Menu

ЭКОНОМИКА

ЕАЭБ алкагында өнөр жай тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн ачык-айкындыгы камсыздалат

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата  өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан өзгөчө субсидияларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун концепциясын жактырды. БУл туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кубан Мырзакановдун айтымында, бул макулдашуу экономиканын өнөр жай тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн ачык-айкындыгы менен алдын ала белгилүүлүктү жогорулатууну камсыздоо максатында иштелип чыккан. Анда төмөнкүлөр камтылды:

– Евразиялык экономикалык комиссия менен (мындан ары – Комиссия) өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу тартиби жана Комиссия тарабынан тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;

– Комиссия тарабынан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби (анын ичинде өзгөчө субсидияларды берүү, пайдалануу шарттарынын, тартибинин бузулушу боюнча да);

– Комиссия тарабынан өзгөчө субсидиялардын мүмкүн же мүмкүн эместиги боюнча чечим чыгарууга негиз боло турган критерийлер (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин).

Белгилей кетчү нерсе, өзгөчө субсидияларды макулдашуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Мүчө мамлекеттер мөөнөтү, көлөмү, берилүү шарты Комиссия тарабынан макулдашылган субсидияларга компенсациялык чараларды колдонушпайт. Эгер өзгөчө субсидиянын берилиши менен, башка мүчө мамлекеттин улуттук экономикасына материалдык зыян келтирилсе, анда Комиссия мындай субсидияларга макулдук бербейт.

Экономика министрлиги: Казакстан ЕАЭБ укуктарынын нормаларын сактабай жатат

Кыргызстандын Экономика министрлиги казак тарап Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) укуктарынын нормаларын сактабай жатканын билдирди.

«Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл чараларын киргизиши ЕАЭБ тууралуу келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келет, ошондой эле Евразиялык экономикалык интеграция жетишкен максаттарга коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузууда», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын атына тиешелүү мазмундагы кат жөнөттү. Анда Казакстанга 2014-жылы 29-майда кол коюлган ЕАЭС тууралуу келишимдин жоболорун сактоо зарылдыгы эскертилиши керектиги жана бул маселенин Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт экендиги жазылган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, казак тарап кошумча текшерүү чараларын киргизгенге чейин «Акжол-Автодорожный» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан орто эсеп менен күнүнө 8 176 жөө адам жана 662 транспорт каражаты өтүп келген. 10-октябрдан тарта аталган өткөрмө бекеттер аркылуу өткөн жөө адамдардын саны болгону 3 446ны, транспорт каражаттарыныкы 357ни түзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан Өзбекстанга 550 млн кВт саат электр энергиясын экспорттойт

Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин 550 кВт саат электр энергиясы кошуна өлкөгө сатылат.

Маалыматка караганда, электр кубатынын 1кВт сааты 2,4 центтен сатылып, жалпысынан экспорт 13 млн. 200 миң долларга бааланды.

Жайкы сезондо Кыргызстан Өзбекстанга 1,25 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Анын 1 кВт саат электр энергиясын 2 центтен бааланган. Бул келишим октябрь айында бүттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эмомали Рахмон ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик түзүмдөрдөн ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүүнү токтотууну талап кылды. Мамлекет башчы мындай аракеттер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатканын билдирди.

14-октябрда Эмомали Рахмон Душанбеде ондогон ишкерлер менен жолугуп, өлкөдө дале бизнес ишмердүүлүгүн текшерген көптөгөн учурлар бар экенин жана бул тынчсызданууну жаратарын айтты. «Негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу максатында Юстиция министрлигине, Инвестициялар жана Салык комитеттерине учурдагы мыйзамга өзгөрүүлөрдү киргизүүнү тапшырдым», – деди мамлекет башчы.

Ошол эле маалда Рахмон ишкерлер дагы ак ниеттүүлүк менен иштеши керектигин белгиледи. «Салыктардын азайтылганына карабастан, айрым ишкерлер дале салык төлөөдөн качып, чыныгы кирешелерин жашырып келишет. Ушул жылдын сегиз айында эле ишкерлер тараптан жашырылган салык төлөмдөрүнүн суммасы 1,5 миллиард сомонини (170 миллион доллар) түзгөн», — өлкө башчы.

Мурдараак айрым бизнес өкүлдөрү Тажикстан жеке ишкерлерге карата мамилени өзгөртпөсө, өлкөдө бизнес начарлап, инвестициялар кете турганын билдирип чыгышкан. Мекенин таштап, Орусияда, Казакстанда жана Кыргызстанда ишкерлик менен алектенип жүргөн тажик бизнес өкүлдөрүнүн айтымдарында, өлкөдө мамлекеттик органдардын текшерүүсүнүн көптүгүнөн, каржы талаштарын адилеттүү карап берчү көз карандысыз сот системасынын жоктугунан жана бизнесин тарттырып жиберүү коркунучунан улам алар капиталдарын чет өлкөлөргө чыгарып кетүүгө аргасыз болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана Кыргызстандын сүт азыктарын өндүрүүчү беш ишканасына чектөө киргизди

Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш ишканасынын продукцияларын Казакстанга киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирүүдө.

Бул чектөө – кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл күчөгөн маалда кабыл алынды. Маалыматка караганда, чек арадан өткөн продукцияларды текшерүү учурунда айрым мыйзам бузуулар табылган.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги мындан тышкары эки кыргыз ишканасынын айрым продукцияларына карата лабораториялык көзөмөл күчөтүлгөнүн да маалымдады.

Фитосанитардык көзөмөл күчөгөндөн бери чек арадан 821,4 тонна продукциясы менен 117 жүк ташуучу унаа текшерүүдөн өттү. 105 тонна салмактагы продукция кайра артка кайтарылды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындап чыккандан кийин чек арада түзүлгөн кырдаал өзгөрө элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Зилалиев: Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы – айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураларды түптөөдөгү маанилүү кадам

Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы – айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураларды түптөөдөгү маанилүү кадам. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев «Кыргызцентрпродукт»  ЖЧИ тарабынан курулган логистикалык борбордун ачылышында билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Биздин өлкөнүн экономикасында айыл чарба маанилүү ролду ойнойт. Калктын 65% ашыгы айыл жеринде жашап, айыл чарба тармагында эмгектенет. Муну эске алуу менен Өкмөт айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл буруп, экспортко багытталган азыктарды колдоп, импортту алмаштыруучу ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө», – деди ал.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев заманбап айыл-чарбасы- азыктарды өндүрүү, өстүрүү, кайра иштетүү жана маркетинг боюнча салымдардан турган уюшулган система экендигин белгиледи.

«Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы аймактагы дыйкандарга айыл-чарба азыктарын өстүрүп  сорттоого, топтоп сатууга даярдоого,  аларды сактоого жана аны ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Бул борбор Чүй облусунун дыйкандарына өсүмдүктөрүн өндүрүүнү жогорулатуу үчүн стимул болот жана айыл-чарба секторун өнүктүрүүгө салым кошуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы экспорту көбөйтүү жана сатууга жакшы жардам берерине ишенем», – деди вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.

Маалымдама: Логистикалык борбор бир эле убакытта 4 200 тонна айыл-чарба азыктарын (картошка, сабиз, капуста, пияз) жууп, сорттоп сактай алат.

Ишкана заманбап үлгүдө курулуп, жергиликтүү азыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгуусуна шарт түзөт.

«Кыргызцентрпродукт» ЖЧИ Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунун дыйкан-фермерлеринен айыл-чарба азыктарынын 6 түрүн сатып алууну пландаштыруда.

Тажикстан Өзбекстанга бирдиктүү бренд менен базарларды өздөштүрүүнү сунуштады

Тажикстан Өзбекстанга биргелешкен бирдиктүү бренд менен жаңы базарларды өздөштүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары билдирүүдө.

Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шариф Саид бул эки өлкөнүн соода-экономикалык кыматташтык жаатында ийгиликтерге жетишине мүмкүндүк түзөрүн билдирди. Анын айтымында, Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмүнүн акыркы жылдары өсүп жатканына карабастан, бүгүнкү күндө ал канааттандыраарлык эмес.

«Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн биз электрондук соода, лизинг, биргелешкен инновациялык өндүрүштөрдү түзүү өңдүү заманбап ыкмаларды пайдалансак болот. Аны менен катар учурдагы эркин экономикалык аймактардын жеңилдиктерин пайдалануу менен «Тажикстан-Өзбекстан» деген биргелешкен бренддин алдында башка өлкөлөрдүн базарларына чыга алат элек», – деп билдирди Саид Ташкенттеги бизнес-форумда.

Ал өзбек ишкерлери бул потенциалды пайдалануу менен Тажикстандагы инвестициялык активдүүлүгүн жогорулата аларын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда тажик капиталы катышкан 24 ишкана бар болсо, алардын бирөөсү 100 пайыз чет өлкөлүк инвесторлорго таандык. Ошол эле маалда Тажикстандын аймагында Өзбекстан ишкерлеринин катышуусунда 9 ишкана ачылган. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өзбек-тажик товар алмашуусу 178,2 миллион долларга жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өкмөт буга чейин ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу жазылган маалыматтарга карата Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  буга чейин ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.»  компаниясы менен түзүлгөн келишимин  бир тараптуу жокко чыгаргандыгы тууралу токтомго кол койду.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен мындан аркы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок.

Буга чейин, 2017-жылдын 5-октябрында, «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын жетекчилигинин көп жолку өтүнүчүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде  «Liglass Trading CZ s.r.o.» чех компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын өкүлдөрүнө ортодо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттерди убагында аткарбаган учурда кыргыз тарап чечимди бир тараптуу жокко чыгарары тууралуу айтылган.

Белгилейт кете турган болсок, бул жолку сүйлөшүүлөр Жогорку-Нарын каскадына ГЭСтерди куруу боюнча үч айдын ичинде талаш-тартышты чечүү үчүн түзүлгөн келишимдин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.

Айта кетсе турган болсок, жолугушуу маалыманда «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын өкүлдөрү талаш-тартыштарды чечүү боюнча өздөрүнүн сунушун берген. Бул сунуш кыргыз тарап үчүн канаттандырарлык эмес болгон. Анткени ал сунуш келип чыккан маселени чечпей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча чараларды көрүүсүн талап кылган сунуш эле. Бул өзүнчө дагы кошумча убакытта талап кылгандыктан ортодогу сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыкпай, тараптар консенсуска келген эмес.

 

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автобус чыгарууга макулдашты

Ташкентте өткөн “Өзбекстан-Кыргызстан” бизнес-форумунун жыйынтыгы менен биргеликте автобус чогултуу жана айыл чарба техникаларын чыгаруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирүүдө.

Тараптар кир жуугуч машиналарды чогултуу, кабелдик продукцияларды жеткирүүнү колго алуу, Ошто соода-көңүл ачуу борборун жана Кыргызстан аймагында “Артель” техникалык мектебин куруу боюнча дагы макулдашышты.

Мындан тышкары 200 миллион АКШ долларына тете продукцияларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Экономика министрлиги билдиргендей, бизнес-форумда автомобиль куроо фирмалары жана эки өлкөнүн зергерлер бирикмелери ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Дөңгөлөк алкактарын, суу, бал, өсүмдүк майын, табигый таш жана травертин жеткирүүгө макулдашышты.

Өзбек-кыргыз бизнес-форуму 6-октябрда Ташкентте өттү. Ага эки өлкөнүн 500дөн ашуун бизнесмендери катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бердымухамедов мунайгаз тармагына миллиарддаган каражат бөлүүнү убадалады

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн мунайгаз тармагын колдоого ондогон миллиард доллар бөлүүнү убадалады. Дүйнөлүк баалардын төмөндөшү жана Орусиянын суроо-талабынын азайгандыгынан улам бул тармак акыркы жылдары кыйынчылыктарга дуушар болуп келет.

«Кийинки жети жыл ичинде 240 миллиард манат инвестиция салабыз. Анын ичинен мунайгаз комплексине 159 миллиард манат инвестицияланат», — деди Бердымухамедов.

Түркмөнстан жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2016-жылы Орусия түркмөн газын сатып алуудан баш тарткандан кийин өлкө Кытайга энергоресурстарды жеткирүүдөн көз каранды болуп калган.

Бердымухамедов көмүрсуутекке көз каранды болгон өлкө экономикасын диверсификациялоо үчүн жакынкы убакта электр менен жүргөн унааларды чыгара баштай турганын убадалады. Андан тышкары Сапармурат Ниязовдун тушунда киргизилген мамлекеттик субсидияларды жоюу менен өлкө кирешесин көбөйтүүгө ниеттенип жатканын айтты.

Ошондой эле Бердымухамедов мамлекеттик каражатты сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга мезгил жеткенин белгиледи. 1990-жылдары киргизилген субсидиялар өлкө калкына газды, сууну жана электр энергиясын бекер пайдалануу мүмкүндүгүн берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню