Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов эмнеге эл арасында кадыр баркка ээ болду? Ал ошол кезде чоң саясатты жакшы деле түшүнгөн эмес. Бирок, ал чарбаны жакшы түшүнгөнү үчүн элдин көп колдоосуна ээ болду. Анын ошол кезде Ош шаарына жасаган иштерин көпчүлүк эле баалап жүрбөйбү. Бирок, ал жасалган иштерге каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөнүн, эл аралык уюмдардан чоң жардам келгенин айтпай ушунун баарын мен жасадым деп өзүнө ыйгарып алган. Ушул кемчиликтери болбосо Ошко жакшы иштерди жасаганын эл деле билет.
Булак: Мaralfm.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ