Menu

Алымкадыр Бейшеналиев

Мурдагы министр Алымкадыр Бейшаналиевге козголгон кылмыш иштеринин баары токтотулду

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон жети кылмыш ишинин баары токтотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, мурдагы министрден бардык айыптоолорду алып салуу жөнүндө чечим кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу августта эле кабыл алынган.

Бейшеналиевдин ишин иликтеген ИИМ бул боюнча азыр комментарий бере элек.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү балдардын "Алтын балалык" реаблитациялык борборуна директор болуп дайындалды

Бүгүн, 19-августта КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу боюнча Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү балдардын “Алтын балалык” реаблитациялык борборуна директор болуп дайындалды. Бул тууралу ал өзү журналисттерге билдирди.

Андан сырткары Алымкадыр Бейшеналиев эртең, 20-августтун таңында Түркияга белгисиз мөөнөткө учуп кете турганын кошумчалаган.

Ага чейин КР Президентинин Алымкадыр Бейшеналиевди КР Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотуу тууралу буйругу жарыяланган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын 14-октябрынан бери Саламаттыкты сактоо министри кызматын аркалап келген.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматы тууралу чечимди жакынкы күндөрдө кабыл алат

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев кайра өз иш ордуна барууга даяр экенин билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун чечимин күтүп жатканын айтты.

Мамлекет башчынын басма сөз катысы Эрбол Султанбаев жергиликтүү басылмаларга Садыр Жапаров Бейшеналиев тууралуу чечимди жакынкы күндөрү кабыл аларын маалымдады.

Мунун алдында, 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Бейшеналиевге козголгон башка иштер боюнча тергөө уланууда жана Башкы прокуратура азырынча кандайдыр бир маалымат бере элек.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Башкы көзөмөлдөөчү орган эл аралык жардамга карабай Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылы чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынганын, ага карата жалпы жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Бейшеналиев 16-июнда үй камагына чыккан. 25-июнда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Бейшеналиев тууралуу пикирин билдирип, “экөөндө тең күнөө барын” айткан.

Жапаров эки жетекчи тең ишинен убактылуу четтетилип, кайра Зулушев кызматына барганын, Бейшеналиев үй камагына чыгышына байланыштуу “соодалашуу жүргөн окшойт” деген мазмундагы күмөн ойлорду жокко чыгарган. Зулушев 16-июнда кайра өз милдетин аткарууга киришкен.

Министр Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши анын аракетинде кылмыш курамы жок болгондуктан кыскартылды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын 2022-жылдын 16-августундагы токтому менен А.С.Бейшеналиевге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-б., 2-б., 336-б., 2-б.,№03-150-2022-000052 кылмыш иши анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылды. Бул тууралу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.
Тергөө ушундай тыянакка келгенин себеби, COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу менен Министрлер Кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы, ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эместиги жана бүгүнкү күндө республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болду.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасында COVID-19 вакциналарына «Жеткиликтүү жана адилеттүү камсыз кылууга багытталган “COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 454 000 (он үч миллион төрт жүз элүү төрт миң) АКШ доллары өлчөмүндө орду толтурулган.
Ошентип, Бейшеналиев А.С. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына келүүгө толук укуктуу.

Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын абагынан үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык соту КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди УКМКнын абагынан бошотуп үй камагына чыгарды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2-июнда КР Башкы прокуратурасы министр Бейшеналиевге каршы 7 кылмыш ишин козгоп, УКМКнын абагына 48 саатка камаган болчу.

Ал эми 4-июнда Октябрь райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевди 2-июлга чейин УКМКнын абагында калтырган. Министрдин адвокаттары райондук соттун бул чечими боюнча шаардык сотко арыз менен кайрылышкан эле.

 

Министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча президент Садыр Жапаров түзгөн комиссия өз ишин аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө аныкталгандай, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон.
Алсак, 336-берене (коррупция) боюнча 1 кылмыш иши козголгон;

337, 339-беренелер (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, атайылап пайдасыз келишим түзүү) боюнча – 4 кылмыш иши;

Ошондой эле 343-берене (опузалап пара талап кылуу) боюнча 2 кылмыш иши козголгон.

Комиссия саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди. Мындан тышкары, комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев жана генпрокурор Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:

— Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин,

— Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.

Генпрокуратура: Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 1,5 млрд сомдук коррупциялык факт менен кармалды

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин “Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурушкандыгы аныкталды.

2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казахстандан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшүп, ошондой эле, Өлкө Президенти Кытай жана Орусиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошумча 6 млн. дозадан ашык вакциналарды акысыз гуманитардык жардам иретинде бериле тургандыгын макулдашылгандыгына карабастан, Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон.

Натыйжада, көрсөтүлгөн мамлекеттерден гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң  640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн. 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө.

Натыйжада мамлекетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 жеке менчик медициналык мекемени жабат

Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия апрелде 370 менчик медициналык уюмду текшерип чыккан. Текшерүүнүн жыйынтыгында “лицензиясы жок, уруксатсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн, даректери лицензия менен дал келбеген фактылар аныкталып”, анын негизинде 111 менчик медициналык мекемелердин ишмердигин токтотуу үчүн акт жазылган.

Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинеттер менен клиникалар аныкталган. Аларга билдирмелер берилген. Андан кийин мыйзамдык чараларды колдонуп, айып пул салуу үчүн Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборуна маалыматтар бериле турганы айтылды.

Буга чейин министрлик Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.

Мурдараак мекеме 84 дарыкана уруксат документтери жок иштеп жатканы аныкталганын жарыялаган.

Меню