Бишкектен Биринчи май райондук соту кримчөйрөдө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү кылмыш тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын 15-июлда карады. Ага ылайык, Жумагулов 7-сентябрга чейин №21 абакта болот.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кримтөбөл кармалганын 15-июлда билдирген. Атайын кызмат Жумагуловду кармоо уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ишкерлерден ири суммада акча талап кылуу фактыларынын негизинде жүргөнүн кабарлаган жана кылмыштуу топтун мүчөсүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар УКМКга кайрылса болорун эскерткен.
Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында 8-июлда Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан. УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген.
2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошотулган.
2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.
2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бул окуяга байланыштуу “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренелери боюнча актап, “Ээнбаштык” беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапкан жана беш жылга абакка кескен.
2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелгени айтылган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө “Дөө Чынгыз” деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды.
Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү.
Буга байланыштуу, Дж.Ч.А. мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылса болот.
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Чынгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.
КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт.
Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, 2022-жылдын 2-апрелинде КР жарандары Э.Б., С.С. жана А.М. кармалды.
Буга чейин УКМКга жазуу түрүндө О.Ю. аттуу жаран М.у.А. аттуу анын тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар («Дөө» каймана аты менен белгилүү) Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган.
Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.