Menu

Фото – Кыргыз волейболунун 90 жылдыгына карата: Сеул олимпиадасынын чемпиону Татьяна  Сидоренко

Бөлүшүү:

Учурунда волейбол боюнча СССРдин тандалма командасы олимпиада оюндарында, дүйнө, Европа чемпионаттарында жеңиштин бийик сересине бир нече ирет жеткен. Ошол СССРдин тандалма командасынын жеңиштери жана ийгиликтери анын катарында көп жылдар ойногон Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте төрөлүп өскөн волейбол боюнча олимпиада чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебери Татьяна Ивановна Сидоренконун ысымы менен байланыштуу. Бирок, ал тууралуу кыргызстандык спорт күйөрмандары дээрлик анча жакшы биле беришпейт. Ошондуктан  Кыргыз волейболунун 90 жылдык мааракесине карата кыргызстандык олимпиада чемпионубуз тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов учкай баяндап берүүнү эп көрдү.

     

Даңазалуу спорт чебери Кыргызстандык спорт күйөрмандары 1988-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда алтын медаль тагынып, олимпиада чемпиону аталган СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, кыргызстандык  Татьяна Сидоренко тууралуу сыймык менен айтууга акыбыз бар. Атактуу волейболчу СССРдин тандалма командасынын катарында ойноп, олимпиадалык бийиктикти багындырган кыргызстандык спортчунун бири. Ошондой эле ал 1990-жылы дүйнө чемпиону аталган. Европанын чемпионатында СССРдин командасынын үч жолку жеңишине салым кошкон мыкты чабуулчунун бири болгон. Ал СССРдин тандалма командасынын катарында 8 жыл ойногон. Кийин чет өлкөлүк спорт клубдарда ойноп, чеберчилиги менен таанылган. Татьяна Ивановна Сидоренко 1966-жылы 4-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ага волейбол оюнунун алгачкы ыкмаларын, сырларын үйрөткөн устаты Петров Анатолий Константинович болгон. Таланты менен таанылган Татьяна Кыргызстандын жаштар тандалма командасынын катарында ойноп жүрүп, СССРдин мыкты спорт адистеринин көңүлүн буруп, 1982-жылы аны Москва шаарына чакырышып, атактуу ЦСКА командасынын катарына кабыл алынган. Волейбол командалык оюн болгондуктан спорттук ийгиликтерге жетүү көп эмгекти, талыкпай машыгууну, табият тартуулаган талантты талап кылат. Спорттун жеке түрүнөн бийиктиктерди багынтуу командалык таймаштарга караганда бир аз жеңил. Ошондуктан командалык оюндарга олимпиада, дүйнө чемпиону болуп, дүйнө Кубогун утуу абдан  сыймыктуу. Кыргызстандык талантту волейболчу Татьяна Сидоренконун спорттук жеңиштерин, ийгиликтерин санап берсек, анын артында талыкпаган мээнет, спорттук чеберчилик, күч-кубат,  кажыбаган кайрат турат.  Ал Москвага барганына эки жыл өтпөй 1984-жылы ЦСКА командасынын СССРдин Кубогун жеңип алуусуна зор салым кошкон.  1984-жылы СССРдин жаштар тандалма командасынын катарында Европа чемпионатына барып, жеңиш менен кайтып, Европа чемпиону аталган. 1986-жылы СССР элдеринин Спарткиадасында Москва шаарынын тандалма командасынын катарында ойноп, баш байгенин ээси болуп, алтын медаль тагынган.  Ошондой эле 1985-жылы СССРдин чемпиону болсо, 1987-жылы СССРдин чемпионатында күмүш, 1988-жылы коло байгелүү болгон. Чоңдор арасында Европа чемпиондук наамын 1985-жылы Голландияда, 1989-жылы Германияда, 1991-жылы Италияда жеңип алган. Волейбол оюну боюнча Дүйнө Кубогунда 1989-жылы күмүш, 1985- жана 1991-жылдары Жапонияда коло байгелүү болгон.  1990-жылы Кытайда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынса, ошол 1990-жылкы Тилектештик оюндарынын чемпиону да аталган. Анын абдан мыкты чабуулчу экенин мындан билсеңиз болот. 1989- жана 1991-жылдары Эл аралык волейбол федерациясынын демилгеси менен   «Гала-матч» турнири уюштуруп, анда дүйнөлүк волейбол жылдыздарынан куралган тандалма командага каршы СССРдин тандалма командасы ойноп, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган. Ушул дүйнөлүк мелдеште ойноо укугуна кыргызстандык Татьяна Сидоренко да татыктуу болгон. Анын боюунун узундугу 1 метр 85 сантиметр болгондуктан эликтей так түйүлүп секирип, ал соккон топту тоскондор сейрек болгон дешет спорт адистери.   

Жогоруда айткандай 1988-жылы Татьяна Сидоренконун жылдызы жанып, Сеул олимпиадасында алтын медаль тагынып, олимпиада чемпиону аталса, кийин СССР деген чоң мамлекет кыйраганда 1992-жылы Шериктеш өлкөлөрдүн тандалма командасынын катарында Барселона олимпиадасында финалга чейин жетишип, олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси болгон.  1991-жылдан баштап чет өлкөлүк спорт клубдардын катарында ойногон. 1991-92-жылдары Хорватиянын «Младост», 1992—1993-жылдары Италиянын Анкона шаарынын «Бруммель», 1993-1994-жылдары Испаниянын «Мурсия», 1994—1995-жылдары Италиянын «Импресем Агредженто» 1995—1997-жылдары «Спеццано» командаларынын намысын коргосо, 1997—1998-жылдары Хорватиянын «Дубровник» командасынын катарында ойногон. Ошондой эле 1998-2000-жылдары Түркиянын Стамбул шаарынын атактуу«Бешикташ» командасынын катарында ойноп, чеберчилиги менен таанылган.  2000-жылы кайра Италиянын Имола шаарындагы «Фамила» командасы чакырып, бул командада эки жыл ойноп, бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшкөн.  Татьяна Сидоренко  1998-жылы Хорватиянын «Дубровник» командасынын Европа Чемпиондор Кубогун жеңип алышына зор салым кошкон. Ал түгүл 1998-жылы  Хорватиянын тандалма командасынын катарында ушул өлкөнүн жарандыгын алган Татьяна Сидоренко да  дүйнө чемпионатына да катышкан. 2002-жылы чоң спорт менен коштошуп, мугалимдик ишмердикти колго алган. Себеби ал Москва шаарындагы Дене тарбия жана спорт академиясында билим алып, дене тарбия мугалими адистигине да ээ болгон. 

 Татьяна Сидоренко учурда Москва шаарында жашап, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы гимназияда дене тарбия жана спорт сабагы боюнча мугалим жана устат болуп иштейт. 

Кыргыз волейболунун 90 жылдык мааракеси 14-декабрда салтанатуу белгиленгени жатат. Ошол мааракеде дагы олимпиада чемпионубуз Татьяна Сидоренко тууралуу айтылып, анын кыргыз волейболунун өнүгүшүнө кошкон салымдары жөнүндө дагы айтылмакчы. 

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: