Menu

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-ноябрда Жогорку Кеңеште Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) тууралуу учкай маалымат берди.

Ал Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Кытайдын Долборлоо институту бул документтерди эмдиги жылдын апрель айында толугу менен бүтүрүп берерин маалымдады.
Өткөн айда үч өлкө темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоогого байланыштуу макулдашканы маалым болгон. Парламентте “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Азамат Сакиев биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20% төгөрүн, экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30% берерин, үчүнчү этапта Кытай 30% төлөрүн маалымдаган. Ошондой эле, төртүнчү этапта ар бир өлкөгө бирдей үлүш туура келерин бидлдирген. Азырынча негиздемени иштеп чыгууга канча каражат кетери белгисиз.
Расмий маалыматка ылайык, учурда “Кыргызтемиржолу” ишканасы менен Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Долбоорлоо-изилдөө институтунун ортосундагы келишимдин негизинде Кыргызстанга 160 адис келип, Нарын жана Жалал-Абад облустарында жер-жерлерде изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Алар топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт, кыртыштын үлгүсүн сынайт.
Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты менен өтөт. Бул жолдун узундугу 280 чакырымды түзөт. Буга чейин ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени кабарланган.

Самаркандда КР аймагындагы тилкеде “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Кечээ, 14-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке).

Макулдашууга КР транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында катышкан КЭР өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин  Төрагасы Хэ Лифэн кол койду.

Документте Кыргыз Республикасынын аймагындагы  тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган  техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт.

Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) – 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес.

Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен ТЭНге кеткен чыгымдарды Тараптардын ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Кыргыз Республикасынын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат.

Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.

Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана  калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө,  транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет.

Кытай Ооганстанга товарларын Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу алып өтөт

Ташкентте Кытайдан Ооганстанга жүк ташууну тездетүү боюнча төрт тараптуу жолугушуу өттү.

“Өзбекстан темир жолдору” акционердик коому демилгелеген жыйынга Ооганстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытайдын эл аралык логистикалык компаниялары катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кооперациялык мамилелерди бекемдөө, азыркы мүмкүндүктөрдү кеңейтүү, тараптардын логистикалык инфраструктурасын модернизациялоо, Кытайдагы Кашгар станциясынан Ооганстандагы Хайратон станциясына жүк ташууну тездетүү маселелери талкууланды.

Ооганстан жумушчу топтун бардык чечимдерин колдоду. Жолугушуунун жыйынтыгында төрт тараптуу протоколго кол коюлду.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун негиздемеси бир жылдан кийин даяр болору айтылды

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иши 2023-жылдын экинчи кварталында жыйынтыкталат.

Бул тууралуу бүгүн 25-августта Бишкекте өткөн брифингде “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдирди.

Анын айтымында, негиздемени даярдоо үчүн Кытайдан 2-августта 157 адис келген. Алар азыр эки топко бөлүнүп, Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатышат. Курулушту ким каржылай турганы чечиле элек, азырынча үч өлкө тең бөлүп төлөй турганы айтылууда. Кыргызстан, Спасскийдин билдиришинче, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же инвестициялык макулдашуу аркылуу каржылоону караштырууда.

Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан бул темир жолу боюнча чечим кабыл алынбай келет. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун быйыл май айынын башында “Кыргыз темир жолунун” жетекчилиги билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюларын быйыл 3-августта Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирген.

21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында да бул жолдун мааниси тууралуу сөз козголгон. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу аймактын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын жогорулатары айтылган.

Акылбек Жапаров: Жакында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун активдүү фазасы башталат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу маселесине тийиштүү билдирүүсүн айтты.

Белгиленгендей, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу үч өлкө элинин бакубаттуулугун жогорулатуу жана экономикалык өнүгүүнү илгерилетүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон маанилүү регионалдык долбоор болуп саналат.

Кытай тарап канагаттануу менен белгилегендей, үч тараптын биргелешкен аракеттерине жараша темир жолду куруу долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ийгиликтүү башталды жана кыргыз жана өзбек тарап менен долбоорду мындан ары карай илгерилетүү үчүн кызматташууга даярдыгын билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өз кезегинде Ли Кэцяндын билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы үчүн темир жол магистралынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун артыкчылыктуу маанисин баса белгиледи.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар. Жакында долбоордун активдүү фазасы башталат деп ишенебиз», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жолугушууда Элчи Ду Дэвэнь кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 2022-жылдын августунан 31-октябрына чейин 2 саатка узартуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Мындан тышкары, кытай тарап эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди (учурда эки жумада бир каттам бар). Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда.

Элчи ошондой эле үстүбүздөгү жылдын октябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр кытайлык алдыңкы дарыгер-офтальмологдорунун Кыргызстанга келиши пландалып жаткандыгын билдирди.

Кыргыз тарап Кытайдын негизги соода-экономикалык өнөктөш катары өзгөчө маанисин белгилеп, кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан ары жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча кытай адистери темир жол курулчу тилкелер менен таанышып Жалал-Абадда жүрүшөт

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 12-августта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун алкагында Кытайдан келген адистер менен жолукту.

Расмий маалыматка ылайык, 40 адамдан турган топ аталган облуста темир жол курулчу тилкелер менен таанышат. Сыргабаев алар чалгындоо иштери менен жүргөндө такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилерин ар тараптан жардам берүүгө милдеттендирди.

Буга чейин аталган долбоордун алкагында Кытайдан 80дей адис келгени кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 30-июлда Бишкекте Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушууда темир жол долбооруна сентябрда Өзбекстанда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ)саммитинде кол коюуну сунуштаган. Ван И Бээжин үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгонун билдирген.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин билдирген. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбооруна ШКУнун сентябрдагы саммитинде кол коюу пландалууда

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 15-16-сентябрь күндөрү Самарканд шаарында өтө турган саммитинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу документке кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов билдирди.

Ташкентте диалог форматында өтүп жаткан алгачкы “Өзбекстан – Азербайжан – Түркия” жыйынында сүйлөгөн министр учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын айтты.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол коридорунун транскавказ коридору менен биригиши биздин өлкөлөр ортосунда бирдиктүү транспорттук түйүндү түзүп, Кытай-Европа соода географиясын кеңейтет”, – деди Норов.

Өткөн жумада Бишкекте Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алган Кыргызстандын президенти “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча документке ШКУнун саммитинде кол коюуну сунуштаган. Өз кезегинде кытай министри Бээжин кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен долбоор боюнча документке Самаркандда өтө турган саммитте кол коюу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин билдирген. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ЕАЭБдин артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизимине киргизилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынын (Витебск шаары, Беларусь Республикасы) өткөрдү.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында 25 маселе каралды.

Тактап айтканда, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешин – көмөкчү органды түзүү маселеси жактырылды.

Бул органды түзүү улуттук экономикаларды энергетикалык ресурстардын негизги түрлөрү менен камсыз кылуу, макулдашылган энергетикалык саясатты жүргүзүү жана энергиянын жалпы рынокторун этап-этабы менен калыптандырууну ишке ашыруу максатында мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрүнө «Биримдиктин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоонун жүрүшү жөнүндө» баяндамасы сунушталды.

Эл аралык келишимдин долбоору жалпы газ рыногунун алкагында соода жүргүзүү, газ ташуу кызматына тарифтерди белгилөө ченемдерин камтып, мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөрдөн жана (же) үчүнчү мамлекеттерге газды ташуу жана жеткирүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн аныктайт.

Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси жөнүндө» буйругунун долбоору жактырылды.

Бул тизмеге Кыргыз Республикасынын 2 долбоору кирет: «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу» жана «Луговая – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү».

Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигинин Биологиялык дары-дармек каражаттарына изилдөө жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул өзгөртүүлөр кан препараттарынын сапатын тастыктоо жана ага баа берүүнүн жыйынтыктары изилдөөлөр кайсы өлкөдө жүргүзүлгөндүгүнө карабастан таанылышын камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча тамеки буюмдарынын айрым түрлөрүнө маркировкалоону киргизүү маселеси каралды.

Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында 2022-2023-жылдарга айыл чарба продукциясынын жана макулатуранын айрым түрлөрүнө суроо-талап менен сунуштун биргелешкен индикативдик (болжолдуу) баланстары бекитилди.

Кеңешменин катышуучулары Евразиялык өнүктүрүү институттарынын потенциалын пайдалануу менен Евразия экономикалык биримдигинде “Евразиялык электробус” өнөр жай кооперациясынын пилоттук долбоорун уюштуруу маселесин карашты.

Бул долбоор интеграциялык бирикменин өлкөлөрүнүн өнөр жайын өнүктүрүүнү күчтөндүрүүгө, чийки заттын экспортун кыскартууга жана технологиялык эгемендүүлүктү бекемдөөгө багытталган.

Жыйындын жүрүшүндө жеке жактарга сатылган товарларды электрондук соодалоодон кыйыр салыктарды алуунун тартиби жөнүндө маселе да талкууланды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимдери менен:

– транс чек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароонун Тартибине жана атаандаштыктын абалына баа берүү Методологиясына өзгөртүүлөр киргизилди;

– 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын күн тартиби бекитилди.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 19-августунда видеоконференцбайланыш режиминде өтөт.

Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталарын айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-июнда Жалал-Абад облусунда Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

“Азыр техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол үч-төрт жылда бүтөт. Бул да ушул “Камбар-Ата-1”, “Кумтөр” экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн. доллардан кем эмес киреше берет”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолдун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин 20-майда өкмөттүн жыйынында айткан.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган.

Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө баштала турганын 20-майда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жапаров муну Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири деп атап, аны колдоого чакырды. Темир жолду курууга байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы жагдайларга токтолгон жок.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен соңку жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн “Кабар” улуттук маалымат агентигине курган маегинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта экенин билдирген.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Меню