Menu

ЭКОНОМИКА

Зилалиев: Liglass боюнча чекит коюлат

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Trading ишканасы менен түзүлгөн келишимди үзүп, толугу менен чекит коёт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Ал 5-октябрда аталган компания өкүлдөрү менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилиги жолукканын ырастады.

– Өкмөт келишимди жокко чыгара турганын жарыялаган. Бирок келишимде үч ай сүйлөшүү процесси деген бар. Ошондуктан 5-октябрда жолукканы чын. Чех тарап өздөрүнүн сунуштарын бериптир, бирок кыргыз тарап аларды карап бизге туура келбей турганын айтып жатышат. Ушуну менен чекит коюлат. Эгер бул сүйлөшүү болбосо арбитраждык сотко барганда кыргыз тарап бир да жолу жолугушуу жүргүзгөн жок деген сөз болбошу үчүн сүйлөштү.

Зилалиевдин белгилешинче, Liglass мөөнөттү узартып, башка жактан эсеп ачып берүү сыяктуу сунуштарды айткан.

Кыргызстан “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон. Сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары компания 1 миллион 147 миң доллар которгону айтылган.

Макулдашууга ылайык, чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык “РусГидро” компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганын өкмөт жарыялаган. Бирок келишимге кол коюлган алгачкы күндөн тарта эле Liglass’тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жоктугу тууралуу адегенде чех басма сөзүндө, андан соң Кыргызстанда байма-бай айтыла баштаган. Бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, компанияга ишенерин билдирип келген.

18-сентябрда, “РусГидрого” карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип маалымат жыйын өткөрүп, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришкен. Буга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сапар Исаков: «Келечек бүгүндөн башталат»

«Келечек бүгүндөн башталат. Биз Кыргызстандын өнүгүшү үчүн баарын жасайбыз. Үч жыл аралыгында биз «Таза Коом» долбоорун ишке ашырабыз. Бул аралыкта  «Акылдуу шаар» долбоору да толук ишке кирет. Санариптештирүү өлкөдө коррупцияны азайтып, мамлекеттин чыгымдарын оптимизациялап, жарандардын жашоосун жакшырта турганын элдер түшүнө баштады. Бир нече жылдан кийин биз коррупциясыз жашашыбыз керек», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынын ачылышында. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Иш чара жол кырсыгынан каза болгон КР вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду эскерген бир мүнөттүк тыныгуудан башталды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бир жыл мурда КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен «Таза Коом» улуттук программасын ишке ашыруу боюнча сөз болгон.

«Бүгүн биз ишибиздин алгачкы жыйынтыктарын көрсөтүүнү чечтик. Дүйнөдө төртүнчү индустриялык революция болуп жатат. Убакыт алмашкан сайын, жаңы технологиясыз мамлекетте өнүгүү болбойт», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы “Таза Коом” долбоору белгилүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жарандардын жана бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты жок кылуу менен, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана пара алуусун жоюуга багытталганын билдирди.

Сапар Исаков мамлекеттик электрондук тейлөө порталын көрсөтүп ошол жерде электрондук арызды каттады. Бүгүнкү күндө аталган порталда 14 мамлекеттик тейлөө кызматы киргизилген:

– паспорттун статусун текшеүү;

– паспорттун даярдыгын текшерүү;

– жалпы жарандык биринчи паспортту алуу;

– жалпы жарандык экинчи паспортту алуу;

– виза баракчалары бүткөндүгүнө байланыштуу жалпы жарандык паспортту алуу;

– мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жалпы жарандык паспортту алуу;

– үй-бүлөлүк абалды текшерүү;

-никеге катталуу боюнча арыз берүү;

– даректик-маалымдама бюросунан справка алуу;

– жоголгон жана табылган документтер боюнча бюро кызматтары;

– жашаган жери боюнча каттоо;

– айдоочулук күбөлүк аркылуу мүмкүн болгон документтерди алуу;

– траснпорт каражаттарына документтерди алуу;

– мамлекеттик реестрден кыймылсыз мүлккө документтерди алуу.

Порталдын ичинде  маалыматтык жана интерактивдик бөлүк камтылган.

Маалыматтык бөлүктө тейлөөлөр, алардын баасы, аткаруу мөөнөтү, маанилүүлүгү, документтердин түп нускасын (паспорт, аттестат, диплом) текшерүү, үй-бүлөлүк абалын жана биометрикалык маалыматтын текшерүү жүргүзүлөт.

Порталдын персоналдык кабинетине атайын ридер жана электрондук айдикарттын жардамы аркылуу кирүүгө болот. Порталдын интерактивдик бөлүгүндө  («жеке кабинетте») электрондук тейлөөлөрдү алууга болот.

Порталга мамлекеттик тейлөөлөрдү ишке ашырууда онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү төлөм системасы киргизилген.  Эгерде кайсы бир көрсөтүлгөн кызмат үчүн каражат төлөө керек болсо накталай каражатсыз эле VISA  жана MasterCard электрондуккартасы, ЭлКарт төлөм картасы жана Элсом электрондук капчык же терминал аркылуу төлөөгө болот.

Ошондой эле иш чара учурунда жарандар Чынгыз Султанов  менен  Гүлзат Авазова никеге туруу боюнча онлайн режиминде арыз беришти.

Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев «Бирдиктүү терезе»  принцибинин негизинде иштей турган почта бөлүмүнүн базасында калкты тейлөө борборунун моделинин негизинде маалыматтык күркөлөрдү сунуштады.

Дастан Догоев белгилегендей, калктуу конуштардын деңгээлинде ыңгайлуу жана жеткиликтүү тейлөө – бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана жарандардын жашоосун жеңилдетүү максатында бирден бир реалдуу кадамдарды жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

Ал маалыматтык жана байланыш технологияларын пайдалануу менен бардык маалымат күркөлөрүндө тейлөөлөр электрондук системада берилерин кошумчалады.

Азыркы учурда өлкөдө 363 “Маалымат күркөлөр” байланыш провайдерлеринин каналына туташкан. Маалымат күркөлөрдө ЖААК багыты боюнча, паспорттук кызмат, каттоо жана жашаган жери боюнча каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын чыгаруу жана каттоо жазууларды жана жолу линиясынын күбөлүктөрү алуу боюнча тейлөөлөр көрсөтүлөт.

Өкмөт Башчысы Сапар Исаков мамлекеттик кызматтардын электрондук түрдө иштеши чет элде жашап жаткан мекендештер үчүн ыңгайлуу болуп,  алардын документтерди  алышына көмөк берерин өзгөчө белгилеп кетти.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт «Таза Коом» улуттук программасынын алкагында долбоорду ишке ашырууга болгон аракетин жумшайт.

«Өзбекгидроэнерго» Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна катышат

«Өзбекгидроэнерго» ишканасы Кыргызстандагы Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушуна катышууну пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдин коңшу өлкөгө болгон сапары маалында Өзбекгидроэнерго ишканасы менен Кыргызстандын Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Буга чейин Атамбаев тараптар Камбар-Ата ГЭСин чогу куруу боюнча макулдашканын билдирген.

Ошондой эле Атамбаевдин сапары маалында тараптар биргелешкен дагы беш документке кол коюшту. Алардын арасында Кыргызстандан Өзбекстанга электр энергиясын жеткирүү келишими, Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычын чогу пайдалануу, аба транспорту жана эл аралык автомобиль байланышы тууралуу макулдашуулар бар.

Андан тышкары мамлекет башчылар 1-декабрга карата чек ара маселесин толугу менен чечүү боюнча макулдашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев "Байконур" комплексин өнүктүрүү иши менен таанышты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кызылордо облусундагы жумушчу сапары учурунда казак-орус “Байтерек” долбоору жана “Байконур” комплексин өнүктүрүү иши менен таанышты.

“Орусия менен макулдашуулардын алкагында комплексти өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары аныкталган. Бул иш атайын түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссия тарабынан координацияланууда. Конкреттүү чаралар көрүлүп жатат”, – деген Назарбаев.

Байконур космодромунда “Байтерек” ракеталык комплексин түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге 2004-жылы кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда көмүрдүн кымбатташына ортомчулар себеп болууда

Казакстандын Энергетика министрлиги көмүрдүн баасынын кымбатташына темир жол тарифтери менен ортомчу компаниялардын аракеттери таасир этип жатканын билдирди. Министрлик таркаткан билдирүүдө көмүрдүн шахталардагы баасы анча жогорку эмес экени белгиленген.

Мекеме керектөөчүлөр үчүн көмүр баасынын үч эсеге жогорулашын ортомчу түзүмдөрдүн аракеттери менен түшүндүрдү. Билдирүүдө ири компаниялар, анын ичинде материалдык-техникалык базага ээ эмес жеткирүүчүлөр көмүрдү аймактардагы башка сатуучуларга дүңүнөн соодалап жаткандыктары айтылат.

Министрлик көмүрдүн баасын бекитүү, сатылышын көзөмөлдөө жана ортомчу түзүмдөрдү жоюу иштери мекеменин ыйгарым укуктарына кирбестигин билдирди. «Көмүрдү сатып алуу жана аймактардагы калкка жеткирип берүү жергиликтүү аткаруу органдарынын милдетине кирет», — деп билдиришти министрликтен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйнөлүк банк Өзбекстандагы долбоорлорду каржылоону тездетет

Дүйнөлүк банк Өзбекстандагы экономикалык жана социалдык реформаларды колдоо боюнча алдыңкы өнөктөш болууга даяр.

Дүйнөлүк банктын башчысы Жим Ёнг Кимдин айтымында, өткөн жумада 450 миллион долларлык үч инвестициялык долбоорго кол коюлуп, ал Өзбекстандын энергетика, ирригация жана мал чарба тармактарына инвестицияларды тартуусуна мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тобунун президенти Жим Ёнг Кимдин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катында жазылган.

«Мен техникалык жана каржы жагынан көмөктөшүү боюнча сиздин билдирмеңизди кабыл алып, кесиптештериме аны даярдоону тездетүүнү тапшырдым. Сиздин реформалар боюнча программаңызга негизделген өлкөнүн керектөөлөрүн эске алып, каржылоону тездетүүгө жана түзүмдүк реформаларды иштеп чыгууга, социалдык жана базалык инфраструктурага жана айыл чарба тармагын реформалоого техникалык жактан көмөк көрсөтүүгө даярбыз», – деп айтылат Дүйнөлүк банктын катында.

Жакынкы убакта Өзбекстанга Дүйнөлүк банктын башкы аткаруучу директору Кристалина Георгиева менен аймактык вице-президенти Сирил Мюллер барат. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, алар Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, өз ара кызматташуунун перспективаларын талкуулашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

MegaComду орусиялык чай саткан аялга карматканы жаткан бийликтин аракети туурабы?

“Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” дегендей, Кыргызстандагы бир нече саясый ызы-чуулардын негизги себепкери болгон жана аттуу-баштуу саясатчылардын “башын жуткан” (“Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖК депутаты Ө. Текебаев жана анын шакирти, мурдагы ӨКМ министри жана элчи Д. Чотонов) “Альфа Телеком” компаниясы (MegaCom соода маркасы) акыры сатыла турган болуп калды окшойт. Ал тургай мурдагы, Бакиев заманында анын баласы Максим да ушул уюлдук компанияны менчиктештирип алышы элдин нааразычылыгын жаратып, апрель революциясынын чыгышына себеп болгон.

Бийлик “Кумтөрдөн” кийинки эле кирешелүү болуп саналган бул ишкананы 2010-жылдан бери эле сатыкка коюп келет. Бирок ошол аукциондор ачык жүргүзүлбөгөндүктөн жана айланып келип эле бийликтегилердин жеке кызыкчылыгынын кесепетинен сатылбай келген. Ошондуктан жогор жактагылардын көңүлүнө жакпаган аукциондор үзгүлтүккө учурап жатты.

100 пайыз акциясы мамлекетке караган ири уюлдук оператор февраль айында 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. “Альфа Телеком” боюнча аукцион былтыр май айында эле өтмөк. Бирок табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган. Жыйынтыгында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов отставкага кеткен. Кийинки аукцион 16-декабрга 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом менен белгиленип, бирок ал да ишке ашпай калган. 2017-жылдын 5-июнунда дагы бир аукцион өтмөкчү болуп, наркы 13,5 миллиард сомго бааланып, тилекке каршы, бир да арыз түшкөн эмес.

Андан соң аукцион, сынак жана соода-сатыктын башка түрү үч ирет катары менен ишке ашпай калган учурда мамлекеттик объектилерди түз сатыкка коюу боюнча токтомдун долбоору иштелип чыккан.

Экономикалык көз караштан, мамлекеттик кызыкчылыктан алып караганда, эч кандай чыгымды жана каражатты талап кылбаган бул уюлдук компанияны сатуунун зарылчылыгы жок болчу. Анткени бир да завод, фабрика, өндүрүшү жок мамлекетке бюджетке ай сайын жүз миллиондогон киреше түшүрүп турган, миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болгон бул ишкана аба менен суудай эле керек эмеспи. Бирок бийликтегилер компанияны сатуу зарылчылыгын жаңылануу, заманбап технологиялар менен менен камсыз кылуунун болбой жатышы менен түшүндүрүшүүдө. Эмне үчүн ушундай технологияларды мамлекеттин менчигинде турган ишканаларга жасаса болбосун. Бул бизде мамлекеттин шал болуп, эч кандай иш жасабай, жалаң гана даяр оокатка көнгөн жалкоолугу менен кашаңдыгы болуп саналат.

Ошентип ушул жумада Россиянын Елена Нагорная деген айымы “Альфа Телеком” ЖЧКны аукциондо белгиленген 13,5 млрд. сомду төлөп, толугу менен сатып алууну ниеттенип жатканын билдирип, баарыбыздын оозубузду ачырды. Өз өлкөсүндө мурда, кийин ишкерлик чөйрөсүндө аты чыкпаган бул бай айым ким?

Елена Нагорная 1976-жылы 3-мартта Ставрополь аймагынын Невинномысск шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Москва институтунун Чет тилдер жана эл аралык байланыш факультетин бүтүргөн. 2013-жылы Орусиянын элдик чарбачылык академиясында “Парламенттик ишмердүүлүктү уюштуруу” программасынын алкагында кесиптик кайра даярдоо курсунан өткөн. Иш тажрыйбасы тамак-аш коопсуздугун сактоо, ата мекендик ишкерлерди колдоо тармагына байланыштуу. Нагорная 1997-2006-жылдары жүк ташуу ишмердүүлүгү менен алектенген. 2006-жылдан ушул учурга чейин Африкадан чай жана кофе импорттоо менен алектенет. Елена Нагорнаянын жетекчилиги астында Тамак-аш сапаты жана коопсуздугу ассоциациясы тарабынан “Ар кандай жаштагы адамдар үчүн туура тамактануу системи” аттуу программа иштелип чыккан. Ошондой эле ата мекендик продукцияларды колдоого багытталган иш-чараларды уюштуруп келет.

2014-жылы 16-июлда “Африка өлкөлөрүндөгү соода альянсы” деген уюмду негиздеген. Ал эми 2014-жылы 6-июндан баштап азыркы күнгө чейин “Африка ТК” ЖЧКсында башкы директор болуп иштейт. 2014-жылы 9-январда Нагорная Кенияда “Дом Кении” уюмун негиздеген. Бул уюмдун максаты Кениядагы товарларды Орусиянын базарына жайылтуу. Нагорная ошондой эле “Тамак-аштын сапаттуулугу жана коопсуздугу” журналынын ээси. Мамлекеттик Думанын өнөр жай боюнча комитетинин эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Демек, өз өлкөсүндө чай сатуу менен алектенген, журналдын ээси болуп саналган катардагы эле “челнокчу” айым Кыргызстандын мамлекеттик маанилүү, стратегиялык ишканасын сатып алуу алдында турат.

Елена айым кыргызстандык журналисттерге берген алгачкы маегинде иштин чоо-жайын айтуудан баш тартып, болгону ал “чех компаниясы эмес” экенин белгилеп, кененирээк маалымат алуу үчүн  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна кайрылуу керектигин айткан.

Ал эми аталган фонддун төрагасы Болсунбек Казаков россиялык жарандын “Альфа Телеком” компаниясын сатып алуу ниети боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди: “Мен аны менен жолукканда, ЖМКлар негативдүү маалыматтарды жазып жатканына таң калганын билдирди. Ал каражаттар легалдуу экенин көрсөтүп, далилдеп берерин айтты. Биз дагы өз учурунда каражат оффшордук эмес “таза” болушун талап кылуудабыз. Келишимге ЖМКлардын көзүнчө кол коюлат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бизге бир аз убакыт бергиле”.

Ошол эле учурда россиялык айымдын ишмердүүлүгүндөгү туура эмес жагдайлар байкалса, кол коюлбай тургандыгын кошумчалап, ызы-чуу салып, инвесторду качырбоону суранган.  “Мен дагы бардыгы мыйзамдуу негизде болушун каалайм. Эртең жооп берип калгыдай акылсыз эмесмин да. Компанияны ийгиликтүү сатып, теманы жабууга кызыкдармын. Буга чейин канчалаган кылмыш иши козголуп, камалгандар болду. Буга чекит коюлуп, компания мамлекеттин кийлигишүүсүз иштеши керек”,- деп Казаков агынан жарылыптыр.

Тынчтык Болсун аттуу ФБ колдонуучу да өз оюн мындайча билдирди: “Мегакомду сатыш керек! Сатпаса болбойт. Себеби, үн аркылуу тапкан киреше дүйнө жүзү боюнча 47%га түшүп кетти. Бара бара дагы азайат. Анын үстүнө мамлекеттик система компаниянын эркин өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат. Маселен, бир кружка сатып ала турган болсок, алты айга чейин убакыт талап кылынат. Бул башка ишканалар менен атаандашууга жолтоолук кылууда. Мындан сырткары операциондук чыгымдар бар. Ар күнү антеннналарды, базалык станцияларды жаңыртып турушбуз керек. Баткенде же алыскы айылдарга коюлган жабдуулар кымбат болгондуктан 20 жылда араң өзүн-өзү актайт. Ошондуктан жеке компанияларга сатуу керек. “Мамлекет “Мегакомду” башкарууга чамасы чак”- дешти бүгүн “Марал” радиосунда мүлк фондунун өкүлдөрү. Бул жерде туура жүйөөлөрдү коюшкан. Чай саткан аял алабы, май сатканы алабы, ал анын маселеси. Эң негизгиси компания андан ары иштеп кетиши керек. Менин сунушум “Мегакомду” ачык акционердик компания болгондуктан биржа аркылуу акцияларын КРнын ар бир жаранына сатууга чечим чыгарыш керек. Бул ишканын ээси акционерлер болсун! Мамлекет 10 пайызын алып калсын да калганын элге сатсын. Бул ыкма менен кызыктар болгон мага окшогон жарандар бир күндө акция сатып алмак. Аны менен катар толтура ээлик кылган “чөөлөр” шилекейин жутуп үмүтүн үзмөк. Себеби, 100 миңдеген акционердин ар бири менен соттошуп көр. Чачы агарып, өмүрү түгөнбөйбү. Стратегиялык жактан мамлекетке пайда алып келип жаткан ишканалардын баарын алдыга ушул ыкма менен сүрөшсө эл биржада ойногонду үйрөнмөк. Пайдалуу болмок. “КыргызТелекомдун” акцияларын неге реклама кылып сатышпайт. Эч түшүнбөйм. “Мегаком” элдин компаниясы болсун!!! КТРКны да куду ушул системага өткөрүш керек. Ошондо даана коомдук болот”.

Булак: “Майдан.kg”

Казакстан бааларды турукташтыруу үчүн бензин импортун азайтат

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев өлкөдө күйүүчү майдын баасын турукташтыруу үчүн алдыңкы эки айда бензинди импорттоо көлөмүн азайтууну пландап жатканын билдирди.

Анын айтымында, баалардын турукташы импорттолуп жаткан бензиндин дүң баасына жараша болот. Ушул жылдын май айында Орусиядан алынып келинген бензиндин баасы тоннасына 517 долларды түзсө, сентябрда 560 долларга чейин көтөрүлүп, 8 пайызга өскөн.

Министр май куюу жайларындагы баалардын жогорулашын ички базарда казакстандык мунай продуктусунун чектелген сунушу жана кымбат баадагы импорттолгон бензиндин көбөйгөндүгү менен түшүндүрдү. Расмий маалыматтарга ылайык, январда өлкө боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин орточо баасы 135 тенгени (январдын аягындагы курс боюнча 0,41 доллар) түзсө, сентябрда ал 150 тенгеге чейин (сентябрдагы курс боюнча 0,44 доллар) жетип, 11 пайызга кымбаттаган.

Бийлик импорт көлөмүнүн көбөйүшүн өлкөдөгү мунай иштетүү заводдорунун пландык негизде оңдолуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Министр Бозумбаев АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин импортун ноябрда 30 пайызга, декабрда 20 пайызга төмөндөтүү пландары бар экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ипотекалык насыянын пайыздык коюму 8% төмөндөтүлдү

1-октябрдан тартып мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык коюму 8% чейин төмөндөйт. Бул боюнча 28-сентябрда ипотекалык насыялардын пайыздык коюмун төмөндөтүү боюнча жумушчу жыйында кол койду. Премьер-министрдин «Жаңы доорго-кырк кадам» долбоорунун иштери ушундай алгылыктуу кадамдар менен башталганы турат. Бул багытта өкмөт башчысы тарабынан «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» өкмөттүк программасы боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүүнү карап чыгуу тапшырылган. Анын жыйынтыгында, учурдагы 10% коюмду 8% түшүрүүгө мүмкүн болгон. Эми 1-октябрдан тартып жарандар мамлекеттик ипотекалык насыяны 8% менен алууга мүмкүнчүлүк берилерин премьер-министр Сапар Исаков белгиледи.

Булак: “Де-Факто”

Исаков Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин өкүлү Петер Буриан менен «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруу тууралуу талкуулады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, экспортерлорду колдоого, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашырууда бизнес тутумунун активдүү  катышуусуна  кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан менен болгон жолугушууда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Европалык бирикме өлкөлөрүнө жергиликтүү шайлоо тартиптерин жакшыртууга көмөктөшүүдө биринчи кезекте калыс жана ачык-айкын шайлоолорду камсыз кылууга багытталган жардамдары үчүн ыраазычылык билдирем. Ошону менен бирге  Кыргыз Республикасы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Жаңы доорго – кырк кадам” программасын ишке ашырууда Европалык бирикме менен кызматташууга кызыкдар. Аталган программаны ишке ашырууда “Таза Коом” санариптик алмашуу программасына, калкты ичүүчү таза суу жана сугат тармактарынын өнүгүүсүн камсыз кылуу, жумуш орундарынын санын көбөйтүү жана калктын жыргалчылыгына багытталган компоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. Иш ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө да жүргүзүлөт. Европалык бирикме аталган программаны ишке ашырууда активдүү катышарына ишенем” – деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Европалык бирикменин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриана бириккен өлкөлөр Кыргыз Республикасындагы реформаларга кылдаттык менен байкоо жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Тараптар  маалымат борборун жана  Google, Amazon сыяктуу компаниялардын аймактык өкүлдөрүнүн катышуусу менен тажрыйба алмашууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

«Октябрь айында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого өзгөчө көңүл бурулган. Ошону менен бирге   «Жаңы доорго – кырк кадам» Өкмөттүн программасы боюнча кайсы жерде биздин тажрыйбабыз же билимибиз талап кылынса жигердүү катышууга жана компоненттерин ишке ашырууга даярбыз»,- деп Европа биримдигинин өкүлү Петер Буриан сөзүн жыйынтыктады.

Меню