Menu

Ысык-Көлдөгү 4 пансионат

Марат Тагаев: "2016-жылы Өзбекстан Унгар-Тоого тик учак кондуруп, десант түшүргөндө кыргыз бийлиги ички публикага ойноп эле пансионаттарды алды кылып койгон"

КР Маданият министринин орун басары Марат Тагаев Ысык-Көлдөгү төрт пансионат боюнча өз пикирин билдирип, пост жарыялады.
Учурда Өзбекстанга кайрадан колдонууга берилген төрт пансионат боюнча тескери коомдук маанай жаратуу үчүн максаттуу маалымат таратып жаткан адамдарды көрүп, жаканы кармап, тобоо дебеске арга жок.
Сууну сиңген жерге, сөздү уккан жерге айт дейт. Ак кагазды көрсөтсөң кара дей турган ниеттегилерге бир нерсени далилдеп кереги жок дечи. Бирок… саясат менен иши жок эл, өзгөчө жаштар арасында алардын калпына ишенип алгандар чыгышы мүмкүн да.
Кудайга шүгүр, кеменгер элибиз түшүнүктүү, саясий жактан сабаттуу. Ошондуктан элдин колдоосу 91 пайызга чейин жетүүдө.
Ал эми фейсбукта 100гө жетпеген Тилекмат Куреновго окшош люмпендер, Сыргак Абдылдаевге окшош шизофрениктер, акыркы 5-6 жылдан бери эч жерде иштебеген, бир тыйын салык төкпөгөн бекерпоздор, анан мурдагы бийлик учурунда бийликчил гезиттерди иштетип, болгон рекламаны ээлеп жаман көнгөн, азыр жембаштыгы кур калган Назгүл Мамытова, Алмаз Темирбек, Лейла Саралаева сыяктуу журналисттердин тобу бар. Алар пансионаттар боюнча жазып жатышканынан өздөрү уялбаса, мен көрүп туруп унчукпай кое алгыдай эмесмин.
2016-жылы Ислам Каримовдун тушунда кыргыз-өзбек мамилеси начарлап, Унгар-Тоого тик учак кондуруп, десант түшүргөндө кыргыз бийлиги саясий кадам кылып, ички публикага ойноп эле пансионаттарды алды кылып койгонун баарыбыз билебиз. Ошол жылы Өзбекстан Кыргызстанды эл аралык сотко берген.
2016-жылы августта Ислам Каримовдун көзү өткөн. Бир жылдан кийин 2017-жылы ошол эле Атамбаевдин учурунда пансионаттарды кайра берүү чечими кабыл алынган. Өзбекстанга сапары учурунда кайтарып берүү боюнча сөз берилген.
Ошол мезгилде оппозициялык телеканалда иштеп, Атамбаевди сындап турганбыз. Пансионаттарды кайра берип салды деп ызылдап чыккан эмес экенбиз. Анткени учурунда саясий ход болгонун, Мирзиеев келгенден кийин абал өзгөргөнүн билип турганбыз. Ошондо ызылдабаган Канышай Мамыркулова эжеге азыр эмне болуп жатат түшүнбөйсүң.
2017-жылы декабрда премьер-министр Сапар Исаков пансионаттарды кайра берүү токтомду даярдап чыгарган. Аңгыча Атамбаев менен Жээнбеков урушуп кетип, январда ТЭЦте авария болуп, кол коюу жылып кеткен. Ансыз да айласын таппай калган Жээнбеков бул маселени карагысы да келген эмес.
Бирок, Өзбекстан эл аралык сот аркылуу ишин жылдыра берген. Мына быйыл сот чечими чыгып отурат.
Окуянын чынын билбей каршы сүйлөө кечиримдүү, чынын билгенден кийин муюп калуу адамдык жакшы сапат, бирок билип туруп эле бет тырмай берүү – бетпактык.
Экинчиден, кошуна мамлекет менен туугандык, достук мамиле күтүш керекпиз. Биз Европага суктанып, чек арасыз жашоону кыялданабыз, а талап кылганыбыз “суу бербе, пансионаттарын бербе, инвесторлорун киргизбе” деген сөздөр.
Кошуна мамлекеттердин курорттук аймакка инвестиция салып, отелдеринин болушу нормалдуу көрүнүш. Союз мезгилинде эмес, кийин эле 2015-жылы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедовго 5 жылдыздуу отель куруу үчүн көлдүн жээгинен жер берүүнү убадалаган. Өзбекстандыкы дагы ошондой эле көрүнүш. Болгону Өзбекстан менен Казакстан Союз учурунда куруп коюшкан экен.
Биз эс тутумдуу коомдук аң сезим калыптандырышыбыз керек.

Садыр Жапаров: 2016-жылы Темир Сариев популисттик кылып алдым деп койгон 4 пансионатты 2017-жылы Сапар Исаков Өзбекстанга кайтарып берүүгө шашкан

Президент Садыр Жапаров 18-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди.

Анда бул жайлардан улам кыргыз тарап Ташкент менен соттошконун айтып, убагында пансионаттарды Кыргызстанга кайтарган 2016-жылдагы премьер-министр Темир Сариевди “популисттик” кылган деп айыптады.

“2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок, анан алып койсо болмок. Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: “Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула”, – деп. Алар алган эмес. Май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, “анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула” деп келиштик”, – деген Жапаров.

Ал ошондой эле бул пансионаттарды сатыкка чыгарганда аларман чыкпастыгын, узак мөөнөткө пайдаланууга берилгени ыңгайлуу болорун белгиледи.

“Ал төрт пансионатты саталы десек, 40 миллионго эмес төрт миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. Төрт-беш жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле. “Кемпир-Абад кетти” дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук”.

Мунун алдында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга башкарууга берилген пансионаттар тууралуу түшүндүрмө тараткан. Ага ылайык, “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары узак мөөнөткө, 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет.

Келишимге ылайык, бул жайлар үч-төрт жылдыз деңгээлинде оңдоп-түзөтүүдөн өтөт. Иштеген жумушчулардын 80% кем эмес бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керек.

Аталган агенттик бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун белгиледи. Жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айтты.

Төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим апта башында Чолпон-Атадагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, “Золотые пески” пансионаты “Ташкент механикалык заводуна”, “Дилором” пансионаты “Асакабанк” компаниясына, “Рахат” эс алуу жайы “Өзбекстандын тышкы экономикалык улуттук банкына”, ал эми “Бустон” “Узпромстройбанк” банкына берилет.

“Ар бир объектке салынуучу инвестициянын көлөмү 15-20 миллион доллар деп бааланып жатат, ар биринде 200дөй жумушчу орун түзүлүп, жылына 130 миллион сомго чейин салык түшөт”, – деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” – “Алтын жай”, “Дилором” – “Эне-Сай”, “Золотые пески” – “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты ошол бойдон калган.

Меню