Menu

БУУ

Эдил Байсалов: «Кыргызстан дагы үч миң жыл бою БУУнун мүчөсү жана эгемендүү мамлекет катары калат»

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдарга БУУ туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча рамкалык програмасынын бетачарында сөз сүйлөп, анда бул иш-чаранын Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынгандыгына 30 жыл толгон күнү өткөрүлүп жаткандыгы маанилүү экендигин белгиледи.

«Биздин өлкө БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары .

Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргызстандагы БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн ЮНДАФ Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун бардык кеңсе өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним Грамотасын тапшырды

2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним Грамотасын тапшырды.

Туруктуу өкүл Аида Касымалиева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө контекстинде өлкөнүн БУУдагы приоритеттери тууралуу маалымат берди. А.Касымалиева ошондой эле өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүлүп жаткан артыкчылыктуу багыттары жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров тарабынан 2022-жылды “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыялангандыгы, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы “2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” аттуу резолюцияны кабыл алгандыгы жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдыдагы 77-чи сессиясынын алкагында “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттери” деген жаңы резолюциянын долбоорун сунуштоо боюнча Кыргыз Республикасынын демилгеси тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын Туруктуу өкүлү А.Касымалиеваны жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады. Ал ошондой эле Президент С.Н.Жапаровго жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргызстанга бир нече жолу ырахат менен келгенин жана Кыргызстандын элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерерин белгиледи. Бул контекстте БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун өнүктүрүү программасынын (ӨП) администраторунун орун басары, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча региондук директору Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алды.

Ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы БУУ тутумунун Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, Уюмдун агенттиктерине туруктуу өнүктүрүү жаатында өлкөдөгү ишмердиги жана Баткен облусуна көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент аймакты өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан программанын алкагында Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин баса белгиледи. Мындан улам узак мөөнөттүү келечекте чек ара райондорун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров чек ара аймактарынын тургундарынын жашоо-шартын жакшыртуу маанилүү экенин белгилөө менен чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча атайын, максаттуу долбоорлорду биргеликте ишке киргизүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчысы ошондой эле дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөр барган сайын актуалдуу болуп бараткандыгына токтолду. Жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрө тургандыгына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жетиштүү жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү көздөп жатканын билдирип, БУУну бул багытта бирге иш алпарууга чакырды.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер БУУнун түзүмдөрү өлкөнүн чек ара райондорунун жашоочуларына кошумча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча иштерди канааттануу менен белгилеп, алардын коом турмушундагы активдүү ролуна токтолду. Мирьяна Сполярич Эггердин айтымында, Кыргызстан региондогу өлкөлөрдүн арасында бул багытта алдыңкы орунду ээлейт.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы учурда Өнүктүрүү программасы иштелип жаткандыгын, анын алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүү каралып жатканын маалымдады.

Мирьяна Сполярич Эггер бул программа 2021-2026-жылдарга карата Кыргызстанды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын приоритеттерине жооп берет деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле ал айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча экологиялык долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы кыргыз тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Видео - Ализа Солтонбекова БУУнун Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенция боюнча 14-сессиясында сөз сүйлөдү

«Азыркы учурда БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын Кыргызстан тарабынан ишке ашырылышы боюнча улуттук отчетту даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат, аны ушул жылы адам укуктары боюнча Комитетке берүү пландаштырылууда”, – деди  Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

Кыргызстан 2019-жылдын 13-мартында БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялаган, анын алкагында алардын өлкөдөгү абалы жакшырышы керек.

Учурда Кыргыз Республикасында 195 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, алардын 32 миңи балдар. Акыркы он жылдын ичинде республиканын калкы 18% га, ал эми ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саны 47% га өстү.

“Кыргыз Республикасы социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет. Социалдык теңсиздиктин себептерин жана аны жоюунун жолдорун аныктоо – бул биздин коомдун мындан аркы ийгиликтүү өнүгүүсү менен байланышкан мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты ”, – деди Солтонбекова.

Анын айтымында, мамлекет мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо тутумундагы мамилелерди адаптациялайт, көңүлдү турмуштук ишмердүүлүккө жана көзкарандысыз жашоонун жаңы концепциясын калыптандырууга бурат.

Бүгүнкү күнгө чейин, Кыргыз Республикасында 2021-2040-жылдарга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка мобилдик топпор  үчүн “Жеткиликтүү өлкө” аттуу Мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыккан, бул биринчи кезекте аларды билим берүү жана жумуш менен камсыз кылуу жаатында иш-аракеттердин бардык чөйрөлөрүнө интеграциялоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кеңеш туруктуу коммуникация платформасы катары түзүлгөн. Кеңештин негизги милдети – БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш-чараларды контролдоону жана ведомстволор аралык координациялоону камсыз кылуу, мамлекеттик органдарга социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча мыйзамдарды ишке ашырууга көмөктөшүү майыптарга жана конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди жүзөгө ашырууда майыптарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалын жакшыртуу максатында, мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу жигердүү колдонулуп жатат. Албетте, бул ишти күчөтүү керек », – деди Солтонбекова.

А. Солтонбекова белгилегендей, мамлекеттик орган  тарабынан “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

Меню