Menu

Кытай

Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды

Бүгүн, 27-мартта Кытайдагы кыргыз элчилигинин аракеттеринин натыйжасында Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча регулярдуу жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул авиакаттамды жумасына эки жолу (дүйшөмбү жана жума күндөрү)  кытайдын «Loong Air» авиакомпаниясы аткарат.

Маалымат иретинде:
Каттам №: GJ8915
Сиань (09:10) – Бишкек (12:00)
Каттам №: GJ8916
Бишкек (14:25) – Сиань (20:40)

Кытайда COVID-19дан өлгөндөр көбөйүп, крематорийлер толуп калды

Кытайда COVID-19дун жапырт жайылуусунан улам каза болгондордун саны өсүп, крематорийлер сөөктөргө толуп калды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кытайлык сөөк коюу тармагынын кызматкерлерине жана эксперттерге таянып кабарлады.

Бээжиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде эле күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынып жатканы айтылууда.

Bloomberg агенттиги акыркы убакта Кытайда сөөктөрдү көмүскө кремациялоо бизнеси көбөйгөнүн белгиледи. “Эгер мурда кызмат үчүн бир нече миң юань төлөнсө, оорудан өлгөндөр көбөйгөндө ал он миңдеген юанга өстү. Айрым жерлерде кызмат үчүн 88 миң юанга чейин төлөнүүдө”, – деп жазды басылма.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам декабрдын аягында Италия, АКШ, Жапония, Индия жана Малайзия өңдүү бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өткөн. Ага чейин катаал карантиндик шарттарга каршы нааразылыктардан улам кытай өкмөтү ооруга каршы чектөөлөрдү жеңилдеткен.

Ошол эле маалда Кытай бийлиги COVID-19 боюнча күнүмдүк маалыматтарды жарыялоону токтоткон. Такталбаган кабарларга ылайык, өлкөдө күн сайын миллиондогон адам коронавируска кабылууда.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 млн. киши жуктуруп алганын жазган.

Кытай: Компартия курултайынын алдында Шинжаңда жүздөгөн уйгур кармалган

Кытай Коммунисттик партиясынын курултайынын алдында Шинжаң-Уйгур автоном облусунда жүздөгөн уйгур улутундагы жаран кармалган. Бул тууралуу Radio Free Asia аймактын бийлигиндеги өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чара Шинжаңда башаламандыктардын чыгып кетпөөсүнө ишенимдүү болуу үчүн көрүлгөн.

Кармоолор Коммунисттик партиянын ХХ курултайына бир нече ай калганда –июль айында эле башталган. Октябрдын башында кытай бийлиги Шинжаң тургундарынын зарылдык жок аймактан чыгуусуна жол бербөө максатында бардык жарандардын автоном облуска кирүүсүнө тыюу салган.

Коммунисттер партиясынын Панжим кыштагындагы бөлүмүнүн катчысы билдиргендей, аймакта акыркы кармоолор октябрдын башында жүрүп, ал партия курултайынын алдындагы репрессиялардын бир бөлүгү болгон.

“Кармалгандардын көбү негизинен 2000-жылдан кийин төрөлгөн жаштар. Алардын тизмесин аймактагы аткаминерлер түзгөн”, – деп кошумчалады катчы.

Radio Free Asia журналисттери Хотан шаарындагы укук коргоо органдарынын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн башчысынын үйүнө телефон чалышкан. Телефонду анын апасы алып, Strike Hard өнөктүгү башталгандан бери уулу “адамдарды кармоо менен алектенип бошобой жатканын” айткан. “Партиянын курултайынан улам анын колу бошобой жатат. Иш бөлмөсүндө уктап иштеп жүрөт”, – деген апасы.

“Уулуңуз ушул маалга карата канча киши кармалганын айттыбы?” деген суроого жооп берген ал 1-2 миң жаран кармалганын айткан.

Кулжа шаарындагы офицер жакындагы репрессиялардын жүрүшүндө полиция “кооптуу муундун өкүлдөрү” болуп эсептелген 125 кишини кармаганын билдирген.

Шинжаң-Уйгур автоном облусундагы “кайра тарбиялоо лагерлери” тууралуу маалыматтар 2017-жылдан тарта пайда боло баштаган. Мындай лагерлерде негизинен ислам динин тутунган уйгур, казак жана кыргыз өңдүү этникалык азчылык өкүлдөрү кармалып турат. Бээжин ал жайлар түрмө эмес, экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү үчүн ачылган кесиптик билим берүү борборлору экенин билдирип келет. Бирок аталган лагерлерде отуруп чыккан адамдар дээрлик абактагыдай катаал мамиле жасалып, мажбурлап иштетип, күнү-түнү коммунисттик пропаганда менен “сугарып” турушканын айтып беришкен.

2022-жылдын башында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу боюнча баяндамасын жарыялаган. Анда лагерге отуруп чыккандар андагы катаал мамиле, кыйноолор жөнүндө айтып беришкен. “Кытайдын бийлиги терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чараларынын алкагында адам укуктарынын “одоно бузулушуна” жол берген. Бээжиндин уйгурларга жана башка мусулман элдерге карата аракети адамзатка каршы жасалган кылмыш болушу мүмкүн”, – деп жазылган баяндамада.

Өз кезегинде Кытайдын бийлиги баяндамадагы айыптоолорду “Бээжиндин душмандары ойлоп тапкан жалган маалымат” деп атап, четке каккан.

Кытай үч астронавтын биринчи жолу жаңы космостук станциясына учурду

56 жаштагы Не Хайшэн, 54 жаштагы Лю Бомин жана 45теги Тан Хунбо “Тяньгун” (“Асмандагы хансарай”) деп аталган жаңы станцияда үч ай болушат. Үч астронавтын ичинен Хунбо гана буга чейин космоско учкан эмес.

Кытай үч астронавттан турган экипажын алгач ирет жарым-жартылай курулуп бүткөн жаңы космостук станциясына учурду. “Шэньчжоу-12” космостук кемесин “Чанчжэн-2F” ракетасы 17-июнда Гоби чөлүндөгү космодромдон орбитага алып чыкты. Бул Кытайдын соңку беш жыл ичиндеги биринчи космостук миссиясы болуп калды.

Бул миссиянын алкагында австронавттар эки жолу ачык космоско чыгып, станциянын ишин камсыз кылуучу технологияларды жана таштандыларды жок кылуучу системаны текшерүү сыяктуу бир нече тапшырманы аткарышы керек.

“Тяньгун” станциясынын негизги бөлүктөрү быйыл апрель айында космоско учурулган. Анда космонавттар жашай турган бөлмө, станциянын ишин камсыз кылуучу жабдыктар жана башкаруучу система бар. Алдыдагы эки жыл ичинде станцияга эки лаборатория жөнөтүлөт. Анда Кытайдын космостук станциясынын жалпы салмагы 100 тоннага жетет.

Эгер Кытайдын бул дымактуу долбоору ишке ашса, анда “Тяньгун” “Мир” жана Эл аралык космостук станциядан кийинки космостогу үчүнчү туруктуу станция болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню