Menu

КРИМИНАЛДЫК ХРОНИКА ЖАНА ОКУЯЛАР

Сот "Алтуха" деген каймана аты бар криминал авторитетти актап, эркиндикке коё берди

Кечээ, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген ат менен кеңири белгилүү Алтынбек Ибраимов деген жарандын кылмыш ишин карап өкүм чыгарды.

2013-жылдын жайында жогоруда аталган кылмышка шектүү башка УКТнын мүчөлөрү менен борбордун бир тургунун “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаага  салып, Аламедин районундагы тоолордун арасына алып барышып, физикалык күч колдонушуп, 80 000 АКШ долларын талап кылышкан. Андан кийин кылышкерлер жабырланган адамдын кыймылсыз мүлкүн – үйүн ээлеп алышкан.

2015-жылдын 16-апрелинде укук коргоо органдары тарабынан кылмышкер Алтынбек Ибраимов кармалып, чөнтөгүнөн 7 гр. гашиш алынган.

Судья айыпталуучуга карата сот чечимин окуп, ал айыпталып жаткан опузалап акча талап кылуу эпизоду далилденген жок жана уруп-сабоо фактысы такталган жок деп айыптардын бул бөлүгү боюнча аны актады.

Ал эми аны кармаган учурда жанында 7 гр. гашиш болгондугу үчүн 4 жылга эркинен ажыратылсын деп чечим чыгарып, бирок иликтөө убагындагы анын түрмөдө өткөргөн күндөрүн эсептеп сот залынан бошотуп жиберди.

Милициянын маалыматына ылайык, 1979-жылы туулган, мурда жети жолу соттолгон А. Ибраимов уюшулган кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү жана криминалдык “смотрящий” деген статусу бар. Криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү.

Мындан бир нече күн мурун Ош шаарында да абакта олтурган “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов сот тарабынан акталган.

Бул фактыларды коомчулук бийликтин шайлоого карата даярдыгы катары кабылдоодо жана социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

Ашхабадда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысына кол салуу болду

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова Ашхабадда кайрадан кол салууга кабылганын билдирди. Бул 27-июлдан бери 67 жаштагы журналистке карата жасалган үчүнчү физикалык кысым көрсөтүү болду.

Ачилованын айтымында, 29-июлда эртең мененки саат 9да массалык веложүрүштү сүрөткө тартуу үчүн көчөгө чыккан. Ал Азиада-2017ге 50 күн калгандыгына байланыштуу уюштурулган расмий иш-чара болчу.

“Биз сыртка чыкканда үйдөн алысыраак жерде турган адамдарды байкадык. Аялдамага баратканда алардын бирин сүрөткө тартып алууга жетиштим. Ал биз менен бирге автобуска кирип, менин жаныма туруп алды. Мен автобустун терезесинен велосипедчилерди сүрөткө тарта баштарым менен мени колдон алды. Жанымдагы кызым мага болушуп, колумду андан тартып алды”, – деп билдирди Солтан Ачилова.

Кабарчынын айтымында, андан соң кол салган адам адепсиз сөздөрдү айтып, аны өлтүрүп кетерин, кызынын бутун сындырарын айтып коркуткан.

“Силер өлкөнү уят кылып жатасыңар, митаамдар деп автобусту жаңырта кыйкырды. Биз кийинки аялдамадан түшүп калып, үйгө жөө келдик. Ал биздин артыбыдан ээрчип алып, жол бою өлтүрө турганын айтып коркутуп келди”, – деди Солтан Ачилова.

Кабарчы бул окуядан кийин өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын билдирүүдө. Бул журналистке кол салынган алгачкы учур эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сот "Алтуха" деген каймана аты бар криминал авторитетти актап, эркиндикке коё берди

Кечээ, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген ат менен кеңири белгилүү Алтынбек Ибраимов деген жарандын кылмыш ишин карап өкүм чыгарды.

2013-жылдын жайында жогоруда аталган кылмышка шектүү башка УКТнын мүчөлөрү менен борбордун бир тургунун “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаага  салып, Аламедин районундагы тоолордун арасына алып барышып, физикалык күч колдонушуп, 80 000 АКШ долларын талап кылышкан. Андан кийин кылышкерлер жабырланган адамдын кыймылсыз мүлкүн – үйүн ээлеп алышкан.

2015-жылдын 16-апрелинде укук коргоо органдары тарабынан кылмышкер Алтынбек Ибраимов кармалып, чөнтөгүнөн 7 гр. гашиш алынган.

Судья айыпталуучуга карата сот чечимин окуп, ал айыпталып жаткан опузалап акча талап кылуу эпизоду далилденген жок жана уруп-сабоо фактысы такталган жок деп айыптардын бул бөлүгү боюнча аны актады.

Ал эми аны кармаган учурда жанында 7 гр. гашиш болгондугу үчүн 4 жылга эркинен ажыратылсын деп чечим чыгарып, бирок иликтөө убагындагы анын түрмөдө өткөргөн күндөрүн эсептеп сот залынан бошотуп жиберди.

Милициянын маалыматына ылайык, 1979-жылы туулган, мурда жети жолу соттолгон А. Ибраимов уюшулган кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү жана криминалдык “смотрящий” деген статусу бар. Криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү.

Мындан бир нече күн мурун Ош шаарында да абакта олтурган “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов сот тарабынан акталган.

Бул фактыларды коомчулук бийликтин шайлоого карата даярдыгы катары кабылдоодо жана социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

Сот "Алтуха" деген каймана аты бар криминал авторитетти актап, эркиндикке коё берди

Кечээ, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген ат менен кеңири белгилүү Алтынбек Ибраимов деген жарандын кылмыш ишин карап өкүм чыгарды.

2013-жылдын жайында жогоруда аталган кылмышка шектүү башка УКТнын мүчөлөрү менен борбордун бир тургунун “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаага  салып, Аламедин районундагы тоолордун арасына алып барышып, физикалык күч колдонушуп, 80 000 АКШ долларын талап кылышкан. Андан кийин кылышкерлер жабырланган адамдын кыймылсыз мүлкүн – үйүн ээлеп алышкан.

2015-жылдын 16-апрелинде укук коргоо органдары тарабынан кылмышкер Алтынбек Ибраимов кармалып, чөнтөгүнөн 7 гр. гашиш алынган.

Судья айыпталуучуга карата сот чечимин окуп, ал айыпталып жаткан опузалап акча талап кылуу эпизоду далилденген жок жана уруп-сабоо фактысы такталган жок деп айыптардын бул бөлүгү боюнча аны актады.

Ал эми аны кармаган учурда жанында 7 гр. гашиш болгондугу үчүн 4 жылга эркинен ажыратылсын деп чечим чыгарып, бирок иликтөө убагындагы анын түрмөдө өткөргөн күндөрүн эсептеп сот залынан бошотуп жиберди.

Милициянын маалыматына ылайык, 1979-жылы туулган, мурда жети жолу соттолгон А. Ибраимов уюшулган кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү жана криминалдык “смотрящий” деген статусу бар. Криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү.

Мындан бир нече күн мурун Ош шаарында да абакта олтурган “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов сот тарабынан акталган.

Бул фактыларды коомчулук бийликтин шайлоого карата даярдыгы катары кабылдоодо жана социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

Жайыл районунда өз атасын өлтүрдү деп шектелген 28 жаштагы уулу кармалды

2017-жылдын 28-июль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Жайыл районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке келишип, 50-55 жаштар чамасындагы европа улутундагы жарандын жансыз денесин табышкан. Бул туурасында Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Тергөө учурунда анын өздүгү такталып, ал 53 жаштагы К.М. аттуу жаран экендиги такталган. 28-июль күнү саат болжол менен 07:00 чамасында 53 жаштагы К.М. жана анын 28 жаштагы уулу К.А. экөө мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, баласы атасын башка темир нерсе менен чаап жиберген. Атасы К.М. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Жайыл районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектүү делип, 28 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалган. Жайыл РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Жайыл райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Белгилүү өзбек журналистине жаңы кылмыш иши козголду

Ташкент шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы 42 жаштагы белгилүү журналист жана футбол баяндамачысы Хайрулло Хамидовго каршы жаңы кылмыш ишин козгоду.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын шаардык ИИБдеги өз булактары кабарлашкандай, кылмыш иши мыйзамсыз коомдук бирикмелерди же диний уюмдарды түзүү беренеси боюнча козголду.

– Бул жолкусунда Хайруллонун иши анча катаал эмес. Анткени анын учурда мүчөлөрүнө карата тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыштуу топтор менен байланышы жок. Журналист болгону аталган топтун балдары эс алып жаткан саунага бир нече жолу барган. Анда ал ашыкча эч нерсе айткан эмес, – деп билдирди булак.

Маалыматка караганда, журналист Ташкент ИИБсине суракка июлдун ортосунда чакырылган. Мекеменин кызматкерлеринин бири Хайрулло Хамидов эркинен ажыратылбай турганын, болгону ал айып пул төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүндүгүн айтты. Ал учурда диний топтун камакка алынган мүчөлөрүнүн иши боюнча тергөө аяктап, иши сотко өткөнүн кошумчалады.

Хайрулла Хамидов – Өзбекстанда белгилүү журналист, спорттук баяндамачы, акын жана диний насааттары менен атагы чыккан радио алып баруучу. 2010-жылы 27-майда Ташкент облустук соту аны «Жихадчылар» тобуна тиешеси бар деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Хайрулло Хамидовго мунапыс берилип, 2015-жылы 11-февралда эркиндикке чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Бишкекте эки жигит бир жигитти сабаган видео пайда болду

Соцтармакта 3 жигиттин араздашкан тасмасы тарады. Аны соцтүйүндүн колдонуучулары интернетке жарыялашкан. Тасмада көрүнүп тургандай, эки жаш жигит көптөп бир жигитти сабап салышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=hqkcsym5GIA&feature=youtu.be

Булак: 5news.kg

 

Чүй облусунда экстремисттик иш-аракеттерге шектелген жаран кармалды

Ушул жылдын июль айында Чүй облустук ИИББнин 10-Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ок-дары жана экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды жайылтуу фактысы аныкталган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-аракеттердин негизинде Ирак-Сирия аймагында куралдуу конфликтке катышуу үчүн чыгууга даярданып жаткан 36 жаштагы Ф.Р. аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда эл аралык-террористтик уюмдарга таандык материалдар, ок-дарылар жана 9 мм калибрлүү ок табылган.

Аталган факт боюнча Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

ИИМ: Сирияга жөнөгөн жаран колго түштү

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Чүй облусунан экстремисттик аракеттерге шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалды. Маалыматка караганда, ал куралдуу жаңжалдарга катышуу максатында Сирия-Ирак аймагына барууга аракет кылып жүргөнү аныкталган.

Ошондой эле курал-жаракты мыйзамсыз сактаганы, экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга аракет жасаганы ыкчам-иликтөө иштеринде белгилүү болгон.

Жашаган жерин тинтүү учурунда эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын камтыган материалдар, ок-дары, курал табылган. Факт боюнча Чүй облусунун Аламүдүн милициясы кылмыш ишин козгоду. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

УКМКнын расмий маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 600дүн тегерегинде, алардын айрымдары мерт болгон.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Филиппинде антинаркотикалык рейд учурунда шаардын мэрин жана анын аялын өлтүрүштү

30-июль күнү эртең менен Филиппин полициясынын куралдуу операциясы наркотиктерди сатууда тиешеси бар делген 12 адамды өлтүргөн. Алардын ичинде Озамис шаарынын мэри Рейнальдо Пароджидонг жана анын аялы дагы бар. Бул туурасында Associated Press  полицияга шилтеме жасап билдирет.

Андан сырткары аталган шаардын вице-мэри, өлгөн мэрдин кызы Нова Пароджидонг жана анын үй бүлөсүнүн 3 мүчөсү дагы кармалышты.Өлгөндөрдүн арасында дагы бир жергиликтүү башкармалыктын өкүлү жана бир нече кароолчулар да бар. Азырынча алардын аты-жөнү тактала элек.

“Полицияны кароолчулар ок атуулар менен тосуп алышты, алар бизди киргизгилери келишкен жок”, – деп айтып берди полиция өкүлү Тимотео Плацеб ММКларга.

Полициянын маалыматына ылайык, Пароджидонгго тиешелүү 4 үйдөн ок атуучу куралдар жана  белгисиз өлчөмдөгү, арзан метамфетамин алынды.

Бир жыл ичинде Филиппинде “наркотиктерге каршы согушта” атышуулардын жана соттон тышкаркы өлтүрүүлөрдүн натыйжасында 9000ден ашык адам өлгөн. Ал эми түрмөлөр менен реабилитациялык борборлор наркомандар менен аны сатуучуларга толгон.

 

 

Меню