Menu

ЭКОНОМИКА

Сапар Исаков Токмок шаарынын борбордук базарына барды

Сапар Исаков 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарынын борбордук базарына барды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы борбордук базарындагы соодагерлер, шаар тургундары менен да баарлашты. Жергиликтүү калк инфраструктуралык жана социалдык маселелерди көтөрүшүп, суроолоруна жеринде жооп ала алышты жана Токмок шаарынын мэрине козголгон маселелелер боюнча тактап, чечүүнү тапшырды.

Премьер-министр бул багытта Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү программасы кабыл алынып, баардык облустарды өнүктүрүү пландары ишке ашарын билдирди.

Сапар Исаков ошондой эле Ысык-Ата районун Буденный айылынын тургуну, экинчи топтогу майып Кылычбек Мундузбаевдин үйүнө барып анын ден-соолугунан, үй-бүлөсүнөн кабар алып, материалдык жардам көрсөттү.

Тажикстан Рогун ГЭСин баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражатка курат

Тажикстандын Улуттук банкы дүйнөлүк базарда мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу ийгиликтүү башталганын билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнүн жумушчу тобу АКШ, Улуу Британия жана Швейцариянын ири инвесторлору менен жолугушуп, Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн 500 миллион долларлык облигация сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Улуттук банктан билдиришкендей, баалуу кагаздардын 38% АКШлык, 24% улуу британиялык, 35% Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жана 3% Азия мамлекеттеринин инвесторлору сатып алышты. «Ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстандын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча инвесторлордун сунуштары 4,5 миллиард АКШ долларына чейин көбөйдү», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, сапардын алкагында Тажикстандын жумушчу тобу ири инвестициялык компаниялардын 300дөн ашык өкүлдөрү менен жолугушту.

Тажикстан бийлиги Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн 1 миллиард долларлык баалуу кагаздарды чыгарууну чечкен. Алгачкы этабында дүйнөлүк базарга сатыкка 500 миллион долларга бааланган облигациялар чыгарылды. 21-июлда тажик парламенти өлкөнүн энергетика тармагын каржылоо үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун жактырган.

Тажикстандын башкы энергетикалык долбоору эсептелген Рогун ГЭСин куруп бүткөрүүгө 4 миллиард долларга жакын каражат керектелет. Өлкөнүн Каржы министрлигинин маалыматына караганда, «Рогун ГЭСи» ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу менен калктан 80 миллион доллардан ашык акча чогултууга мүмкүн болду. Быйыл ГЭСтин курулушуна деп мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сомони бөлүнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чет элдик бизнесмендин укугу  корголобу?

Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөнүнө көп убакыт болду жана ал бүгүн да актуалдуу маселе бойдон турат. Башкача айтканда, чет элдик бай ишкерлерди Кыргызстанга алып келүү мамлекеттик саясий-экономикалык программа катары иштеп жатат.

Бирок, Кыргызстандын экономикасына салым кошуу үчүн келген ошол чет элдик жарандардын укугу кандай деңгээлде корголуп жатат? Эл аралык укук нормалары сакталып жатабы? Кеп мына ушунда турат!..

Бишкек шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөн Корей Республикасынын жараны Ким Сангву Свердлов райондук прокуратурасына арыз менен кайрылып, Жекшебай уулу Кубанычбек жана Джон Гон Хён аттуу адамдарга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган. Анын мындай арыз менен кайрылуусуна төмөндөгү жагдайлар себеп болгон: 2017-жылдын 1-февралында Ким Сангву менен бирге эмгектенген анын бир тууган иниси Ким Гансу паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматкерлери тарабынан кармалып камакка алынат.

Ким Сангвунун инисинин камалып жаткандыгы тууралуу маалыматты уккандан кийин тааныштары К.Жекшебай уулу менен Джон Гон Хён жардам берүүнү сунуштап, 20 000 АКШ долларын күрөөгө коюу менен бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, камактан чыгарып  берээрин айтышат. Джон Гон Хён да Корея Республикасынын жараны болгондуктан К.Жекшебай уулуна ишенсе боло тургандыгын айтып, аталган сумманы берүүгө Ким Сангвуну көндүрөт. Экинчиден, Кореяда күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чаралары кеңири колдонулгандыктан ал макул болот. Ошол эле учурда К.Жекшебай уулу камакта жаткан Ким Гансунун өкүлү катары ишке киришип, күрөөнүн бардык документтерин даярдоону өз мойнуна алууга милдеттенет.

22.02.2017-жылы С.Ким Бишкектеги кафелердин биринен жолугуп, 20 000 АКШ долларын толугу менен санап берет. Ал эми акчаны алган К.Жекшебай уулу жакынкы күндөрдө анын инисин камактан бошотуп чыгарууну убадалайт.

Акчаны алгандан кийин экинчи тарап документтер даярдалып бүтпөй жаткандыгын шылтоолоп убакытты создуктура берет. Бирок, биринчи тараптын ишенимине кирүү үчүн андан бир нече жолу УКМКнын имаратына жеткирип барууну суранып, тергөөчү менен жолугушаарын, ал Г.Кимди бошотуу чечимин даярдап жаткандыгын, тиешелүү документтер даярдалып бүткөнү калгандыгын маалымдап турат. Көрсө, мунун баары калп эле көзбоёмочулук болуп келгендиги кийин билинет…

Арадан 2 ай убакыт өткөндөн кийин К.Жекшебай уулу убадасын аткара албай Ким Гансунун иши сотко өтүп, жыйынтыгында 10.04.2017-жылы сот тарабынан ага карата акчалай айып салуу өкүмү чыгарылып, камактан бошотулат. Убадасын аткара албай калган К.Жекшебай уулу сот өкүмүнөн кийин С.Ким менен жолугуудан качып, телефон чалууларга жооп бербей баштайт. К.Жекшебай уулу менен Джон Гон Хён алдын ала макулдашып, ишенимге кирүү жолу менен алдап кетишкендигине, акчаны кайтарып бербестигине көзү жеткен С.Ким укук коргоо органдарына кайрылат.

Свердлов райондук прокуратурасы арызды милицияга жөнөтүп, анын негизинде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 21.07.2017-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-б., 1-п. жана 3-б. менен 3-17-1149 сандуу кылмыш иши козголот.

С.Ким тарабынан жетиштүү далилдер берилгенине карабастан тергөөчү тарабынан тергөө иштери тиешелүү деңгээлде жүрбөй, кылмышка шектүүлөргө карата айыбы угузулбай жана бөгөт коюу чарасы катары камакка алынбай келгендиктен тергөөчүнүн аракеттерине карата кайрадан прокуратурага кайрылууга аргасыз болот.

Ошентип, Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү ниети менен жүргөн Корея жараны алдамчылыкка дуушар болуп, анын натыйжасында 1 338 000 сом (тергөөчүнүн токтомунда 20 000 АКШ доллары ушул суммага барабар деп табылган) материалдык зыян тартып олтурат. Ал эми кыргыз жараны К.Жекшебай уулу чын эле УКМК кызматкерлери менен байланышта болгонбу? УКМКнын кайсы “тергөөчүсү менен жолугушуп” жүрдү? Бул суроолорго да алдыдагы тергөө иштеринде жооп изделсе жакшы болмок!..

Албетте, тергөө учурундагы  беттештирүүдө К.Жекшебай уулу С.Кимден акча алган фактысын мойнуна алып жатыптыр. Бирок, “мен акчаны карызга алып кайтарып бергем”- деп жаткан имиш. Айткан менен далилдерди келтире албай жатыптыр. Ири суммадагы акчаны ким эле тил кат же башка тиешелүү документтерди толтурбай туруп бере салсын. Бул да болсо алдамчылыктын, жазадан кутулуунун жолу болуп жүрбөсүн? Дегеле, кылмышка шектүү Кубанычбек Жекшебай уулу менен Джон Гон Хёнду жабырлануучу айтып какшап жаткандай камакка алып тергөө жүргүзбөсө эртең из жашырып качып кете турган болсо эмне болот? Анда 1,5 айдан бери камакка албай келаткан тергөөчүнү жазага тартабызбы? Канткен күндө да чет элдик ишкерлердин укуктары менен милдеттери кыргыз Конституциясынын талаптарына, Эл аралык укуктук нормаларга ылайык корголууга жана колдонулууга тийиш эмеспи!?. Муну Свердлов райондук прокуратурасы менен милициясы жакшы түшүнөт деген ойдобуз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Бийлик ГЭСтерди куруп берет деген «Liglass traiding" компаниясынын базар баасы $130 гана доллар турат

Америкада жашап иштеген жердешибиз Айбек Хакимов бүгүн, 18-сентябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынын биринде жаңы пост жазды:

“Жакында эле массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстандагы гидроэлектростанцияларды курууга тартылган Чехиялык “Liglass traiding” компаниясы боюнча ызы-чуу салган маалыматтарды байкаган болчум. Анда бул компаниянын каржылык ресурстарынын жетиштүү экенине шектенүүлөр көп болгон.

Буга кызыгып, мен “Liglass traiding” компаниясын D&B Hoover (www.hoovers.com) компаниялардын рейтингин иликтеп турчу сервис аркылуу текшерип көрүүнү чечтим. D&B Hoovers – бул бүткүл дүйнө боюнча компаниялар тууралу кеңири маалыматтарды топтогон ири маалымат базасы бар сервис. АКШда D&B Hoover сервиси клиенттердин чама-чаркын, төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерип чечим кабыл алууда же жаңы клиенттерди издөөдө кеңири пайдаланылат.

D&B Hoover сервиси берген маалымат боюнча “Liglass traiding” компаниясы 2003-жылы уюшулуп, штатында 3 кызматкери болгон. Бир жылдык кызмат көрсөтүүсү  $15120 долларды түзсө чыгашасы $48750 долларга жеткен. Эгер бүгүн ээлери  “Liglass traiding” компаниясын сатабыз дешсе, анын базар баасы $130 гана доллар турат. Көрсөтүлгөн сандар өздөрү эле айтып турбайбы (тиркемеси бар).

“Liglass traiding” компаниясы ГЭСтерди куруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун бир гана жолу бар – бул үчүн ал чын эле ГЭСтерди курууда тажрыйбасы бар, акчалуу компанияны табышы керек. Бирок мындай учурда  “Liglass traiding” компаниясы ортомчу гана компания болуп калат. Демек ортомчу аралашса анда ГЭСтерди куруунун чыгымы гана көбөйөт.

Кыргызстандын өкмөтүнө келечекте мына ушундай ыңгайсыз абалдарга кабылбаш үчүн D&B Hoover сервисине жазылууну сунуш кылат элем. Бир жылдык баасы  $6000 турат, бирок андан алынган маалыматтар ошого тете, өлкөнүн репутациясы да маанилүү эмеспи”

Жалал-Абадда сегиз айда өнөр жай 115.4%га өстү

Жалал-Абад шаарындагы өнөр жай ишканалары быйылкы сегиз ай ичинде өнөр жай продукцияларын чыгаруунун көлөмүн өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырма бааларда 115,4 пайызга өстүрүштү. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы сегиз айда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 1 миллиард 937,4 миллион сомго жеткен. Ал эми өткөн жылы ушул мезгил ичинде өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 1 миллиард 679,4 миллион сомго барабар болгон. Ошондо бы     йылкы жылда 258 миллион сомдук продукция көп өндүрүлдү.

-Азыркы тапта өнөр жай ишканаларынын негизги иш багыты өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү рыногун кеңейтүү жана сырткы өнөктөр менен тыгыз иштешүү болуп атат, – дейт С. Умаров.

 

Liglass ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду аягына чыгарууга даяр экенин билдирди

Бул тууралуу Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясынын ээси Михаэл Смелик бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чехиялык компания долбоорду ишке ашырып, аягына чыгарууга даяр. Иш токтогон жок, инженерлер иштеп жатат. Смелик долбоордун ишке ашуусунан күмөн санаган пикирлерин жарыялаган Эдил Байсалов, Феликс Кулов, Темир Сариев айткан маалыматтарды төгүндөдү:

– Быйыл 11-июлда Кыргыз өкмөтү менен келишимге кол коюлгандан бери бизди каралоо аракеттери башталды. Байсалов чех компаниясы гарантиялык төлөмдү төлөгөн жок деп чыкты. Бирок биз аны төлөгөнбүз. Тендер ачык жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөн. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, – деген Смелик өз дарегине жана компаниясына карата айтылган маалыматтарды четке какты.

Быйыл июлда чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча сынактан утуп алган. Келишимге Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюшкан. Кийинчерээк чехиялык басылмалар ал ишкананын ишмердигинен шек санаган макалаларды жазышкан. Кыргыз өкмөтү аталган компания келишимди аткарарына ишеним арткан билдирүүлөрдү таратып келет.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып “эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат” деп айткан.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын “РусГидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Сентябрдын башында Орусиянын “РусГидро” компаниясы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды Кыргызстандан өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитражга кайрылууну көздөп жатканын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

“Лигласс Трейдинг” компаниясы 37 млн долларды төлөгөн жок, Атамбаевдин айтканы аткарылбады

Кыргызстанда 10 чакан ГЭС жана Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруп берет, алтургай Камбар-Ата-1 ГЭСин да салып жиберет деп Алмаз Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаковдор жар салып келаткан  Чехиянын ызы-чуулуу “Лигласс Трейдинг” компаниясынын Кыргызстанга 37 миллион доллар которуп бере турган акыркы мөөнөтү бүгүн, 18-сентябрь болчу. Бирок акча которулган жок.

Алмаз Атамбаев июль айында берген маалымат жыйынында “4-августта акционерлердин жыйыны болуп, Кыргызстан менен Чехиянын “Лигласс Трейдинг” компаниясынын ортосунда ГЭСтерди куруу боюнча түзүлгөн келишимди жактыргандан тартып бир айдын ичинде, башкача айтканда 4-сентябрга чейин “Лигласс Трейдинг” компаниясы бизге 37 миллион долларды которуп берет” деп журналисттерди ишендирген.

Чын эле 4-августта энергетиктердин акционерлери жыйылып келишимди бекитип беришкен, бирок бийлик “Лигласс Трейдинг” компаниясынын акча төлөө мөөнөтүн эмнегедир 4-сентябрдан 18-сентябрга жылдырып коюшту.

“Лигласс Трейдинг” компаниясы банкрот, алдамчы компания экенин Чехиялык адистер жазып жатат, кыргыз коомчулугу айтып жатат,  дүйнө сөз кылып жатат, баары ишеништи, болгону Атамбаевдин бир ууч кошоматчылары гана ишенишпей, аларды айга-күнгө теңеп мактап келишет.

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте  маалымат жыйынын өткөргөн Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясынын жетекчиси Михаэл Смелик 37 миллион доллар акча Кыргызстанга төлөнбөгөндүгүн билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл 11-июлда чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган. Келишимге Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюшкан.

2012-жылы да Кыргызстан жана Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын “РусГидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. Ал эми жакында, сентябрдын башында Орусиянын “РусГидро” компаниясы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды Кыргызстандан өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитражга кайрылууну көздөп жатканын жарыялаган.

Кыргызстан улуттук валютасын Африкада басып чыгарат

Кыргызстан улуттук валютасын Африка өлкөсүндө басып чыгарат. Бул парламенттин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтып чыкты. Анын айтымында, сомду Кыргызстанда басып чыгарууга аракет жасоо керек. Бул туурасында: «Сомду Африкада басып чыгаруу үчүн бир топ каражат жумшадык. Ошол акчага бул жерде эле бир фабрикага куруп койсок болмок», – деп билдирди. Ырасында, өз валютабызды Африка өлкөсүнөн бастырат деген эмне жакшылык? Рыскелди мырза айткандай эң кур дегенде ушул маселени өз колубузга алсак кантет? Качанкыга дейре улуттун кызыкчылыгына байланышкан баалуулуктарды өз колубузга алалбай, бирөөнүн көзүн карай беребиз? Арыбызга келели…

Булак: “Ачык саясат”

Карызың канча, бурадар?..

«Тышкы карызы үчүн Тажикстандын территориялык бүтүндүгүнө доо кетиши мүмкүн»

Жакында эле дал ушундай аталыштагы макала Россиянын “Независимая газета” басылмасында жарык көрдү. Окурмандарыбызга анын кыргызча котормосун сунуш кылар алдында, ушул макалага байланыштуу жаралган жеке өзүбүздүн айрым бир ой-толгоолорубузду бөлүшө кетмекчибиз.

Демейде тышкы карыз жөнүндө кооптуу жоромолдор жаралып, коомчулукта ар кандай пикирлер айтыла баштаганда эле, президент баш болуп, бардык тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер беттен алмайлары бар: анын эмнеси бар экен? Азыр бүткүл дүйнө карыз менен жашап жатат. Ал тургай АКШнын деле тышкы карыздары аябай көп деген сыяктанган мааниде…

А чынында, бул алардын тек гана карыз маселесинин чыныгы көйгөйлөрүн жашырып, талкууну башка өңүткө бурууга болгон далбасалары экендиги маалым. Туура, АКШнын да абдан көп карыдары бар. А бирок, АКШнын өзүнүн Ички Дүң продукциясынын эле (башка экономикалык потенциалын айтпай эле коелук) туруктуу баа-өлчөмү канча?! Карызы анын канча пайызын түзөт? Албетте, салыштырмалуу айтканда, ал карызы тээ шыйрактын кызыл жагына да жетпей токтоп калат. Ал эми Кыргызстандыкычы? Учурда бул көрсөткүч 4 млрд АКШ долларынан ашып, Кыргызтсандын ИДПсынын 60 пайызынан (ал эми айрым көзкарандысыз эксперттердин айтымында, реалдуу көрсөткүч андан да алда канча көп) ашып турган учуру. Дүйнөлүк практика боюнча тышкы карызы 35–40 пайыздын тегерегине жетип калган өлкөлөр көзкарандысыздыгы коркунучка кептеле баштаган өлкөлөр катары баалана башташат.

Баса, башка бардык тармактар боюнча кризис сазында турганыбыз менен, дал ушул тышкы карыз (жана да, албетте, — “биз эми эч кимге тизе бүкпөйбүз, эч кимге көз каранды болбойбуз!” — ​деген сыяктуу курулай “бравадалардан” турган демагогиялуу саясий билдирүүлөр) боюнча башкаларды алыстагы чаңыбызга калтырып, “алдыда” караандатпай бара жатабыз!..

Салыштыруу иретинде атай кетелик: азыр Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан тышкы карызы боюнча эң алдыңкы орунда турат. Өзбекистандын тышкы карызы өлкө ИДПсынын бар болгону 15%ын түзөт. ал эми Казакстандыкы — ​20%, Азербайжандыкы — ​40%, Тажикстандыкы 45%га жетиптир!.. Башкача айтканда, баягы биз айтып өткөн коркунучтуу чекке жетери менен жогорудагыдай “коңгуроо” кагыла баштабадыбы…

Жогоруда өтө бай өлкө АКШнын да тышкы карызы абдан көп экендигин айтып өттүк. Ал эми тышкы карызы башынан ашкан жакыр өлкөлөр үчүн бул маселе акырындап олтуруп, эч кутулгус көйгөйгө айланары турган иш.

Экономикалык терминдерсиз эле, жалпыга түшүнүктүү болсун үчүн, жөнөкөйлөштүрүп айталыкчы: күндөлүк турмушубузда эле миллиондогон суммалар менен алыш-бериш жасап, бул алар үчүн көнүмүшкө айланган адамдар да бар. Ошол эле учурда, жарыбаган бир сумманы карызга ала коемун деп, аны учурунда кайтарып бере албай, өзүнүн бай коңшусуна көз каранды болуп, анан беремин, кичине күтө тур деген убадаларынан жадагандыктан (а балким, ким билет, анын дал ушундай абалга кептелишин тымызын күтүп жүргөндүктөн улам), акыры коңшусу “андай болсо менин чарбамдагы тиги-бу иштерди жасап берип, карызыңдан кутулгун!?” — ​десе, тигил байкуш кубана, дароо убактылуу кул болууга даяр экендигин күндөлүк турмушубуздан көрүп эле жүрөбүз го?!

Бай жана жакыр өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелер деле, сырткы саясий-декларативдүү кабыктарын алып салганда, дал ушундай карым-катнашка барып такалат. Демек, өз жетекчилеринин жеңил ойлуу, алысты көрө албаган саясатынан улам жакырдыкка баткан Кыргызстанды алдыда дагы далай оор сыноолор күтүүдө…

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КНР председатели Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кытайга мамлекеттик визит менен келди. Бул сапар 5-сентябрга чейин созулат. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда Душанбедеги өкмөттүк комплекстин курулушу үчүн 2,3 млрд доллар кредит бөлүү маселеси биротоло чечилиши күтүлүүдө. Рахмон андан сырткары БРИКС алкагындагы (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) мамлекет башчыларынын түштүк Кытайдагы Сямэнь шаарында өтүүчү диалогунда да катышмакчы. Кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча Россияны экинчи орунга сүрүп чыгып, Тажикстандын башкы өнөктөшүнө айланды. 2020-жылы Пекин менен Душанбенин ортосундагы товар алмашуу 3 млрд долларга жетери күтүлүүдө.

Бул тууралуу Тажикстан Республиканын Соода-өнөр-жай палатасынын төрагасы Шариф Саид «Ховар» агентствосуна билдирген. 2017-жылдын биринчи үч айында кытайдын түз инвестиция салуу аркылуу жыйылган карызынын жалпы көлөмү 76,6 млн долларга жеткен. Бул чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 58,2% ын түзөт. Ушул эл мөөнөт ичинде Россия Тажикстанга 20,6 млн доллар инвестиция жасады. Республикага россиялык инвестиция кыскарып жаткандыгын Россиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов да ырастады. Бул кыскаруунун себеби катары салыктык бийик төлөмдөр аталды. Азырынча РФда жүз миңдеп саналган эмгек мигранттары бар кезде, Россия Тажикстан үчүн маанилүү рольду ойной бере тургандыгы анык.

Эмомали Рахмон визит учурунда Кытай тарап парламент жана өкмөттүн имараттарын куруу үчүн 2,3 млн долл. бөлүшүн чечмекчи. Өкмөттүк көмплексти куруу долбоору али бекий элек. Ал долбоор кытайлык адистердин пикирин эске алуу менен иштелип чыгышы керек. Парламент имараты 42 миң чарчы метрди ээлеп, ал эми өкмөт имараты 44 миң чарчы метрди ээлей тургандыгы маалым. Эки тараптык макулдашуулар боюнча, Пекин Тажикстанга курулуш техникасын, материалдарды, адистерди жиберүүгө милдеттенет, Душанбе болсо –өлкөгө ташылып келген кытай материалдарын жана техникасын салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотот.

Өлкөдө ашыкча шөкөттөлчү имараттарды куруу үчүн Тажикстан кезектеги кытай кредитин алышы керекпи же жокпу деген талкуу күч алды.

Пекин жеңилдетилген шарттарда жана арзан деп аталган кредиттерди 20 жана андан ашкан мөөнөткө берет, мындай карыз Россиялык жана башка финансылык ресурстардан келүүчү төлөө кыйын болгон карыздарга караганда — ​дээрлик башка жол жок дегенди билдирет. Тажикстандын жетекчилигин эң маанилүү социалдык-экономикалык талаптарды тез арада чечүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу азгырыгы, улам барган сайын Кытайга болгон карыздарды көбөйтүүгө алып келип жатат.

“Кытай инфраструктуранын өнүгүшү жана жалпы эле экономиканын өнүгүшүнө жардам берип жаткандыгын моюнга алуу керек. Кытай долбоорлорун ишке ашыруу адамдардын жашоосун жакшыртууга көмөк берип жатат. Маселен, жолдор курулду. Автомагистраль Душанбе–Куляб–Калай-Хумб–Хорог–Мургаб–Кульма–Кашгар негизги тажик шаарларын түндүк-батыш Кытайдын коммуникация системасы менен байланыштырды.

Душанбе–Жергетал–Сары-Таш — ​жолу — ​Кыргызстан менен байланыштырды. ЛЭП‑500 электрберүү линиялары өлкөнүн түндүк-түштүк тарабын бириктирди. Душанбе ТЭЦин куруу борбордун жана анын айланасын энергия менен камсыз кылуу маселесин чечти”, — ​деп билдирди “НГ” кабарчысына экономика илимдеринин доктору, РТ Илимдер академиясынын экономика жана демография Институтунун бөлүм башчысы Ходжамахмад Умаров.

Ошол эле учурда, анын айтымында, тажик коомчулугунда өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн натыйжалары, экология, ошондой эле Тажикстандын Кытайга болгон экономикалык көз карандылыгы боюнча суроолор көтөрүлүүдө.

“Тажикстандын Кытайга карата 1,8 млрд доллар өлчөмүндөгү карызы жыйылып калды. Анын үстүнө, республиканын карыздарды натыйжалуу башкаруу боюнча тажрыйбасы жок, бул болсо карыз кризисине алып келиши мүмкүн. Менин оюмча, Кытай менен ушунчасында токтотуп, биздин экономикалык мамилелерди башка өлкөлөргө дагы жайылтуу керек. Же болбосо, жок дегенде Пекин менен Душанбе ортосундагы экономикалык кызматташтык багытын өзгөртүү керек. Мисалы, эл керектөөчү кытай товарларын ташуунун ордуна, советтик мезгилден бери эле эл керектөөчү товарларды чыгарып келишкен тажик ишканаларын кайра жандантып курууга, реконструкциялоого, модернизациялоого өтүү керек”, — ​деп эсептейт Умаров.

Анын ою боюнча, республика өкмөтү “узак жылдардан бери жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзө албагандыктан улам карызга кайрылууга мажбур болуп жатат”.

Маселенин дагы бир жагы, Кытай түз инвестиция салуу жагына анча көңүлдөнбөй, анын ордуна жеңилдетилген шарттардагы арзан кредиттер деп аталган карыздарды 20 жылга жана андан да көп убакытка бергенди артык көрөт. Пекин менен Душанбенин кызматташтыгы мындан сырткары, Тажикстанды Кытай кызыкчылыгы зонасына тартуу менен да коштолууда.

Эксперттер Пекин кредиттерди берүү жолу менен Тажикстанды, ачыгын айтканда, карыз оруна (долговая яма) түшүрүүгө түртүп жатат, бул болсо республиканын көз каранды болушуна алып келет деп эсептешет. Душанбенин акчасы жоктугун жана жакынкы мезгилдерде көп акчалуу болору күтүлбөстүгүн эске ала турган болсок, демек, кытай тарапты жер байлыктары ресурстарына киргизүү аркылуу, стратегиялык ишканалардын акцияларынын контролдук пакеттерин берүү, же айрым транспорттук маршруттарды, ал тургай Тажикстандын аймактарын өткөрүп берүү жолу менен алардын карызын төлөөгө алып келет. Мындай жагдай 2011-жылы эле болгон, анда Тажикстан Кытай менен болгон чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү протоколун ратификациялаган да, Пекинге Чыгыш Памирдеги 1 миң чарчы километр аймагын өткөрүп берген.

Тажик экономисти, ошондой эле, Тажикистандын экономикалык гана эмес, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине да байланышкан маселелери жаралышы мүмкүн деп эсептейт. Кредитор өлкөлөр Тажикстанга – анын улуттук коопсуздугуна, жана республиканын территориялык бүтүндүгүнө зыян келтирген талаптарды коюштары мүмкүн. Маселен, КНР биздин өлкөдөн карыз ордуна бир мезгилде жаңы аймактарды талап кылган учур келиши да мүмкүн. Анын үстүнө, бул өлкөнүн Тажикстанга дайыма эле территориалдык претензиялары болуп келген.

Орусчадан которгон: Ишенбек Муртазаев

P.S.Көрүнүп тургандай, тажиктер да дал эле биздин абалыбызда экен. Ал эми бул алардын он жылга жакын созулган оор жарандык согуштан суурулуп чыккандан кийинки жетишкен кырдаалы экенин эске ала турган болсок, алар бизден алда канча алдыга озуп бара жатышат деп койсок да болот. Өндүрүшүн, өнөр-жайын кадимкидей жандандырып алып, эми энергетикалык көз карандысыздыкка да жетишип олтурат. Бирок, аттиң, буга жогорудагыдай кооптуу келечек кырдаалын түзүү баасы менен гана жетишишиптир!..

Демек, энергетикалык коопсуздукка жеттик деп (баса, “Кыргызгазды баш кылып”, бул тармакты толугу менен эле бир долларга “бадарить” этип салмай “марттыгыбыз” да бар, чиркин!), Бишкек ТЭЦи толук модернизацияланды, кытай менен биргелешкен ишканалар курулуп жатат деп эдиреңдөө али бир аз эртелик кылат. Анткени, алгандын бермеги бар демекчи, эртең эле кытай тарап “жеңилдетилген” кредиттерин артка кайтарууну талап кыла баштачу мезгил да жетип келет.

Анан калса, улуу Кытайдын эзелтен эле тышкы саясаттагы өтө кытмыр, тымызын жүргүзгөн узак мөөнөттүү саясаты бар. Алар эч качан, эч ким менен (ички-майда өз ара согуштарын эске албаганда) жер талашып, же басып алабыз деп согушкан эмес. А бирок, карт тарыхты карап олтурсак, улам барган сайын кытай мамлекетинин территориясы кеңейип, чартарапка созулуп, кылымдан кылым өткөн сайын “чоңоюп” бара жаткандыгын байкоо кыйын эмес. Баса, тээ Кайра Куруунун соңунда, эсил кайран СССР күм-жам болорго жакын, 1989-жылы СССРдин тышкы иштер министри Эдуард Шеварднадзе Кытай лидери Дэн Сяопин менен жолугушат. Анда талаштуу чек ара аймактары жөнүндө да сөз боло калганда “карт түлкүгө” (старый лис — ​Шеварднадзенин эл аралык дипломатиядагы кличкасы) Кытай акылманынын айтып турган “кербези”: “Кытай кийин учуру келгенде өзү мурда жоготкон жерлеринин баарын кайтарып алат, бул азыр биз талкуулай турган маселе эмес, кийинки муундардын иши…”

РФ Ыраакы Чыгышта катуу далбасаланган саясат жүргүзүп, өз калкынын санын ар кандай социалдык артыкчылыктарды ашкере берүү жолу менен улам көбөйтүүгө аракет кылып келе жатса да, тээ союз учурунда эле жергиликтүү орусташкан кытай калкы көп болгон бул аймакты акырындап, тымызын “кытайлаштыруу” саясаты ишке аша баштагандыгы эбак эле ачык болуп калган.

Ал эми калкынын саны жана жери боюнча Ыраакы Чыгыштын төрттөн бирин да түзө албаган Кыргызстан үчүн мындай коркунуч жаралса, бул алеки заматта ишке ашары түшүнүктүү!..

Кыскасы, кредит жана тышкы карыз, экономикалык байланыштар аркылуу көз карандысыздыкты чектөө сыяктуу маселелерге абдан этияттуулук менен мамиле кылуу зарыл.

Булак: “Жаңы Ордо”

Акаев: Өкмөт “Лигласс Трейдинг” менен келишимди токтотушу керек

Өкмөт “Лигласс Трейдинг” менен келишимди токтотушу керек. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 14-сентябрдагы парламент отурумунда көтөрдү.

Ал дүйнөлүк медиа каражаттары кыргыз өкмөтү ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы жок, банктагы каражаттары шек туудурган чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен келишим түзгөнүн жазып жатышканын белгилеп, келишимди чукул арада токтотууну талап кылды:

– Чехиялык “Лигласс Трейдинг”​ компаниясынын банкта 382 млн евро акчабыз бар деп берген маалыматы да жалган болуп чыкты. Биздин Тышкы иштер министрлиги бул компания менен иштешүүгө болбойт деп тыянак чыгарып бергенине карабай, өкмөт келишим түздү. Келишимдеги иштерди аткара элек. “РусГидрого” төлөп берүүчү 37 млн долларды алигүнчө төлөй элек. 22-августта төлөөгө тийиш болчу, 18-сентябрга чейин дагы 16 млн доллар төлөшү керек эле. Мына сентябр ортолоп калды, бир тыйын да төлөй элек. Өкмөт дагы аларга адвокат болуп, эми 19-сентябрга чейин төлөйт деп, калпы чыккан компанияны коргоп атат.

Liglass Trading компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча конкурсту утуп алган. Келишимге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюшкан.

Кийинчерээк чехиялык басылмалар ал ишкананын ишмердигинен шек санаган макалаларды жазышкан. Кыргыз өкмөтү аталган компания келишимди аткарарына ишеним арткан билдирүүлөрдү таратып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню