Бүгүн, 16-февралда Ош айыл-чарба институтунун студенттери менен диний жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Аталган жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн диний кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана окутуучулар катышышты. Бул тууралу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.
Жолугушууда экстремизм, терроризм жаатында баяндамалар окулуп, туура эмес багыттагы терс диний агымдардын азгырыктарынан элибизди сактап калуу зарылдыктары туурасында ой бөлүшүштү. Студенттер менен жолугушуу учурунда облус казысы мазхаб маселесине кеңири токтолуп, дүйнөдөгү мусулмандардын 69%ы Имам Аззам Абу Ханифа мазхабын карманышаарын белгилеп, мазхаб кармоодо ар бир студент терең диний түшунүккө ээ болуусу зарыл экендигин белгиледи. Ал эми дин комиссиянын өкүлү И.Мурзабеков адашкан агымдарга токтолуп, алардын кесепеттерин айтып берди. Андан соң студент жаштардын кыззыкан бардык суроолоруна жооптор берилди.
Эскерте кетсек, мындай жолугушуулар башка окуу жайларда да улантылмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ