Menu

Кумтөр

Медербек Корганбаев, серепчи: Бабанов жана Кумтөр

Менин жеке ой – пикирим. Өмүрбек Бабановго карата Кумтөрдүн иши боюнча ага көрсөтүлгөн айыптоо канчалык мыйзамдуу жана Бабановдун күнөөсү бар экен деген негизге суроо жаралат.

Баарыбызга белгилүү, Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттын дайыма президент чечип келген. Жогорку Кеңеш ажонун сөзүн жерге түшүрбөй, ажо тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарган.

Кыргызстандын президенти ким болбосун, парламентке карата болгон өлкө башчысынын таасири зор болгон. Бул чындык. Бир гана Күмтөр эмес, көп маанилүү маселелерди ажо жана анын жан жоокерлери парламенттин кароосуна чыгарып, депуттардын колдору менен өзүнүн жеке пайдасына керек чечим чыгарып жүрүшкөн.

Канадалык “Центерра Голд” кампаниясы биздин республика жетекчилерибиздин эрке баласы сыяктуу болуп жүрдү. Менимче, канадалыктар мурунку бийлик, ажолор менен дайыма тил табышып келишкен.

Ал эми өкмөт башчысынын Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына тийгизген таасири чектелүү болгон. Себеби бизде премьер-министр кызматында ашып кетсе бир жыл иштейт. Өкмөт жетекчиси акылдуу, каржы жана экономиканы мыкты билсе деле, таза болсо да, бир жылдан соң ар кайсы шылтоо табып, президенттин командасы кызматтан кетиришкен. Жумушун мыкты аткарган өкмөт башчысы ажонун даражасын төмөндөтүп коюушу ыктымал жана ишмердүүлүгүн так алып барган премьер-министр президент үчүн атаандашка айланат деген көз караш болгон. Ошондуктан, мурунку президенттердин айлана-чөйрөсү тынбай интрига жасап, күчтүү өкмөт жетекчилерин, адисттерин өстүрбөй, аларга карата басым көрсөтүүгө кызыкдар болушкан. Ушундай саясий кадамдарды ишке ашыруу үчүн мурунку ажолор Жогорку Кеңеш аркылуу сокку жасашкан.

Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы кызматын аркалаган кезде Жогорку Кеңеш Ак үйдөн (президент Атамбаевден – ред.) абдан көз каранды эле. Менин жеке оюмча, жогоруда айтылган сөзгө жараша Бабанов кааласа да, аракет жасаса деле, ал Кумтөрдүн суроосу боюнча парламентти өзүнө карата тарта албайт болчу. Тескеринче, ал мезгилдеги Жогорку Кеңештин өкүлдөрү (Текебаев баш болуп – ред.) Бабановго каршы чабуул жасашкан. Айласы кеткен Бабанов 2012-жылы кызматын тапшырып берип кутулду.

Логикалык суроо пайда болот – эгерде Бабановдун саясий таасири чын эле күчтүү болсо, мындай жыйынтык болмок беле?
Медербек Корганбаев, серепчи

УКМК: "Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды

Ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөө улантууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Сотко чейинки өндүрүштө, Кыргыз Республикасынын мурунку биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык “Центерра” компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.

Тергөө иштринде, Т.Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, “Центерранын” кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары, Т.Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Кумтөр Голд Компания” ЖАК мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, «Кумтөр» кенинде жайгашкан, «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кылуу үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Т.Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен, 2021-жылдын 17-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Жакынкы аралыкта Т.Сарпашевге карата жогоруда айтылган кылмышты жасоого шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.

Кумтөр кени боюнча камалган экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Алмаз Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралу келишим түзүп, үй камагына чыгышты

“Кумтөр иши” боюнча камалган Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп бергенине байланыштуу үй камагына бошотулду.

Маалым болгондой, экс-депутаттар мамлекеттик бюджетке ондогон миллион сом каражат да төгүп бермей болушкан.

Июндун башында Узакбаев менен Баатырбековду Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камоо чечимин чыгарган эле.

Кумтөргө байланыштуу буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев камалган.

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты. Кен кыргыз тарапка өткөндөн бери 44 миң унций алтын сатылып, $40 млн киреше түшкөн

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкандыгы, айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында, компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.
Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.

Кумтөрдөгү коррупция: Данияр Нарымбаев менен Алмаз Баатырбеков камакка алынды

УКМК 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага “Кумтөр ишине” байланыштуу “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши козголгондордун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, Данияр Нарымбаев жана Алмазбек Баатырбеков тергөө бүткүчө камакка алынган. Динара Молдошева үй-бүлөлүк абалы жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган.

Молдошева 27-майда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Алмазбек Батырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин, 2013-2015-жылдары Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеген. 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

“Кумтөр иши” боюнча парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да камалган. Бешөөнө тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды.

УКМК камалган саясатчылардын баары Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан жемкорлукка шек саналып жатканын расмий кабарлады. Бирок кайсы жылда болгон аракеттер, кайсы фактылар экенин айта элек.

Камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Исхак Пирматовдун адвокаттары алар 2012-жылы парламентти жана тармактык комитетти жетектеп турганда ошол кездеги, азыркы президент депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгону үчүн камалганын айтып чыгышты.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Алар тергөөнүн купуялуулугу деп, сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек.

Меню