Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталууда

23-апрелден бери Баткен шаарында өткөрүлүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы»  жана «Достук» фестивалынын үчүнчү күнү,  улуттук кийимдер парады менен башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды.

Андан соң фестивалдын Гала-Концерти башталып, ага КРнын Маданият маалымат жана туризм министри Кайрат Иманалиев жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышып, бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктарын ыйгарышты.

Аталган фестиваль үч күнгө созулуп, маданият жана искусство өкүлдөрү, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, Манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк  багыттары боюнча таланттарын тартуулашууда.

Белгилей кетсек фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү да  катышууда.

Бул күнү облус башчысы Өмүрбек Суваналиев, министр Кайрат Иманалиев менен жолугушуп, облус аймагындагы маданият мекемелеринин абалы, материалдык техникалык базасын чыңдоо, бул тармакты өнүктүрүү үчүн ар тараптуу колдоолорду корсөтүү менен, тыгыз иш алып барууну макулдашышты.

Фото - "Беш сары" спорттук клубунун балбаны Белоруссиядагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду

Белорусияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча “Open Lida” эл аралык турниринде Кыргызстандын намысын коргоп барган “Беш сары” спорттук клубунун балбаны, 2004-жылы туулган Арсен Жекшенов 65 кг салмактагылардын арасында алтын медаль утуп, биринчиликти жеңип алды. Бул тууралу “Беш сары” спорттук клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Беш сары” спорттук клубунун негиздөөчүсү жана президенти болуп КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев саналат.

Фото - Өлкөнүн "Алыш" белбоо күрөшү боюнча чемпионатында депутат Камчыбек Жолдошбаевдин "Беш сары" спорттук клубу 4 алтын медалды утуп, биринчиликти жеңип алды

Акыркы күндөрү Бишкектеги Спорт сарайында өткөн Эркектер жана аялдар арасында “Алыш” бел боо күрөшү боюнча (эркин жана классикалык түрлөрү) Кыргыз Республикасынын чеспионатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин “Беш сары” спорттук клубунун балбандары 4 алтын медаль утуп, командалар арасында биринчиликти жеңип алышты. Бул тууралу “Беш сары” спорттук клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Республиканын чемпионатынын жыйынтыгы менен “Беш сары” спорттук клубунун балбандары дүйнөлүк чемпионатка 4 жолдомо утушту.

Алар: 70 кг салмактагы балбан жигиттердин арасында 2001-жылы туулган Бекмамат Бейшенов, 76 кг салмактагы кыздардын арасында 1989-жылы туулган Нагира Сарбашева, 100 кг салмактагы жигиттердин ичинен 1987-жылы туулган Акылбек Төрөбеков жана 1990-жылы туулган Кадыр Келсинбековдор болушту.

Фоторепортаж — Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүү аземи

Бүгүн, 28-январда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы шайланган Мамлекет башчысы Филармониянын алдындагы Айкөл Манастын эстелигине токтоп, ата-бабаларыбызга таазим кылып, муну менен кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосуна да сый-урмат көрсөттү.

Инаугурация аземинде Садыр Жапаров Конституцияга колун коюп, Кыргызстан элине ак кызмат кылууга ант берди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылды. Андан кийин Садыр Жапаров инаугурациялык сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосун  анын атайын өкүлү Жансеит Туймебаев окуп берди. Ошондой эле Европа Бирлигинин (ЕБ) төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун ЕБдин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан окуду.

Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков Садыр Жапаровго бата берип, анын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Андан соң  Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы катары ал Улуттук гвардиянын жоокерлеринин парадын кабыл алды.

Параддан кийин Президент Садыр Жапаров Өкмөт үйүнө келип, Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытовдун коштоосунда иш бөлмөсүнө кирди.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман катышты.

Инаугурация аземи Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү. Ошондой эле Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чараны түз эфирде көрсөтүү уюштурулду.

 

Фото - Ташкенттеги кыргыз элчилигинде уюштурулган № 9025 шайлоо участкасы добуш берүү үчүн ачылды

Бүгүн, 10-январда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө, Ташкент шаары, Ниёзбек юли көчөсү, 30, 6-өткөөл дареги боюнча Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде уюштурулган № 9025 шайлоо участкасы иштей баштады. Бул тууралу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов добуш берди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00гө чейин иштейт.

Ташкент шаарындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын 2324 жараны катталган.

   

       

Фото - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда иштеп жаткан кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасында иштеп жаткан кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты.

Ал кайрымдуулук фонддорунун жетекчилерине акыркы мезгилде саламаттыкты сактоо мекемелерине көрсөткөн жардамы үчүн, айрыкча өпкөнү жасалма желдетүүчү шаймандар жана рентген аппараттары, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздап, ошондой эле ыкчам тесттерди жана башка коронавируска каршы күрөшүү каражаттарын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле коронавирустун жайылышына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаалдын алкагында көрсөтүлүп жаткан жардамдарды координациялоо, өзгөчө калктын аярлуу катмарына жеткирүү маселелери талкууланды.

Кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам түзүлгөн кризистик кырдаалга байланыштуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришип, араб кайрымдуулук фонддору буга чейин да аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жигердүү жардам көрсөтүп келгендигин белгилешти.

Алар ошондой эле даректүү жардам көрсөтүү максатында  Бишкек шаарынын айрым райондорунда жүрүүгө чектөөлөрдү алып салуу боюнча маселелердин чечилгендигине байланыштуу ыраазычылык билдиришти.

Зарыл болгон медициналык-техникалык шаймандарды, медициналык коргонуучу каражаттарды жана экспресс-тесттерди берүү иштери улантылат.

Калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына, анын ичинде мамлекеттик органдарда каттоодо турбаган үй-бүлөлөргө да жардамды кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолушууга «Рисаля», «Human Appeal International», «Ассалам», «Ас Сафа борбору», «Жаштардын дүйнөлүк ассамблеясы», «Ассанабилл», «ИТАР» жана «Катар кайрымдуулук фонду» кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери катышты.

   

   

Фото - Сауд Араб Падышачылыгы 2020-жылдагы ажылык зыяратка Кыргызстанга 6110 орун бөлдү

Бүгүн, 1-январда Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугушуп, өткөн 2019-жылдагы ажылык өнөктү талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстандын 2019-жылы ажылык өнөктүгүн мыкты уюштургадыгын айтып, өзүнүн «эң жакшы» деген баасын берди. Бул тууралу КР Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирет.
Муну менен катар тараптар 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча пикир алышып, жаңы өзгөчөлүктөргө, САПтын ажылык министрлигинин электрондук системасы боюнча сүйлөшүштү. Жолугушуунун соңунда тараптар 2020-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6110 квота берилгендигин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн достук алакаларынын бекемделе беришин Жараткандан сурап дуба кылышты.
Эскерте кетсек, 30-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Зайырбек Жолчуевич, КР Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев менен биргеликте Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинин чакыруусу менен ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишкен.

Фото - Москвадагы кыргыз диаспорасы Аскар жана Майрам Акаевдердин катышуусунда корпоратив өткөрдү

Кечээ, 29-декабрь күнү Москвадагы кыргыз диаспорасы жаңы жылдык кече өткөрдү. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

“Буйруса, кечээ күнү Москва шаарында, Москвадагы кыргыз диаспорасынын, Кыргыз-Биримдиги коомунун жамааты, Жаңы жылдык кечени, бийик деңгээлде өткөзүп алдык!

Жаңы жылдык кечеге биздин Аксакалдар, Элчиликтин кызматкерлери, коомдук уюмдардын жетекчилери, спортсмен эр- азаматтар, активист жана башка элдин көзүнө көрүнгөн мекенчил ага-ини, достор келишти.

Жылдын мыктыларына номинациялар берилип, күнү-түнү чуркап элге кызмат кылган улан-кыздарга грамоталар тапшырылды.

Аксакал аталарга, апаларга, баштарына Ак Бакай-калпак кийгизилип, ак жоолуктарды салып батасын алып, Жаңы жылдык кече жакшынакай ыр-күлкү, бий менен аяктап жатып, баардык келген меймандарга жакшы каалоо тилектер айтылып, жакшы узатып алдык” – деп Facebook баракчасына жазган.

Муну менен катар ал баардыгын кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, элге аманчылык, токчулук каалап өткөн.

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда, жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өзүнүн президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, аймакты өнүктүрүү мамлекеттик саясаты, өлкөнү санариптештирүү, Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу айтып берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Өзгөчө ирригациялык тармактарды кеңейтүү, калкты таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашыруу, энергетика, транспорт жана байланыш тармактары, инвестициялык климатты жакшыртуу, өлкөнүн экспорттук потенциалын өркүндөтүү, соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу, коррупцияга каршы күрөшүү ж. б. маселелерине өзгөчө  токтолду.

Маалыматтык жыйын үч сааттан ашык убакытка созулуп, анда 29 журналист 50дөн ашык суроолорду беришти.

Суроолор өлкөнүн тышкы саясатынын актуалдуу багыттары, алдыдагы парламенттик шайлоо, медиаресурстардын журналисттик иликтөөлөрү, билим берүү системасын реформалоо, кадр саясаты, административдик-аймактык реформалар, борбор шаардагы экологиялык абал, аялдардын укугун коргоо, улуттук идеология, ЕАЭБ алкагында интеграция, сөз эркиндиги, мигранттардын укуктарын коргоо, кен казуу тармагындагы абал, суу ресурстарын колдонуу стратегиясы ж. б. боюнча болду.

Мындан тышкары, журналисттер Мамлекет башчысынын жашыл экономиканын принциптери, ири транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикирине кызыгышып, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу суроолорду беришти.

Маалыматтык жыйын КТРК жана «Ала-Тоо 24» телеканалдарында түз эфирде жана ошондой эле аты аталган каналдардын YouTube и Facebook баракчаларында көрсөтүлдү.

Эске салсак, маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өткөн. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Фото - Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Спортту өнүктүрүү жана болочоктогу чемпиондорду даярдоо – биздин башкы артыкчылыктардын катарында

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыкты спортчуларын сыйлоо салтанатына катышты.

«Кыргыз спортунун тарыхы көрүнүктүү инсандарга жана эсте сакталып калган жеңиштерге бай. Көп жылдар бою спортчулардын эркинин жана чыдамкайлыгынын, машыктыруучулардын күч-аракеттеринин аркасында ата мекендик спорттук элита түзүлгөн. Бул күч-аракеттердин баары өз жыйынтыгын берип жатат, акыркы жылдары кыргыз спорту алдыга карай чоң секирик жасады. Биз ата мекендик спортчулардын эл аралык аренадагы жыйынтыктары менен сыймыктанабыз. Бүгүн спортчулардын ийгиликтеринин жана жетишкендиктеринин натыйжасында дүйнөнүн булуң-бурчунда биздин мамлекеттин желеги көтөрүлүп, гимни жаңырууда», – деди ал.

Вице-премьер-министр эл аралык спорттук аренадагы триумфтар өлкө үчүн сыймыктануу сезимин тартуулап, балдарды жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоонун бекем негизин түзөрүн айтты.

«Спорт – бул дене тарбиялык гана өнүгүү эмес, руханий-адептик тарбия берүү болуп саналат. 2019-жылы ата мекендик спортчулар эл аралык мелдештерде 1300 медаль алышкан, анын ичинде 442 алтын, 367 күмүш жана 497 коло медаль бар. Спортчуларыбыздын эл аралык аренадагы мыкты жыйынтыктары, жаңы муунду тарбиялоо жана өлкө боюнча спортту өнүктүрүү – машыктыруучулардын жана жалпы машыктыруучу курамдын талыкпаган эмгегинин үзүрү», – деди вице-премьер-министр.

Алдыдагы 2020-жылдардагы Олимп жана Паралимпиадалык оюндары тууралуу айткан Алтынай Өмүрбекова эске салгандай, бүгүнкү күнү бизде беш лицензия бар. Аларды Айсулуу Тыныбекова (спорттук күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү), Дарья Маслова (жеңил  атлетика) жеңип алышкан.

«Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландап жатабыз. Паралимпиадалык оюндар боюнча спортчуларга үмүтүбүз зор. Эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чаралардын маанилүүлөрүнүн бири 2020-жылы Түркияда өтө турган IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул улуттук спорттук оюндардын түрлөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошуп, өлкөнүн бренддеринин бири болуп калды. 2020-жылы биздин спортчулар бул мелдештерге татыктуу катышып, байгелүү орундарды ээлейт деп ишенебиз», – деди вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, 2020-жыл ата мекендик спорт үчүн маанилүү болуп саналат.

«Биз 2020-жылдардагы Олимп жана Паралимпиадалык оюндардагы кыргызстандык спортчулардын ийгилигине жана медалдарына ишенебиз.  Бул максаттарга жетүү толук мүмкүн жана биз сиздер келечектүү спорттук беттештерге татыктуу катышуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайсыздар деп ишеним артабыз», – деди ал.

Салтанаттуу иш-чаранын жыйынтыгында мыкты спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы жана  «2018-2022-жылдарга карата спорттук Кыргызстан» Программасында дене тарбия жана спорт менен машыгууну жайылтуу маселеси артыкчылыктардын бири болуп саналат.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ата мекендик спортту колдоо максатында машыктыруучулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу чечими кабыл алынган. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 2019-жылы 103 млн сом, 2020-жылы  республикалык бюджеттен – 163 млн сом бөлүнгөн.

Меню