Menu

ЖКнын VII чакырылышына шайлоо

УКМК: КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин биринин өкүлү добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде (Шайлоочуларды сатып алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы, Кыргыз Республикасынын жараны “С.М.О.” кармалды.

Такталгандай, КР ЖК депутаттыгына талапкердин жакын тууганы болгон “С.М.О.”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын бузуу менен, Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, соттун санкциясы менен 2021-жылдын 16-ноябрында акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган “С.М.О.нун” добуштарын сатып алуу боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Ошол эле учурда “С.М.О.” жана анын унаасын тинтүүдө  шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты  табылган.

Сурактын жыйынтыгы менен кармалган “С.М.О.” Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер учурдагы шайлоо мыйзамдарынын жана саясий партиялар тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алкагында катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек ш), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

  • Чуйская область (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абадская область: (03722) 5-60-49;
  • Ошская область: (03222) 2-30-78;
  • Иссык-Кульская область: (03922) 5-11-80;
  • Таласская область: (03422) 5-20-43;
  • Нарынская область: (03522) 5-08-49;
  • Баткенская область: (03622) 5-00-33.

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

БШК электрондук капчык аркылуу добуш сатып алууга көзөмөл жүргүзөт

Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук капчык аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу коркунучун алдын алууга байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Ага Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана Финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү катышты. Анда идентификацияланбаган төлөм тутумдары аркылуу аткарылчу төлөмдөргө байкоо жүргүзүү маселеси талкууланды.
Жыйынтыгында добуш сатып алуунун мүмкүн болуучу учурларын аныктоо боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

  • БШК, Улуттук банк, коммерциялык банктар жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматы шайлоо мезгилинде, айрыкча шайлоо датасына чейинки эки жуманын ичинде (2021-жылдын 15-ноябрынан 28-ноябрына чейин) жана шайлоодон кийин (2021-жылдын 29-ноябрынан 18-декабрына чейин) банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
  • Төлөмдөрдү колдонуунун массалык мүнөзү (кыска убакыттын ичинде бир түзүлмөдөн бирдей суммада кайталанган транзакциялар же убакыттын белгилүү бир тогошунда катары менен бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар) күмөндүү төлөм деп эсептелсин.

Жазык кодексине ылайык шайлоочулардын добушун сатып алуу 260 миң сомго чейин айып пул салынуучу же 2 жыл 6 айга чейин эркиндиктен ажыратуучу жоопкерчиликке тартуучу жазык жактан жазалоочу кылмыш болуп саналат.
Кыргызстанда шайлоочулардын добушун сатып алуунун жаңы ыкмасы колдонулат деген коркунуч бар экенин буга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев айтып чыккан. Ал парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда айрым талапкерлер жана партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн экенин айткан.
28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

УКМК: Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине орто мектептердин окуучуларын пайдалануу фактысы аныкталды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер тарабынан КР Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» боюнча, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүү жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

2021-жылдын 15-ноябрында талапкер Д.Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн КР УКМК органдарына келген.

Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР БШКга жиберилет.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуунун алдын алууга көңүл бурат.

Мыйзам бузуулар тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын 0312 620585 телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Садыр Жапаров: Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм

«Мен 28-ноябрда жаңы шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм», – деп белгиледи бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Анын айтымында, Бизнес менен мамлекеттик органдардын, коомчулук менен аткаруу бийлигинин ортосундагы эффективдүү диалогдун механизми катары Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүү тууралуу демилгесин коомчулук, бизнес чөйрөсү, инвесторлор, илим жана билим берүү мекемелери жапырт колдоого алышты. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бардык кызыкдар тараптардын түздөн-түз катышуусу менен иштеп чыгуучу орган түзүлдү. Ошону менен бирге, бир нече ведомстволордун коррупцияга каршы иш-аракеттерди координация кылуусу жана алардын бирин-бири кайталоосу жоюлуу алдында турат.

Президент өлкө жаңылануу жолунда тез ыргак менен кетип жатканын баса белгиледи. Чоң системалык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылып жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери киргизилди. Конституциянын 4-беренеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы мыйзамдарды инвентаризациялоо жүргүзүлүп, бири-бирине карама каршы келген мыйзамдар оңдолууда.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттин коррупцияга каршы саясаты кыска мөөнөттөгү тактикалык маселелерди жүзөгө ашыруу системасын өзгөртүүгө багытталганнына көңүл бурду. Бизнес коомчулугу, жарандык коом, илим жана билим берүү мекемелери мүмкүн болушунча тезирээк чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу иштерди сунушташууда.

Садыр Жапаров: "Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар"

Бүгүн, 14-ноябрда кыргыз президенти Садыр Жапаров Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасында жаңы пост жарыялаган
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин.
Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси.
192-берене. Шайлоочуларды сатып алуу
1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды төлөп берүү, же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алууга өбөлгө түзүү жолу менен шайлоочуларды сатып алуу IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун V категориядагы айып пул салууга же
1-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
1-категория. Эркиндигинен ажыратууга
(жашы жете электер – 1 жыл, 6 айга, башка адамдар – 2 жыл 6 айга чейин) жазаланат.

Видео - Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү билдирүү жасады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинети тарабынан шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштуруу, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу улантылууда.

Акылбек Жапаров өз билдирүүсүндө эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  2021-жылдын 1-ноябрында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү  камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка  кол койгон.

«Мамлекет башчынын Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинети тарабынан Иш-чаралар планы иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган.

Анын ичинен 29у Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү Координациялык тобуна келип түшкөн (мисалы 2020-жылдын октябрь айында 466 мыйзам бузуу фактысы катталган)», – деп белгледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

– Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

– Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

– Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

– Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г.Кожобеков кызматтан алынды;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Д. Купешевге, Ош шаарынын мэри А.И.Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер!

Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер.

Урматтуу жетекчилер, эгерде сиздер ээлеген кызматтан бошотулууну каалабасаңыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын так аткарыңыздар, ошондо сиздердин аброюңуздар кыргыз элинин алдында таза болот.

Мен муну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси катары талап кылам», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн 20дан ашык журналист шайлоого катышууда

Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн 20дан ашык журналист ат салышууда. Алардын кээ бирлери партиялык тизмеде, айрымдары бир мандаттуу округдардан талапкер болуп катталган.

Арасында резонанс жараткан иликтөөлөр аркылуу эл оозуна түшкөн кабарчылардан тартып, жеке канал ачып блогерлик менен алектенип жүргөндөрү да бар.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия парламенттик шайлоодо талапкер болууну көздөгөн журналисттерге 13-октябрда кайрылып, саясатка аттанып жатканын коомчулукка жар салып коюуну сунуштаган. Бирок аны талапкер болуп катталган журналисттерди айрымдары гана аткарган.

Комиссия бул кайрылууну Кыргызстандык журналисттердин этикалык кодексинин 5-беренеси менен бекемдейт. Ал беренеде “Журналист кай бир партияга мүчө болуудан, саясий ишмердиктен, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн оолак болгону абзел. Эгер андай иштерге аралаша турган болсо, ал тууралуу өз окурмандарын, угармандарын жана көрүүчүлөрүн кабардар кылышы керек”, – деп жазылган.

Медиа коомчулук өкүлдөрү журналисттер депутат болуп келсе, сөз эркиндигин бийликтин трибунасынан туруп коргоого салым кошот деген үмүт бар экенин белгилешет.

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда жана айрым КМШ өлкөлөрүнүн арасында туруктуу түрдө алдыда келе жатат. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун “Басма сөз эркиндиги” аттуу рейтингинде Кыргызстан быйыл 180 мамлекеттин ичинен 79-орунда.

БШК: Саясий партиялар 1 046 депутаттыкка талапкерди көрсөттү

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тийиштүү документтерди берүү аяктады.

Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин көрсөтө алат, бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш:

  • – бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
  • – 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • – ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • – кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн жана саясий партиянын колу коюлган, мөөрү басылган талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт.  Талапкер талапкерлердин тизмесинен чыгып кеткен учурда мурунку талапкердин номери башка талапкер тарабынан толукталбайт.

Тизмелерин 21 саясий партия көрсөттү. Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 1 046 талапкер. Алардын ичинен 669 – эркек, 377 – аял.

Майыптыгы бар талапкерлердин саны – 46, 189 талапкер – башка улуттун өкүлдөрү, 267 талапкердин жаш курагы 35тен ашпайт.

2021-жылдын 29-октябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүдөн өткөрөт.

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши

Саясий партиялардын аталышы Көрсөтүлгөн талапкер-н саны эркек аял  МЧА саны алдыӊкы 25тегилердин саны 35 жаштан улуу эмес-н саны Алдыӊкы 25тегилердин саны Башка улуттардын саны Алдыӊкы 25тегилердин саны

Бардыгы болуп талапкерлердин тизмесин көрсөттү:

21 с/п

1046 669 (64%) 377

(36%)

46 (4,39) 23 267 (25,52%) 126 189 (18%) 84

1

Бүтүн Кыргызстан

(12.10.21-ж.)

54 34 (63%) 20 (37%) 2 1 14 (26%) 4 10 (19%) 3

2

“Ата Мекен” социалисттик партиясы

(13.10.21-ж

54 36 (67%) 18 (33%) 2 1 14 (26%) 6 9 (17%) 3

3

Ишеним

(13.10.21-ж.)

54 38 (70%) 16 (30%) 2 1 9 (17%) 6 8 (15%) 3

4

Ынтымак

(13.10.21-ж.)

54 38 (70%) 16 (30%) 2 1 (10 (19%) 7 8 (15%) 3

5

Улуттар Биримдиги

(13.10.21-ж.)

 

54 38 (70%) 16 (30%) 3 1 9 (17%) 5 9 (17%) 5

6

Ата-Журт Кыргызстан

(14.10.21-ж.)

54 37 (69%) 17 (30%) 2 1 10 (19%) 3 10 (17%) 5

7

Акыйкаттуулуктун жана өнүгүүнүн “Ыйман Нуру”

(14.10.21-ж.)

54 36 (67%) 18 (33%) 2 1 18 (33%) 10 10 (19%) 4

8

“АЛЬЯНС”

(16.10.21-ж.)

54 36 (67%) 18 (33%) 2 1 14 (26%) 5 9 (17%) 3

9

” Надежда Народа/Эл Үмүтү социалдык-саясий партиясы”

(17.10.21-ж.)

54 37 (69%) 17 (31%) 2 1 36 (67%) 17 9

(17%)

3

10

“Азаттык” демократиялык партиясы”

(18.10.21-ж.)

54 37 (69%) 17 (31%) 2 1 11 (20%) 3 9

(17%)

3

11

“Улуу-Журт”

(18.10.21-ж.)

54 38 (70%) 16 (30%) 3 1 8

(15%)

5 9

(17%)

3

12

“Мекенчил Эл”

(18.10.21-ж.)

54 36 (67%) 18 (33%) 2 2 12 (22%) 4 8 (15%) 3

13

“Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы”

(18.10.21-ж.)

54 36 (67%) 18 (33%) 2 1 13 (24%) 4 14 (26%) 7

14

“Социал-демократтар”

(18.10.21-ж.)

54 37 (69%) 17 (31%) 2 1 11 (20%) 4 9

(17%)

3

15

“Аруузат – элдик дөөлөттөр партиясы”

(18.10.21-ж.)

54 18 (33%) 36 (67%) 3 2 8

(15%)

4 9

(17%)

4

16

“ОРДО”

(18.10.21-ж.)

54 38 (70%) 16 (30%) 2 1 19 (35%) 4 10 (19%) 3

17

“Багыт”  Кыргызстан либералдык-демократиялык партиясы”

(18.10.21-ж.)

45 23 (51%) 22 (49%) 2 1 10 (22%) 5 8

(18%)

4

18

” Кыргызстандын Жашылдар партиясы”

(18.10.21-ж.)

54 27 (50%) 27 (50%) 4 1 11 (20%) 4 11 (20%) 7

19

“Легалайз”

(18.10.21-ж.)

27 19 (70%) 8

(30%)

3 1 14 (52%) 12 8

(30%)

6

20

“Кучтуу регион”

(18.10.21г.)

30 18 (60%) 12 (40%) 1 1 10 (33%) 9 5(17%) 4

21

Жашасын Кыргызстан 26 12

(46%)

14 (53,8%) 1 1 6 (23%) 5 7 (26,9%) 5

 

Президент Садыр Жапаров электрэнергия тарифи, Кумтөр алтын кени, парламенттик шайлоо жана кымбатчылык боюнча фейсбукка пост жазды

Коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берип коеюн деп чечтим.
1. Электр энергиясы боюнча.
Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат.
Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.
2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.
Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?
2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.
Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.
Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды.
Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.
Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.
Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.
Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот.
Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.
Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.
Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат.
Бул эмнени билдирет?
Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.
“Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар.
Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.
Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү:
аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?
Убакыт керек.
И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.
2. “Кумтөр” маселеси боюнча.
Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт.
Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен.
Утулбайбыз, утабыз.
Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли.
Эмне болот?
“Кумтөрдү” көчүрүп кетеби?
Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?
Эл колдоп турса болду.
Казып атабыз, каза беребиз.
Эч ким тоскоол боло албайт.
3. Шайлоо боюнча.
Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим.
36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар.
Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт.
Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер.
Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер.
Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт.
Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок.
Ал заман артта калды.
Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң.
4. Кымбатчылык боюнча.
Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.
Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү

Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү.

Жыйынга Республикалык штабдын курамына кирген министрлик жана ведомстволордун, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Марат Иманкулов Республикалык штабдын негизги тапшырмасы – парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларын уюштуруучулук-техникалык камсыздоодон турарын белгиледи.

Ал ошол эле учурда эч кандай шылтоо менен комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол берилбесин айтты. Коопсуздук кеңешинин катчысы шайлоолорду мыйзамдарды бузуу менен өткөрүү, шайлоочуларды массалык сатып алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо бир нече жолу элдик толкундоолорго алып келгенин эске салды. Анын айтымында, бардык мамлекеттик органдар адилеттүү жана таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап, шайлоо жараянынын мыйзам бузууларына өз убагында жана ыкчам реакция кылып, мыйзам бузуучуларга мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүш керек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекеттик бийликтин органдарынын өкүлдөрү кайсыл деңгээлде болбосун, үгүт өнөктүгүнө жана шайлоо жараянына кийлигишпеши керектигин баса белгиледи.

«Мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү же кол алдындагыларды тигил же бул талапкердин пайдасына мажбурлоо максатында пайдаланса, анда алар ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, ал эми алардын аракеттеринде кылмыштын курамы болсо – кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга эч кимге уруксат берилбейт», – деп билдирди Марат Иманкулов.

Аны менен бирге ал, кайсыл бир партия жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына бийлик өкүлдөрү бюджеттик тармактын кызматкерлери – мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлер жана квартал башчыларын пайдаланган фактылар аныкталган учурда, укук коргоо органдары тарабынан катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди мыйзамдарды аткарууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого жана өздөрүнүн дымагы, жеке кызыкчылыгы үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырды.

Мындан сырткары ал, уланып жаткан коронавирус пандемиясынын шарттарында добуш берүү жүрүшүндө тилкелерде шайлоочулардын саламаттыгы үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоонун маанисин белгиледи. Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, саламаттыкты сактоо, тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин жалпы элдик добуш берүүгө даярдык жөнүндөгү баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгында берилген сунуштарды эске алуу менен республикалык штабдын иш планы бекитилди.

Меню