1-октябрдан тартып мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык коюму 8% чейин төмөндөйт. Бул боюнча 28-сентябрда ипотекалык насыялардын пайыздык коюмун төмөндөтүү боюнча жумушчу жыйында кол койду. Премьер-министрдин «Жаңы доорго-кырк кадам» долбоорунун иштери ушундай алгылыктуу кадамдар менен башталганы турат. Бул багытта өкмөт башчысы тарабынан «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» өкмөттүк программасы боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүүнү карап чыгуу тапшырылган. Анын жыйынтыгында, учурдагы 10% коюмду 8% түшүрүүгө мүмкүн болгон. Эми 1-октябрдан тартып жарандар мамлекеттик ипотекалык насыяны 8% менен алууга мүмкүнчүлүк берилерин премьер-министр Сапар Исаков белгиледи.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ