Menu

ЭКОНОМИКА

Айыл чарбасындагы алгылыктуу иштер

2017-жылдын 15-сентябрында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги «Корея-Кыргыз Агро өнөр жай борбору» менен биргеликте күнөсканаларды, теориялык, практикалык түрдө окутуу жана тажрыйба алмашуу максатта семинар өткөрдү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин орун басары Ж. Керималиев, Кыргызстандагы Түштүк Корея Республикасынын элчиси Джонг Бёнг-Ху,
жана Чүй облусунун райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары,
ошондой эле дыйкан-фермерлер катышты. Ушундай иш-чаралардын натыйжасында республика боюнча 2017-жылдын 1-сентябрына карата 1541 даана ар түрдүү типтеги күнөсканалар курулуп ишке киргизилген жана алардын ээлеген аянты 145,0 гектарга жетти, же 2016-жылдагы көрсөткүчкө (1448 даана) салыштырмалуу 93 даанага көбөйгөн жана ээлеген аянты 2016-жылдагы көрсөткүчкө (137,1 га) салыштырмалуу 8,3 гектар жерге кеңейген.

Булак: “Фабула”

Сапар Исаков: «Биз бизнес менен иштөөнүн жаңы форматын түзөбүз»

«Биз бизнес менен иштөөнүн жаңы форматын түзөбүз, биз мындан да жакын болушубуз керек. Мен бизнестеги эң орчундуу көйгөйлөр бул жерде ачык айтылышын каалайт элем, ошондо бул маселелерди чечүүгө Өкмөт реалдуу чараларды кабыл алмак», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынында. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы бизнести жүргүзүү үчүн жакшы шарттарды түзүү аркылуу  кыйла динамикалуу экономикалык өсүшкө мүмкүнчүлүктөр пайда боло турганын баса белгиледи.

«Орто жана чакан бизнес өлкөнүн экономикасындагы негизги локомотив болуп эсептелет. Алардын ийгиликтүү иштеп жатканынан улам өлкөдө  жумушчу орундары түзүлүп, мамлекеттик казынага салыктар төлөнүп, ал каражаттардын эсебинен өлкөдө жарандарга пенсия, жөлөк пул төлөнүүдө», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Евразия интеграциясынын артыкчылыктарын  бизнесте колдонуу жагымдуу фактор болуп эсептелет. Буга  далил катары ата мекендик азыктарды ЕАЭБдин рыногуна экспорттоонун көрсөткүчүн айтууга болот. Жети айдын жыйынтыгы боюнча экспорттун өсүшү 27,1 %, ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорт 32,7 %түздү.

Сапар Исаков аймактарга болгон  иш сапарында, жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн, казып алуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн кошумча технологияларды иштетүү жолго коюлуп, бизнес өнүгүп жатканын көргөнүн билдирди. Ал мамлекеттик бийлик органдары бул көрүнүштү сактоо үчүн бардык күч аракетин колдонот,-деп ишендирди.

Мындан сырткары Өкмөт башчы бизнес-структуралардын өкүлдөрүнө «Жаңы доорго – кырк кадам» Өкмөттүн жаңы программасындагы артыкчылыктар тууралуу айтып, аны ишке ашырууда биргеликте иш алып барууга чакырды.

Тактап айтканда Сапар Исаков аталган программанын компоненттеринин бири катары жогорку технологиядагы «Таза Коом» программасын атады.

«Жогорку технологиядагы «Таза Коом» программасын ишке ашыруу менен биз мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөй алабыз. Бул абдан маанилүү тармак, анткени үнөмдөлгөн каражаттарды экономиканын башка тармагына сарптап, сарамжалдуу пайдалансак болот. Ошондой эле коррупциялык көрунүштөрдү жоюу максатында биз документтерди кабыл алууда адамдык факторлорду азайтып жатабыз. Бул сыяктуу тейлөөлөрдүн бардыгы электрондоштурулат», – деп баса белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр аймактарды интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында Өкмөт Дүйнөлүк Банк менен «Digital Casa» долбоорунун алкагында 50 млн. АКШ долларын бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынында ошондой эле салык органдарында коомдук фонд камсыздандыруу төлөмдөрүнүн башкаруу, зергер өнөр жай жана таш иштетүү секторун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыгы талкууланды.

Соңунда  бир катар өлкөнүн мамлекеттик органдарына Кеңештин жыйынтыгындагы кабыл алынган  чечимдерди жана сунуштарды ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

Толкунбек Абдыгулов: Өкмөт бизнеске жана ишкерликке болгон мамилени түп тамыры менен өзгөртөт

Өкмөт бизнеске жана ишкерликке болгон мамилени түп тамыры менен өзгөртөт. Бул тууралуу бүгүн 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнүнө карата болуп өткөн иш чарада, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Ал өз сөзүндө ишкерлердин талыкпас эмгеги жана күч-кубатынын артынан өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошулуп келет, – деп белгиледи.

“2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн  ИДПнын (ички-дүң продуктыларынын) 40%  кичи жана орто бизнестер тарабынан иштелип чыккан.

Муну эске алуу менен, биз  бизнеске жана ишкерликке болгон мамилени түп тамыры менен өзгөртүүнү туура көрдүк.

Биз бизнес менен түздөн-түз иш алып баргыбыз келет.  Бул үчүн, биз бизнес менен эриш-аркак байланыш түзүүдө, мамлекеттик органдардын таасири менен чечилүүчү маселелерди, ошондой эле инвестиция тартууга  байланышкан негизги көйгөйлөрдү чечүүдө бардык мүмүнчүлүктөр колдонулат –деп белгиледи ал.

Толкунбек Абдыгулов  ишкерлерге кайрылып жатып, «Жаңы доорго кырк кадам» программасында бизнести өнүктүрүүгө багытталган эки негизги приоритеттүү долбоор бар экенин айтты.

“Биринчи –бул “Таза Коом” улуттук программасы. Ал мамлекеттик кызматтарды жүзөгө ашырууда, мамлекеттик кызматкер түрүндөгү ашыкча шилтемелерди алып салып, цифровизация жолу менен мамлекет жана ишкерликтин ортосундагы мамилелердин  бюрократиялык жана паракорчулук элементтерин чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бизнес менен бирге» – долбоору –  жаңыдан башталып келе жаткан бизнестерге, ошондой эле инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган. Мындан тышкары биз бизнестерди каражат жактан дагы колдоо ниеттинде турабыз. Азыркы учурда аталган долбоорго катарлаш,  экспорт-багыттындагы ишканаларды колдоо иштери жүрүп жатат. Бул өлкөбүздөгү экспорттун өнүгүүсү үчүн бизнесте гана эмес, мамлекете дагы потенциалды толук кандуу колдонууга мумкүндүк берет-деди Толкунбек Абдыгулов.

Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, премьер-министр Сапар Исаковдун атынан республиканын өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу жана кызматы үчүн бир катар ишкерлерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жана сааты менен сыйлады.

 

Сапар Исаков Нарындын борбордук базарына барды

Сапар Исаков кечээ, 19-сентябрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Нарындын борбордук базарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов Премьер-министрге шаардагы инфраструктуралык өзгөрүүлөр, базардагы сатуучулар үчүн коопсуздук чаралары тууралуу түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берди.

Өкмөт башчы сатуучулар менен сүйлөшүп, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле Нарын шаарындагы аз камсыз болгон Эркингүл Казиеванын үй-бүлөсү үчүн азык-түлүк сатып алды.

Андан ары Сапар Исаков  Эркингүл Казиеванын үйүнө барып, анын жашоо шарты менен таанышты.

Эркингүл Казиева жети баланы жалгыз тарбиялаган баатыр эне, учурда эч жерде иштебейт. Казиевдердин үй-бүлөсү 2000-жылдан бери Нарын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын көзөмөлүндө турат, Нарын райондук социалдык фонду башкармалыгы  кожолуктун  төрт баласын пенсия менен камсыздайт.

Өкмөт башчы Эркингүл Казиеванын үй-бүлөсүнө бекем ден-соолук каалап, мамлекет дайыма турмуштун оор шартына туш болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Эки эмес, үч түрлүү сүйлөгөн “LiglassTradingCZ, SRO”

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын “Русгидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Быйыл июлда “LiglassTradingCZ, SRO” Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Шартка ылайык Орусия тарапка төлөнө турган 37 млн. долларды чехиялык компания төлөп бермек эле. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты: “Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага  ГЭС курат” деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу  жараткан. Айрым кыргызстандык саясатчылар жана коомдук активисттер да чехиялык  компаниясынын каражаты жок экенин айтып, кооптонуусун билдиришкен.

Премьер-министр Сапар Исаков болсо 25-августта парламентте сүйлөп жатып “эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат”- деп айткан.

Кечээ, Чехиялык “LiglassTradingCZ, SRO” компаниясы Кыргызстанга убада кылган 37 млн. доллар акчаны тиешелүү мөөнөттө төгө турганын так айта албады. Аталган компаниянын ээси Михаэл Смелик Бишкекте маалымат жыйын куруп, анда аларга карата каралоо жүргөнүн, ошол себептен акча боюнча маселе жаралып жатканын айтып, “Мындай маалыматтардан улам Лондондогу банк бизди каржылоодон баш тартты. Алар тобокелдикке барбай турган болушту. Европадагы Unicredit  банкындагы 40тай эсебибиз текшерилип, эч кандай операция кыла албай жатабыз”,- деп алакан жайды.

Эми бул маселе жаатында эмне кеп болуп, бийликтегилер эл алдына кантип актанышаар экен? Мезгил баарына дары, мезгил баарына тараза эмеспи. Эл ичинде айтылып жаткан айрым кептер  минтип чындыкка айлана баштаганы эмнеден кабар берет?

Булак: “Майдан. kg”

Liglass: Кыргызстан 1 млн 147 миң долларды кайтарып бериши керек

Аталган компания Кыргызстандагы 10 чакан жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу келишими тууралуу түшүндүрмө берди. “Азаттык” радиосуна жөнөткөн маалыматта кыргыз тарап аталган компаниянын кепилдик үчүн төлөгөн 1 млн 147 миң долларын мыйзамсыз кармап отурганы, ал сумма 11-августка чейин эле кайтарылып берилиши керектиги айтылат.

Долбоорду ишке ашырууда кыргыз тарап принципиалдуу тоскоолдуктар тууралуу маалыматты жашырганы, “РусГидронун” сотко бере турганы эскертилбегени белгиленген. Кыргыз бийлигин “келишимде көрсөтүлгөн негизде иш алып барбай, тышкы таасирлердин зыянын чектөөгө эч кандай аракет көргөн жок, абалдан чыгуу үчүн сүйлөшүүлөргө катышкан жок” деп күнөөлөгөн. Мына ушул себептерден улам Liglass 37 млн долларды төлөбөгөнү айтылат. Маалыматка караганда, Liglass күрөө үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып берүү боюнча кыргыз бийлигине алгач 11-августта, андан кийин 17-августта жана 14-сентябрда кат аркылуу кайрылган. “17-сентябрда жеке жолугушуу зарылдыгын белгилегенине карабай вице-премьер-министр ага келген жок”, – деп жазылган.

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Traiding компаниясы келишимди аткарбаганын белгилеп, аны бир тараптуу жокко чыгарарын жарыялаган. Ал эми юстиция министри Уран Ахмедов аталган компания күрөө катары төлөгөн 1 млн 147 миң доллар Кыргызстанда каларын айткан.

Мунун алдында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Кыргызстандагы 10 чакан ГЭСти куруу үчүн келишим түзгөн чехиялык Liglass Trading компаниясы каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин 18-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйынында ачык жарыялашкан.

Liglass Trading компаниясынын өкүлдөрү мындай кырдаалга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Компания жетекчиси Михаэл Смелик кол койгон билдирүүдө кыргыз өкмөтүнө кайра сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунуш берилгени айтылат.

Кыргыз өкмөтү аталган компания менен быйыл июлда келишимге кол койгон. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышкан болчу.

2015-жылы Кыргызстан “ишти үзгүлтүккө учуратты” деген негизде Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгаргандан кийин кыргыз тарап “РусГидрого” 37 млн доллар бересе болуп калганын орус тарап айтып келет. Кыргыз өкмөтүнүн айтымында, чехиялык компания менен түзүлгөн келишим боюнча бул акчаны Liglass 19-сентябрга чейин төлөп бериши керек эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эл аралык донорлор Кыргызстандын бир катар кичи шаарларын таза суу менен камсыз кылуу багытында каражат бөлөт

Жогорку Кеӊеште Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарларынын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумун реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарлары суу түтүктөрдүн жана саркынды суу түтүктөрүнүн эскирүүсүнө байланыштуу реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж. Ошондон улам, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аталган долбоорду колдоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Майлуу-Суу шаарынын долбоорунун жалпы суммасы 6,65 млн еврону жана 1,6 млн долларды, Токтогул шаарынын долбоору 5,3 млн еврону жана 1,21 млн долларды, Балыкчы шаарынын долбоору 5,3 млн еврону жана 1,21 млн долларды, Өзгөн шаарынын долбоору 8,5 млн еврону жана 2,75 млн долларды, түзөт. Бөлүнө турган каражаттын бир бөлүгө жеӊилдетилген насыя, калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналат.

Бир катар эл өкүлдөрү насыя каражаттары ким тарабынан кантип төлөнө турганына кызыгышты. Өкмөт өкүлү насыя каражатын эл аралык каржы донорлоруна Каржы министрлиги тарабынан төлөнөрүн, Каржы министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төлөнө турганын билдирди. Депутаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каражат тартыш болгондуктан, мындай төлөм механизми кыйла ийкемдүү экенин белгилешти.

Эске салсак, бул келишимдер тармактык комитетте каралып жатканда, депутат Акылбек Жапаров Каржы министрлигин кыска мөөнөттүү карыз алып жатканы үчүн сынга алган. “Акыркы мезгилде насыялар 10-15 жылга чейинки мөөнөт менен алына баштады. Аны төлөй турган убак тез эле келип калат. Абайлаш керек, аны өз маалында төлөй албай каласыӊар. Насыяны 20-25 жылдан аз мөөнөткө албаш керек”, – деп, ал насыянын пайыздык үстөгүнө да көӊүл буруу зарылдыгын белгилеген.

Өкмөт Liglass менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарат

Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Ал чехиялык Liglass Traiding компаниясы келишимди аткарбаганын белгилеп, тиешелүү министрликтерге аны бир тараптуу жокко чыгаруу тапшырмасын берди. Исаков Кыргызстан убакыттан уттурганын кошумчалап, кайрадан тендер жарыялана турганын айтты.

Ал эми юстиция министри Уран Ахмедовдун айтымында, аталган компания күрөө катары төлөгөн 1 млн 147 миң доллар Кыргызстанда калат.

Өнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет быйыл 28-июлда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана дагы он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде жеңип алган Liglass компаниясы 1 миллион 147 миң доллар ɵлчɵмүндɵгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн талап кылынган 2 миллион сомду (10 кичи ГЭСтин ар бири үчүн 200 миң сомдон) тɵлɵгɵнүн жарыялаган.

Зилалиев келишим ишке ашпай калса, чехиялык компаниянын 1 миллион доллар күрөөсү Кыргызстанда кала турганын билдирген.

Бүгүн чехиялык “Liglass” компаниясынын ээси Михаэл Смелик жана ишкана өкүлү Йиржи Войтеховски Бишкекте маалымат жыйынын куруп, алардын ишине Кыргызстандагы саясий күчтөр тоскоол болуп жатканын, медиа аркылуу чабуул жана каралоо жүрүп, натыйжада каржылык оор абалга кабылганын жарыялашкан.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев учурда чакан ГЭСтерди курууга дагы бир чехиялык “Энерго-про” аттуу компания жана Индия, Түштүк Кореядан ишканалар кызыгып жатканын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан Орусия менен Казакстандан 1 млн тонна мунай импорттоону пландоодо

«Өзбекнефтегаз» ишканасы мунайды кайра иштетүү заводдору үчүн 2018-жылдан тарта Орусия менен Казакстандан миллион тоннага жакын мунай импорттоп турууну пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине компания башкармалыгынын төрагасы Алишер Султанов билдирген.

«Тесттик режимде сентябрда 30 миң тонна, жылдын аягына чейин 200 миң тоннага чейин мунай алууну пландап жатабыз. Кийинки жылы бул көрсөткүчтү бир миллион тоннага чейин жеткиребиз. Учурда орусиялык өнөктөштөр менен өкмөттөр аралык макулдашуу даярдалууда. Казакстан менен келишим түзгөнбүз», – деди Султанов.

«Өзбекнефтегаздын» башчысы мунай тесттик режимде Омск — Павлодар — Шымкент мунай кууру аркылуу алынып, андан ары темир жол эстакадасы менен Өзбекстандын аймагына жеткирилерин айтты.

Султановдун билдиришинче, «Өзбекнефтегаз» ишканасы 2018-2020-жылдар аралыгында бир миллион тоннага жакын чийки мунай импорттоп, 2021-жылы Жизак облусунда мунайды кайра иштетүү комплекси ишке берилгенден кийин импорттун көлөмүн беш миллион тоннага чейин жеткирет.

Мурдараак Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө Өзбекстанга миллион тоннага жакын даяр мунайзатын жеткире аларын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сапар Исаков: Ишкерлер өлкөнүн ЕАЭБ мүчөлүгүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышы керек

Ишкерлер Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн  активдүү пайдаланышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында билдирди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Премьер-министр эт азыктарын иштетүүгө багытталган «Адал-Азык» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

100 киши иштеген ишкананын өндүрүш кубаттуулугу суткасына 20 тонна этти  иштетүүгө жетет. Чыгарылган азыктар ички рынокко сатылат. Жаңы имаратты курууга Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунан 1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө насыя тартылган.

Сапар Исаков экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүдө, өндүрүш тармагын модернизациялап кеңейтүүдө Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунун ишмердүүлүгүн оң баалады.

Андан соң Өкмөт башчы сүт азыктарын кайра иштеткен «Кант-Сүт» ЖЧИ барды. Ишкана күнүнө 100 тонна сүттү иштетип түрдүү сүт азыктарын даярдайт.

Жумуш сапарынын аягында Сапар Исаков «Интергласс» ЖЧИ барып, айнек курулуш триплекс терезелерин көрдү. Товарлар ички рынокко, жакынкы чет мамлекеттерге, тактап айтканда Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясына экпорттолот.

«Экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн алкагында олуттуу чыгымдарды азайтуу жана атаандаштыкка туруштук берүүдө азыктарды өндүрүүдө акыркы санариптик технологияларды өндүрүү, киргизүү жана аны колдонуу абдан маанилүү», – деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Меню