Menu

“Керемет банк”

УКМК: «Росинбанк» рентабелдүү эмес банкын 8 млрд сомго негизсиз сатып алышкан Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды

УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, (учурда «Керемет Банк» ААКсы) 8 млрд сомго Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн, ал эми бул банктын иши ачык эле рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, иш боюнча алынган далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.» ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.» аттуу жарандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

УКМК: Коррупциялык жолдор менен мамлекетке 4,5 миллиард сом зыян келтирген "Керемет Банк" менен Улуттук банктын жетекчилери кармалды

КР УКМК банк тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин, «Керемет Банк» ААКнын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча, 

ошондой эле «Керемет Банк» ААКнын (мурдагы «Росинбанк») 8 миллиард сомдон ашык каражатты мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз инвестиция салууда көрсөтүлгөн, ал эми бул банктын иши пайдасыз эмес болуп, андан мурда мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

      Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору КР Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү Ж.Т. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

      Учурда бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары активдүү уланып, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. 

      Тергөө иштери уланууда.

УКМК: Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Керемет Банк» ААК зыяндын ордун толугу менен толтурду

КР УКМК туруктуу негизде өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган системалуу иштерди, анын ичинде мамлекеттик финансы институттарындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүп келет. 

Алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө акцияларынын 97,45% мамлекетке тиешелүү болгон «Керемет Банк» ААКсынын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп ири өлчөмдөгү кредиттерди берүү менен мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталган. 

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери А.К. тарабынан тиешелүү 5 жеке компанияга 2,6 миллион АКШ доллары жана 323 миллион сом өлчөмүндө насыяны банкка ашыкча баалоо менен ликвиддүү эмес мүлктү күрөөгө коюу менен берүүгө макулдук берилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен «Керемет Банк» ААКга келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, берилген насыяларды толук камсыз кылган А.К. тарабынан берилген күрөө менен мамлекеттик банк үчүн тобокелдиктер азайтылды.

Күрөөгө коюлган мүлк “Керемет Банк” ААКнын пайдасына 406 946 950 сом өлчөмүндө камсыздалды жана кредиттер боюнча төлөмдөрдү төлөө графиги бузулган учурда бул кыймылсыз мүлк мамлекеттик банктын кирешесине айландырылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик башкаруу системасындагы, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык түзүмдөрдөгү мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды уланта берет.

Министрлер кабинети "Мегаком" менен "Керемет банкты" сатууну сунуштады

Министрлер кабинети “Мегаком” бренди менен белгилүү “Альфа Телеком” мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондду (14,9%), “Керемет банкты” (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатууну сунуштап жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү Замир Бугубаев түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Жогорку Кеңеш 2020-жылы 25-июнда 2020-2022-жылдары сатыла турчу 25 мамлекеттик объекти боюнча программаны бекитип, токтом кабыл алган. Ошол долбоорго жогорудагы төрт объектини кошуу сунушу берилди.

“Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.”, – деди Замир Бугубаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинети “Мегакомду”, Кепилдик фондду, “Керемет банкты” жана Евразиялык сактык банкын сатуу сунушун бергенин билдирген. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Мегакомду” сатууга каршы чыкканын жазган.

Президент Садыр Жапаров 5-майда мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин айткан. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын билдирген.

Кыргыз өкмөтү “Мегаком” ишканасын бир нече жылдан бери сатууга аракет кылып келет. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Меню