Menu

Аткезчилик

Лейлектин "Кольцо" постунан баасы 1 млн сомго жакын 680 даана уюлдук телефон кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында контрабандалык ишмердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 22-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы “Кольцо” стационардык постунан жергиликтүү жашоочу Кыргыз Республикасынын Ш.К.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Opel Zafira” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. 

Көрүлгөн чаралардан улам унаа Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Унааны кароо учурунда ичинен 680 даана уюлдук телефон салынган 10 коробка контрабандалык жүк табылган. Аныкталган телефондордун жалпы суммасы 900 миң сомду түздү.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Лейлекте 20 тонна селитраны Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүп бараткан аткезчилер кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында контрабандалык ишмердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 25-июнунда өткөрүү пунктунан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районунун “Тал” аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган КР “С.З.Ж.” жана “Р.Э.Г.” аттуу жарандарынын башкаруусунда эки “КамАЗ” үлусүндөгү унаалар кармалды.

Унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна, 400 даана кап “селитра” минералдык жер семирткич табылган.

Аталган жүк Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына аткезчилик жол менен жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Таласта 30 тонна шекерди селитранын арасына катып Казакстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Таластагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстанга 30 тонна шекерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 25-июнда казакстандык айдоочунун машинасын текшергенде ал селитра салынган мүшөктөрдүн арасына катып шекер ташып баратканы аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

Кыргызстанда 1-июндан тартып шекерди сыртка алып чыгууга жарым жылга тыюу салынган. Өкмөт бул чечимин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана шекердин баасын туруктуу кармап туруу аракети менен түшүндүргөн.

Май айынын соңунда Кыргызстанда шекер коңшу өлкөгө ташылып жатканы, себеби ал жакта бул азык жетишсиз экени тууралуу сөздөрдөн кийин анын баасы жогорулаган.

Контрабандалык товарларды ташып баратып колго түшкөн машина да конфискацияланат. Жаңы мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жогоруда аталган жолдор менен аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.

УКМК: Мыйзамсыз ташып келинген 250 даана коон менен автоунаа кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Кольцо” стационардык постунда Лейлек районунун Кулунду айылынан Раззаков шаарына келе жаткан Кыргыз Республикасынын А.Э.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Опел” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа кармалып, айдоочуга административдик протокол түзүлгөн. Унааны кароо учурунда ичинен Тажикстан Республикасынан мыйзамсыз алынып келинген 250 даана коон чыккан.

Тиешелүү чараларды көрүү үчүн унаа жүгү менен бирге бажы органдарына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

УКМК: 19 тоннадан ашык контрабандалык иштер аныкталып ага бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында аткезчилик иш-аракеттердин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатат.

Ушул жылдын 12-январынан 15-февралына чейинки аралыкта Кыргыз контрабандалык иштерди кылуу максатында Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 19 тоннадан ашык жүк кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул иштерге тиешеси бар делип КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери прапорщик “И.Н.” жана сержант “Э.М.” экени аныкталган.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик чек арада контрабандага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди улантууда. Ошол эле учурда, алдын алуу иш-чараларынын алкагында, товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, мыйзамсыз айыл чарба продукцияларын ташып келүүгө жол бербөө жана каналдарды токтотууга көмөктөшүү үчүн жергиликтүү калк арасында тиешелүү түшүндүрүү жана укуктук чаралар көрүлүүдө.

УКМК: Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Экономика жана финансы министрлигине (ЭжФМ) караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан (МБК) алынган маалыматка ылайык, “ALG” ЖЧКсы жагындагы экономикалык контрабанда фактысы боюнча КР ЭжФМ караштуу МБК «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринин жогорку кызмат адамдары Ж.Д. жана М.Е. кармалып Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.        

2021-жылдын 17-августунда Бишкек шаарынын аймагынан бажы көзөмөлү учурунда, тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтпөстөн Бишкекти көздөй жөнөп, “Дордой” соода базар комплексинин аймагына келип, бекитилген түзүлүштөрдү ачып, товарларды жарым-жартылай түшүргөн Түркия Республикасы тарабынан чыгарылган фирмалык кийим түрүндөгү эл керектөөчү товарлар менен «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу унаа кармалган.

 Тергөөдө аныкталгандай, жүктөрдү түшүрүү «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлеринин шериктештиги менен ишке ашырылганын, ал эми «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен  тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтүү КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын демөөрчүлүгү астында жүргүзүлгөн.

Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.

КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген, бул тергөө учурунда көрүлгөн чаралар менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан толук компенсацияланган.

Учурда кылмыш иши боюнча кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.

Бажычылар 1 600 000 сомдук аткезчилик тамеки продукцияларын кармашты

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош областынын Ноокат районуна караштуу Онэки-Бел айылында тыюу салынган жүктөрдү ташууга шектелген “С.А.И.,” аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс Спринтер” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Бул тууралу Мамлекеттик бажынын басма сөз кызматы билдирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 40 коробкага салынган 240000 шт., жалпы наркы 1600000 сом болгон акциздик маркасы жок, Бирикен Араб Эмиринде өндүрүлгөн “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Меню