Бүгүн, 22-декабрда БШКнын жумушчу тобунун жыйынында жашы жете электерди үгүт иш-чараларына катышууга тартуу маселеси каралды.
Анда, Президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун өкүлдөрү балдарды чагылдырган видеотасмалар алардын штабында тартылганын четке кагууда.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жогорку кызмат ордуна талапкерлердин өкүлдөрү: шайлоо штабынын кызматкерлери жана талапкерлердин өздөрү видеотасмаларга эч кандай тиешеси жок деп айтышкан. Видеотасманын булагын аныкташ үчүн БШКнын жумушчу тобу Ички иштер министрлигине кайрылышты.
Үгүт иштери 15-декабрда башталган.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ