Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан өз каалоосу менен кетүүну чечти. Анын фондду башкарганына бир ай убакыт болгон. Бул туурасында маалыматты мүлк фондунун басма сөз кызматы таратты.
Зилалиев өзүнүн бул чечимин президенттин инаугурациясындагы жалган маалыматка карата козголгон кылмыш ишине такады.
“Жакында мен түшүнүксүз кылмыш ишинин фигуранты болдум. Бул факт коомдо өтө чөң резонанс жаратты, ал эми ММКлар массалык истерия көтөрүп, мени каралашты. Бул иштер менин аброюма шек келтирди жана жалпысынан өкмөткө көлөкө түшүрдү”, – деген Зилалиев.
Жана ошондой эле ал “мындай кырдаалда, бул кылмыш иши каралып бүткөнчө кызматтан кетүүнү мен эң туура деп эсептейм”, – деген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ