Menu

Бурана мунарасы

АКШ элчилиги жергиликтүү өнөктөштөр менен бирге Бурана мунарасын сактоо жана коргоо боюнча долбоорду бүтүрүүдө

3-июль – БИШКЕК – 2023-жылдын 30-июнунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышты. Долбоор мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы кызматкерлердин потенциалын жогорулатууну жана мунаранын тарыхын жана маданий маанисин коомчулукка жайылтууну камтыды. Жергиликтүү бей өкмөт уюм жана  Музейдик демилгелер бей өкмөт борбору бул долбоорду АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунун  каржылоосу менен ишке ашырды. 

Салтанатта АКШ элчиси Лесли Вигери сүйлөгөн сөзүндө долбоор Америка Кошмо Штаттарынын кыргыз маданиятына жана тарыхына болгон терең урмат-сыйын жана кыргыз өкмөтү менен өнөктөштүккө умтулуусун көрсөткөнүн белгиледи. Иш-чарага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, Музейдик демилгелер борборунун директору Чолпон Турдалиева жана долбоор боюнча кеңештерин берген Бүткүл дүйнөлүк эстеликтер фондусунун адиси Стивен Баттл катышты. 

Долбоор 2021-жылдын сентябрында башталгандан бери, жергиликтүү жана эл аралык адистер мунаранын кароол аянтчасындагы бузулган кыштарды алмаштырууда жетектеп, мунаранын дубалдарына жааан-чачындын келтирген зыянын азайтышты. Маданият министрлигинин көзөмөл алдында өткөн тендердин жыйынтыгында «Аякс-Теломанит» компаниясы тарыхый жактан так келген реставрациялык кыштарды жасоо жана орнотуу үчүн тандалып алынган. Ошондой эле музей кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча кеңири тренингдер жана калкка маалымат жеткирүү иштери өткөрүлдү. «Бурана күнү» жана «Бурана лагери» иш-чаралары аркылуу, Музейдик демилгелер борбору элчиликтин англис тили боюнча кичи стипендиалык программасынын жаш бүтүрүүчүлөрү менен кызматташып, Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтуу жана ага көбүрөөк конокторду тартуу үчүн ал жөнүндө эл арасында маалыматтуулукту жогорулатуу иштерин жүргүздү. Мындан тышкары, долбоор жергиликтүү адис тарабынан жүргүзүлгөн мунаранын сейсмикалык туруктуулугун баалоосун жана музейдин аймагы боюнча жаңы видео камераларынын коопсуздук максатында орнотулуусун каржылады. 

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын кадырлоо максатында АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондусун түзгөн. Фонд аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду каржылайт. Фонд каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлор Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоону камтыйт. 

АКШ элчилиги жана жергиликтүү өнөктөштөр 11-кылымдагы Бурана мунарасын сактоо жана коргоо боюнча долбоордун башын ачууда

Бүгүн, 24-сентябрь АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коосуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышты.  “Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунда АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан (AFCP) 200,000 доллардан ашуун көлөмдөгү каржылоо каралган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө кыргыз маданиятына болгон урмат-сыйды баса белгилеп: “Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң бекем турат деп үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн өнөктөштүк белгилеп жатабыз,” — деди. Иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, анын ичинде Шоро компаниясынын колдоосу менен өттү.

Директор Чолпон Турдалиева жетектеген Музейдик Демилгелер Коомдук Биримдиги Борбору бул долбоорду Кыргызстандын Маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен биргеликте ишке ашырат. Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт. Долбоор ошондой эле Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды камтыйт. Санарип медиа кампаниясы Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтып, көбүрөөк конокторду тартуу үчүн маалымат жайылтууну жогорулатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы адамзаттын жалпы маданий мурасын белгилөө үчүн AFCPни түзгөн. AFCP аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду каржылайт. AFCP каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлорго Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо кирет. Бурана мунарасын калыбына келтирүү гранты менен АКШ өкмөтү AFCP аркылуу Кыргыз Республикасындагы маданий жайларды сактоого 500,000 доллардан ашуун салым кошуп келет.

Меню