Menu

Каракчылык

Сокулук районунда жаш өспүрүмдү тоноп кетишкен 3 каракчы кармалды

18-сентябрь күнү  Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1999-жылы туулган жаран О.С. кайрылган. Себеби 17-сентябрь күнү жашы болжол менен 25-30 чамасындагы белгисиз үч адам анын 2004-жылы туулган жашы жете элек инисин карактап тоноп кетишкендигин билдирген. Бул тууралу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталган.
Сотко чейинки  өндүрүштө милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр белгилүү болгон. Белгисиз үч жаран жашы жете элек баланы өздөрүнүн автоунасына үйүнө чейин жеткирип коебуз дешип, жолдон Военно-Антоновка
айыл жактагы айланма жолунан токтоп белгисиз тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун жана акчасын алып, жаш өспүрүм баланы ошол жакка тыштап, белгисиз тарапка качып кетишкени белгилүү болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1996-жылы туулган Л.Э., А.Н., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Аламүдүн районунда таксистке кол салып, муунтуп өлтүрүүгө аракет кылышкан 3 каракчы кармалды

Аламүдүн районун ИИБнө 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 27-июль күнү такси айдап жүрүп, Бишкек шаарындагы Ош базарынан ага кардарлар отуруп, ГЭС-5 айылына жеткирип коюусун суранган. Болжол менен саат 21:00 чамаларында көрсөтүлгөн дарекке жеткен учурда арткы орунда отурган балдардын бири айдоочуга кол көтөрүп, аны муунтуп, дагы бири автоунаанын ачкычын жана телефонун тартып алган. Бул тууралу Чүй облустук милициянын  басма сөз кызматы билдирет.

Айдоочу бейтааныш балдардын колунан араң бошонуп, унаасындагы бычакка жетип, өзүн коргогонго аракет кылган. Ошол учурда кол салып жатышкан балдар белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен. Дароо бул боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган Б.Н.,1992-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган Ш.Ж. аттуулар кармалышкан.
Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча  териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Токмокто аял кишинин кекиртегине бычак такап, үйүн тоноп кеткен УКТнын мүчөсү кармалды

Июнь айынын аягында Токмок шаардык милициясына 35 жаштагы аял кишиге карата укукка каршы аракеттер жасалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Түнкү саат 02:30 чамасында Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз адам эшиктин алдындагы желим килемди өрттөп жиберген. Түтүндүн жытынын айынан батирдин кожейкеси эишигин ачып, сыртка чыкканда кылмышкер аялдын кекиртегине бычак такап, үйгө киргизип кеткен. Үйгө киргенден кийин акча каражаттарын жана баалуу буюмдарын издеп баштаган. Үйүндө болгон бардык акча каражатын ээлеп алган соң, ал изин жашырып качып кеткен.
Жогорудагы факты боюнча Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө баштаган.
Шектүүнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан кармашкан. Кармалган жаранды тергөө органына жеткиришип, андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жаран оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн соттолгон. Ал Нарын облусунун 1991-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну болот. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жаран И.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Иликтөө уланууда. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

ИИМ: Адам уурдоого жана каракчылыкка шектелген УКТнын "смотрящийи" кармалды

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш чараларынын натыйжасында адам урдоого жана каракчылыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин борбор калаанын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине мыйзам бузуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып жаран кайрылган. Ушул жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде баш калаанын тургунун күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202 беренеси (Каракчылык) жана 170 (адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кылмыш структуралары тарабынан тоноо жөнүндө маалымат болгондугуна байланыштуу, ИИМдин 3-башкармалыгынын (УБОП) ыкчам кызматкерлери бул фактыны иликтөөгө кошулушкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалган:
– 1983-жылы туулган жаран С.К., Нарын облусунун Жумгал районунда туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу “смотрящий”.
– кармалган экинчи жаран 1983-жылы туулган У.Ч., ошондой эле мурда соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну.
Соттун чечими менен кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню