Menu

Кыргызстан-Россия

Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан рубль менен сатып ала баштады

Кыргызстандагы нефтетрейдерлердин басымдуу бөлүгү Орусиядан күйүүчү-майлоочу майларды орус рубли менен сатып ала баштады. Бул тууралуу 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Депутат Дастан Бекешев доллардын курсу төмөндөсө да күйүүчү майдын баасы эмне себептен түшпөй жатканын сурады.

“Бизге Монополияны жөнгө салуу агенттиги доллардын курсунун жогорулоосу менен күйүүчү майдын баасы да өсүп жатканын айткан. Андан бери доллардын курсу такыр башкача болуп калды, бирок күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле. Суроо: баа кайра каралып чыгабы?”, – деди ал.

Тайлаков импортерлор күйүүчү-майлоочу майды орус рубли менен сатып алып жатышканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлердин 70% күйүүчү майды рублга сатып алып жатат. 20 күндөн бери ушундай болуп жатат. Калган 30% төлөмдү доллар менен жүргүзүүнү улантууда”, – деди ал.

Дастан Бекешев Кыргызстан күйүүчү майды пайдасыз шартта – кайсы валюта кымбат болсо, ошол акча менен сатып алып жатканына ачууланды. Ал төлөмдү бир валюта менен жүргүзүүнү бекитүүгө чакырды.

Кыргызстанда соңку жылы күйүүчү майдын наркы кескин кымбаттап кетти. Эң эле популярдуу болгон Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 62,9 сом (0,8 доллар) турат, бир жыл мурун анын баасы 49,4 сом болчу.

Кыргызстан жыл сайын 1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май колдонот. Өлкө мунай продукцияларынын дээрлик бардыгын Орусиядан сатып алат.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жүргүнчү ташыган темир жол каттамы жанданат

6-июндан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташыган темир жол каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Бишкек-Казан багыты ар аптанын дүйшөмбү, Бишкек-Самара багыты жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү, Бишкек-Новосибирск багыты сегиз күндө бир жолу каттайт.

Бишкек-Казан багыты боюнча биринчи каттам 6-июнда, Бишкек-Самара 8-июнда, Бишкек-Новосибирск 9-июнда каттай баштайт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандын эрежеси боюнча жүргүнчүлөрдө соңку 72 саатта жасалган ПЧР тесттин вирус жок деген сертификаты талап кылынарын эскертет. Беш жашка чейинки балдар үчүн сертификат талап кылынбайт. Орусиянын талабына ылайык, ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдүн гана жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы суралат.

Темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон.

Орусия Ооганстандан кыргыз жарандарын эвакуациялады

Орусия Ооганстандан 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында өзүнүн жарандарынан тышкары оогандык студенттер жана Кыргызстандын жарандары бар экенин бул өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Төртүнчү жолу уюштурулган аскердик-транспорттук эвакуациялоого жалпысынан үч учак тартылды.

Ал учактар менен Ооганстандын борбору Кабулга азык-түлүк жана дары-дармектен турган 36 тонналык гуманитардык жүк жеткирилип, кайра ошол жактагы орусиялык жарандар, Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алган ооган студенттери жана кыргыз жарандары ташылып келди.

Кабулдан 18-декабрда учуп чыккан учактар Тажикстандын Гиссар жана Кыргызстандын Кант аэродромдоруна май куйдуруу үчүн конуп, 19-декабрда Москва облусундагы Чкаловский аэродромуна жеткени маалымдалды.

Кыргызстандын канча жараны эвакуация болгону тууралуу айтылган жок. Кыргыз бийлиги да азырынча маалымат бере элек.

Ооганстанда өкмөттү башкаруу “Талибан” кыймылына өткөн кездеги башаламандык учурунда бул өлкөдөгү ондогон кыргызстандыктар эвакуацияланган. Кыргызстан оогандыктарга эки жолу гуманитардык жардам жеткирген. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Кыргызстан өз товарларын Орусияга жеткирүү үчүн өзбек поезддеринин кызматын колдонууну каалайт

Кыргызстан өзбек айыл чарба өнүмдөрүн Орусияга ылдам жеткирүүгө жол ачкан «Агроэкспресс» поезддеринин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну каалайт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров орусиялык “Коммерсантъ” басылмасына маек куруп жатып билдирди.

“Өзбекстан азыркы учурда Орусияга агропоезддерди жүргүзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Биз да ал жакка өз вагондорубузду чиркөөнү каалайбыз”, – деген Жапаров.

Кыргызстан Орусия менен бирге Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө. Эреже боюнча уюмга мүчө өлкөлөрүн арасында товар алып өтүү эркин. Иш жүзүндө биримдиктеги мамлекеттер өз ара ар түрдүү чектөөлөрдү киргизип келишет. Өзбекстан ЕАЭБдин курамында жок.

«Агроэкспресс» поезди Ташкенттен Москваны көздөй ноябрдын ортосунан баштап каттай турганы айтылган. Казакстан да бул долбоорго кошулган. Алгачкы поезд менен мөмө-жемиштер жеткирилет. Айыл чарба өнүмдөрү алгач Казакстан андан соң Орусияга жөнөтүлөт.

Ушул тапта «Агроэкспресс» Москвадан Ташкентке буудай, ун жана эт азыктарын ташып келүүдө.

КР ТИМи РФ полициясы белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча билдирүү таратты

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги социалдык тармактарда Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.
Учурда Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Ошондой эле Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык түйүндөрдө деструктивдүү мүнөздөгү такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таркатпоого чакырат.
Ошол эле учурда бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз.

Шереметьево аэропортуна учуп барган кыргызстандыктар тыкыр текшерүүдөн өтүүдө

Москвадагы Шереметьево аба майданында 7-октябрдын таңында учуп барган Кыргызстандын ондогон жараны тыкыр текшерүүдөн өтүүдө. Аларга укуктук жактан жардам берүү үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен үч юрист барды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Юристтердин бири Акимбек Маматов 6-октябрда Ош-Москва каттамы менен учуп барган кыргызстандыктардын текшерүүсү аяктап, 7-октябрдагы таңкы рейстегилер Орусиянын Чек ара кызматы тарабынан текшерилип жатканын айтты.

“Чек ара кызматынын жетекчилигинин айтуусу боюнча Кыргызстандан келген айрым жарандар аты-жөнү, фамилиясын өзгөрткөн же жаңы паспорт алгандарды көбүрөөк текшерип жатышыптыр. Биз жарандар менен сүйлөшсөк, 6-октябрда келгендер жок экен, 7-октябрдагы каттам гана текшерилүүдө”.

Элчиликтин өкүлдөрү Шереметьево аэропортунун жетекчилигинен бир нече саат турган кыргызстандыктарга ысык тамак-аш берүүнү өтүндү.

Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктамак. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскерткен.

Мындай документтери толук болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Шереметьеводо кыргызстандыктар кармалып турганы кабарланууда

Москвадагы Шереметьево аба майданында бүгүн, 7-октябрдын таңында учуп барган Кыргызстандын болжол менен 300дөй жараны кармалып турганы тууралуу маалыматтар социалдык медиада таркап жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда аэропортко юристтер кеткенин билдирген.

Буга чейин социалдык медиада бала-чакасы менен учуп барган кыргызстандыктардын ID карталары чогултулуп алып, ар бири бирден өткөрүлүп, Орусияга келген максатын сурап жатышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Элчиликтин басма сөз кызматы бул окуя боюнча юристтер аэропорттон кайтканда дагы толук маалымат берилерин маалымды.

Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскертти.

Мындай документтери болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга туруктуу аба каттамдарын көбөйтөт

Орусиянын бийлиги 27-августтан тартып Венгрияга, Египетке, Кипрге, Кыргызстанга жана Тажикстанга туруктуу аба каттамдарынын санын көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабы кабарлады.

Мындан тышкары Доминикан Республикасына, Түштүк Кореяга жана Чехияга аткарыла турган туруктуу жана чартердик каттамдар үчүн бардык чектөөлөрдү алуу каралууда.

“Интерфакс” агенттиги белгилегендей, Орусия буга чейин аталган өлкөлөр менен авиабайланышты калыбына келтиргенин жарыялаган, бирок каттамдардын санына чектөөлөр бар болчу.

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 27-мартынан тартып бардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон. 2021-жылдын июнуна чейин 43 өлкө менен туруктуу аба каттамдары кайра калыбына келтирилген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада мигранттардын жапырт текшерилип жатканын билдирди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарынын жапырт текшерилип жатышы жөнүндө билдирүү таратты.

Анда чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде кыргызстандыктарды текшерүү менен укук коргоо органдары Москванын “Кузьминки” меторсундагы жапырт мушташка тиешеси барларды издөөнү улантып жатканы айтылат.

Ошол эле маалда элчилик Орусия президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен 30-сентябрга чейин чет өлкөлүктөр же жарандыгы жок адамдар депортация болбой турганын да эскертет.

Элчилик кыргызстандык жарандарды, анын ичинде жапырт мушташка байланыштуу кармалгандарды коргоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилейт.

Москвада 12-июлда “Кузьминки” метросунун жанында кыргызстандык жана тажикстандык ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, мушташка тиешеси бар деп шек саналган 65 кыргызстандык камакта.

Кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү дагы деле тыйылбай, депортация кылуу күчөгөнү айтылып жаткан.

25-июлдан тарта кыргызстандыктар Россияга кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси аркылуу көрсөтүшү тийиш

2021-жылдын 25-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүшү тийиш.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-июлундагы № 1998-б буйругу менен Россия Федерациясынын аймагына Евразия экономикалык бирлигикке мүчө-мамлекеттердин аймагынан аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ПЧР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүү зарылдыгы тууралуу талап бекитилген.

Анализ Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.

Россия Федерациясына үчүнчү өлкөлөрдөн Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик жол менен же бир аз тыныгуу менен кирген адамдарга, эгерде алар ПЧР анализинин терс натыйжасын, ошондой эле Россия Федерациясына чейинки маршрут боюнча билеттерди жана (же) отургузуу талондорун көрсөткөн шартта артыкчылыктар берилет.

2021-жылдын 1-сентябрынан тартып Азербайжан Республикасынан, Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Молдова Республикасынан, Тажикстан Республикасынан, Түркмөнстан Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан Россия Федерациясына аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн өтүүдө тиркеме милдеттүү болот.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЧР анализди эки мамлекеттик лаборатория: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория, ошондой эле «COVID-19суз саякаттайм» маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт.

Меню