Menu

Касым-Жоомарт Токаев

Касым-Жоомарт Токаев: "Камбар-Ата-1" ГЭСи Борбор Азияда энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жардам берет

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аймактагы гидроэнергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине токтолду.

Анда саммитти утурлай Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга байланыштуу алдын ала макулдашуу болгонун билдирди.

“Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айы чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет”,-деди Токаев.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Жалал-Абад облусундагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирген.

Аталган ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннел түшчү жерде жардыруу болгон. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче аны сатып алып жатканын айткан.

Анын сөзүнө караганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөт. Эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мВт жетет.

Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалаган. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннел Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Айрым эксперттер бул абдан дымактуу аракет экенин, бирок аны толук ишке ашыруу үчүн негиздүү долбоор, техника-экономикалык олуттуу негиздеме жана чоң суммадагы каражат керектигин айтып жатышат.

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда

Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевди кабыл алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-июнда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кабыл алды.

Маалыматты Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков журналисттерге бышыктады. Анын айтымында Кыргызстандын мурдагы президенти Алматы шаарында үч күн болгон жана андан ары Нур-Султанга кеткен.

Акордо бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Айрым маалымат агенттиктери Токаевдин Акаев жана анын жубайы менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Акаев Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде 19-июнда “Байыркы мезгилден берки демографиялык көрсөткүчтөр жана адамзаттын келечеги” деген аталыштагы дарс окуган. Андан кийин журналисттерге Казакстандагы Январь окуялары тууралуу суроосуна жооп берип жатып ондогон адамдын өмүрүн алган тоз-тополоңду “калктын өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүү аракети” катары сыпаттаган.

“Жетекчилер артта калса, эл нааразылыкка чыгат. Менин оюмча, бул референдумга жеткирген тарыхый окуяны жаратты”, – деп айткан Акаев.

77 жаштагы Акаев былтыр 16 жылдан ашык убакыттан кийин биринчи жолу Кыргызстанга келип, Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында эки жолу сурак берип кеткен.

Аскар Акаев 2005-жылы Кыргызстандагы Март окуяларынан кийин бийликтен кеткен, учурда Орусияда жашап, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде иштейт.

Казакстан Иран жарандарына 14 күндүк визасыз режим киргизет

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Иранга жасаган расмий сапарынын алкагында Тегеранда аталган өлкөнүн  президенти Ибрагим Раиси менен жолугушту.

Акордо кабарлагандай, жолугушуу учурунда Токаев Иран жарандарына Казакстанга 14 күнгө визасыз режим жарыялай турганын маалымдады (Казакстан жарандары Иранга баруу үчүн виза алышы керек).

«Бул чара ар түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, анын ичинде ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү арасында байланышты активдештирүүгө, ири сандагы туристтерди тартууга багытталган. Бул артыкчылыкты иран бизнемендерди толугу менен пайдаланат деп ишенем», –деген Токаев.

Токаев үч жыл мурун президент болуп шайлангандан бери Иранга биринчи жолу расмий сапар менен барды. Эки өлкө башчылары 2021-жылы ЖККУ жана ШКУ саммитеринин алкагында Тажикстан борборунда жолугушкан.

Токаевдин Ирандагы сапары учурунда Каспийдин укуктук макамына байланыштуу маселе көтөрүлүп, бир катар өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюлары пландалууда.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда, кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти менен Казакстан Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим
  3. 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
  5. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы
  6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги жана «JOINT TECHNOLOGIES» компаниясы ортосунда «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум
  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Түркестан облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол
  11. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  12. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум
  13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
Меню