Эрмек Нургазиев Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кызматка дайындалбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Twitter оциалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес”, – деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Эрмек Нургазиев бүгүн, 9-февралда кызматтан кеткен мэрдин м.а. Балбак Түлөбаевдин ордуна келип, борбордун башчысы катары биринчи маалымат жыйынын берген. Буга чейин анын кылмыш иши бар экени айтылган. Бирок, ал маалымат жыйында кылмыш иши жок экенин билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ