Menu

Кыргызстан-Казакстан

Кыргызстан Казакстан менен талаштуу бажы маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан менен Казакстан жүк унааларын тоскоолдуксуз өткөрүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу 3-ноябрда Жогорку Кеңштин жыйынында экономика жана соода министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Депутат Саматбек Ибраев Казакстан менен чек арада жүк ташуучу унаалардын чакырымга созулган кезеги кайрадан пайда болгонун айтты. Арасында айыл чарба өнүмдөрүн ташыган унаалар да болушу мүмкүн. Ибраев экономика министринин орун басарынан кезектин себебин сурады.

Бекболот Алиев жүк ташуучу унаалардын топтолуп калганынан кабарсыз экенин айтты. Анын билдиришинче, Кыргызстан Казакстан менен бир нече жылдан бери чек арадагы чектөөлөрдү алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 2019-жылдан баштап эки өлкө жүк унааларын текшербей өткөрүү механизмин сынактан өткөргөн. Долбоор аяктагандан кийин сүйлөшүүлөр кайра уланган.

“2020-жылы августта эки өлкөнүн премьер-министрлери жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө протоколго кол коюшкан. Ушул протоколго ылайык, навигациялык пломбасы жок унаалар гана текшерилмей болгон. Биз азыр жүк унааларын өткөрүү тартибин чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, тактоо иретиндеги суроолор гана калды. Бажынын жаңы жетекчиси да бир нече идеаларды айтты. Жакында бардык маселени чечебиз деп ойлойм”, – деди Алиев.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унааардын узун кезеги пайда болуп турат. Чек арадагы катуу көзөмөл эки өлкө ортосунда талаш-тартыштын бутасына айланган. Чыр Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен.

Кыргызстан менен Казакстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө. Уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда товар эч кандай тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Иш жүзүндө биримдикке мүчө өлкөлөр ич ара бири-бирине ар кандай чектөөлөрдү киргизип келишет.

Казакстан Кабулдан 41 кишини эвакуациялады, арасында бир кыргызстандык бар

9-сентябрь күнү кечинде Казакстандын Коргоо министрлигинин учагы Ооганстандан 41 адамды Алматыга алып келди. Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кабулдан 35 ооганстандык казак, төрт казак жараны, Кыргызстандын бир жараны жана Казакстанда туруктуу жашаган бир ооганстандык алып келинди.

Бүгүнкү күндө талибдер басып алган Ооганстанда дагы жүздөгөн казак бар. Алар өздөрүн тарыхый мекенине алып кетүү өтүнүчү менен Нур-Султанга кайрылууда.

Августта Кыргызстан ТИМи Казакстан Кабулдан 15 кыргызстандыкты алып келүүгө жардам бергенин билдирген. Ага чейин мекеме Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу бул өлкөдөн тогуз кыргыз жараны мекенине жеткирилгенин кабарлаган. Азырынча Ооганстанда Кыргызстандын канча жараны бар экени жана алардын канчасы эвакуацияланганы боюнча так маалымат жок.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы казактарды тарыхый журтуна кайтарууга байланыштуу иш-аракеттер башталганын, бирок ооган жергесиндеги саясий-аскердик кырдаалдан улам аларды алып келүүнүн так мөөнөтү белгисиз экенин билдирген эле.

“Талибан” радикал кыймылы 15-августта Кабулду басып алгандан кийин казак бийлиги Ооганстанда 15 этникалык казак үй-бүлөсү бар экенин, алардын жалпы саны 200гө жакындай турганын маалымдаган. Бирок Ооганстандагы этникалык казактар бул сан алда канча көп экенин айтып келишет.

УКМК: Казакстандын жарандары Кыргызстандын аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагына оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 27-августунда “Чон-Капка-Унаажолу” өткөрүү пунктунан Кыргыз мамлекетинин номуру тагылган “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул иштин алкагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны “Н.С.” жана Казакстан Республикасынын жарандары “С.Т.” жана “М.Х.” Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камака алынышты.

Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин, ошондой эле  КРӨ алдындагы МККнын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар улантылууда.

Казакстан Кыргызстанга 25 миң доза QazVac вакцинасын жардам катары берди

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары бөлүп берген QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы 28-июлда Бишкекке жеткирилди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-изилдөө институту ойлоп тапкан бул вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга коронавирустан коргонуу үчүн сайылат. Биринчи доза менен экинчисинин ортосундагы аралык 21 күн болушу шарт.

QazVac вакцинасы стандарт технология боюнча иштелип чыкканы, коронавирустан сактоо деңгээли 90% жогору экени, Казакстандын өзүндө аны бүгүнкү күнгө карата 300 миңдей адам алганы, ден соолукка олуттуу зыян келтирген учурлар катталбаганы гуманитардык жардамды кабыл алуу салтанаты учурунда айтылды.

Казак өкмөтү COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга буга чейин гуманитардык жардам иретинде 78 миллион сомго 400 ИВЛ аппарат, 2 млн беткап берген.

Кыргызстанда азыр Sputnik V, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 500 миңден ашты.

Жалпысынан өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын расмий саны 160 миңге жетип, 2288 бейтап каза болду.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда экинчи ирет кайрылуу жолдоп, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Кыргыз-казак чек арасы: “Ак-Тилекте” 100дөй жүк ташуучу машине топтолуп турат

Ага ылайык, автоуналардын мындай узун кезеги жүк ташуу көбөйгөн маалга байланыштуу жана кадыресе кайталанган көрүнүш.

“Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттерде адамдардын жана машиналардын узун кезеги жок. Жүк ташыган автоунаалар “Кең-Булуң” өткөрмө бекети аркылуу өтсө дагы болот”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасында “Чалдыбар”, “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң”, “Чоң-Капка”, “Каркыра” бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

Казакстан Кыргызстандан макулдашылган көлөмдөгү суунун жарымын гана алууда

Кыргызстандагы суу таңкыстыгына байланыштуу Казакстандын Жамбыл облусунда сугат суу тартыш болууда. Бул тууралуу облус башчысы Бердибек Сапарбаев билдирди.

– Сууну Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынан алып жатабыз. Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимде көрсөтүлгөн суу көлөмүнүн болгону 50% гана келүүдө. Азыр Кыргызстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатабыз. Алар суунун көлөмүн бир канча пайызга көбөйтүштү, бирок тилекке каршы ал да азырынча жетишсиз болууда, – деди Сапарбаев.

Ал буга байланыштуу Казакстан өзүнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланышы керек деп эсептейт.

– Ошондуктан биз өзүбүздүн суу ресурстарыбызды натыйжалуу пайдаланып, кошумча жайылмаларды курушубуз зарыл. Мындан тышкары скважиналарды оңдоп, күздөн баштап көлдөрдү толтуруп, булактардын сууларын пайдаланышыбыз керек. Азырынча биз Кыргызстандан 80% көз карандыбыз. Бүгүнкү күндө Чүй жана Талас дарыяларынын эсебинен суроо-талапты болгону 50% гана камсыз кылып жатабыз, – деди Сапарбаев.

Анын айтымында, Жамбыл облусундагы 200 миң гектарга жакын айдоо жерге 1,1 миллиард куб суу керек.

Өткөн жумада суу тартыш болуп жатканына байланыштуу Кыргызстандын Чүй облусундагы үч райондун дыйкандары эки жолу митингге чыгышкан. Өкмөт бул абалды суу жылдагыдан аз келип жатканы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню