Menu

Алдамчылык

Нарын ОИИБи: Күмөн сайттарга киргендерди коркутуу менен акча каражатын опузалап талап кылып жүргөн жаран кармалды

2021-жылдын  сентябрь айынан баштап бүгүнкү күндөргө чейин шектүү Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Р.Ж.  белгисиз адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып,  мыйзамсыз оңой материалдык пайда табуу максатын көздөшүп “Альфа-Телеком” ЖАКтын жана “Нур-Телеком” ЖЧКнын абоненттеринин Конституциалык укугун бузуп, шантаж жолу менен “Ички иштер министрлигинин билдирүүсү! Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган материалдар камтылган сайттарга киргениңиз үчүн бөгөттөлдүңүз…..
Бөгөттөн чыгуу үчүн мамлекеттик капчыкка айып төлөшүңүз керек… ” – деген SMSти күмөн интернет сайттар  аркылуу жарандарга жиберишип, аларды коркутуу менен опузалап 2200  сом акча талап кылышып, төлөм
терминалдарын колдонушуп АУБ, Easy Pay, QIWI, Кошолек Компаньон, О! Деньги, Элсом, МБанк Online жана Optima24 аркылуу өзүлөрүнүн электрондук капчыктарга жарандардын акчаларын которттуруп алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга болжол менен 500 миңден ашык чыгым келтирилгени аныкталган. Жабырлануучулардын саны дагы такталууда.
Бул факты  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен Кочкор РИИБнүн КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча шектүү Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну 1989-жылы туулган Р.Ж.  кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.
“Альфа-Телеком” ЖАКтын коопсуздук боюнча кызматкерлери кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшкөн.

УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча «Э.И.У.» кармалды

КР УКМК 2021-жылдын 30-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында «Э.И.У.» аттуу жаран кармалды. Ал жасалма документтерди колдонуу менен жеке адамга Ысык-Көл облусунун аймагындагы пансионаттардын бириндеги коттеджди 40 миң АКШ долларына саткан жана мурда алынган каражатты кайтаруудан баш тартып, өлкө жана атайын кызматтардын жетекчилиги  менен байланышы бар экендигин айтып коркуткан.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК мындай алдамчылыктардан жабыркаган жарандардан тиешелүү арыз менен же УКМКнын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну суранат 0312 660475. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Нарын милициясы телефондук алдамчылардын көбөйгөндүгүн эскертет жана сак болууга чакырат

Заманбап технологияларынын өнүгүшү менен пайда болгон көптөгөн позитивдүү көрүнүштөргө жанаша   заманбап технологиялар мейкиндигинде жана аларды колдонуу менен жазалган кылмыштуу аракеттер  өнүгүүдө.

Заманбап технологиядарды колдонуу менен ишке ашырылган кылмыштуу курамдардын бири бул- коомчулукта “телефондук алдамчылык”  аталышта белгилүү болгон, алдамчылык кылмышы жана жоругу.

Телефондук алдамчылык- алдамчылык кылмышынын жана жоругунун  заманбап түрү деп атаса болот, өз учурунда  мобилдик алдамчылык телекоммуникация чөйрөсүндөгү эң  кенири жайылган кылмыш.

Адатта  телефондук алдамчылар өзүнүн кылмыштуу  аракеттерин  ишке ашыруу үчүн интернет мейкинидигин жана   уюлдук байланышты колдонуу аркылуу, атайын тандалган же туш келген жарандын ишеничине кирип аны алдоо аркылуу өз максатына жетет.

Телефондук алдамчылыкты ишке ашыруунун көп кездешкен түрлөрү:

–        жарандарга  ар кандай утутштарга ээ болгондугу боюнча кабарлап, утушту алуу үчүн кандайдыр бир суммадагы акча каражаттарын которууга же алардын банктык карталарынын маалымат берүүгө түртүү;

–        жарандардын туугандарынын, досторунун атын жамынып, телефон аркылуу жашоодогу оор абалга кабылгандыгын, тез арада акча каражаты керек болуп жаткандыгын айтып кандайдыр бир суммадагы акча каражатын которууга мажбурлоо.

Бүгүнкү күндө телекоммуникация каражаттарын колдонуу аркылуу жазалган алдмачылык фактылары боюнча Нарын ОИИБна жарандардан  жалпы 3 (үч)  арыз-даттануулар түшүп,  алар боюнча 3 (үч) сотко чейинки өңдүрүш иштери башталган.

Ошол себептүү, Нарын ОИИБы,  Нарын облусунун тургундарынан жана конокторунан алдамчылык менен күрөшүү максатында укук коргоо органдары менен тыгыз байланышууга жана телефондук алдамчылардан сак болуп,  интернет-мейкиндигинде тараган  шектүү шилтемелерди ( ссылка) жайылтпоого жана   телефондук алдамчылардын аракеттерине кабылган учурда алар тарабынан айтылган маалыматтарды текшерүү аракетин көрүүгө (мисалы тууганынын атын жамынын, оор абалга түшкөндүгү жөнүндө билдирсе, дароо ал тууганына таандык номер менен байланышуу же анын жанында болушу мүмкүн болгон адамга чалып маалымат алуу) чакырат.

Эгерде  шек жараткан чоочун абоненттик номерлер аркылуу жүргүзүлгөн  СМС-билирүүлөр, чалуулар түшсө дароо 102 ге билдирип,   далилдерди  сактап  калып өткөрүп  берүүңүздөрдү сурайбыз.

ИИМ: Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, 5 жаранды $21500 акчага алдап кеткен шектүү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.К.  кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран Ж.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21 500 АКШ долларында чыгым келтирилгендиги аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаран Ж.К. Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Кармалган жаран Ж.К.дан жабыркаган жарандар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, 0702-20-40-70,  0705-00-88-08 телефон номурларына  кабарлашса болот.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда  бардык документтерди дыкат текшерүү керектигин, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылууну эскертет.

ИИМ: 37 жаштагы алдамчы келин кармалды, жабыркагандар милицияга кайрылыңыздар

ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Араван районунун тургуну О.А. Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын аймагындагы бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгын аныкташкан. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, кармалган 37 жаштагы О.А. айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду сатуу шылтоосу менен жарандардын ишенимине кирип, бирок мобилдик телефондорду алгандан кийин ал жок болуп кеткен.
Учурда кармалган жаран жазык-процессуалдык кодекстин 98 беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери О.А. башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иштерин улантууда. Ушуга байланыштуу шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандардан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн төмөнкү номерлери боюнча кайрылууну суранбыз: 693535, 0999019102, 0708003619.

УКМК: Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

Бүгүн, 2-июлда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн 1994-ж.т. «И.Р.А.» аттуу Россия Федерациясынын жараны кармалды.

Азыркы учурда, КР УКМК кармалган «И.Р.А.» Россия Федерациясынын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Маалымат катары: «И.Р.А.» Россия Федерациясындагы Алтай аймагынын Барнаул шаарында («Банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык») боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.  

ИИМ: Криминалдык милиция бирөөнүн $12.000. акчасын алдап кеткен УКТнын мүчөсүн кармады

Бишкек шаарынын Ленин РИИБге жаран кайрылып, анын ишенимине кирип, пайдалуу келишим түзөбүз деген шылтоо менен 12000 АКШ долларын ээлеп алган адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Жабырлануучуга ири материалдык чыгым келтирилген.
Аныкталгандай, шектүү өзүн автоунаалар менен алектенген ишкер катары тааныштырып, «Тойота-Лендкрузер 200» үлгүсүндөгү автоунааны сатып алууну көздөп жатканын, бирок акча каражаты жетпей жатканын айткан. Чала тааныш адамдын айткандарына ишенген жабырлануучу ири өлчөмдөгү акча каражатынан кол жууган. Акча каражатын алган соң шектүү белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.
Бул факты КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБи Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш катталган.
Тергөөнүн тапшырмасынын алкагында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүү 1983-жылы туулган С.В.нын кайда жүргөндүгү аныкташкан. Жогорудагы жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн тергөө органдарына жеткирилген.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жаран С.В. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын башка алдамчылык фактыларына тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген адамды кармашты

2021-жылдын май айынын аягында Ош облусунун Араван районунун тургуну ички иштер органдарына анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп берүү жана мыйзамды бузгандарды жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Белгилүү болгондой, белгисиз бир адам арыз ээсинин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 18 миң АКШ долларын алган. Арыз ээси бир аз убакыттан кийин карызды төлөп берүүнү талап кылганда, ал ар кандай шылтоолорду айтып, келбей кача баштаган, андан тышкары, коркутууга аракет кылып кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрүн ага акчадан баш тартууга мажбурлоо максатында жөнөтө баштаган.
2021-жылдын июнь айынын башында Ош облусунун Араван районунун дагы бир тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 2017-жылы белгилүү бир жаран анын ишенимине кирип миллион сомдон ашык суммадагы акчаны алдап алгандыгын айткан. Андан кийин ар кандай себептерди айтып жолугуудан качып жүрөнүн айткан.
Эки арыз ээси тең бир адамга мыйзамдуу чара көрүүнү суранышкан.
Тергөө буйругунун алкагында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жакында ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 1986-жылы туулган жаран А.С. кармалган, ал мурда бир нече жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Ошол эле күнү ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул жаран мурда 8 эпизод менен алдамчылык иш-аракеттери үчүн 166-берененин 3-бөлүмү ( эски кодекс) менен жоопко тартылган.
2019-жылы ал Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, сот пробациялык көзөмөлдү дайындаган. Бирок, соттолгон адам сыноо мөөнөтүндө жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акча төлөгөн эмес. 2020-жылдын февраль айында жаран А.С. атын өзгөртүп, жаңы документтерди алган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.
Тергөө амалдары уланууда.

Аламүдүндө чет элдик аялдын $5750 алдап кеткен Ысык-Көлдүн 38 жаштагы жашоочусу Т.Ч. "Лола" алдамчылыкка шектелип, кармалды

Аламүдүн районунун ИИБнө коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны 46 жаштагы Ю.Р. аттуу аял арыз менен кайрылып, чала тааныш аял киши анын ишенимине кирип, зер буюмдарды жеткирип берүү үчүн алдоо жолу менен арыз ээсинин 5750 АКШ долларын алып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
2021-жылдын май айында “Лола” аттуу аял өзүн зер бумдарды жеткирүү боюнча менеджер катары тааныштырып, зер буюмдар үчүн бажы тариздөөлөргө жана башка төлөмдөргө керектөө үчүн алгач 2500 кийин 3250 доллар которткон. Жыйынтыгында алдамчылыктын курмандыгы болуп, милицияга арыз менен кайрылганын билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция
кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жогорудагы алдамчылыкка шектелип Ысык-Көл облусунун 38 жаштагы жашоочусу Т.Ч. аттуу аял кармалган.
Териштирүү учурнда жогорудагы аял алган акча каражатын өзүнүн керектөөлөрүнө иштетип жибергени маалым болгон.
Кармалган аял үй камагына алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Эгерде кимде-ким жогорудагы аялдын аркетинен жабыркагандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот.
Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүгү 0(312) 36-35-27, 0(704) 98-08-08

Аламүдүн районунда бирөөнүн "Лексус" унаасын алдап алып кеткен 26 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды

2021-жылдын май айында Аламүдүн РИИБнө С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш кыз анын “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, кийин аны күрөөгө коюп кеткенин билдирип ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул тууралу Чүй облустук милициянын  басма сөз кызматы билдирет.

Жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, арыздануучу 2015-жылдан бери жеке ишканалардын биринде ижарага автоунаа берип эмгектенээрин билдирген.
Анын айтымында жогорудагы кыз үч жылдан бери андан автоунаа ижарага алып жүргөн. Акыркы жолу 2021-жылдын февраль айынан 5-майга чейин келишим түзүлүп, жогорудагы автоунааны алып кеткен. Болжол менен 2021-жылдын апрель айынын аягында автоунаадагы GPS жабдуусу иштебей калган. Кийин арыз ээси автоунаанын турган жерин тактаган учурда автоунаа күрөөгө коюлганы аныкталган.  Жогорудагы кыз автоунааны кайтарып бербей ар түрдүү шылтоолорду айтып жүргөндүктөн милицияга арыз менен кайрылганы маалым болгон.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кыздын өзүгү аныкталып, кармалган. Ал 1995-жылы туулган А.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин үй камагына коё берилген.
Учурда бул иш боюнча чогултулган тиешелүү материалдар сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Меню