29-апрель түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 17-22 м/с чейин жетет. Түштөн кийин Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +19… +24,
Таласта түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +18…+23,
Баткенде түнкүсүн: +11… +16, күндүз: +22…+27,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +22…+27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +18…+13,
Нарында түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +18…+23,
Бишкекте түнкүсүн +13…+15, күндүз: +22…+24.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ