Menu

Сөз эркиндиги

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга сурак берип чыкты

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазды.

Күн мурун Исаков милицияга аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин билдирген. Анын айтымында, алгач ага Ички иштер министрлигинен байланышып, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айткан. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, жаңылап, кайрадан Тик-Ток жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишкен.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенип, курч материалдары жана иликтөөлөрү менен таанылган. Учурда өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 417 миң катталуучу бар.

CPJ уюму "Клоопко" басымды токтотууга чакырды

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists – CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайтын бөгөттөө аракети көрүлүп жатканын белгилеп, 2-февралда атайын билдирүү таратты. Анда ал өлкө бийлигин мындай кадамга барбоого чакырды.

“Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү эң абройлуу жаңылык агенттиктеринин бири болгон “Клоопту” цензуралоо аракети эч убакта кабыл алынбашы керек болгон “жалган маалымат” тууралуу мыйзам канчалык абсурд жана чектен чыккандык экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Бийлик “Клооптун” сайты бөгөттөлөт деген коркутуусун токтотуп, “жалган маалымат” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарып, көз каранды эмес прессага каршы күчөп жаткан репрессияны токтотушу керек”, — деди баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын “Клооп” (Kloop) басылмасы 1-февралда кабарлаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда “жалган маалымат” берилгени белгиленген.

“Kлооп” бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган.

Ушу тапта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” да жабуу аракетин көрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат.

HRW: Кыргыз бийлиги сын айткандарды жана жарандык коомду чектөөдө

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан кыргыз бийлиги соңку жылы сын айткандарды жана жарандык коомду чектеп келгенин эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму 2022-жылдын жыйынтыгына арналган баяндамасында билдирди.

Анда бейөкмөт уюмдар, абактагылардын абалы, үй-бүлөлүк зомбулук, жарандык жана саясий укуктар, коопсуздук, майыптыгы барлардын укуктары сыяктуу маселелер менен катар сөз эркиндигинин абалына да баа берилген.

Жылдык баяндамада сөз эркиндиги көз каранды эмес журналисттерге, блогерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы козголгон кылмыш иштеринин айынан коркунучка кептелгени белгиленди.

Кеңири сынга кабылган “анык эмес маалымат” мыйзамынын негизинде июнь айында ResPublica гезитинин сайты эки айга, августта 24.kg маалымат агенттигинин, октябрда “Азаттык” радиосунун сайты бөгөттөлгөнү, март айында Next TV телеканалынын кеңсеси жабылып, директору Таалайбек Дүйшенбиев абакка отуруп чыкканы, көз каранды эмес Temirov LIVE иликтөө агенттигинин жетекчиси Болот Темиров өлкөдөн чыгарылганы айтылды.

Былтыр 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жапкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырышкан.

13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 120дан ашуун инсан президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Алар кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөшкөн.

Бийлик сөз эркиндигине байланыштуу сынды четке кагып келет. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бийлик сөз эркиндигин сактай турганын айтып, “Биз ар дайым талкууга ачыкпыз, сунуштарды угабыз. Сөз эркиндиги – көз каранды эместигибиздин жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат”, – деген.

Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, аны сактай турганын президент Садыр Жапаров да дайыма белгилеп келет.

Чет өлкөлүк журналисттер жана уюмдар кыргыз бийлигине кайрылды

13-декабрда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды.

Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө үчүн мыйзамдар кабыл алынып жатканын сынга алышты.

Кайрылууда сөз эркиндигин, маалыматка жетүүнү жана пикирлердин плюрализмин коргогон бир катар журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер саясий куугунтукка кабылганы айтылат. Аларга кылмыш иштери козголуп, соттор камакка алууга чейинки мыйзамсыз чечимдерди чыгарганы белгиленген.

“Өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык иштери боюнча бир катар чоң иликтөөлөрдү жасаган журналист Болот Темиров Кыргызстандын жараны экенине карабастан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды. Чет элдик маалымат каражатынын материалын жарыялап койгону үчүн Next TV телекомпаниясынын башкы директору Таалай Дүйшембиев беш жылга шарттуу кесилди. “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” антиконституциялык мыйзам кабыл алынып, анын арты менен “Азаттыктын” жана ResPublica порталынын сайты жабылды”, – деп айтылат кайрылууда.

Журналисттер менен эл аралык уюмдар Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынып, Кыргызстанда коомдук талкууга чыгарылган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” жана “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорлору сөз эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кедергисин тийгизе турганын эскертти. Кайрылууга Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 26 журналист, уюмдар кол койду.

13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 100дөн ашуун адам президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Алар “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн обого чыгарбай калган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин административдик даттануусун 30-ноябрда карап, аны канааттандыруусуз калтырган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин буга чейин да “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга жана сөз эркиндигин сактоого чакырып келет.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Болот Темиров мыйзам чегинде жазаланып, “Азаттыктын” сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип келет. Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин бир нече жолу кайталаган.

Маданият министрлиги "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамын толуктоону сунуштоодо

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Документтин негиздемесинде мыйзамдын азыркы редакциясында кемчиликтер бар экени, нормативдик-укуктук актыны аткаруу учурунда кедергилер жаралып жатканы белгиленген. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштагандар жалган маалымат тууралуу арыз берген адам ЖМК, уюм же физикалык жак чындап эле жалган маалымат таратканы тууралуу далилдерди кошо көрсөтүшү керек деп эсептешет.

Сентябрдын ортосунда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү демилгелешкен. Эл өкүлдөрү экинчи тарапка да укук берүүнү, алардан арыз түшө турган болсо сайтты бөгөттөөнү токтото туруу керектигин сунуш кылышкан.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

"Сорос-Кыргызстан" өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

“Сорос Кыргызстан” фонду “Журналисттерге карата кылмыштар үчүн жазасыз калууга каршы күрөшүүнүн” эл аралык күнүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда фонд “сөз эркиндигине кысым жана чабуулдар акыркы убактарда көп болуп жатканына тынчсыздануусун” билдирген.

“Жазасыздык журналисттерди жана активисттерди коркутуп, кылмышкерлерди кайраттандырып, коомго терс таасирин тийгизип, антидемократиялык цензуранын уланышына жол ачат. Ушул оор мезгилде кысымга жана кол салууга каршы туруу үчүн журналисттердин колдоосу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын тилектештиги маанилүү. Көз карандысыз ЖМКларга жана медиа уюмдарга гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу биз сөз эркиндигин коргоо, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, журналистиканын стандарттарын үйрөтүү жана маанилүү темаларда сапаттуу контентти түзүү боюнча иштерди улантып жатабыз. […] 24-октябрда биз кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун дүйнөдөн кайтканынын 15 жылдыгын белгиледик, бул дата журналисттердин ишинде адилеттүүлүк маанилүү экенин дагы эле эскертип келет”, – деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы “Медиа Полис Институту” уюму 2020-жылдын октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялады.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эксперттердин баамында, жакында 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген.

"Азаттыктын" банктагы эсеби эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөттөлдү

“Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда банктан билдиришти. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышты.

“Демирбанк” азырынча “Азаттык Медиага” расмий түшүндүрмө бере элек.

УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыктын” эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү өтүндү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн – авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети”=” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындаган.

Министрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо документтерин текшерди

27-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин адистери “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине келип, “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин толугу менен текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетишти.

Бул тууралуу “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева билдирди.

“Биздин каттоо документтерибизди текшерип, баарынын көчүрмөлөрүн алып кетти. Мындан тышкары 28-сентябрдан 28-октябрга чейинки “Азаттык Медиа” тарабынан даярдалган бардык ТВ жана радио материалдарды көчүрүп берүүбүздү талап кылды”, – деди Айзада Касмалиева.

Министрлик бул текшерүү эки күн мурдагы “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө чечимине байланышы жоктугун белгиледи. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Салкын Сарногоева учурда ушундай эле текшерүү бир нече маалымат каражаттарында жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

“Бул текшерүү биздин министрлик тарабынан “Радио жана теле берүү” жөнүндө мыйзамдын алкагында жыл сайын жүргүзүлүп келген иш-чаралардын негизинде болуп жатат. Анын “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө чечимине тиешеси жок. Буга чейин мындай текшерүүлөрдүн негизинде “Любимый”, “Семейный” жана башка бир катар телеканалдардын эфирлери токтотулуп, 5-каналга эскертүү берилген”, -деди Сарногоева.

26-октябрда министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Расмий билдирүүдө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө.

ЖМК редакторлору эркин медиаларга кысымды токтотуу боюнча президент Жапаровго кайрылышты

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президент Жапаровго, Жогорку Кеңешке, УКМК төрагасы Ташиевге, баш прокурор Зулушевге, ички иштер министри Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Максутовго кайрылуу жолдошту.

Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген:
“Кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда. Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат”, – деп жазылган.
Кайрылуу ээлери жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешүүдө.
“Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн. Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун мыйзам бузуулар менен кабыл алынган “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдоно баштады. Юристтер белгилегендей, бул мыйзам Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өзүм билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт. Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: “Республика”, “24.kg” жана “Азаттык Медиа”. Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg”.
Кайрылуу ээлери бул кырдаалга тынчсызданып, мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жеке, президенттин басма сөз кызматын жана президенттик аппараттын кызматкерлерин катыштырбастан жолугушууну суранышты.
Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштар менен кайрылышат:
-“Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгарылсын;
-Даттанууларды кароону токтотуу жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу;
-Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу;
-“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу;
-ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;
-Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.
Сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти айыптаган билдирүү таратты.
“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.
“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Жаңылык чыкпайт. Медиага кысым күчөдү

Күч чындыкта. Сила в правде.

Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине болуп жаткан жапырт жана буга чейин болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканынан улам 28-октябрда #күччындыкта #силавправде хештег менен ЖМКга басым жасоого каршы багытталган масштабдуу маалымат кампаниясы жарыяланат.
Бүгүн Blackout Day жарыяланат – демек, ушул күнү саат 9.00дөн 12.00гө чейн журналисттер мамлекеттик органдардан келген расмий маалыматтарды жарыялабайт.
Акция «Азаттык» сайтын бөгөттөө тууралуу легитимсиз чечимге байланыштуу жарыяланууда.
Меню