Menu

Тоолуу Бадахшан автоном облусу

HRW тажик бийлигинен Тоолуу Бадахшандын жашоочуларына карата куугунтукту токтотууну талап кылды

Human Rights Watch  эл аралык укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигин мыйзамсыз камоолорду жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочуларын адилетсиз соттоону токтотууну талап кылды.

HRW 23-августта тараткан билдирүүсүндө “Тажикстандын бийлиги бул тажрыйбага чекит коюп, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыздоо үчүн эл аралык келишимдерди аткарышы керек” деп айтылган.

Укук коргоо уюмунун кайрылуусунда Тоолуу Бадахшандын ондогон жашоочусу май айындагы митингдерден кийин кармалганы, адвокаттар киргизилбей жатканы жана алардын күнөөсү далилденбей адилетсиз соттолушу ыктымал экени белгиленген.

Май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон нааразылык учурунда ондогон киши өлүп, укук коргоо органдары жүздөгөн адамды, анын ичинде аймактын активисттерин кармап кеткен. Алар башаламандыктарды уюштурууга айыпталып, айрымдары узак мөөнөткө соттолду. Кармалгандар жана алардын туугандары айыптоолор негизсиз экенин билдирип келишет.

Genocide Watch: Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун тургундары тажик бийлигинен куугунтук көрүп жатат

Геноцидге байкоо жүргүзгөн Genocide Watch уюму Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун тургундары тажик бийлигинен куугунтук көрүп жатканын билдирди.

Genocide Watch тараткан билдирүүдө Хорог жана Рушан районундагы окуялардан кийин ондогон кишилер каза болуп, 200дөн шуун манифестант кармалганы жазылган.

Тажикстан бийлиги нааразыкка катышкандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары сыпаттап, алар чет элден аймакты турукташтыруу боюнча тапшырма алганын айткан.

Баяндаманын авторлору Тажикстан бийлигин этникалык памирликтерди кармоого жана аларды куугунтуктоого айыптоодо. Муну менен бирге күч түзүмдөрү Москвадагы бадахшандык активисттерди уурдап, аларды түрмөгө камоо үчүн мекенине депортациялап жатканын жазышты.

Тажикстан бийлиги уюмдун билдирүүсүнө жооп кайтарган жок.

Genocide Watch уюму 1992-1997-жылдардагы жарандык согуш маалында Тоолуу Бадахшан эли Бириккен тажик оппозициясын колдогонун белгилеген. Ошондон бери тажик бийлиги бул аймактын жашоочуларын куугунтуктап келери жазылган. Жарандык согуш 150 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жалпы аянты Тажикстан аймагынын дээрлик жарымын түзөт. Бирок жашоочулардын саны 220 миң кишиден ашпайт.

Genocide Watch төмөндөгүдөй сунуштарды берген:

• Евробиримдик, АКШ жана НАТО Тажикстан бийлигинин памирликтерди куугунтуктап жатканына өзгөчө маани берүүгө тийиш.

• ЕБ жана АКШ Орусияга жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Борбор Азия экономикасына жардам көрсөтүү мүмкүндүгүн кароого тийиш.

• Бириккен Улуттар Уюму 1997-жылы токтоп калган байкоочулар миссиясынын ишин кайра жандандыруу мүмкүндүгүн кароого тийиш.

Genocide Watch дүйнө жүзүндөгү 50дөн ашуун уюмдан куралган.

Европарламентте Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кырдаал талкууланды

Европарламент 6-июлда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы кырдаалды талкуулады.

Талкуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин мыйзам чыгаруу органынын мүчөлөрү аймакта демонстранттарга каршы ашкере күч колдонулганына, кишилердин өлүмүнө, адам укуктарынын бузулушуна жана журналисттердин кысымга алынышына тынчсыздануусун билдиришти.

Депутаттар Европарламентке Адам укуктарын коргоо декларациясын аткарбаганы үчүн тажик өкмөтүнө басым көрсөтүү чараларын колдонууга чакырды.

Еврокомиссиянын мүчөсү Виргиниюс Синкявичюс Тажикстан өкмөтүнө бул өлкөнүн укук коргоо органдары мыйзамдуулук принциптеринин алкагында иш алып баруусу керектигин жана кысым менен куугунтукка чекит коюшу зарылдыгын маалымдоону сунуштады.

Синкявичюс Еврокомиссия Бадахшандагы абалга тыкыр көз салып турганын жана кайгылуу окуяларды эл аралык жана көз карандысыз иликтөөгө жетишүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышкан. Расмий маалыматка караганда, тополоң учурунда 16 киши өлгөн, 220 киши кармалган. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды “деструктивдүү күчтөр” деп атап, аларга каршы “антитеррордук операция” өткөргөн.

Тоолуу Бадахшан автоном облусуна 1000ден ашык ооганстандык качкын өттү

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги Ооганстандын түндүгүндөгү аймактардын көбүн талибандар басып алгандан кийин 1000ден ашык киши Тажикстанга качып келгенин билдирди.

“Качкындар үчүн бардык шарттар түзүлүп, тамак-аш менен камсыз кылынууда. Бүгүнкү күндө аларга гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык кайрымдуулук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп билдиришти облустук акимчиликтен.

Мекеменин басма сөз катчысы Голиб Ниятбекзода Ооганстандан 1037 киши качып келгенин, алардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, качкындар чек арадан Ооганстандын Бадахшан аймагындагы бир нече уездди талибдер ээлеп алган 4-5-июль күндөрү өтүшкөн.

“6-июлда облус башчысы Ёдгор Файзов ооган качкындарынын кийинки тагдыры тууралуу БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын өкүлдөрү жана Ага Хан фондунун жетекчилери менен сүйлөштү”, — деди Ниятбекзода.

Жергиликтүү бийлик качкындардын агымына даяр экенин жана өз аймагына 10 миңге чейин ооганстандыкты жайгаштыра аларын билдирүүдө.

Күн мурун Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши Тажикстандын аймагына качып өтүүгө аргасыз болгон 2300 ооган жоокери кайра кайтып келгенин билдирген. Бирок азырынча расмий Кабул жарандык адамдарды кайтарып келүү ыктымалдыгы боюнча эч кандай маалымат бере элек.

АКШ баштаган эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан чыга баштагандан тарта Талибан кыймылы өлкөдө элүүдөн ашуун аймакты басып алды. Тажик бийлигинин маалыматында учурда ортодогу чек аранын үчтөн эки бөлүгү талибдердин көзөмөлүндө. Тажик-ооган чек арасынын узундугу 1350 чакырымдан ашык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню