Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Өз инисин таяк менен эки жолу башка чаап өлтүргөн жаран кармалды

2017-жылдын 2-август күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө айланма жолго жакын жайгашкан көлмөлөрдүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, 30-35 жаштар чамасындагы азиат улутундагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Жансыз денеге кароо жургүзүү учурунда денесинде жаракаттар байкалып, киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Анын кийиминен  “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы жана документи, өзүнүн паспортунун көчүрмөсү табылган. Ал Жумгал районунун 30 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну экендиги такталган.

Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип каза болгон жарандын бир тууган агасы 33 жаштагы Ш.Т. кармалып, суракка алганда, иниси экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, иниси таяк көтөрүп аны чабаарда колундагы таякты тартып алып, инисин баш тарапка эки ирээт чаап жибергенин билдирген. Анын каза болуп калганын билип, Нарынга жеткирүү максатында унаага салып жолдо бара жатып, туугандарына билдирүүнүн айласын таба албай суунун жээгине ыргытып таштап, окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп кармалган жаран Токмок шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Дождь": журналист Али Феруз аны күзөтчүлөр сабаганын билдирди

«Новая газетанын» өзбек кабарчысы Али Феруз (Худоберди Нурматов) чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга бараткан жолдо сот өкүлдөрү тарабынан сабалганын билдирди. Ага чейин сот журналистти Орусиядан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөсү Евгений Еникеев “Дождь” телеканалына Феруздун далысында кан шишиктери бар экени аныкталганын билдирди. Журналист ага каршы электрошокер колдонулганын, сабалганын айтты. Андан сырткары күзөтчүлөр кабарчыны кемсинтишкен.

Бүгүн москвалык журналисттер Али Ферузду колдоп Орусия президентинин администрация имаратынын алдында акция өткөргөнү жатышат.

Журналист шейшембиде редакция имаратынын алдында кармалган. Андан бир күн мурда ал ага Орусияда саясий башпаанек берүүдөн баш тартуу чечими боюнча сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.1-августта Москванын Басман райондук соту миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн деп Ферузду Өзбекстанга департациялоо жана беш миң рубль айыппул төлөтүү чечимин кабыл алган. Сот отурумунан кийин журналист өз жанын кыюуга аракет кылган.

2012-жылы Өзбекстандын жараны Худоберди Нурматовдун паспортун уурдап кетишкен. Ал документтерин калыбына келтирүү үчүн мекенине бара албайт. Айтымында, Өзбекстанда ага террордук уюмдар менен кызматташкан деген айып тагылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москва Сирияда 40 аскери мерт болду деген маалыматты төгүндөдү

Расмий Москва “Рейтер” агенттигинин Сирияда жыл башынан бери кеминде 40 орус аскери мерт болду деген маалыматын төгүнгө чыгарды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 1-январдан бери Сирияда 10 гана орус жоокери каза тапканын билдирип, соңку маалыматтарды орус армиясынын согушкерлерге каршы операциясына көлөкө түшүрүү аракети катары мүнөздөдү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сирияга ыктыярчы катары барган орус жарандарынын мамлекет менен байланышы жоктугун белгиледи.

“Рейтер” агенттигинин журналисттери иликтөө жүргүзүп, Сирияда мерт болгон орус аскерлеринин саны алда канча көп экенин аныкташкан. Алардын тыянагы 2-августта жарыяланган.

Орусия Сириядагы президент Башар Асадга колдоо көрсөтүүнү көздөгөн операцияларын 2015-жылдын күзүндө баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда экстремист делген адам алты жылга соттолду

Алматыда сот экстремисттик топтун курамында согушуу үчүн Сирияга барууну пландап жаткан» адамга карата мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу 2-августта жергиликтүү маалымат каражаттары сотко шилтеме кылып билдиришти.

Соттун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, соттолгон жаран «Жабхат ан-Нусра» тобунун катарында согушуу үчүн Кыргызстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүүнү пландаган.

Соттолгон адамдын казак аткаминерлери деструктивдүү агым катары эсептеген салафизмдин жактоочусу экени айтылууда.

1-августта Алматы шаардык сотунун токтому менен Алмалы райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Москвада кыргыз жараны орус аялдын бутун жалагандыгы үчүн кармалды

Москвада полиция Кыргызстандан барган 31 жаштагы адамды, жатаканада өз бөлмөсүндө уктап жаткан аялдын бутун жалагандыгы үчүн кармашты.

“Москва” агенттигинин укук коргоо органдарына шилтеме жасап берген маалыматына таянсак, полицияга Сельхозхозяйственная көчөсүндөгү куруучулардын жатаканасында жашаган 31 жаштагы аял телефон менен жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, түндө бейтааныш адам, ал уктап жаткан бөлмөгө өзү кирип келип, бутун жалап жана өпкүлөгөн. Жабырлануучу аял ойгонуп кетип, полицияга телефон чалган.

Шектүү  жаран кармалып, ага карата азыр зордукчул сексуалдык мүнөздөгү аракет боюнча кылмыш иши козголуп, иш иликтенүүдө.

Ушундай эле окуя мурда дагы болгону айтылган. Анда полиция Өзбекстандын жараны Ойбежон Тураевди кармагандыгы белгиленген. Ал маньяк кыздардын беттерин жалаган.

 

Астана соту аэропортто диний китеп саткандарга айыппул салды

Транспорттук полиция сот аркылуу Астана аэропортунда диний мазмундагы адабияттарды сатуу бөлүмүн жаптырды. Бул тууралуу Транспорттук ички иштер департаментинен кабарлашты.

Департаменттин маалыматы боюнча Астана аэропортундагы дүкөндөрдүн биринде диний китептердин сатылып жатканы аныкталган.

Казакстан мыйзамдары боюнча диний адабияттарды диний билим берүү мекемелеринде, сыйынуу жайларында жана аткаруу бийлиги бөлүп берген жерлерде гана сатууга болот.

Астананын административдик соту соода түйүнүнүн ээсин күнөөлүү деп таап, 200 айлык эсептик көрсөткүч (453 теңге) айыппул салды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте каржы пирамидасын түзгөн ишкер соттолууда

2-августта Ташкенттин облустук сотунда Чиназ районунан чыккан ишкер, эл арасында «Ахмадбай» ысымы менен таанымал Ахмад Турсунбаевдин соттук жараяны башталды.

«Чиноз халол чорва» менен «Чиноз Авто Хамкор» фирмаларынын негиздөөчүсү Ахмад Турсунбаев элден акча алып, жыл сайын 100 пайыз үстөк төлөп турууну убадалаган.

Укук коргоо органдары далил катары ага таандык делген 12 миллион АКШ долларын конфискациялаган. 38 жаштагы ишкерге ондогон кишилер акча берген.

Буга чейин Өзбекстандын укук коргоо органдары Ахмад Турсунбаев элден автомобиль, мал жана зер буюмдарды дагы кабыл алганын маалымдаган.

Учурда Ахмад Турсунбаев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бекболот Талгарбеков 14 жылга күчөтүлгөн режимге кесилди

Кечээ, 2-август күнү өткөн жылы түзүлүп, кыска аралыкта дүбүртү катуу чыккан «Элдик парламенттин» мүчөлөрүнө карата соттук өкүм чыкты. Ишти караган Биринчи Май райондук соту «Элдик парламенттин» анабашчылары Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылга күчөтүлгөн режимге, аталган топтун активдүү мүчөлөрү Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановду 10 жылга күчөтүлгөн режимге, ал эми экс-депутат Тойгонбай Калматов 5 жыл үй камагына, Александр Гусевди 6 жыл үй камагына кескен чечими чыкты.

Эсиңерде болсо, өткөн жылдын май айында «Элдик парламенттин» дал ушул өкүлдөрүнө карата бийликти күч менен басып алуу боюнча иш козголуп, дароо камакка алынышкан. Дээрлик 1 жыл 3 айдан бери УКМКнын абагында отурушкан саясатчыларга карата акыры бүгүнкүдөй адилетсиз өкүм чыкты. Муну менен өлкөбүздө сот адилеттүүлүгү канчалык деңгээлде экени дагы бир ирет далилденди.

Ошентип, кыргыз саясатында устатын сатпаган туруктуулук сапаты менен көптөргө үлгү болчу экс-аграрчы министр Бекболот Талгарбеков жана анын өнөктөштөрү кайдагы бир чет элдеги аферисттердин тилине кирип, жок жерден жалаага кабылуу менен адилетсиз соттордун айынан ондогон жыл жаза алып отурат. Фемида өкүлдөрүнүн буларга карата чыгарган чечимин угуп алып бир эсе күлкүң келет. Таңгаласың, россиялык аферисттер менен телефондон «шыңгыр» эте сүйлөшүп койгону үчүн кыргыздын жигиттерине 14 жыл жаза бергени, албетте, нонсенс! Бу жалганда адашпаган ким бар дейсиз? Каарманыбызды алтымыштан ашканда караңгы жайга камабастан, үй камагы менен жаза берсе болбойт беле? Атайын кызматтын жертөлөсүндөгү алардын буга чейинки отурганын эсептегенде деле Бекболот Талгарбеков баштаган мүчөлөрү эки жарым жылдык жаза мөөнөттөрүн өтөп коюшуптур. Калган жазасын үй камагында өтөшсө болбойт беле? Буга абийирсиз соттордун эрки жетпеди.

Бул күндөр дагы өтөт. Ошондо каармандарыбызга карата ашачапкан чечимди токуган судьялар Талгарбеков баштаган азаматтарыбыздын бетин кантип карашат? Кыргыз жамандык-жакшылыкта ар убак бет келишет. Эртең Бекболот Талгарбеков менен бир тасмалда бүгүн аларга карата көмүскөдөн отчет бергендер бет келишип калышсачы? Ойлонушпайбы? Бүгүнкү күн, учурдагы саясат менен күн бүтпөйт да, туурабы? Кандай болгон күндө да Бекболот Талгарбеков жана аны менен бирге айыпталган өнөктөштөрүнө карата жогорку инстанциялардан адилет чечим чыгарына үмүт кылып туралы.

Булак: “Азия Ньюс”

Москвада Өзбекстандык жана Армениялык мигрант-куруучулар кувалдалар менен күрөктөрдү колдонуп массалык мушташты

1-августта Москвада Өзбекстан менен Армениялык куруучу-мигранттардын ортосунда массалык уруш болду. Бул туурасында россиялык ММКлар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, уруш Өзбекстан менен Армениянын куруучуларынан турган эки бригаданын ортосунда чыккан. Урушка 40ка жакын адам катышкан. Алар бири-бирин күрөк, балка, кувалдалар менен койгулашкан. Жыйынтыгында конфликттин алты катышуучусун ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткиришкен.

РЕН ТВнын маалыматына таянсак, конфликт, бир бригада имараттын чатырынан таштандыларды жерге ыргытышкан, ал эми бул нерсе экинчилердин жинине тийген. Башында куруучулар бири-бирин сөгүп башташкан, андан кийин оор инструменттерди колдоруна көтөрүшүп мушташып киришкен.

Учурда бул мушташ боюнча кылмыш иши козголуп, иш тыкыр изилденүүдө.

“Каралар” шайлоого карата активдешүүдөбү?

Баякы эле эски салт кайра өз нугунда. Дегеним, Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кыргыз жараны Мурсалим Өмүрзаковду Россия ИИМи тарабынан депортациялоо боюнча чечим кабыл алган видео интернетке тарады.

Анда Орусиянын Ички иштер министрлиги 17-июлда кабыл алган чечим боюнча жазасын жаңы өтөп бүткөн Өмүрзаков ал өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсү керектиги, эгер ал аткарылбаса, анда ал Россияга өмүр бою кирүү укугунан ажырай тургандыгы эскертилет. 2013-жылы Өмүрзаков Москвада кылмыштуу топтордун бирин жетектейт деген айып менен кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Эки жылдан кийин бошонгон. «Мыйзамдагы ууру» деген статусун 2013-жылы август айында Россияда алган. Эскерте кетсек, мындан бир нече күн мурун Ош шаарында да абакта олтурган “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов сот тарабынан акталса, ал эми кечээ, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген ат менен кеңири белгилүү Алтынбек Ибраимов деген жарандын кылмыш ишин карап, аны актаган өкүм чыгарган. Көпчүлүк «каралардын» эркиндикке активдешип жатканын шайлоо менен байланыштырып, саясатчылар «каралардын» күчүнө таянат дешүүдө.

Булак: “Майдан.kg”

Меню