Menu

ФОТОРЕПОРТАЖ

Сауд араб өнүктүрүү фондунун жардамы менен Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы дүйнө жүзүндө эң маанилүү маселе саламаттык сактоо, ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн адатка айлантууга тарбиялоо болуп эсептелерин, андыктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн бардык шартттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, элдин саламаттыгын бекемдөө маселеси 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө өлкөбүздүн келечеги саналган балдардын саламаттыгына кам көрүү, ден соолугун чыңдоо маселеси мамлекеттин көңүл чордонунда турат.

Ал Өнүктүрүү программасы сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылууга, ден соолукту чыңдоого, анын ичинде балдардын ооруларынын негизги себептерин алдын алуу менен оорулардын көрсөткүчүн төмөндөтүүгө багытталганын кошумчалады.

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө маанилүү аспект болот деп белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка  балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.у.с. болот.

Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б. жайгаштыруу пландалууда.

Ушул эле жерде Мамлекет башчысы медициналык мекеменин жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады. Дарыгерлер эмгек акынын жогорулашына ыраазычылыгын билдиришип, саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер тууралуу айтып беришти.

Түркиянын Кападокия аймагында “Кыргызстан” паркы ачылды

Кечээ, 31-августта Түркия Республикасынын Кападокия аймагынын Үчхисар муниципалитетинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Элчи Кубанычбек Омуралиев, Невшехир аймагынын Губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын Мэри Мехмет Савран, Кыргызстан-Түркия Парламенттик достук группасынын Башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк жана Үчхисардын Башчысы Осман Сүслү катышышты.

Боз үйлөр тигилип, парктын аталышы жана анын ачылыш тарыхы менен стела тургузулган “Кыргызстан” паркынын ачылышына арнап, иш чаранын коноктору “Достук дарагын” отургузушту.

Ошондой эле Эгемендүүлүк майрамына карата Кыргызстандын Мамлекеттик желеги 800 метрден ашык бийиктикте учкан шар менен көтөрүлүп желбиретилди.

Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында, Үчхисардын тарыхый мунарасында (туристтер эң көп зыярат кылган жай) кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана жашоосу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый жерлерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, бир күн мурда, Үчхисар мунарасынын түбүндө кыргыз жана түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт өттү. Концерттин жүрүшүндө мунарага Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери жана эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдогандын сүрөттөрү чагылдырылды.

Невшехир аймагына болгон иш сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Невшехир аймагынын Губернатору Инжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын Мэри Мехмет Савран, Невшехирдин Соода-өнөр жай палатасынын Торагасы Ариф Пармаксыз жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту.

Өткөн жолугушууларда региондор аралык мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар Невшехирде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин  сүйлөшүштү. Кыргызстандын Элчиси мекендештердин аталган аймактагы жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн аларга максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Фото - 12 жашынан кийин кулагы укпай калган Мээргүл Каракозуева БУУнун Өнүгүү программасынын жардамы менен мини-отель курду

Мээргүл дүйнөнүн абройлуу жогорку окуу жайларынан билим алууну кыялданчу, жакшы окуп, англис тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурган. Бирок, тилекке каршы 12 жашында менингит менен ооруп калып, анын кесепетинен кийинчерээк укпай калды. Бирок бул жагдай алдыга умтулуума тоскоол болгон жок.
БУУӨП көрсөткөн алгачкы каржылык колдоо каражаты хостел үчүн столдорду жана төшөк орундарды (шейшеп, матрас жана жууркандар) сатып алууга жумшалды.
Ал эми экинчи раунддагы грантка кичи-отел ишке киргизилди. Бөлмөлөр оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, сантехника буюмдары, матрастар, эшиктер, кулпулар, электр буюмдары, ванна аксессуарлары, чач кургаткычтар, калың пардалар алынды. Бул эми хостел эмес, мини-отель эле.
«БУУӨПтүн колдоосунун арты менен мен өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыктым, алда канча ишенимдүү жана бекем болуп калдым. Мен жашоодогу эң маанилүү сабактардын бири – сапат үчүн иштөөнү үйрөндүм. Бүгүнкү күндө 10 жумуш ордун түзүүгө жетиштим, анын бешөөсү жаштар өкүлдөрү, 3 аял горничная, 1 эркек ашпозчу жана мен».
Мээргуль туристтер элементтерин каалашынча изилдеп, эстеликке сүрөткө түшүүсү үчүн боз үйдү кыргыздын улуттук жасалгасы менен кооздоп, ичине аялдардын жана эркектердин улуттук кийимдерин илип коюуну пландап жатат. Ошондой эле улуттук ашкананы жайылтууну, туристтердин каалоосу боюнча улуттук тамактарды алардын көз алдында жасалышын көрсөтүүнү пландоододо.
«Азыр менин эңсеген кыялым – жер сатып алуу жана ал жерге мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да ылайыктуу кылып долбоорлонгон бардык ыңгайлуулуктары жана жайлуу бөлмөлөрү бар инклюзивдүү мейманкана ачуу. Ийгиликке жетериме ишенем жана бул үчүн болгон күчүмдү жумшайм,» – дейт Мээргүл Каракозуева.

Балмуздак чыгарган "Үмүт и Ко" ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаев кармалды, тинтүүдө андан бронетранспортер, пулемет, автомат, граната, снайпердик мылтык жана ири суммадагы акча табылды

Көп сандаган ок атуучу жана жардыруучу кууралдарды мыйзамсыз сактаганы үчүн балмуздак чыгарган “Үмүт и Ко” ЖЧКсынын ээси, 1970-жылы туулган А.Ж.Т. кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.
Анын үйүн жана кабинетин тинтүү учурунда эбегейсиз көп куралдар жана октор, зоотолгон машина жана $540.000 накталай акча табылды.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча “Үмүт и Ко” ЖЧКсынын ээлери болуп бир туугандар Журат жана Кайрат Абдуллаевдер катталган.

Журат Абдуллаев УКМКнын абагына киргизилип, кылмыш иши козголду.
Тинтүү учурунда табылган куралдар:
– «БРДМ-2» (Бронотранспортер) атайын техникасы — 1 комплект;
– Калашникова пулемету (танка үчун) — 1 даана, бронетранспортерге орнотулган.
–  АКСУ автоматы, номери №93882625;
–  «Сайга» мылтыгы, номери №20890019  жана 7 бош магазини менен;
– «Вепрь» автоматы, номери №НИ9595 жана  12 бош магазини менен;
– «Сайга 12К» мылтыгы, номери А09486574 жана бош магазини менен;
– «Hatsan» пневматикалык мылтыгы, 4,5 калибрде;
– 12 калибрдеги мылтык;
– «Вепрь» мылтыгы №1276 ТО6458, 2 бош магазини менен;
– «Тигр» винтовкасы, номери ЛО7501281 оптикалык кароолу менен 6х42 №00602314;
– «Fabarm» мылтыгы, номери 9914596;
– Ф-1 гранатасы;
–  «Форд» травматикалык тапанча, сериясы 17Р, номери В1045780 үч бош магазини менен;
– «Sony» планшети, «HP» ноутбугу;
– 7,62 калибрдеги патрондор — 196 даана;
– 5,45 калибрдеги патрондор — 423 даана.;
– 45 калибрдеги патрондор — 59 даана.;
–  5,45 калибрдеги патрондор — 21 даана;
– 12 калибрдеги патрондор — 120 даана;
– 9мм  калибрдеги патрондор – 150 даана;
– чачма ок — 3 пачка;
– бронежилет — 1 даана;
– каска — 1 даана;
– кастет — 1 даана;
– «GloFeng» рациясы — 1 даана жана башкалар.

 

Кыргызстан Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган делегация Венгрияда өтүп жаткан улуу гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты. Бул тууралу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маданият күндөрүнө катышууга барган Кыргызстандын чыгармачылык тобу курултайдын алкагында концерттик программа тартуулашты.
Улуу курултайга Венгрия парламентинин вице- спикери Шандор Лежак, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү
Андраш Жолт Биро катышты.
Азамат Жаманкулов курултайдын расмий ачылышында сөз сүйлөп,
ата баба мурасынын маңызы болгон маданият майрамы менен куттуктады.
Ошондой эле ал, ата бабдан калган тарыхты, салт санааны, үрп адатты, тектеш уруулардын баалуулуктарын жайылтып келе жаткан улуу журттун көсөм окумуштуусу жана антрополог Андраш Бирого ыраазычылык билдирди.
Улуттук баалуулуктарга, өздүк өзгөчөлүктөргө, алардын сакталышына, жайылышына кам көрүп, түпкү маанисинин бурмаланышына жол бербей, бар турпатын барктап, сырткы таасирден коруп, өркүндөтүп-өстүрүү мезгил талабы, деп сөзүн жыйынтыктады министр.
Курултайдын программасында “Атиланын боз үйүндө” көргөзмөнүн ачылышы; аренадагы демонстрациялар, илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, «Аскерлердин парады», салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады коштолду.

Кыргызстан биринчи жолу өз эсебинен Airbus H-125 тик учагын сатып алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө мезгилдер өтүп, замандын өзгөрүшү менен жаратылыш, табият да бир топ өзгөрүүлөргө учурап жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатканын белгиледи. Жер жүзүндө жаратылыш кубулуштарынын, табият кырсыктарынын же өзгөчө кырдаалдардын саны өстү, алкагы кеңейди.

«Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат.

Өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктарынан, химиялык, инженердик, медициналык жана башка кооптуу жагдайлардан улам кырдаал андан бетер татаалдашып, адам өмүрүн алып кеткен өтө кейиштүү учурлар да болбой койбойт», – деди Садыр Жапаров.

Президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин баса белгиледи.  Эң негизгиси адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо милдетин аткаруу , ошол эле учурда кандай гана кырсык болбосун, шашылыш жардамга муктаждык жана тез чара көрүү – ар бир мүнөт маанилүү экенин билдирди.

«Кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу – кечиктирилгис зарылчылык. Мындай шартта бизде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу техника жана каражаттар болушу керек.

Зарыл болсо, заманбап технологиялар жардам жана тез жооп жардам берүү үчүн колдонулат. Демек, мунун баары тез арада тиешелүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Албетте, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөндөн бери көрүлгөн профилактикалык иш-чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, көптөгөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түздү.

Куткаруучулар өз милдеттерин татыктуу аткарып, эл аралык гуманитардык операцияларда чоң тажрыйбага ээ болушту. Бирок учурдун талабына ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык потенциалын чыңдап, атайын инженердик жабдуулардын, коммуникациялардын жаңы үлгүлөрү менен камсыз кылуу эбак эле артта калды. Куткаруучуларыбызды заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтөт,  элдин бийликке болгон ишенимин арттырат, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калууда. Биз бул жагдайды жакшы билебиз жана анын үстүндө иштеп жатабыз», – деп белгиледи Малекет башчысы.

Ал бир жыл мурун куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгондугун эске салды.

«Бүгүн болсо эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алынбаган  тик учак жана 34 даана атайын техникалар биринчи жолу  республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатылып алынды.

Ошондой эле, ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу планыбызда бар.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды.

Мунун баары – мамлекеттин жүзү, күчү, кубаты!

Тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-аракеттери муну менен эле токтоп калбайт, бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз!», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге табигый кырсык же кооптуу кырдаал учурунда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча кеңири маалымат берүү, жарандардын өзүн коргоо жөндөмдүүлүгү үчүн абдан пайдалуу экенин белгилеп, буга байланыштуу коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү болгон өзгөчө кырдаалда кандайча аракеттенүү керектигин окутуу сабактарын сунуштады.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө эч качан кырсык-апааттар болбосун, инженердик жана атайын техникалар жарандардын жыргалчылыгы үчүн пайдаланылышын каалады.

Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аэродромунун кампасын жана административдик имаратын, жабдуулар жана курама мобилдик үйлөр менен таанышты. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровго жана  иш-чаранын катышуучуларына Airbus H-125 көп максаттуу тик учагынын учуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиев экөөсү бийликтин символу болгон камчыны бекем кармап түшкөн сүрөттөрүн фейсбукка жарыялады

Бүгүн, 24-июлда КР Президенти Садыр Жапаров өзүнүн досу, КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөсү Түп районунун тоолорунда кыргызда бийликтин символу болгон камчыны бекем кармап түшүшкөн сүрөттөрүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялап “Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык” деп жазды.

Жалпы жонунан 38 жаңы сүрөт жарыяланды.

 

 

Чолпон-Ата шаарында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалы өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух-Ордо” маданий борборунда “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын үчүнчү сезону өттү. Бул тууралу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш -чаранын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Аталаган фестивалга 20га чукул мамлекеттин атактуу дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, мода индустриясынын адистери катышып, долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынды.

Каркырада Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыз эл артисти Советбек Жумадыловдун мааракесине арналган салтанат болуп өттү

Кечээ, 23-июлда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанат массалык майрамдоо, ар кыл көргөзмө жана бир катар аймактардын командалары катышкан ат чабыш, аламан, көк бөрү жана башкалар менен коштолду.

Иш-чаранын катышуучуларына Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө “Пейил” прологу жана Советбек Жумадыловдун жашоосу жөнүндө фильм көрсөтүлдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен актер Советбек Жумадыловдун чыгаан эмгегин, ошондой эле алардын Мекен үчүн кылган кызматын белгиледи.

Салтанат эстрада ырчыларынын  аткаруусу жана Кыргызстан менен Казакстандын төкмө акындарынын айтышы менен уланды.

 

Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдө "Ак кемеге" түшүп сейилдешти

Бүгүн, 20-июлда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Ысык-Көлдүн үстүндө “Ак кемеде” сейилдешти.

 

Меню