык борбор» иштей баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулганы айтылды. Борбордун максаты – кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню