Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө мезгилдер өтүп, замандын өзгөрүшү менен жаратылыш, табият да бир топ өзгөрүүлөргө учурап жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатканын белгиледи. Жер жүзүндө жаратылыш кубулуштарынын, табият кырсыктарынын же өзгөчө кырдаалдардын саны өстү, алкагы кеңейди.
«Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат.
Өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктарынан, химиялык, инженердик, медициналык жана башка кооптуу жагдайлардан улам кырдаал андан бетер татаалдашып, адам өмүрүн алып кеткен өтө кейиштүү учурлар да болбой койбойт», – деди Садыр Жапаров.
Президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин баса белгиледи. Эң негизгиси адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо милдетин аткаруу , ошол эле учурда кандай гана кырсык болбосун, шашылыш жардамга муктаждык жана тез чара көрүү – ар бир мүнөт маанилүү экенин билдирди.
«Кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу – кечиктирилгис зарылчылык. Мындай шартта бизде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу техника жана каражаттар болушу керек.
Зарыл болсо, заманбап технологиялар жардам жана тез жооп жардам берүү үчүн колдонулат. Демек, мунун баары тез арада тиешелүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Албетте, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөндөн бери көрүлгөн профилактикалык иш-чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, көптөгөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түздү.
Куткаруучулар өз милдеттерин татыктуу аткарып, эл аралык гуманитардык операцияларда чоң тажрыйбага ээ болушту. Бирок учурдун талабына ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык потенциалын чыңдап, атайын инженердик жабдуулардын, коммуникациялардын жаңы үлгүлөрү менен камсыз кылуу эбак эле артта калды. Куткаруучуларыбызды заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтөт, элдин бийликке болгон ишенимин арттырат, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калууда. Биз бул жагдайды жакшы билебиз жана анын үстүндө иштеп жатабыз», – деп белгиледи Малекет башчысы.
Ал бир жыл мурун куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгондугун эске салды.
«Бүгүн болсо эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алынбаган тик учак жана 34 даана атайын техникалар биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатылып алынды.
Ошондой эле, ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу планыбызда бар.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды.
Мунун баары – мамлекеттин жүзү, күчү, кубаты!
Тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-аракеттери муну менен эле токтоп калбайт, бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз!», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы ошону менен бирге табигый кырсык же кооптуу кырдаал учурунда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча кеңири маалымат берүү, жарандардын өзүн коргоо жөндөмдүүлүгү үчүн абдан пайдалуу экенин белгилеп, буга байланыштуу коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү болгон өзгөчө кырдаалда кандайча аракеттенүү керектигин окутуу сабактарын сунуштады.
Президент Садыр Жапаров өлкөдө эч качан кырсык-апааттар болбосун, инженердик жана атайын техникалар жарандардын жыргалчылыгы үчүн пайдаланылышын каалады.
Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аэродромунун кампасын жана административдик имаратын, жабдуулар жана курама мобилдик үйлөр менен таанышты. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровго жана иш-чаранын катышуучуларына Airbus H-125 көп максаттуу тик учагынын учуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү.
Бүгүн, 24-июлда КР Президенти Садыр Жапаров өзүнүн досу, КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөсү Түп районунун тоолорунда кыргызда бийликтин символу болгон камчыны бекем кармап түшүшкөн сүрөттөрүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялап “Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык” деп жазды.
Жалпы жонунан 38 жаңы сүрөт жарыяланды.
Кечээ, 23-июлда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанат массалык майрамдоо, ар кыл көргөзмө жана бир катар аймактардын командалары катышкан ат чабыш, аламан, көк бөрү жана башкалар менен коштолду.
Иш-чаранын катышуучуларына Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө “Пейил” прологу жана Советбек Жумадыловдун жашоосу жөнүндө фильм көрсөтүлдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен актер Советбек Жумадыловдун чыгаан эмгегин, ошондой эле алардын Мекен үчүн кылган кызматын белгиледи.
Салтанат эстрада ырчыларынын аткаруусу жана Кыргызстан менен Казакстандын төкмө акындарынын айтышы менен уланды.
Бүгүн, 20-июлда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Ысык-Көлдүн үстүндө “Ак кемеде” сейилдешти.
Бүгүн, 1-июлда Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев «Ала-Тоо» кыргыз товарларынын соода түйүнүн ачылышына катышты.
Ачылыш аземинде Элчи Мирлан Арстанбаев эки өлкөнүн ишкерлеринин аракети жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн органикалык азыктардын жогорку сапатына менен алар Япония рыногунда өз ордун ээледи деп белгиледи.
Бул долбоорду япониялык ишкер Масуда Эйдзиро Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен ишке ашырды.
«Ала-Тоо» соода түйүнү Кыргыз Республикасынын товарлары, ошондой эле курамында Кыргызстандын органикалык өндүрүш бар тамак-аш азыктар тартууланат.
Маалымат үчүн: Ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет мамлекеттерге экспорт кылуу боюнча 2021-жылы Японияга 25,390 миллион сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы – 8,3 тонна, 2019-жылы – 13,4 тонна, 2020-жылы – 15,7 тонна). Кыргыз Республикасы өндүргөн бал, бадам, кийизден жасалган буюмдар Amazon жана Rakuten электрондук коммерция сайттарында кеңири чагылдырылган. Бал Nissin, Kal
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.
Мамлекет башчысы бүгүн салтанатка келгендер тарыхый имараттын курулушуна катышып жатканын белгиледи.
Куруучуларга кайрылып, Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн, бул имарат кылымдарды карытып, азыркыга эле эмес, кийинки муунга да кызмат кылышы керектигин белгиледи.
Мамлекет башчысы буга чейин бул жерде өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашканын, анын имараты жараксыз абалга келгенин эске салды. Ушуга байланыштуу бул жерде жаңы имараттын курулушун баштоо чечими кабыл алынган.
Садыр Жапаров жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган жаңы имарат сапатта салынып, анын дубалдары бекем болуп, көп жылдар бою кызмат кыларына ишенерин жана үмүт артарын билдирди.
Ошол эле жерде Садыр Жапаровго келечекте долбоор боюнча Президенттик Администрациянын имаратынын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы көрсөтүлдү.
Жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну эффективдүү жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген. Мындан тышкары, бул мамлекеттик органдардын бир комплексте жайгашуусу чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетет, ордо калаанын борбордук бөлүгүндөгү жол тармагына жүктү азайтат.
Маалым болгондой, административдик имараттардын азыркы жайгашуусу – көпчүлүк мамлекеттик органдар негизинен Бишкектин борбордук бөлүгүндө топтолгон. Муну менен шаардын борборунда жол кыймылына жана тургундарга белгилүү ыңгайсыздыктар жаралууда.
Административдик комплекс заманбап жана көп функционалдуу, өнүккөн инфраструктурасы бар жана пландаштырылган шаардык түзүлүшкө интеграцияланган комплекстердин бири болуп калат.
Белгилей кетсек, курулуш маселелери менен Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенет.
Бүгүн, 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 7 жана Туристтик-экологиялык милициясына 2 авто унаа тапшырды.
Ал автоунаалар Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май РИИБне жана облустардын Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондук Ички иштер “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда
биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун
көрсөтүүдө.
2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз.
Мунун негизинде Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички резервинен 10 автоунаа бөлүнүп берилип, жалпысынан Кыргызстанда 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин
билдирди.
“ ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын ИИМинин негизги өнөктөшү катары бул багытта баа жеткис салым кошууда. Ички иштер министрлигине экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда олуттуу колдоо көрсөтө турган Ниссан-Патрол эки авто унаасы өткөрүп берүүдө көрсөтүлгөн туристтик-экологиялык милицияны колдогонуңуз үчүн Элчи мырзага жана ЕККУнун Программалык кеңсесине чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга жана анын ишмердигинин ачыктыгын күчөтүүгө багытталган ИИМдин күч-аракетине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси зор салымын кошууда. Биз Сизге жана ЕККУнун жалпы жамаатына көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Өз тарабыман мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигибизди билдирем”, – деди министр Улан Ниязбеков.
Милицияны мындан ары өнүктүрүүдө жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусун бекемдөө боюнча ИИМдин күч-аракетин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жогору баалайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 27-мартта, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык сезонунун ачылышына катышты.
Белгилей кетсек, театр коронавирус пандемиясынан жана капиталдык оңдоодон улам көпкө чейин көрүүчүлөр үчүн жабык турган.
Театралдык сезондун ачылышы 27-март Эл аралык театр күнүндө Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей», драмасынын негизинде коюлган «Төлгө» эпикалык спектакли менен белгиленди.
Спектаклди көргөндөн кийин Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөз сүйлөдү.
Ал театр — улуттун маданияты, каада-салты, агартуучусу экенин баса белгиледи.
«Бүгүн чындыгында кубанычтуу окуя. Узакка созулган оңдоо иштеринен кийин Кыргыз драма театры көрүүчүлөргө эшигин кайрадан ачты. Мындан ары театр көрүүчүлөрдү өзүнүн спектаклдери, чыгармачылык кечелери жана башка коомдук-маданий иш-чаралары менен кубандырат.
Өз кезегинде өлкө жетекчилиги маданият тармагын өнүктүрүүгө ар дайым жетиштүү көңүл бурууда. Бул үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Биздин Кыргыз драма театрдын эшиги эл үчүн ар дайым ачык болушун каалайм», — деп баса белгиледи ал.
Сүйүнбек Касмамбетов «Төлгө» спектакли тууралуу пикирин билдирип, театрдын сезонду «Манас» эпосунун үзүндүсүнөн баштаганы символикалуу экенин белгиледи.
«Биз Айкөл Манасы бар элбиз, улуу баатырдын урпактарыбыз. „Манас“ эпосу бүтүндөй энциклопедия. Манасчы Саякбай дарыяларда суунун акканын жети күн, жети түн бир эпизод менен айткан. Манас чексиз аалам. Анда баары — экологиялык көйгөйлөрдөн баштап, дүйнө түзүмүнөн тартып, мамлекеттүүлүктү курууга чейин бар. Бүгүн театрда „Төлгө“ спектаклин көрүп, баарыбыз Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирдик. Өзгөчө артисттерге ыраазычылык билдирем. Алардын эпостогу тарыхый ролдорду ойногону, эмоциясын, эпостун бүтүндөй драматургиясын бергени абдан жогорку деңгээлде баалоого болот», — деп жыйынтыктады ал.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле бир катар маданият ишмерлери, белгилүү театр жана кино артисттери, жазуучулар жана журналисттер катышты.