Menu

Камчыбек Ташиев

УКМК башчысы коргонууга 1 млрд доллар жумшалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 6-мартта Жалал-Абад облусунда жүргөндө Кыргызстан армиясы чындалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул максатта акыркы эки жылда бир миллиард доллар бөлүнгөн.

“Бул биздин Куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак жана башкалар. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерден кем эмес курал-жаракка ээ болдук. Башкаларда жок курал-жаракка ээ болуп жатабыз. Дагы деле алып келип жатабыз. Эң негизгиси – биз согушка даярданган жокпуз. Биз коргонууга даярданып жатабыз”, – деди Ташиев.

Бийлик 2021-жылы Кыргызстандын аскердик техникасын жаңылоого, тактап айтканда, Орусия менен Түркиядан учкучсуз учактарды сатып алууга бюджеттен каражат бөлүнөрүн жарыялаган. Андан кийин бир нече жолу ар кандай жабдыктарды алганы тууралуу кабарланган. Өткөн айда Беларустан модернизацияланган Печора-2 БМ көчмө зениттик-ракеталык комплекси сатылып алынган.

Мурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард сом, 2022-жылы 52,2 миллиард сом каралганын билдирген.

Камчыбек Ташиев Түркиядан "Аксунгур" дрону алынганын билдирди

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан “Аксунгур” дронун алганын билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына “Эми “Аксунгур” да биздики” деп жазды жана дрондун макетин кармап түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Атайын кызмат канча даана “Аксунгур” канча каражатка алынганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Өткөн айда Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “Байрактар” учкучсуз аппараттарынын “Акынжы” деп аталган түрүнүн жанында түшкөн сүрөтүн жарыялаган жана анын алдына “Акынжы” биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22″ деп жазган. Анда дагы буга байланыштуу кеңири маалымат берилген эмес.

Анын алдында, 12-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барган. Аны менен чогуу Камчыбек Ташиев, транспорт жана байланыш министринин орун басары Табылды Тиллаев, өкмөт башчынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов барганы белгилүү болгон.

Сентябрь айында УКМКга караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылган. Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн “Байрактар” дрону тапшырылган.

Президент Садыр Жапаров былтыр күзүндө Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын билдирген.

Кемпир-Абад маселеси боюнча Азимбек Бекназаров суракка чакырылды

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн оппозиционер саясатчы Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-октябрда чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары “чындыкка дал келбейт” деди.

Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.

Бекназаровдун суракка чакырылышы боюнча укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.

УКМК төрагасы ошондой эле жакынкы күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жашаган элге да чек ара боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады. Ташиев суу сактагычтын 900-горизонталына өзү барып, казык кагып, анын чегин жергиликтүү тургундарга көрсөтүп бере турган болду.

Ушул тапта президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип жатышат. Жыйынга жарандык активисттер, чек арадагы айылдардын тургундары чакырылганы кабарланган.

Жыйын жабык өтүп жатат. Айрым активисттер жыйын түз ободо көрсөтүлүүсүн талап кылышты.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Кемпир-Абад: Жогорку Кеңештин комитети келишимди колдоду

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карады.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болду. Бул тууралуу каршы добуш бергендердин бири, депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди.

“Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Ошондуктан, мен каршы добуш бердим”, – деди ал.

Айдарбековдун маалымдашынча, келишимге кыргыз-өзбек президенттери кол койгон соң, документ Жогорку Кеңешке ратификацияга алып келинет.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды. Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себебин “жашыруун маалыматтарга байланыштуу” деп түшүндүрдү. Ташиев чек ара тууралуу документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыга турганын белгиледи.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрда парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганын айтты.

Соңку макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында маалымат берип жатып билдирди.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалады. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет.
Ташиев кабарлаган Кыргызстанга өттү делген жерлер:

  • Гавасай 12 872 миң гектар,
  • Көк-Серек 105 гектар,
  • Баястан 212 гектар,
  • Унгар-Тоо 35 гектар,
  • Кара-Белес 25 гектар,
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
  • Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Ташиев бул чечимге кол коюлса, анда Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга көбөйө турганын билдирген.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Жыйынга сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган. Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себептерин айтып, жашыруун маалыматтар айтыла турганы менен түшүндүргөн. Айрым депутаттар жыйындын башында буга нааразылыгын билдирип, макулдашуу боюнча документтер толук эместигине, отурум тууралуу кеч кабар берилгенине нааразы болушту.
Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Садыр Жапаров: "Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде досу Камчыбек Ташиев тууралу да суроолорго жооп берди.

— “Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки ящик курал алып барган” деген сөздөр коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул кандай максатта жасалды? Анан ушул окуядан улам, “Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов урушуп кетиптир” деген кептер бар. Маалыматыңыз барбы?

 Депутаттар “Баткен бүтө электе маалымат бергиле” деп чакырышкан экен. “Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен” деген сөздөр болуп, “Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат” деген сындар болуптур. Анан “мына силерге автомат” деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду.

— Негизги эле Камчыбек Ташиев экөөңүздөрдү кеп кылгандар көп болуп жатат. “Экөө бийлик талашып жатат” деген сөздөр соцтармакта көп эле жазылууда. Буга кандай комментарий бере аласыз…

— Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.

Экинчиден, “бийлик талашып атат” деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар “Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат” дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду.

Булак: Kabar.kg

Камчыбек Ташиев: "Өлкө боюнча УКМКнын 50дөй жаңы имараты курулду, 150дөй машина жана 100 атайын техника сатып алдык"

Кыргызстанда соңку учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 50дөй жаңы имараты курулду. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына курган маегинде айтты.

Ал жер-жерлерде кызматкерлер кимдир бирөөнүн үйүндө жашап, башка мекемеде жана китепканаларда иштеп келатышканын белгилеген.

“УКМКнын бир дагы имараты курулган эмес. Өткөн жылдан бери биз муну колго алып, өлкө боюнча 50гө жакын имарат курулду. 150дөй машина жана 100 атайын техника, көптөгөн жаңы жабдуулар алынып, ишке берилди”.

Ташиев атайын кызматтын имараттарын курууга канча каражат кеткенин жана ал кайсы булактардан алынганын тактаган жок.

Өткөн жылдын сентябрынан тарта Кыргызстандын ар кайсы аймактарында УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулган. Буга чейин мекеме 2021-жылдан бери 11 жаңы объект ачылганын билдирген. 3-мартта Бишкекте комитеттин академиясынын курулушу башталды.

УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте, Талас облусуна дагы үй салына баштады.

Камчыбек Ташиев, Минкабдын орун басары: “Биз бийликке келгенде өлкөнүн бюджети 180 млрд сом болчу, жакынкы 3-4 жылда бюджетти 1 триллион сомго жеткиребиз”

“Кыргызстандын бюджети 2020-жылы биз бийликке келгенде 180 миллиард эле сом болчу”, – деп билдирди кечээ, 3-сентябрда КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген интервьюсунда.

“Кийинки 2021-жылы өлкөнүн бюджетин 300 миллиард сомго чыгардык. Быйыл 2022- жылы бюджетибиз 400 миллиард сомдон ашат деп турабыз. Келерки 2023-жылы бюджетти 500-600 миллиардга чыгарабыз. Президентибиз Садыр Жапаров коюп жаткан талап боюнча жакынкы 3-4 жылда мамлекеттин бюджетин 1 триллионго жеткиребиз. Ал мындан эки жыл мурдагы, 2020-жылдагы бюджетке караганда 5 эсе көп болот дегенди билдирет”, – деди Камчыбек Ташиев.

Минкаб Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Президент Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгиледи.

“Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын өзгөчө белгиледи.

“Мындай шартта өлкө коопсуздугун камсыздоодо атайын кызматтын кызматкерлерине өзгөчө суроо-талап коюлат, ишеним артылат! Аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин учурунда чечүү алардын жана жаш муундардын Ата Мекенди коргоого болгон умтулуусун арттырат”, – деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров белгилегендей мамлекет аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттерди жүргүзөт.

“Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тынчтыгын камсыздоодо болгон аракетиңиздерди күчөтүп, чекисттик салттарды бекем сактап, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн ар дайым өз салымыңыздарды мындан ары дагы кошосуздар деп терең ишенем!”, – деди Президент.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак-жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн  ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз.  Ушуну эсиңиздерге  алып койушуңуздар керек”, – деди Садыр Жапаров иш-чарага катышкандарга кайрылып.

Ал ошондой эле мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.

Президент Садыр Жапаров жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыгып, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жаңы конуштуу болушу менен менен дагы бир жолу куттуктап, аларга чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди жана Мекендин бакубаттулугу үчүн ак кызмат кылууну каалады.

Белгилей кетсек, бул турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле  учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

Меню