Menu

ИНТЕРВЬЮ

Каныбек Осмоналиев, профессор: "Садыр Жапаров таш менен урганды аш менен уруп, айкөлдүк кылды"

– Садыр Жапаров Конституция боюнча президенттик шайлоого катыша албайт экен. Ал элге берген убадаларын аткарууга 2-3 айлык мөөнөт жетеби?

– Жок, албетте, 2-3 ай убакыт жетпейт. Садыр Нургожоевич реалдуу эле убадаларды берип жатат. Ар убадасы терең ойлонулган. Бирок, эми эл ошол жаңы шайлоолордо Садыр Жапаровду жана анын командасын жапатырмак колдоп, парламентте конституциялык көпчүлүктү түзө тургандай шартты түзүп бериши керек. Парламентке Садырдын өзүнө окшогон элдин патриот уул-кыздары келсе, анан баардык убадалар аткарылат. Анын ичинде терең өзгөрүүнү талап кылган конституциялык реформа дагы болот.

– Садыр Жапаров бир эле мезгилде президент, премьер-министр да болду. Бирок, талаштуу жагдайлар тууралуу кыйытып жатышат го?

– Жагдай ошого алып келбедиби? Садыр жоопкерчиликтин баарын мойнуна алды. Канча кыйын болсо дагы кайыл болуп жатат. Бул жерде мыйзам бир дагы бузулган жок. Тигилер качып атса эмне кылмак? Анын үстүнө эл Садырга гана ишенип калды. Депутаттар эми аман эле болушсун да. Алардын қөпчүлүгү өздөрүнүн чыныгы жүзүн ашкере кылышты. Саясаттан оолактагандары эле оң.

– Текебаев айтмакчы, “дос секретарь” Камчыбек Ташиевдин УКМКны жетектегени туура эле болдубу же татыктуу кадр таппай өзү жетектөөгө аргасыз болдубу?

– Камчыбек Ташиев Кыргызстандын жаңы тарыхында алдыңкы деңгээлдердеги өз күчү жана татыктуу эмгектери менен эл оозуна алынган жаш саясатчылардын катарына кирет. Анын мекенди сүйүү сезими элге кеңири белгилүү. Азыркы коррупцияланышкан Кыргызстанда Ташиев УКМКга келгени эң туура болду. Ал эч бир кылмыштуу иштерге аралашпаган, таза жана патриот инсан. 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад окуясындагы чыныгы эрдиктери эле кандай күчтүү болду! Карапайым элдин сүймөнчүлүгүнө айланган саясатчы катары таанылды. Бул кишиге азыр кимдер каршы же душман болуп жатат? Алар баягы эле паракор, ууру-коррупционерлер жана өлкөнүн чыккынчылары. Ошолор биринчи кезекте жүрөктөрү түшүп, жалданма адамдарга каралатып киришти. Бирок, Камчыбек мырза алардын кылмыш иштерин жакында эле ачыкка чыгарып жазага тартат. Өзү кечээ айтпадыбы! Мен буга терең ишенем. Ошондуктан, азыркы премьер-министр Садыр Жапаров эң туура жана жакшы ойлонулган чечимге барды. Прогрессивдүү көз караштагы адамдардын баары эле Камчыбек Ташиевдин УКМКга ушундай оор кезеңде башчы болуп келүүсүн колдоп жатышат.

– Убаданы ченебей берди го. Аткара алабы?

– Башында кыйын эле болот. Анткени, бул коопсуздук кызматы буга чейин жалаң гана саясий оюндар менен алек болуп келген. Чалгындоо жана контрчалгын иштерин таштап коюшуп эле, өлкөдөгү көз карандысыз көз караштагы инсандарды камоо, жазалоо чараларын ырайымсыздык жана булганыч ыкмалар менен аткарып отурушкан. Элдин үшүн алган конторага айланып алышкан. Камчыбек мырза мунун баарын ичинен жакшы билет. Менин оюмча ал киши УКМКны түп тамыры менен жаңылап, карапайым элдин коопсуздугуна гана кызмат кыла турган мекемеге айлантат. Анын азыр берип жаткан убадаларын тез арада эле аткарылат деп ойлом.

Айкөкүл Мырзабекова

Булак: “Майдан.кж”

Акзыйнат Эшпаева, Токон Эшпаевдин кичүү кызы, ырчы: "Атамдын жуула элек, кийип жүргөн көйнөгүн бир топко чейин жыттап, куса болуп жүрдүм"

Аккордеондун кубулжуган үнүнө авазы шайкеш келип, кыргыз музыкасына жаңылык киргизип кеткен Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу, аткаруучу Токон Эшпаев көзү тирүү болгондо азыр 70 жашты багындырмак экен. «Чаткалым», «Акманым», «Ак тилек», «Керме-Тоонун кыздары» деги койчу ушул сыяктуу керемет чыгармалары менен эсибизде калган Токон Эшпаевди кимдер гана билбейт. Ал ырчы обончу гана эле эмес, жакшы өмүрлүк жолдош, мыкты ата болгондугун балдары айтат. Кыздары да ата жолун улап, чыгармачыл чөйрөдө жүрүшөт. Биз анын кичүү кызы Акзыйнат Эшпаева менен маек курдук, ал бизге атасы тууралуу буларды айтып берди.

Акзыйнат сен Кыргыз Эл артисти Токон Эшпаевдин кызы эмессиңби, ал киши тууралуу эмне айта аласың?

– Атам кыргыз искусствосуна зор салымын кошуп, кыргыз элинин сый-урматына татып, мыкты обондорун мурас кылып калтырып кетти. Ал киши менен дайыма сыймыктанам, элдин баары сыйлап турушаар эле. Бирге иштешкен кесиптештери, жоро-жолдоштору “Токон тек гана ырдады. Жулунуп, байлыкка чуркабады. Карап турсаң момун, сахнага да басмырт маанайы менен чыгып, анан ырдаганда залды жарып салчу. Ар бир ыры керемет эле. Бир калыпта жүрчү” деп эскерип калышат. Атам чын эле ушундай адам болчу. Сыртта сыйлуу, залкар адам болсо, үйдө бизге мыкты ата болду. Чын эле бирөөгө катуу айта алчу эмес. Ашкере боорукер, бала кыял, мээримдүү, баласаак эле. Мээримдүү көздөрү, жылуу сөздөрү менен мыкты ата катары эсимде калды. Аттиң, ушул сөздөрүмдү атамдын көзү тирүүсүндө айтсам болмок, ага жетишпей калдым. Эми гана бой жетип, чоңое баштаганымда кете берди. Анын үстүнө атама ашыкча сөз айткандан да тартынчу элем.

– Эң кичүүсү болгондуктан, эрке болсоң керек, сени эмне деп эркелетчү эле?

– Ооба, мен алты бир туугандын эң кенжеси болгондуктан, эркелеп өстүм. Атам мени “мамакозу” деп эркелетип, бир дагы жолу мага үнүн өктөм чыгарып сүйлөгөнү эсимде жок. Балким мен кичинекей болгонгобу, айтор мени урушчу деле эмес. Антейин десем, өзү табиятынан момун, көп сүйлөбөгөн адам болчу. Үйдө деле өзү менен өзү болуп, анчамынча бузулган, сынган нерселерди оңдоп, кыбырап жүрө берер эле. Атымды да атам өзү коюптур. Улуу эжебиздин аты Аксаамай. Актилек деген байкем бар, анан Акмаанай эжем. Аларга уйкаш болсун деген ойдо Акзыйнат деп койсо керек.

– Көзү тирүү 6олгондо 70 жашка чыкмак экен, туулган күндөрүн белгилечү беле?

– Ажалга айла жок экен, жармашкан оору менен алышып жүрүп, эрте эле арабыздан кете бербедиби. Көзү тирүү болсо азыр 70 жашка чыгып, чоң той берип, юбилейин өткөрмөк экенбиз деп эскерип отурабыз. Мен каникул башталаары менен Ошко жөнөчүмүн. Атамдын туулган күнү жай айларына туш келгендиктен, жыл сайын бардыгыбыз чогулуп, туулган күнүн тосуп алчубуз. Каникул бүтүп Бишкекке жөнөөрүмдө атам жолго өзү узатып чыгаар эле. Ага мен дагы көнүп алгам. Көзү тирүү турса деле кетип атып бышактап ыйлай берчүмүн, атама деген кусалыгым канча жүрсөм да тарачу эмес. Ичим ачышкан бойдон кетчү элем. “Сабактарыңды жакшы оку, жалкоо болбо, көп уктаба. Эң негизгиси текеберленбей, жөнөкөй адам бол”-деген сыяктуу акыл-насаат кептери менен узатып кала берчү. Ошентип мектепте окуп жүргөн кезимде өтүп кетти. Өтүп кеткенден кийин айылда бир топ жүрүп калдым. Окуум башталгандыктан, кыркылыгы өткөндөн кийин шаарга кетиш керек болду. Баягы узатып чыккан атам жок, абдан жаман болдум. Ал учурду сөз менен жеткире албайм. Атамдын жуула элек, кийип жүргөн көйнөгүн ала келип, бир топко чейин жыттап, куса болуп жүрдүм.

– Токон Эшпаев деген атты жалпы кыргыз журтчулугу билет, талантын сыйлайт. Ушундай инсандын кызы болгонуңа сыймыктансаң керек?..

– Ушундай улуу таланттын, жакшы адамдын кызы болгонума шүгүр келтирем, сыймыктанам. Залкар адамдын кызы болуу албетте сыймык, бирок жөн гана эң мыкты адамдын кызы болуш андан өткөн сыймык. Атактуу болгонуна карабай жөнөкөй эле. Мындай инсандын кызы болуу сыймыктуу болгону менен ошончолук жоопкерчилиги да бар. Аны ар бирибиз сезип турабыз. Бир туугандар ичинен Акмаанай эжем экөөбүз эл алдына чыгып жүрбөйбүзбү, ошол себептен атабыздын атын булгап албайлы деп турабыз.

Булак: “Майдан.кж”

Кайрат Осмоналиев, БШКнын мүчөсү: "Укук коргоо органдарынын шалаакылык мамилеси даана байкалууда"

– “Добуш саткандар айып пул төлөйт, жазаланат» деген мыйзам чыкты. «Форма 2» аркылуу добуш сатуу ачык эле байкалды. Буга ким жооп берет?

– БШК – биз шайлоону уюштуруучу мамлекеттик органбыз. Биз процедура боюнча жооп беребиз. Шайлоочунун тизмесин «форма 2» боюнча сындашууда. Бирок, бул жарандарыбыздын укугу болуп жатат. «Шайлоо дарегин өзгөртөм» десе, анда биз тоскоолдук кылбашыбыз керек. Эгер алар акчага сатылып же дагы башка иштерге малынса, ал укук коргоо органдарынын иши. Ошон үчүн туура түшүнүү шарт. БШКны эле күнөөлөө тенденцияга айланыптыр. Мен, тескерисинче, укук коргоо органдарын сындап жатам. Буларга бүт шарттар түзүлүп берилген. Ошол эле «добуш сатып алууга тергөө өткөрөм» десе, эч кандай арыздын кереги жок. Кандайдыр бир маалымат түшүп калса, өздөрү изденишип, иш алып баруулары зарыл. Алар арызды күтпөшү керек. Эгерде сатса, мыйзам бузуу кодекси боюнча айып салынат. Сатып жаткан учурдй мамлекеттик органдын кызматкерлери колго түшүрүшү керек. «Биз каттоодон өткөрдүк, электрондук китепчеге каттап койдук» деп жатышат. Бул жумуш эмес. Мында натыйжа жок. Жыйынтыксыз, ошон үчүн хаос болууда. Укук коргоо органдарынын иштебегени, шалаакылык мамилеси менен ушундай фактылар болуп жатат.

– Жылдан жылга эмне үчүн добуш сатуу тенденциясы күчөп кетти?

– Анткени биздин шайлоо моделибизге, автоматтык урналарга чабуул кыла алышпайт. Мурдагыдай пачкалап салып сала алышпайт. Ал убакта шайлоочуларга да кайрылбай, ким шайлоого келбей койсо, алардын атынан салып койчу. Азыр биздин урналар андайга жол бербейт. Ошондуктан добуш сатып алуу, админресурс азыркы убакта популярдуу болуп калды. Биз өзүбүз тараптан аткарылчу иштерди аткардык. Бюллетендер жеткирилди. Аларды кайтарып жатышат.

– Шайлоо күнү хакердик чабуул болушу да мүмкүнбү?

– Башаламандык жана башка ар кандай божомолдоолор болууда. Мен ойлойм, өтө жаман болбошу керек. ИИМ, УКМК бар. Алар шайлоо күнү коопсуздукту камсыздап, жакшылап иштеп беришсе, жаман иштер болбойт. «Форма 2» аркылуу үгүттөөчүлөр шайлоочуларга миң сом бергени айтылып жатат. Калган миң сомун шайлоодон соң (добуш бергенден кийин) деген макулдашуулар болуптур. Бул – кылмыш. Жарым этабы бүткөн. Калган акчасын дагы бериши керек. Биздин укук коргоо органдары ушундай фактыларды канчалык көп кармаса, аларга баа берем. А эгер кармай алышпаса, профессионалдар бул органдарда калбагандан кабар берет. БШК тарабынан баардык иштер аткарылды. Ар кандай башаламандык коркунучтар болушу мүмкүн. Бул укук коргоо органдарынын компетенциясы.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия news”

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» маек берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толугу менен берилет:

— Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар. Биринчи радиодо «Президент менен «Ачык сөз» уктуруусу. Биз адаттагыдай эле Мамлекет башчыбызга бир нече суроолор менен кайрылалы деп турабыз. Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович.

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, Covid-19 илдетинин кесепети турмушубуздун бардык тармагына тийди. Кыргызстандын башка мамлекеттер менен соода-экономикалык, гуманитардык-маданий алакаларын калыбына келтирүү боюнча аракеттер кандай болууда?

— Туура айтасыз. Өлкөбүздүн экономикасы ачык жана эркин болгондуктан, сырткы глобалдык шарттарга биз дагы көз карандыбыз.

Авиакаттамдар жабылып, автомобилдик каттамдар да кыйынчылыктарга туш болду. Аны баарыбыз тең сездик, ушул күнгө чейин сезип жатабыз. Авиакаттамдар азыр толугу менен ачыла элек. Бирок биз авиакаттамдар боюнча да, автомобилдик каттамдар боюнча да азыр иш жүргүзүп жатабыз.

Бул жагдай өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерге терс таасир этти. Биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизди. Эми турмуш бара-бара өз нугуна кайтып келүүдө. Covid-19 илдети жайылганга чейинки аракеттерибиз уланат. Ошол иштерди аткарганга аракеттерди катуу жумшап жатабыз. Буйруса, ишке ашырабыз. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негиздери жалпысынан өзгөрбөйт.

Биз эмнеге басым жасоого кызыкдарбыз, кыскача токтолуп кетейин.

Мен дайыма айтып келем, биз экологиялык таза айыл чарба азыгыбыз менен атаандаштыкка туруштук беребиз деп. Келечек ушул багытта. Бул багытта да биз келечектүү, терең иштерди алып барып жатабыз. Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоону көбөйтөт. Өзүңүз билесиз, экологиялык таза айыл чарба азыктары бул кайсы өлкөдө болбосун чоң суроо-талапка ээ. Айрыкча, өнүккөн мамлекеттер, жашоо деңгээли жогору өлкөлөр ушундай экологиялык таза продукцияга кызыкдар.

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү, ВСП+ өзгөчө жеңилдетилген статусу берилген. Коңшу Кытай мамлекети да биз үчүн ири рынок. Бизде өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайга чыгаруу боюнча иш башталган. Мунун үстүндө ишти күчөтүп, талаптарды да коюп жатабыз. Биз эл аралык деңгээлге чыкканга дагы өзүбүздүн лабораторияларды даярдап, азыр ага даяр болуп калдык.

ЕврАзЭСтин алкагында бул уюмга мүчө эмес өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү аракети бар. Мисалы, Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери Сербия менен эркин соода жүргүзүү тууралуу Макулдашууга кол коюлган. Ушундай эле келишим Вьетнам жана Иран менен күчүнө кирди. Израиль, Египет, Индия сыяктуу өлкөлөр менен да эркин соода жөнүндө келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, биз аны колдоп жатабыз.

Тышкы рынокко чыгуу үчүн ошол талаптарга жооп берген азык-түлүктү өндүрүп, көлөмүн көбөйтүү керекпиз. Ал үчүн өндүрүү технологияларын жакшыртуу, жетиштүү сырьелор менен камсыз кылуу зарыл. Бул маселелерди кластердик долбоорлор аркылуу чечебиз. Ага каржылоо булактары аныкталып, жеңилдиктер, дем берүү инструменттери каралган.

Биз сыртка чыгыш үчүн өзүбүзгө логистикалык борборлорду салуу боюнча долбоорлор иштеп жатат, каражаттар бар.

Өткөндөгү интервьюда да кеп кылганбыз. Экономикабызды биздин ишкерлер өргө тартат, алдыга жылдырат деп. Аларга ички ресурстардан колдоо болот. Бул боюнча иштеп жатабыз.

Бизнеске жагымдуу чөйрөнү түзүү — бул биздин улуттук стратегиялык өнүгүүнүн негизги талаптары. Экспорттук-импорттук өнүктүрүү банкын түзүү каралууда. Өкмөт, буйруса, бул боюнча дагы жакында чечим кабыл алышы керек. Бул дагы өз таасирин берет. Экспортко чоң таасир берүүчү экономикалык дипломатияны өнүктүрүү багытында Тышкы иштер министрлигине тапшырмалар берилген. Тийиштүү иштерди аткарып жатат. Натыйжасы болот деп ишенем.

Эң негизгиси, биздин экономикалык мамилелерге санариптик технологиялардын кеңири колдонулушу да чоң таасир тийгизет деп ойлойм.

Биз бүт өлкөнү санариптештирүү деп, ушул багытка абдан чоң маани берип жатабыз. Буйруса, кыска убакытта санариптештирүү боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Бирок ага жетип калдык дебей, талапты күчөтүп жатабыз. Мен барган, кыдырган жерде санариптештирүү кандай жүрүп жатат, эмне болууда — өзүм кирип, көзүм менен көрүп, тапшырмаларды берип жатам.

Электрондук соода бүгүнкү жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Интернеттеги сатуу рыногу чоң темп менен өсүп жатат. Эксперттердин божомолуна караганда, мындан ары да абдан тез өнүгөт. Ошондуктан, биз электрондук соода сатууну өнүктүрүү боюнча да катуу иш алып барышыбыз керек. Ал боюнча мыйзамдык базаны калыптандырууга жана башка иштерге көңүл буруп жатабыз.

Ал эми гуманитардык, маданий мамилелер, Кудайга шүгүр, жакшы. Ушул татаал мезгилде биздин өнөктөш өлкөлөр менен бири-бирибизди колдоо, жардам берүү күчөдү десем болот. Жалпы эле адамзат сыяктуу мына ушундай татаал мезгилде өлкөлөр ортосундагы гуманитардык мамилелер чыңдалды десем жаңылышпайм. Биз алыскы, жакынкы өнөктөш мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын чоң колдоосун сездик. Кыргызстан элинин атынан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирем.

Россиядан келген медиктер биздин дарыгерлерибиз менен эриш-аркак иштешти. Кылган иштеринин баарын көрүп жаттык. Бул абдан жакшы колдоо болду.

Covid-19 илдети менен күрөш башталган алгачкы күндөн баштап, Россия Федерациясынын, Президент Владимир Владимирович Путиндин жеке колдоосу чоң болду.

Кечээ жакында Россия Федерациясынын Президенти коронавируска каршы дүйнөдө биринчи эмдөө катталгандыгын жарыялады.Бул вирус менен күрөштө адамзат үчүн абдан чоң бурулуш учур деп айтат элем. Ушул чоң окуя менен биздин стратегиялык өнөктөш, союздаш өлкө Россия Федерациясын чын дилимден өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан куттуктайм. Ийгиликтүү болуп, дүйнө эли бул илдеттен арылабыз деп үмүт артып турабыз.

— Жакында эле чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койдуңуз. Сырттагы мигранттарыбыздын укугунун кеңейтилиши  ишкерликте, бизнесте артыкчылыктарды берет эмеспи. Жалпы эле мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясат кандай уланат?  

— Сыртта жүргөн мекендештерибиз менен алакабыз бекем десем болот. Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги, чет өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз бул багытта ырааттуу иш алып барышат. Бул боюнча көзөмөлдөп, талапты коюп жатабыз.

Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңеш бар, билесиздер. Ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу. Бул Мыйзамдын долбоору мына ошол кеңештин биринчи жыйынында каралган. 2019-жылдын августунда жыйын өткөн. Биздин мекендештерден бул мыйзам долбооруна сунуштар түшкөн. Ошолордун баары эске алынып, кабыл алынып, кечээ жакында күчүнө кирди. Мен ага кол койдум. Бул мыйзам менен «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу» деген түшүнүк кирди. Жалпылап айтканда, ар кандай шартка жараша, башка мамлекеттин жарандыгын алган мекендештерибиз, өзүнүн мекенинде, Кыргызстанда, адамга зарыл болгон менчик, билим алуу жана башка тиешелүү укукка ээ болот.  Жакшы мыйзам кабыл алынды. Кабыл алынганга чейин, абдан талкуу болду.

Жогоруда айткан, Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңештин отуруму жыл сайын өтүп турмак. Азыркы шартка жараша азырынча токтоп турат. Кандай өткөрүү керек, карап жатабыз. Мына ушул кеңеш биздин мекендештер менен болгон байланыштын негизги аянтчасы. Билесиздер, биздин мекендештер өз мекенин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатышат. Айрым көгөйлөр менен катар, көптөгөн прогрессивдүү идеялары, жакшы ойлору дагы бар. Жылда ошол эле аянтчада талкуулабастан, мекендештер менен келгенде  жолугушуп, ой-пикир алмашып турам. Ушул мыйзамдын кабыл алынышын күтүштү эле, мекендештерибиздин ой-тилектери ишке ашты. Биз мекендештерибиз менен абдан тыгыз байланышта болууга кызыкдарбыз. Бул ишти буга чейин алып келгенбиз, мындан ары да ырааттуу улантып, бардык күч-аракеттерди жумшайбыз.

— Эми өлкөнүн ички турмушундагы маселеге кайрылсак. Мезгил-мезгили менен прессада Президентке сын айткан тигил же бул журналистти, блогерди же жарандык активистти укук коргоо органдарына чакырды, сурак берди деп окуп калабыз. Албетте, бул жарандык коомдун сынына кабылчу көрүнүш экени талашсыз. Ушул боюнча оюңузду билсек. Анткени, бул Сиздин да жүргүзүп жаткан саясатка көлөкө түшүрбөй койбойт.

— Сурооңузга рахмат. Мен бул суроо боюнча аянтча болсо, айтсамбы деп жүргөм. Суроо берип калдыңыз, жооп берейин.

Буга чейин бир нече ирет айткам. Азыр дагы кайталап кетсем. Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги кайсы гана өлкөнүн болбосун, өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө, өлкөдө калыстык болушуна фундамент болуп берет. Ошондуктан, биз күчтүү жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин өнүгүшүнө жол ачып беришибиз керек. Аларга шарт түзүп беришибиз керек. Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп.   Ар бирибиз өз милдетибизди аткарышыбыз керек. Мен Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист, же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат да.

Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот.

Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Бирок, ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса. Башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш.  Жогоруда айттым. Дагы кайталап айтам. Милиция да өз ишин аткарып жатат деп. Бирок мен, Президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин.     

— Сооронбай Шарипович, убактыңызды бөлүп, суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Сизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик.

Мамбетжунус Абылов, мамлекеттик жана коомдук ишмер: “Атамбаевдин эшик шыпыргычтары Матраимовдун саясатта салмагы өсүп бара жатканын байкап турушат”

Журналистка телеканала “НУР”, кандидат в Ошский горкенеш от партии “Эмгек” Жылдыз Бекбаева рассказала свою версию инцидента с инспектором УОБДД в центре Оша. Она связывает этот конфликт с предстоящими выборами.

По ее словам, 12 марта она приехала в центр города и остановилась у цветочных магазинов, чтобы купить цветы.

“Да, меня остановили. И да, там был знак запрещающий, оставаться там я не собиралась. Я остановилась у цветочной лавки, забежала за цветами в нескольких метрах, купила там букет и прибежала обратно, попросила извинения у инспектора. Мне некогда было с ним ругаться, так как я торопилась на концерт дочери. Я сказала, в другой день поговорим, просила отпустить, но он стоял и начал снимать меня на видео”, – пояснила она.

Она отметила, что в ПДД указано, что водитель имеет право остановиться под запрещающем знаком, к примеру, попить воды, выпить лекарства, и остановилась там на минуту.

“Я сдавала назад, а инспектор УОБДД лег на капот. Я вышла из машины и начала возмущаться его спектаклю. В это время он с кем-то говорил по телефону и ему давали команду, инструктировали, чтобы меня не отпускали”, – отметила Бекбаева.

Она добавила, что после этого она хотела закрыть машину и уехать, при этом согласилась, чтобы автомобиль поставили на штрафстоянку. Но инспектор УОБДД не отпускал ее.

“Он начал скручивать мне руки, держал меня силой. При этом представитель власти кричал, что я его бью, сорвала погоны и поцарапала его. Но ничего подобного не было, это он меня силой удерживал и скручивал руки. Потом я вернулась и села в машину, стала дожидаться следственную группу. В это же время появилась некая женщина, которая начала провоцировать конфликт. Я считаю, что это сделано намеренно в преддверии выборов. Кто-то опасается меня, но я не знаю почему. Мне поступали предложения и от других партий, но я выбрала именно эту”, – заключила Жылдыз Бекбаева.

Туйгунаалы Абдраимов: "Эки жүздүүлүк, кошоматчылык - кыргыз саясатынын жүзү болуп калды"

БШКнын бир канча жолку төрагасы, депутат, министр, губернатор кызматтарын аркалаган, бош боло калганда бизнес кылып кетмей жайы бар Туйгунаалы байкемди маек берүүгө көндүрүп, болгондо да бүйүр кызыткан суроолорду ортого салып, кепти курчуган жеринен баштап турган кербезибиз.

– Айтсаңыз, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков менен жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери доссуздар да. Саясатта да дайыма үзөңгүлөш болуп келдиңиздер. Бир досуңуз бийликтен кетип, экинчиси президент болуп, акыры жолдору эки ача бөлүндү. Мунун себеби эмнеде? Чыр-чатактын алдын алса болот беле?

– Чындыгында эле биз 1995-жылы эл өкүлдөрү жыйына депутаттыкка шайланып келгенде дос болгонбуз. Мени өзүңөр билесиңер, Акаев менен да иштештим, Бакиев менен деле, Атамбаев менен дагы иштештим. Кайсы жетекчи болбосун жанында жүргөн адамдардын таасири болот экен…

– Мисалы?

– Бул жердей балээнин баарьш Фарид баштады да. 2017-жылы жайдын башында Фарид жолугушууну суранып калды. Экөөбүз сүйлөштүк. «КСДПнын курултайында Сооронбай Шариповичти президенттикке көрсөткөнү жатабыз, сиздин оюңуз кандай?» дегендей сөз болду. Ошондо мен: «Чындыгында азыр эң шансы жакшы, өтө турган талапкер Сооронбай Шарипович. Бирок, силер Кой-Ташта отуруп алып башкарууну ойлобогула, токтоткула» дедим. Себеби, ал идея Фаридден чыгып жүргөнүн билем да. «Бийлик бөлүнбөйт, бийлик үчүн бала атасын, ата баласын өлтүргөн» дедим. Шайлоо өткөн соң Фарид аппарат башчылыгына отуруп алды, мага жаккан эмес, экөөнүн ортосунда ыйкы-тыйкы ошондо башталды.

– Кайсы тараптан кемчиликтер көп кетти?

– Чындыгында, бул кырдаалды жаратууга, туңгуюкка алып келгенине эки досумдун тең күнөөсү бар. Экөөнү элдештирип, тил табыштыра албаган менде да айып бар экенин танбайм. Бир жагынан президентги деле түшүнсө болот да, аны коркутуп, «Акүйдү басып алам, элди чогултам» деп атса… Элдин баары Акүйгө келип, кан төгүлгөнчө унчукпай отурушу керекпи? Албетте, алдын алып, экс-президентти камады. Бирок, жанагы спецоперациясы аябай дайыны жок болуп калды. Күч органдары тарабынан сабатсыздык болду, көп адамдар жабыркап калышты. Жабыркагандар ооруканага барса камап башташты. Элди күч органдары «коркутуп башкарабыз» деп атышат. Элди коркута албайсың. Элге туура түшүндүрүп, болгонун болгондой айтып, калыстык менен башкарсак гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот.

– Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик коммиссия иштеди. Бирок, негизинен күч органдарынын жоопкерчилиги каралган жок. Кандай дейсиз, алар кылган иштери боюнча жоопко тартылбаса элдин нааразычылыгы, бугу кетпейт да?

– Жалаң эле күч органдарын күнөөлөй берген болбойт. Эки тараптан тең кетти. Бирок, негизи парламент дагы, президент дагы бара-бара күч органдарынын жоопкерчилигин карашы керек, «эмне себептен мындай болду?» деп…

– Кой-Таш окуясы боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. «Жазга чейин сотко өтөт» деген маалыматтар бар. Ушул нерсе дагы саясый кырдаалдын курчушуна себепкер болуп, элди нааразычылыкка түртпөйбү?

– Сөзсүз. Ал жерде жабыркап калгандардын арасында өтө нааразы адамдар көп. Жазында ал кандайдыр бир дестабилизацияга алып келиши мүмкүн. Бирок, биз жаштарга акыл-насаатыбызды айталы, дүйнөдө геосаясый абал кандай болуп жатканын баары түшүнүүсү керек. Бизде дагы Ливиядагыдай, Сириядагыдай чатак чыгып кетишине аракет кылган күчтөр бар. Ошон үчүн бийлик дагы, эл дагы сабырдуулук кылып, бул абалдан чыр-чатаксыз чыгуунун жолун издейли.

– «Азиз Батукаевди өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып ийишкен» деген жарлык менен тергөө жүрүп, соттук процесс башталды. Оюңуз кандай?

– Менин оюмча, Батукаев боюнча эч кандай кылмыш иши болбошу керек эле. Бүт дүйнөдө: Россия болобу, АКШ болобу, атайын операциялар жасалат. Бул жасалып жүргөн нерсе. Аны дүңгүрөтүп, кайра өзүбүздүн артыбызды чукубашыбыз керек эле. Жабылуу аяк жабылуу боюнча кылса болмок. Бул күч органдарынын калпыс иши. Жок жерден эле бир балээ чыгарышты…

– Аналиктиктердин айтымында, саясый кырдаалдын курчушуна бейөкмөт уюмдардын, тышкы күчтөрдүн да салымы болууда…

– Бул туура анализ. Тышкы күчтөр бейөмөт уюмдарды, элдин арасындагы нааразычылыкты пайдаланып, жазында кандайдыр бир туруксуздукка алып келүүгө аракет кылганын баарыбыз көрүп жатабыз. Сирияда, Ливияда, Египетте да жай тургундар «калыстык болбой калды» деп жакшы ой-тилек менен чыгышкан. Аягы эмне болду? Бизде ушундай болсочу? Нааразычылык акциялары себепчи эле болуп калат. Андан кийин дайыныбызды таппай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, бизге стабилдүүлүк зарыл. Президентти шайладыкпы, ага иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. «Мобул жагы туура, бул жагы туура эмес болуп жатат» деп ачык айтып туралы. Мисалы, «өкмөттү кетир» деп талап коюп атышат. Ушундай ачык ишке үйрөнүшүбүз керек, бири-бирибизди угуп.

– Өкмөттүн ишмердигине кандай баа бересиз? Жумушсуздук күчөдү, инвестициялар келбей, экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөдү да, туурабы?

– Мен өзүм өкмөттүн курамында иштеп калбадымбы. Эми кеткенден кийин жамандаганым туура эмес болот. Өкмөт бир топ эле иштерге аракет кылды. Бирок, бүтүргөн иштерин ЖМКлар аркылуу элге жакшылап жеткире албай жатат. Чындыгында кардиналдуу модернизация жасалган жок. Саясый кырдаалга жараша алсак, негизи өкмөттүн кеткени туура болот го.

– Анда жазында өкмөт кетип калабы?

– Менин оюмча, ошого баратат окшойт. Бирок, калыстык үчүн айтыш керек, өкмөттө иштеш аябай кыйын. Парламент кыйкым издеп турат, министрлер кечке парламентте жүрүшөт, президенттин тегереги да кийлигишет. Анан элибиздин дагы колдоосу болгон жок. Мисалы, электрдин баасын көтөрүш керек, 70 тыйын кантип болсун? Минтип отурсак энергетикадан ажырайбыз… Жер салыгы канча жылдан бери көтөрүлгөн жок. Жер салыгы ошол чогулткан айылдын өзүндө калат да. Өзүнүн мектебине, жолуна жумшалат. Азыр жер салыгы эки таңгак чөптүн баасы. Аны көбөйтсө да эл каршы, электр тарифин көтөрөлү (!) десе да көпчүлүккө жакпайт. Минтип отурсак, «мүйүздү тилейбиз деп кулагыбыздан ажырайбыз». Ошону менен өкмөткө өтө эле кыйын болууда. Анүстүнө өкмөт өзүнө абдан көп ыйгарым укукгарды алып алган. Алардын көбүн жергиликтүү бийликтерге: губернаторлорго, акимдерге берип, өзүн жеңилдетиши керек болчу. Күнүмдүк майда-чүйдө жумуштардан бошошу шарт да. Ошондо барып өкмөттүн иши жылат.

– Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо болот эмеспи, бирок бийлик партиясы ачыктала элек. Эмнеге кечеңдөөдө?

– Менин оюмча, президент туура кылууда. Ал эл шайлаган президент катары киришпей жатат. «Эл кайсы партияны колдосо, ошол партия келип, аткаруу бийлигин алсын» деп атат. Бул абдан туура позиция.

– Парламенттик шайлоого барууга оюңуз барбы?

– Аны эми келечекте ойлонобуз.

– Азыркы иштеп аткан депутаттардын «уюгун» Атамбаев «чимкирик парламент» деп айтты эле. Элдин арасында да алардын рейтинги түшүп калган. Парламент депутаттарына кандай бааңыз бар?

– Парламенттин ичинде деңгээли жогору, басып өткөн өмүр жолу, кызматы көрүнүктүү депутаттар көп эле. Анын баарын эле жаманатты кылган болбойт. Бирок арасында… кандай айтсам, эки жүздүүлүк, кошоматчылык менен жашаган депутаттар пайда болду. Мисалы, кечээ эле Атамбаевди айга-күнгө теңешип, көзүнүн кареги менен айланган депутаттар бая күнү Кой-Таш комиссиясынын отчетун угулуп жатканда экс-президентти ит талагандай кылышты. Эки жүздүүлүк, кошоматчылык – кыргыз саясатынын жүзү болуп калды. «Жаштарга кандай үлгү көрсөтүп атабыз?» деген ой жок. Албетте, ошондой болуп атса жалпы эл көрүп, жалпы парламенттин кадыр-баркы кетет да. Негизинен парламеттин көп депуттары менен мамилем жакшы. Алардын арасынан айрыкча үч «жигитти» сыйлайм. (Күлүп.)

– Аттарын билсек болобу?

– Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Карамат Орозова – ушул үч «жигитти» аябай сыйлайм.

– Кечээ Атамбаев бийликте турганда айланасындагы жагымпоз кошоматчылардын баары сатып кетишти. Аны эл көрүп турат. Эртең эле экинчи досуңуз – Жээнбеков да кызматтан кетет да. Ага да азыр Атамбаевдин кошоматчылары жабышып атышат, дагы жаңылары кошулду. Азыркы президент Атамбаевдин кейпин кийбеши үчүн ал эмне кылышы керек? Кандайдыр бир жаңы жолдорун сунуштай аласызбы?

– Акаев кеткенде жанында жүргөн эң жакын адамдары жамандап чыгышты. Бакиев кеткенде да анын көзүнүн кареги менен тең айлангандар биринчи талашты. Бакиевдин тегерегинде жүргөндөр кандайдыр бир жолдор менен кийин Алмазбек Шаршеновичтин жанына барып калышты. Азыр алардын кээ бирлери Сооронбай Шариповичтин тегерегинде жүрүшөт. Ушундай категориядагы адамдар бар экен да. Мен тамашалап коём, «булардын тилинде мөөрү бар окшойт» деп. Тилин таап эле жакындап алышат. А түз сүйлөп, ачык оюн айткан кишилер өзүнөн-өзү эле алыстап калат экен.

– Кичине артка чегинели… 2010-жылдан кийин сиз БШКга Атамбаевдин колдоосу менен барган жоксуз да?

– 2011-жылы БШКга «Ар-намыс» партиясынын сунушу боюнча келдим. Жаш депутаттар колдоп, БШКга төрага болуп шайландым. Шайлоо системасына абдан жакшы модель киргиздик. Ар бир киши келгенин монитордон көрсөтүп, шайлоо бүтөр замат жыйынтыгын БШКнын серверинен жана интернеттен көрсөтүп, бул модель менен биз бүт дүйнөгө таанылдык. Айрыкча участкалык комиссиялардын мүчөлөрү ыраазы болду. Башта бийлик «жаса» деп кыйнап, эл «жасадың» деп нааразы болуп, участкалык комиссиялардын мүчөлөрүнө көп сөз тийчү. Көрдүңөр, шайлоо калыс өттү. Бирок, 2016-жылы БШКнын курамы куралып жатканда КСДПнын депутаттары кол чогултуп мени көрсөтсө, Атамбаев токтотту. Башка партиялар да сүрөгөнү жатышса, «колдосоңор көрсөтөм» деп каршы туруп алды. Анан мен «кызмат эле керек болсо, алгыла» деп басып кеттим. Бирок, «кызматтан кетирип койду» деп эле доско душман болгон туура эмес. Кызмат келет, кетет, бирок, достук мамиле калышы керек. Андан кийин экөөбүз үч жыл бою, ал президенттиктен кеткенден кийин да мамиле кылган жокпуз. Экөөбүз бир жолу аштан жолуктук, колунан орден алдым, бирок, беш мүнөт да сүйлөшкөн жокпуз. Бош жүрсөм да суранып барбадым. Былтыр жылдын башында Дубайга учуп баратканда кокусунан жолугуп калып, ошондо Алмаз экөөбүз дос катары жакшы сүйлөштүк.

– Бул учурда эки достун мамилеси бузулуп калган маал эмес беле?..

– Ооба. Атамбаев «Сооронбай экөөбүз тил табышсак болот эле, азыр мен элди көтөрсөм президент кетет. Мен кайра кызматка барбайм, бирок, үчүнчү күчтөр бийликке келет, алардын келишине абдан ыңгайлуу шарттар түзүлөт» деди. Мен келгенде экөөбүздүн ортобузда болгон сөздү президентке айтсам, «ойлоноюн» деди. Бирок, ошол боюнча бул туурасында сөз болгон жок… Кийин чатак күчөп, Алмаз Шаршенович камалды. Негизи ден соолугу начар, анан калса экс-президент да. «Султан сөөгүн кордобойт» дейт, үй камагына чыгарып койсо болмок…

Мен дагы бир жолу кайталыгым келет, эң негизгиси, баардыгыбыз элдин, мамлекеттин келечегин ойлогонубуз маанилүү эмеспи. Кемчиликтерди ачык айтып, аз-аздан болсо дагы алдыга жылуубуз кажет.

– Былтыр сиз экинчи досуңуздун тушунда да кызматтан кеттиңиз. «Журналист кызга тескери сөз айтып койду» деген жөн эле себеп болуп калды окшойт… Анын аргында биз билбеген башка сырлар катылып жаткан жокпу?

– Сөзсүз да! Менин ачык айтканым көп кишиге жакпайт. Мен ал кызга жаман деле айткан эмесмин, «өңүң жакпай калды» деп койдум… Ал жөн гана шылтоо болду. Өңү жакпаса «жакпай калды» дейм да. Анын эмнеси бар экен? Ошол Ороктогу окуяда, анын алдында төрт-беш терезе сыныптыр, милиция отуз баланы камап салыптыр. «Улут аралык жаңжал чыгып кетпесе экен» деп аябай ачуум келип турган болчу. Абал тигиндей болуп атса, ал кыз улам кычаштык кылып суроо берет. Анан… «Өңүң жакпай калды» деп басып кеттим. Ушуну аргумент кылышты. Негизги кеткен себебим, ошол учурдагы «Азаттыкка» берген интервьюм болду окшойт. Көп нерсени ачык айтпадымбы. Жакпай калдым. Башынан эле бетке сүйлөйм, ачык айта берем – бул менин турмуштук позициям.

Саясат келет, кетет, бирок, адам баласы «кызматтан кетип калдым» деп эле адамгерчилик мамиледен, досчулуктан кетпеши керек. «Бетеге кетет – бел калат, бектер кетет – эл калат» дейт эмеспи. Мамлекетти сактайлы…

Маектешкен: Арсланбек Сартбаев

Булак: “Азия Ньюс”

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаев сыяктуу эски саясатчыларды жаш олигарх-бөлтүрүктөр жөн эле тебелеп кетишет”

-Бегалы мырза, быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Кандай дейсиз, президент өзүнө лоялдуу, анын демилгелерине бут тоспой колдой турган депутаттык корпуска ээ болуш үчүн өз партиясын түзүп, же азыркы партиялардын бирине назарын салышы мүмкүнбү?

-Президенттик  институт сөзсүз түрдө шайлоого өзүнүн партиясын ачык же көмүскө түрдө алып чыгат. Себеби, 2010-жылдагы Конституциянын жаратылышы өзү ошондой болуп калган. Элге парламенттик система курабыз деп атышып, чындыгында өлкөгө күчтүү президенттик системаны алып келишкен. Эгер Өмүрбек Текебаев  чын эле парламенттик системаны каалаганда бир эле норма менен биздин саясий-коомдук түзүлүштү өзгөртүп коймок. Ал кайсыл норма? Конституцияда “президентти парламент шайлайт” деген норма киргизип койсо эле өлкөнүн өнүгүшү таптакыр башка нукта кетмек. Азыр Текебаев “президент премьер-министирдин ыйгарым укуктарын өзүнө тартып алды” деп айтып жатпайбы. Президент кантип тартып алды? Ал оңой эле, Текебаев жазган Констититуциянын негизинде. Парламенттик система курабыз деген өлкөлөрдө президентти парламент шайлайт. Ошондо парламент президентти көзөмөлдөп турат. Ал эми президентти эл шайлаганда ал эч качан парламенттин көзөмөлүндө болбойт. Кандай президент болсо дагы ал айтат да: ”Мени жалгыз алты миллион калк шайлап атса, силерди жүз жыйырмаңарды биригип, алты миллион шайлап атса, анан кантип мен силерге баш ийишим керек?” деп. Логикалык жактан да анын ошентип айтканга укугу бар. Текебаев өзү президент болуп калганда дагы парламентке баш ийбейт болчу. Эгер Текебаевдин чыны менен эле парламенттик системаны киргизем деген ою болгондо бир эле норманы киргизип, бир ок менен эки коён аткандай кылмак. Ал кезде эмне үчүн андай норманы киргизген эмес? Себеби, Атамбаевдин саясий-интеллектуалдык потенциалы төмөн экенин билип, баары бир биз жеңип чыгып, өзүбүз президент болуп калабыз деген үмүт менен келечекте күчтүү президенттик бийликке ээ болуш үчүн ошол норманы киргизбей коюшкан. Ошон үчүн чала жан парламент болуп калды. Эсиңерде болсо 2007-жылы жүз пайыз партиялык системаны Бакиевдик режим киргизген. 2010-жылы конституцияны кайра жазганда деле Текебаев ошол системаны көчүрүп алып, кайра алып келишти. Ошон үчүн биз алиге чейин парламенттик системаны кура албай жатабыз. Анткени парламенттин азуусу жок, президентти көзөмөлдөй албайт. Президенттин колунда күч органдары: УКМК, Генпрокуратура турат. Коалиция түзүүгө мандат берүү укугу турат. Артында шайлады деген эли турат. Президент парламентке караганда азуулуу болуп жатпайбы. Анан кантип парламент өлкөнү башкара алат?

Бизде алигиче бир маселе чечиле элек. Эгер парламенттик башкарууга өтөбүз десек анда президентти парламент шайлаш керек. Эгер андай кыла албасак, анда элди алдабай бизде президенттик башкаруу деп ачык эле айтыш керек. 2010-жылы жок дегенде президенттик башкаруунун америкалык түрүн киргизе алышпады. Өзүңөр билгендей ал жерде президент премьер-министрдин да милдетин аткарат. Тагыраагы аларда аткаруу бийлиги бир эле колдо, ал эми бизде аткаруу бийлиги эки колдо болуп, реалдуу бийлик эл шайлаган президентке өтүп кетип жатпайбы. Анан кантип Текебаев айткандай өлкөнү премьер-министр башкарсын. Премьер-министрди эл шайлабайт да, аны чала жан парламент шайлайт. Баса, дагы бир мисал, Текебаев бүгүн “президент премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өзүнө алып алды, конституциялык талаага кайтып келели” дегенде, айла жок күлкүң келет экен. 2010-жылы ал өзү жазган конституциянын 2020-жылга чейин чейин өзгөртүлбөсүн деген нормасын өзү бузуп, Атамбаевге кошоматтанышып, конституциядагы премьер-министрдин эл аралык саясатты жүргүзүү ыйгарым укугун ушул Текебаев конституцияга каршы мыйзам жазып, тартып бербеди беле? Ошондо Текебаев президентти конституциялык талаадан чыгарбады беле? Эсимде, ошол кезде интервью берип актанышкан: “КМШ өлкөлөрүнүн президенттери чогулганда жалгыз эле Кыргызстандан премьер-министр барса болбойт экен” деп. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ал кезде жалгыз эле Кыргызстан өзүн парламенттик система деп жарыяласа албетте премьер-министрин жөнөтүш керек эле да. Андай болбосо эмнеге биз “парламенттик система орноттук!” деп дүйнөгө жар салабыз? Мына, 2018-жылы парламенттик системага өткөн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян дүйнө өлкөлөрүнүн бардык президенттери менен эле тең ата болуп сүйлөшүп, маселе чечип, келишимдерге кол коюп, өлкөсүндө саясый-экономикалык реформаларды ишке ашырып жатпайбы. Кыскасы, “балык башынан сасыйт” дегендей  Убактылуу өкмөт “башынан эле ээрге кыйшык олтурушкан”. Ошондуктан акыркы 10 жылда Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй талкаланды.

Ошол эле норманын (президентти эл шайлайт) негизинде президент аябай күчтүү бийликке ээ. Анткени эл бийликтин булагы, президентке бийликти эл берип жатат. Мындай күчтүү бийликке ээ болгон кайсы гана президент болбосун өзүнүн партиясын парламенттик бийликке алып келет. Эмне үчүн? Биринчиден, азыркы президенттин дагы төрт жылга жакын мөөнөтү бар. Бул мөөнөттө мага жардам бере турган, таянар тоом боло турган саясий партиялар, институттар болушу керек деп ойлойт. Экинчиден, президенттиктен кеткенден кийин дагы кандай гана адам болбосун өзүнүн коопсуздугунун кепилдигин камын көрөт да.

Андан сырткары, президенттик партия менен кошо жүргөн жандооч партиялар болот. Андай партиялар тууралуу да үзүл-кесил маалыматар чыгып жатпайбы. Эмне үчүн Канат Исаев соттон акталып чыкты? Демек, ”Кыргызстан” бийлик партиясына жанаша кете турган жандооч партиялардын бири. Бийликти колдогон, же ага тарапкер партиялар шайлоого барышат жана жакшы добуштарды алышат. Эмне үчүн? Себеби, кыргыздын жаш олигарх саясатчылары шайлоо технологияларын жакшы өздөштүрүп калышты.

Технология дегенде “шайлоонун шайтан оюндарын” айтып жатасыз да?

-2010-жылы Конституцияны жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгышканда бир “минаны” көмүп коюшкан. Жакында эле журналист,тарыхчы Кыяс Молдокасымов  “мен “Азаттыкта” иштеп жүргөндө Текебаевден  “Ата-Мекен” партиясын бутка тургузуп, көтөрүүнүн эмне зарылдыгы бар? деп сураганыбызда ал “балдар, силер билбейсиңер. Партия деген – бул чоң бизнес. Мен муну чоң бизнеске айлантам” деген деп ачык айтып салды. Текебаев бул жагынан кыйын экен, ошол оюн чын эле ишке ашырды. Партиясын бизнеске айлантты. Эки жолку парламенттик шайлоодо: 2010-жылы жана 2015-жылы Атамбаев менен Текебаев чоң бизнес жасашты. Булар саясат менен бизнести айкалыштыра алышты. Партияларын парламенттик партияга жеткирип,  өлкөдөгү көмүскө же ачык ири байларга айланышты. Эки шайлоодо тең КСДП менен “Ата-Мекендин” тизмесине кирүү үчүн акчалуу олигархтар кезекке турушту. Текебаев менен Атамбаев дайыма эле ушундай боло берет деп ойлошту. Шайлоо участокторунда добуш сатуу да ачык жүрүп калды. Акчалуу гана партиялар парламентке өтүп калышты. Ошол эле учурда бир нерсени баамдашкан жок. Азыр алдыда келе жаткан парламенттик шайлоодо өздөрү казган орго өздөрү түшүп калуулары ыктымал. Себеби, бул акыркы эки парламенттик шайлоодо (2010-2015) Текебаев менен Атамбаевдин жасаганын көрүшкөн жаш олигархтар “саясатты ушинтип эле жасаса болот турбайбы, саясат деле бизнеске окшош турбайбы, баарын акча чечет турбайбы” деген жыйынтыкка келишип, азыр акчасы бардын баары партия ачып алышты. Алды парламентке кирип келишти, арты шаардык жана айылдык парламенттерде олтурушуп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого жулунуп келатышат.

Кийинки келе жаткан муун саясатчылар эмес, бизнесмендер. Мисалы, ошол эле “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, ”Замандаш”  партияларынын башында бизнесмендер турат. Алар бизнеске аябай шыктуу жигиттер да, “аа, парламентке ушинтип эле өтүп кетсе болот турбайбы” деп тигилердин ыкмасын жаңы технология катары өздөштүрүштү. Ошон үчүн 2015-жылы Атамбаев, Текебаевдин партиясынан башка бүт бизнесмендер, олигархтар өтүп келишти. Эми жалаң акчалуулар, каржы ресурстарына ээ болгон партиялар өтө турган болуп калды. Көрөсүңөр, жалаң жаш олигархтар келет шагырап. КСДП менен “Ата-Мекен өтпөй калышы мүмкүн. Себеби, алардын каржылык мүмкүнчүлүгү тигилердин деңгээлине жетпейт. Алар өздөрү түзгөн технологиянын курмандыгы болушат. Эски саясатчылар оюндан чыгып, эмки парламент жалаң олигархтардын парламенти болот. Булар саясый күрөштөрдө, саясый атаандаштыктарда  жеңишип, парламентке келатышкан жок. Бизнестик күрөштө чоң акча таап, экономикалык күрөштө өздөрүн көрсөтүшүп, көз карашы ушул багытта калыптанган кишилер өлкөнүн саясий бийлигине келе жатышат. Андай ири олигарх курулуш бизнесмендердин бири парламентке депутат болуп келип, андан соң баш калаанын мэрдигине шайланды. Мындан кийинки саясаттан ушундай эле жыйынтыктарды күтсөк болот. Дайыма эле ушинтип парламенттик шайлоолордон акчаны самандай сапырып таап жыргай беребиз деп калышкан Текебаев менен Атамбаев сыяктууларды бул жаш бөлтүрүктөр эми жөн эле тебелеп кетишет.

-“Бир бол”, ”Өнүгүү-Прогресс”, ”Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялардын тагдыры кандай болот деп ойлойсуз?

-“Өнүгүү-Прогресс” менин оюмча, бул шайлоодо өтө албайт. Мендеги маалымат боюнча, алар бийлик менен тил табышууга аракет жасашууда. Бирок, өз алдынча шайлоого барса шансы жок. ”Бир бол” да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. ”Бүтүн Кыргызстан” болсо… Ал 2010-жылкы шайлоодо жеңген, бирок, өтүү босогосун көбөйтүп туруп, чыгарып салышкан. Экинчи жолку шайлоодо админстративдик ресурстун негизинде эле  өткөрбөй коюшту. Алар азыр  деле радикалдуу жол менен кетет, бийлик менен келишип, сүйлөшүү жолу менен өтүүгө аракет кылбайт. Бирок, админстративдик ресурс менен таймаша алабы – бул өзүнчө чоң маселе. Лидери Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдүн башын бириктиргенге аракет кылат болушу керек. Эгер бириктире алса, оппозициялык партия катары “Бүтүн Кыргызстандын” деле анча-мынча шансы бар. ”Ак-Шумкар” эч качан саясий күчтөрдүн башын бириктире албайт. Анткени, электораты жок. ”Ар-намыс” электоратын жоготуп алган. ”Ата-Мекендин” бүгүнкү абалы түшүнүктүү. Ошолордун ичинен жалгыз гана “Бүтүн Кыргызстандын” электораты  бар. Эгер алар өздөрүнүн  тегерегине бардык саясий күчтөрдү аз-аздан жыйнап алса,  оппозициялык партия катары парламентке өтүп келүүгө шансы бар. Бирок, биздеги оппозициялык күчтөр оңойлук менен бир муштум болуп биригише албайт. Бир да шайлоодо андай боло элек. 2010-жылы “Ата-Журт” гана бир аз окшоштура алды, бирок бардык күчтөрдү бириктиргенге алы жеткен эмес. Алтургай кийин элдин аларга болгон ишенимин талкалады.

Булак: “Азия ньюс”

Адил Турдукулов Кадыр, Сеид Атамбаевдер жана Рита Борбукеева менен болгон мамилесин ачык эле айтып берди

КСД партиясына 2004-жылы мүчө болуп кирип, аны менен сыймыктанып келаткан Адил Турдукулов менен атжалында маек курдук. Ал жөнүндөгү ушак-айыңдарды да сурап, ачык эле жооп алдык.

– Адил мырза, өткөн жыл сиз үчүн кандай жыл болду жана бул жылдан эмнени тилеп жатасыз?

Учурдан пайдаланып, алгач кыргызстандыктарды кирип келген жаңы жылы менен куттуктайм. Чычкан жылы жемиштүү, жеңиштүү жылдардан болсун! Ар бирибиз өлкөбүзгө өйдөдө өбөк, ылдайда жөлөк болуп, ийгиликти чогуу жараталы демекчимин. Эми өткөн жыл боюнча оюмду айта турган болсом, жаман жыл болгон жок, дурус эле болду. Мен өзүмдүн жеке тагдырымды мамлекетибиздин абалына салыштырам, ийгилигине кубанам, кемчилиги болсо капаланам.

– Мисалы?

– Мисалы, Кыргызстанда азыркыга чейин элдин үнү, ой-пикири бийликке жетпей, алар суроолоруна так жооп ала албай келет, маанилүү маселелери көмүскөдө кала берүүдө. Ошондой эле эки келиндин жолдошунун колунан каза болгону, балдарынын энесиз калганы зээнди кейитет. Ушул жагынан алганда капамын. Ал эми элдин көпчүлүк катмары саясатка аралашып, бийликке ачуу чындыкты ачык эле айтып баштаганы кубанаарлык. Ушул жылы парламенттик шайлоо болот. Бийликтин ар кандай топтору, ортомчу күчтөр, оппозиция дагы буга чоң даярдык көрүп жатат. Бу жолу эл шайлоодо жаңылбайт деп ойлойм. Таза, калыс, эл үчүн иштеген чыныгы партияны парламентке алып келет деген ишенимдемин. Шайлоо тынч, таза өтсө бул да биздин демократиялык институттарды бекемдетет. Жогорудагы сурооңузга да жообум ушул. Бул жылдагы тилегим – шайлоо таза, тынч өтүшү.

Чет жактагы саясатка да көңүл бурасыз да. Учурда дүйнөнүн көңүл борборунда Иран менен Америка турат, ал жакка баары кулак төшөөдө. Бул эки өлкө генерал Касым Сулейманинин өлүмүнөн кийин касташып калды. “Согушуп кетсе, биздин өлкөгө зыяны тийбейби?»,- деп чочулагандар да жок эмес. Бу боюнча сиз кандай ойдосуз?

Албетте, чет жактын дагы саясатынан күнүгө кабардарбыз. Ар бир өлкөдө тынчтык болсо экен деп тилейбиз. Себеби, ортодо карапайым элге эле жаман, зыяны тийет. Эми эки өлкө жөнүндө айта турган болсом,Иран Азия аймагындагы ислам өлкөлөрдүн эң ири күчтөрдүн бири. АКШ болсо бүт дүйнө жүзүндө өз кызыкчылыгы бар держава. Ошондуктан, биз эки жакка тартпай, нейтралдуу позицияда болушубуз керек! Саясатта сак болуу зарыл!

Саясатта сак болбосо, жаныңдагы эле адам сатып кетет да. Сурайын дегеним, Алмазбек Атамбаевдин балдары Кадыр, Сеид Атамбаевдер атасынын жанында жүрүп, күйгөн адамдарды сатып кеттиби? Алардын кылганы “жигитчиликке жатпайт” деп жазыпсыз. Сиздин мындай сөзүңүздү алар кандай кабыл алды? Азыр мамилеңер кандай?

Мен алгач КСДП жана “Ата-Мекен” партиялары жөнүндө учкай айта кетейин, ушул эки партия абройлуу, социалисттик идея негизинде түзүлгөн саясый уюмдар. Ошондуктан, мен КСДП менен сыймыктанам, бул партияга 2004-жылдан бери мүчөмүн. Бул партияда азыркыга чейин мүчө болуп, андан кетпеген КСДПчылар накта фанатиктер. Ушул партияны түптөп, негиздеген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин балдары Кадыр менен Сеидге айткан сын-пикирим, партиянын келечеги үчүн күйгөнүмдөн айтып жатам. Алар муну туура түшүнөт го деп ойлойм.

– “КСДПдан кетпегендер накта фанатиктер” деп туура айттыңыз. Алмазбек Атамбаевдин “фанатиги” Рита Борбукеева эмеспи. Кечирип коюңуз, аны сиз менен “ойнош” деген ушак тарап жатат. Бир курдай “ысык мамилеңерди» өзүңүз жазып чыккан  турбайсызбы. Мунун канчалык чындыгы бар?

Рита Борбукеева Алмазбек Атамбаевди сатпаган өжөр айым. Экөөбүздүн мамилебизди менин атымдан бирөө жазыптыр. Анда жазылгандын баары калп.  Андай ыплас жазылган нерсени мен атайын партиянын ичине бүлүк салуу болгон аракет деп гана кабыл алдым.

Булак: KyrgyzToday.kg

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: "Канада, Түркия, Россиядагы (Тывада) алтын кендерде биздин мамлекеттин үлүшү бар, өкмөт муну жашырып келет"

– Кубанычбек Сатиндиевич, сиз “Кумтөр” менен көп жыл бою кармашып келдиңиз. Азыр “Кумтөрдөгү” абал жакшы эмес экенин – эки кыргыз жаранын көчкү басып, дагы деле дайыны чыкпай жатканы далилдеди. Кенде буга чейин да жарандарды көчкү басып калган учур болгонбу? Болсо окуя эмне менен бүткөн?

– Буга чейин кыргыз журтчулугу билбеген 2-3 жабык терезени ачып берейин. Кайсыл гана жерде болбосун техникалык регламент деген болот. Мында техникалык коопсуздук каралат. Акаевдин учурунда “Кумтөрдүн” техникалык регламенти Кыргызстандын шартында бекитилбей, Канаданын Саскачеван деген провинциясынын коопсуздугу менен бекитилген. Канада кайсыл жакта дагы Кыргызстан кайда? Кыргызстандын климаты табияты башкача да. Фабрика курулган күндөн баштап коррупция өнүккөн. Кыргыздын эки жараны жок болуп жатканы өтө кейиштүү болуп жатат. 10 жылдан ашып калды, борбордук карьердин түндүк жак бети кулап кетип, кыргыздын жаранын басып калган. Аны эч ким издеген да, чыгарган да жок. Кыргыз байкуштарды алдап, анча-мынча тыйын берип коёт да, ошо менен иш бүтөт. Бир тобу мал союлуп, куран окутулуу менен эле бүтүп, компенсация маселелери ошол бойдон калып калууда. Чет мамлекетте ушундай жерде 66 киши каза болгон болсо, бул компанияны жок эле дегенде тизелетип коймок же банкротко алып келмек. Акыркы 10 жылдан бери бийлик ушул маселеге көңүл бөлбөй койду. Бул Өкмөттүн түздөн-түз иши. Эмне үчүн Өкмөт “Кыргызалтындын” ордуна өндүрүш ишканасын ачпайт? Канча киши жумуш орду менен камсыз болот эле. Ар бир райондордо тоо кендерибиз бар. Кеп бир эле алтында эмес. Көмүрдү Жолдошбаевдер казбай, мамлекет өзү казса болбойбу? Ошондо экологияга дагы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулмак. Чет өлкөлүктөр чөнтөгүн толтурат да баса беришет. Биз уулуу калдыктар менен калып, табиятыбыз талкаланган бойдон калып жатканыбыз жалганбы! Эмне үчүн ушул күнгө чейин “Кумтөрдөн” баштап башка жерлерде жардыруу ыкмасын колдонуп жатышат? Ушундан миңдеген жылдар бою эч нерсе болбой турган аска-зоолорубузда жарака кетип жатат. Мөңгүлөрүбүз талкаланып, ээрип жок болууда. Атамбаев башында турган бийлик “Кумтөргө” мөңгүлөрдү талкалоого бекер уруксат берди. Кыргыз байкуш 5 сотых жерин сугарса акча төлөйт. Канадалыктар ай сайын миллиондогон куб сууну колдонот да, бир тыйын төлөбөйт. Бул эмне деген жоопкерсиздик? Тик учак кулап, ичиндеги адамдар өлгөндө гана “Кумтөр” боюнча бир эле иш козголгон. Аны да жаап-жашырышып жок кылышкан. Ар бир ишканада киши өлгөн болсо, эмне болуп өлдү деп тергейт. Жетекчиси баш болуп баары түшүнүк жазышат. Ит өлүп калса деле ээси эмне болуп өлдү деп карайт да. Биз мал эмеспиз го. Бюджет толбой калат деп эле баарына макул боло беребизби?! Бир топ саясатчылар “Кумтөрдү” айтып келген. Бирок иш жүзүндө эмне иш кылышты? Кыргыз эли алтынсыз эле оокат кылган. Элибиздин келечеги, саламаттыгы, экологиясы алтындан кымбат.

– 16 миң 333 га жерди дагы Өкмөт канадалыктарга бербеди беле. Ал жерде коруктун жери бар экени билгилүү болгон. Бул процесстин жүрүшү кандай болгон?

– Бул боюнча так маалымат бар. 2010-жылы декабрь айында ооруканада жатсам, “2010-жылы март айында жабык эшик артында Данияр Үсөнов өкмөттүн чогулушун өткөрбөй туруп, 16 миң 333 га жерди токтомго кол коюп канадалыктарга берип салыптыр” деген маалымат келип түштү. Ал жерде кызыл китепке кирген жерлер дагы бар. 2011-жылы Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда ушул маселе боюнча кат жаздым. 3-4 ай күттүм, жооп берген жок. Башкы почтамтка барып, буйрутма менен дагы кат жөнөттүм. Ага да жооп бербей койду. Премьер-министрден жооп ала албагандан кийин айласыздан сотко бердим. Анда Атамбаев президент болуп, Бабанов өкмөт башчы болуп келип калды. Бабановдун өкмөтүнүн юридикалык бөлүмү, “Кумтөр” мага каршы болуп турду. Эч нерсе өзгөрбөптүр, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошсо башкача болмок деп ойлоп койгом. Карагулова деген судья ишти караган. Ага “Айланайын карындаш, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору кой. Өзүңүз дагы жакында көз жарат экенсиз, коркпоңуз. Декретке кетип каласыз…” деп кайрылгам. Соттун 3 отурумунда маселе биздин пайдага чечилди. Бирок, Өкмөт тескери болуп жатты. Айла кеткенде парламенттин 40ка жакын депутатына материалдарды тараттым. Мени Жогорку Кеңешке киргиздирбей, жыйынга катыштырбаганга аракет кылышты. Курмантай Абдиев, Мыктыбек Абдылдаев баштаган бир топ депутаттар “Исабековго сөз бергиле” деп турушту. Депутаттар кысмакка ала баштаганда, Бабанов айласы жок Данияр Үсөнов кол койгон токтомду жокко чыгарды. Бирок, канадалыктар ал жерге жол салып, казып, табигатты бүлдүрүп жиберген. Жер Кодексинде, Салык Кодексинде көрсөтүлгөн бир да тыйынды төлөбөй кетишти. Мындан сырткары салык, бажы төлөмдөрүнөн бошотулган борбордук аянт 9 миң 70 га жерге бөлүнгөн нерсени ары жакка алып барып бир тыйынын төлөбөй колдонуп жиберишти. Жөнөкөй ишкер бажыда ката кетирип койсо аны камап жатат. Канадалыктар миллиондогон долларлык мыйзам бузса дагы иш козголбойт?

– 16 миңден ашык га жер кайрадан берилбедиби…

– Азыркы Өкмөт, азыркы Жогорку Кеңеш карады дагы кайра беришпедиби. Мурунку бийликтин туура эмес ишин кайра жок кылса, кайрадан ошону туура деп чыгышпадыбы. Андай болсо мурункуларды сындап эмне кылат? “Кумтөрдөгү” алтындын кору 1987-жылы аныкталып, 1989-жылы бекитилген. Ал жерди аныктаган геологдордун көзү тирүү. Өкмөт ошол кишилердин пикирин угуп койбой эле, эмне үчүн бир гана тигил жактын кызыкчылыгын колдойт? Экономика, чарба иши, жер байлыктарын Өкмөт чечет. Жешсе, ичсе, коррупцияга малынса дагы өкмөттүн башчылары, анын үстүнөн караган президент малынат. “Кумтөр” 120 депутаттын ар бирине келип акча берип атыптырбы? Жок. 120 депутат желдет катары макулдугун гана берет.

– Жогорку Кеңеш “Кумтөрдөгү” мөңгүлөрдүн талкаланышына макулдугун бербеди беле. Ошол окуя эки кыргыз жарандын дайынсыз болуп жатканына кесепети тийди деп ойлосок болобу?

– Сөзсүз түрдө. “Кумтөр-1”, “Кумтөр-2” деген долбоор бар. Биз 2009-жылы алтын чырын изилдеп Монголия, АКШга чейин барганбыз. Парламенттеги ар бир фракцияга кат жазып, бирден депутат бөлүнгөн. Коммунисттерден Бүмайрам Мамасеитова, КСДПдан Роза Отунбаева, Ак жолдон Сергей Ибрагимов, өкмөттүн, ТИМдин кишилери кошулган. Ошондо эле биз барган кендерде жардыруу ыкмасы колдонулбай турганын көргөнбүз. Бизде жардыруу дагы деле колдонулуп, чаң, кумдун баары асманга учуп, алар мөңгүнүн үстүнө түшүп, химикаттардын таасиринин кесепетинен мөңгү ээрип атат да. “Центерра” ээлик кылган АКШдагы “Рен” кенине барганыбызда 730 метр жер астына кирип көрүп чыкканбыз. Роза Отунбаева коркпой кирген. Изилдеп барганыбызда бизди киргизбей, жолотпой жүдөтүшкөн. “Рен” кенинин жанында канадалык дагы бир “Баррик голд” деген компания алтын казат экен. Алардын казганы биздин үлүшүбүз бар жерге келип калыптыр. Бул компания биздин кенге келип калыптыр, кандайча?-деп чыр салгам. ТЭОсун бербей коюшканда, БУУга чейин баргам. 5 миң долларды өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөп, башка жолдор менен ТЭОну алып, АКШда 70 доллар менен калып кеткем. Биздин элчинин үйүнө жатып, тамак ичип, ошолордон карыз алып, бул жакка учуп келгем. “Рен” кени сатылып кетти, кана биздин үлүшүбүз? “Бороо” кенинен 42 тонна алтын казылып алынды, Кыргызстанга 42 тыйын да түшпөгөн. Монголиядагы “Центерра” ээлик кылган “Гацуурт” кени бүгүн да иштебей турат. Монголиянын өкмөтү акылдуу экен, салык менен эле 100 млн доллардан ашык акча алып койду. Бизде Акаев учурунда түзүлгөн, түшкөн пайдадан деген келишим боюнча 10 млн гана доллар алынган. Азыр “Кумтөрдүн” жарымынан көбү жок. Эл алтынды канадалыктар ташып кетип жатат деп ойлоп жатат. Андай эмес. Алтынды “Кыргызалтын” сатат. Бүгүн “Кыргызалтын” жөн гана брокер, ортомчу. Бул ишкананын президентинин айлыгы президент Сооронбай Жээнбековдукунан кыйла жогору. “Кыргызалтын” сатылган алтын, күмүштүн пайызын алып олтурат. Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин учурунда алтын бир гана орустардын “Номос” банкы аркылуу сатылган. Эмне үчүн Кыргызстандын банкы аркылуу сатылбайт?

– Эл билбеген көшөгөлөрду ачып берейин деп сөз башында айттыңыз эле. Калың калайык билбеген кандай көшөгөлөрдү айтайын дедиңиз?

– Кыргызстандын тийешеси, үлүшү болгон кендер башка мамлекеттерде дагы бар.

– Кайсыл мамлекеттерде?

– Канада, Түркия, Россиядагы (Тывада) алтын кендерде биздин мамлекеттин үлүшү бар. Муну эмне үчүн өз элинен жашырышат түшүнбөйм. Бул кендер “Кумтөрдүн” эсебинен алынган. “Центерра” бүгүн 100 пайыз “Кумтөрдүн” эсебинен жашап жатат. Себеби, “Баррик голд” жок, “Гацуурт” иштебейт, “Ренди” шилтеп салышкан. Бүгункү күндө 700 млн доллардан ашык каражат “Центерранын” банктагы эсебинде турат. Кыргыз бийлиги мүлжүгөн сөөктөй болгон анча-мынча тыйын берип койсо, ошого ыраазы болуп олтурат. Алтын кыргыз жеринде турат, биринчи кезекте кыргыз мыйзамы менен жооп бериши керек.

– Сиз айткан 3 кен иштеп жаткандарбы?

– Россия, Түркиядагы кендер өздөштүрүлгөн, Канададагы болсо алтын кору жакшы кен, алтын чыкканы турат. Бул кенде мынча алтындын кору бар, азыр мынча адам иштеп жатат, келечеги мындай, Кыргызстандын ала турган үлүшү ушунча болот деп бирөө айткан жок. “Центеррада” вице-президент кыргыз жараны. Атамбаев убагында вице-президент кыргыздан болсун дегенге кол койгон. Директорлор кеңешинде дагы Кыргызстандын 2 мүчөсү бар. Алар 20 миң доллардан айлык алышат. Булар дагы эч качан жооп беришпейт. Кыргыздын пайдасы үчүн маселе көтөрүшпөйт. Биздин талапты талаша турган, ишти билген адамдарды ошол жерге эмне үчүн алып барбайт? Мен күмүш кайда кетет деп издедим. 2009-жылдын 1-январына чейин 62 тонна күмүштү “Кыргызалтын” сатыптыр. 62 тыйын да бюджетке түшкөн эмес. Бул кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгыбы же аралашканыбы түшүнүш кыйын. ӨКМ жоголгон эки жигитти издеп жатат. Эмне үчүн ӨКМ издейт да тигилер издебейт? Чыгымды ким төлөйт? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин иш козголуп, ‘Кумтөрдүн” жетекчилигинин бир тергөөчү суракка чакырып койгон жок? Тоок жоголсо деле издейбиз го. Башкы прокуратура деле “Иш козгогула, жок дегенде экөөсүн камагыла!” деп тапшырма бербейби. Киши жоголуп, экология бузулуп жатса баардык эле эл аралык сот бизди колдойт. Канадада 1 кв метр жерди эч ким бекер бербейт. Биз болсо он миңдеген жерлерди берип жатабыз. Мен Монголиядагы “Бороо” кенине барып изилдегем. Аларда биздикиндей мөңгүлөрү жок. Монголдордун кыйындыгын караңыз, тоосун кайра тоо кылып, жолдорун оңдоп койду. Биздеги уулуу зат чогулган жердеги суу Ысык-Көлгө келип кошулат деп ойлойт. Жок, биринчи эле Нарын дарыясына кошулат. Мен күч менен басып алууга каршымын. Себеби, тополоң чыгып, кимдир бирөө уулуу калдыктар сакталган жайды ачып жиберсе, Нарын дарыясы менен Кыргызстанды кыдырып, Казакстанга чейин жетип, эл аралык жаңжалга алып келет. Кудай анын бетин нары кылсын. Макул, мурунку бийлик жаман экен. 10 жылдан бери эмне үчүн рекультивациялык фондду Кыргызстанга алып келип койбойт. Азыр да Англияда турат. Канадалыктар басып кете берсе, биз аңгек-дөңгөк менен калабызбы.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Дүйшөн Керимов: "Президент Жээнбеков Сооронбай, "сормо саз" үстүндө бараткандай..."

-Дүйшөн аке, кетип бараткан жыл жөнүндө сөз кылсак, жеке өзүңүз 12 айды кандай өткөрдүңүз жана кандай ой-пикирде жыйынтыктап турасыз?

– Ушул куракка чейин көрүп, угуп, окуп, аңдап-тааныган акыл ой булактарына таянуу менен баам салсаң ден-соолуктуу тирүүлүктүн ар бир аткан таңы, баткан күнү, көз ирмеми маанилүү, маңыздуу, кымбат, кыйбас кадырлуу майрам го деген мазмун, сюжет, образ калкып чыгат. Ал эми бүтүндөй бир жылды кино тасмасындай кайрадан көз алдыдан өткөрсөк, албетте эскерүүлөр аз эмес. Маселен, жыл башы – январь, февраль айлары анча аяздуу болбой мээримдүү өттү. Өнөр адамы катары бул жылды, өзгөчө бирдеме жазсам деген дымакта баштаганым да эсте.

– Кайсы убакта жазасыз? Дегеле жашоо эрежеңиз барбы?

– Ооба, оголе такыбалыкка жетпесең да жаш курак, жашоо тажрыйбаң ошого карай жетелейт экен. Маселен, эреже тууралуу жалпылаштыра айтканда таңкы бештерде ойгоном, чоң кесе жылуу суу ичем, багымдат окуйм, столго олтурам… Анан күн чыгаар алдында ээнге жөнөп, эки сааттай жүрүп келем.

– Багымдат демекчи, азыр коомдо “Кыргызстан светтик мамлекет, динди саясатка аралаштыруунун кереги жок” деген да талаш-тартыш күч…

– Ошол “күч” ким? Кыргызым го… Эсеби маселен, “Светский” жашоонун атаман өлкөсү Американын же өзүбүз үлгү алып, таасиринде чоңойгон Россиянын президенттери чиркөө – храмга барып сыйынса ким айгайлап атат? А аз кыргыздын бүгүнкү каза болгондорунун 99,9 пайызы ак кепинделип, жаназа окулуп, жерге берилерин көрүп туруп, “светский” деп мөңкүгөндөр жашоону жаркытып жибербейт. Тек, бул адат атеисттик СССРден калган, бая биз дамамат айтып жүргөн орден, медаль тагып, түрдүү наам берип алдамай, бийлик ариясын ырдатмай, аял-эркек укугу, эми ага Батыштын балдардын укугу дегенин кошуп алып, “сокур” желпинмей же дээрлик баарыбыз азабын тарткан аракечтик жана ысырапчыл тойломой сыяктуу ит адат, башаламан – бардак адат ааламдын көз жашындай, тумар мончогундай Ала-Тоону атамзамандан мекендеп келген азганактай ак калпак элди дегеле жакында жакшылыкка алып барбайт го деп кейийим, иним.

— Ошентип, кыш мезгили мээримдүү өтүп, жаркыган жаз келди деңизчи…

– Ооба, март айынын башталышы менен Сауд Арабиясында өткөрүлгөн “Көчмөндөр ааламы” этно фестивалына барып келгинибизди ушул “Жаңы Ордого” жарыялагам. Мынча болду ошол баянда “аттап” өткөн бир окуяны эскере кетпесек болбос. Баш-аягы 20 күнгө созулган фестиваль борбор калаа Эр-Рияддан 180 чакырымча этно шаарчада өтүп, кетээрге жуук ал жерден миң чакырым аралыктагы айтылуу Мекке, Мединага алып барышты. Узун сөздүн кыскасы, элибиздин көчмөндөр оюндарын изилдеп “Айкөл Манас оюндары” деген аталышта китеп жазып жүргөн, туура 63 жаш куракка келген мен үчүн бул зор окуя, жышанаалуу салтанат болду десем куп жарашар, атаңдынгөрү дүнүйө… Икром кездемеге оронуп, Кабаанын кара ташын жети айланып, зам-зам суу чыккан жерди жети жолу желип өтүп, ыйык жерде эки рекет намаз окуп, чачты “лысый” кырдырып, мейманканага чаалыгып жеткен кечте Кабыл палван үкөмдү “Жүрү!” деп, жанжолдош кылып алып, асман тиреген ар түркүн имараттарды аралай, Кабаанын короосуна кайрадан жөнөдүк. Жолдо баратсак, калааны дүңгүрөткөн азан үнү жаңырып, ашкана, дүкөн, кеңсе дебей “шаракка-шурак” жабылып, көпчүлүк түгөл көчөгө эле шам намазга казкатар тизилип калды. Кабыл экөөбүз да баштарына чалма оронгон индустарга бирге туруп намаз окуй баштадык. Ошол карарган жыпжылуу асфальтка сажда кылып, кыямга тик турган учурда, жаныма кайран көчмөн доордун акыркы нускасындай болгон чоң тебетей, намазкөй, батакөй да чоң атам “Сарыбайым…” деп, келгендей болду… Шүгүр, өмүрүмдү жаркыткан көз жашка аралаш андагы ажайып сезим, а балким андан соң кайталанбаса да эс-акыл барында өзүмө түбөлүк эш болор касиетке айланып, жүрөктүн түпкүрүнөн орногону анык. Ал эми калганы өзүңө дайын баатыр, сен да, мен да Орозо кармадык, Кубат аке жазгандай “ошентип алданемедей жай да өттү…” Эки, үч жылдап жазып келген “Наал эже”, “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Моңолдордун Жакыпбек”, “Кайран энең Каныкей жана Нагима апай”, “Жол башчы” ж. б. чыгарма болумуштарым, бир далай ойтолгоо, макала сериялары жарык көрдү. Күз да берекелүү болду. Ошол Аравия чөлүн же береги Казакстандын суусуз кең талаасын көргөндөн кийин жазып, айтып жүргөнүмдөй кагылайын ак мөңгү Ала-Тоо жергебиздин чөбүн жеп, суусун ичсек да ачкачылыктан өлүп кетпейбиз го…

— Кут болсун дейли, а эмне үчүн Дүйшөн аке, анда өзүңүз баштап биздеги жашоо көйгөйүнүн көптүгүн азыр эле өзүңүз айткандай кайра-кайра козгоп жатабыз же көнүмүш адатпы?

— Баардыгы мына ошондой салыштыруудан башталат, айтылат, аныкталат, атаандаштык пайда болот. Атаңдынгөрү дүнүйө, мына ошол алыстан олигарх араб шейхтери келип, көздөрүнө жаш ала суктанган жерибиз жаннаттай сонун болгону менен эл башкарган заманбап лидерден өксүктүгүн, элибиздин нарк, насил, намыс, биримдик, билимден өксүктүгүн кайда катабыз? Эзелкисин айтпаганда да кечээки калмак-ойроттун баскынында, Кокон хандыгынын кордугунда, Абылай хан менен Кенесары хандын чапкынында, Ак падышалык орустун 16-жылдагы алааматында аман калган элди Акаев баштаган алысты көралбас президенттердин айынан Кытайдын коогалуу карызына батып, каруу-күчкө толуп турган төрт кыргыз болсо, биринин бейиштей жеринен тентип кетип, бөтөн жерде айрым ит көрбөгөн кордукту көрүп жатканы чыкыйында ойлонорго жөндөмдүү урпактын анык трагедиясы го…

– Президенттин кечээги маалымат жыйынына, дегеле эки жылдан ашып бараткан ишмердигине кандай баа бересиз?

– Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде дал ушул “Жаңы Ордого” ал кишинин тек-жайы тууралуу “Алымбек даткадан кийин адыгине урпактарына оомат эми келди” деп жазганым эсте. Не дейбиз? Акыйкатта Атамбаев “жетелеп” келсе да, аяздуу күнү ТЭЦ жарылып, улуу Жараткандын жазмышы менен Жээнбековдун алдында эки айрылыш жол туруп калды. Биринчиси, аталык болгусу келген Атамбаевге карай, экинчиси акыйкат жолу. Бул боюнча кечээги жолугушууда президент өзү да жетишерлик айтты. Бир сөз менен айтканда, мен деле “Президент Жээнбеков Сооронбай, “сормо” саз үстүндө келаткандай…” деп ырдап ийгим келип турат. Карачы баатыр, эгемендик делген береги чейрек кылымга жетпеген аралыктагы президенттерибиз, Роза эжекебизди Кудай сактасын деп жүрдүк эле, түгөлү менен терс образга айланып кеткен факт-окуя мурда-кийинки тарыхта кайсыл эл, жер, мамлекетте болду экен? Бул жагынан камап атса, ал жагынан уурдап “өлүп” атат. “Качып кетти”, “Издөөдө”, “Баш коргоо чарасы өзгөртүлдү”, “Үй камагына чыгарылды”, “Жаңы жагдай ачылды”, “Тергөө менен кызматташып жатат” ж.б.у.с. жаңы сөз, термин, аныктама жайнап чыкты. Өткөндө депутат бирөө эгемендик жылдарында 3500дөн ашык мыйзам жана ошол сыяктуу АКТылар кабыл алынганын айтып жатат. Дагы да мыйзамдар жетишсиз экен. Ансыз да куругун Өкмөт мүчөлөрүн иштетпей ар күнү депутаттар маңдайына тизип алып, экзамен алып олтурат го.

Ушундан улам кытай акылманы Лао Цынын 2500 жыл илгери “Мыйзам жана буйруктар көбөйгөн сайын ууру-кескилер да көбөйө берет” дегени аргасыз эске түшөт.

– Президент көпчүлүк суроолорго “Парламент же соттор чечиши керек. Мен кийлигише албайм” дегендей жооп кайтарганы сиздин купулга толдубу?

– Мен президенттин акыйкат жолун тандаганын, ата уулу экенин жана сабырдуулугун сыйлайм, үмүт этем. Бирок, мындан бир жарым кылым мурда Калыгул олуя бабабыздын айткан дегендери азыркы турмушубузда толук далилденгенин эскертким келет. “Кум чогулуп таш болбойт, кул чогулуп баш болбойт” дегени дал бизге, бүгүнкү күнгө айтылып жаткан жокпу? “Ажыдаар” мамлекеттердин азуусунда калып, ааламдашуунун чамындысына айланбаш үчүн бизге – Кудайдын кулу, алакандай Кыргызстан өлкөсүнүн өзөктүү эли аз кыргызга бир баш, жол керектигин, айрыкча зарыл экендигин береги ат жалындагы учкул заман өзү далилдеп, күн сайын көзгө сая көрсөтүп турат го…

– Дүйшөн аке, сөзүбүздү кайрып, Жаңы жыл босогосунда эл-жериңизге каалоо-тилегиңизди да айтыңыз?

– Эмесе, Оо Улуу Жараткан, эл-жерибизге тынччылык берип, бөөдө-алаамат, коогаландан сактайгөр! Элге бер, эл ичинде бизге да бер, ден-соолук, амандык, ыйман ырооло! Байыркы бабаларыбыз айткандай ажобузга айкөлдүк, калыстык, ынсап-ыймап, намыс бер! Урпактарыбызга кең келечек, бак-таалай тилейбиз! Оомийин!

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Меню