Menu

Камчыбек Ташиев

УКМК: Жалал-Абаддагы "Достук" кафесинин официантын сабагандар Камчыбек Ташиевдин туугандары эмес

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары ушул жылдын 17-августунан 18-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарындагы “Достук” кафесинин официантынын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен жеке адамдардын катышуусуна КР УКМКнын төрагасынын туугандык тиешеси бар экендиги тууралуу жалган маалыматтарды жарыялашкан.

Кыргыз Республикасынын УКМК Басма-сөз борбору, аталган жаңжалды уюштурган адам КР УКМКнын төрагасы К.К.Ташиевдин тууганы эмес экенин жана ага эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт. 

Ырасталбаган мындай түрдөгү маалыматтар аркылуу КР УКМКнын төрагасынын атын каралоо жана анын аброюна шек келтирүү максатында  болууда.

Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы жогорудагы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.

КР УКМК атайын кызматтын аркасына жашырынып жана КР УКМКнын төрагасы К.К.Ташиев менен туугандык байланышта болуу боюнча жалган иш аракеттерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

УКМК: Генерал Камчыбек Ташиев Эгемендүүлүк күнү өлкөнүн Гимни ойнолгондо жаран жана аскер башчысы катары туура реакция кылган

Социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев тууралуу маалыматтын талкуусуна байланыштуу, өлкөнүн башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда өлкөнүн гимнине болгон реакциясы жөнүндө УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

“Мамлекеттик символдор жөнүндө” мыйзамга ылайык, Мамлекеттик Гимн расмий түрдө аткарылган учурда, катышуучулардын баары оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшат, муну КР УКМКнын башчысы К.Ташиев да аткарган.

Белгилей кетсек, генерал-лейтенант К.К.Ташиев министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин арасында болгонун, жана чакырылган ардактуу коноктор, өлкөнүн гимни ойногондо шарттуу түзүлүшүндө болгон.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставына ылайык, Мамлекеттик гимнди ырдап жатканда, катардагы аскер кызматчылары командасыз туруп жүрүшкө чыгышат, ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп колун баш кийимине коюп саламдашат, К.Ташиев ардактуу коноктордун шарттуу түзүлүшүндө болгондуктан, гимн ойнолгон учурда оң колун сол жагына койгон.

Бирок, салтанаттуу экипаждар командирге ылайыктуу түрдө салтанаттуу марштын астына киргенде, генерал-лейтенант Ташиев К.К. ордунан туруп, отургандардан бир кадам алдыга жылып, баш кийимге колу менен өткөн салтанаттуу эсептөөлөрдү тосуп алды. Ошондуктан, ошол кырдаалга таянып, К.Ташиев бир эле учурда жаран жана аскер башчысы катары туура иш кылган.

КР УКМКнын төрагасы К.К.Ташиевдин негизсиз сынына кызыкдар адамдар, бул жагдайды түшүнүүгө жана тереңирээк изилдөөгө татыктуу, жана акылга сыйбаган сынга жол бербөөгө чакырат.

Камчыбек Ташиев: 500дөй ооган студентине виза берүүгө даярбыз

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандырган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”, – деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда окууну каалаган ооган студенттери Кыргызстанга келүү, турак-жай табуу, окуган университетин тандоо иштерин өз алдынча чечиши зарыл.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ооганстандагы “Талибан” кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштаган.

“Талибан” кыймылы соңку 20 жылда биринчи жолу баш калаа Кабулга кирди. Жоочулар президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

Ташиев: Бакиев менен Атамбаевге иш козголуп, Акаевге издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевге иш козголуп, Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди.

“Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз”.

Ташиев “Кумтөр ишине” байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин кошумчалады.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.

Мындан тышкары Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берген.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Меню