Menu

Түркмөнстанда жакын тууганы менен бир мекемеде иштеген укук коргоо кызматкерлери иштен алына баштайт

Бөлүшүү:

Жаңы жылдан тартып Түркмөнстандын Мары облусунда үй-бүлө мүчөлөрү же жакын туугандары менен бир мекемеде иштеген укук коргоо кызматкерлери иштен алына баштайт. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

«Жаңы жылдан тартып жарандарга туугандары иштеген укук коргоо органдарына жумушка орношууга тыюу салынат. Тактап айтканда, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү полициянын, Улуттук коопсуздук кызматынын, прокуратуранын жана сот органдарынын бир мекемесинде иштей алышпайт», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген укук коргоо кызматкерлеринин бири.

Анын айтымында, мындай оозеки буйруктан кийин укук коргоо органдарындагы бардык кызматкерлердин туугандары, ата-теги текшериле баштады. Аларга бир мекемеде чогу иштеген жакындары аныкталса, бирөө жумуштан алынары эскертилди.

Мары облусунун бийлиги мындай тыюунун себептерин түшүндүрө элек. Азырынча бул чектөөгө туш болбоо үчүн туугандар канчалык жакын болушу керектиги да так белгисиз.

Ал ортодо «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы өз булактарына таянып, Лебап облусунда бир мекемеде тууганы менен чогу иштеген укук коргоо кызматкерлери иштен алына баштаганын кабарлады.

«Алгач биринчилерден болуп пенсия курагындагы полициянын офицерлери жумуштан алынат деп айтылган. Бирок кыскартууга кабылгандардын алгачкы тизмесине ар кайсы багытта, бири-биринин кол алдында иштебеген кызматкерлер киргизилиптир», — деп жазды басылма.

Бүгүнкү күндө Түркмөнстан акыркы 30 жылдан берки эң оор экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Бийлик экономикалык кыйынчылыктар бар экенин мойнуна албаганы менен өлкө калкы азык-түлүк тартыштыгы, жапырт кыскартуулар жана айлыктын кечиктирилиши өңдүү көйгөлөргө туш болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: